Кытай адабиятынын тарыхындагы эң абройлуу 10 автор

  • 19.05.2025
  • 194

Теманы даярдаган филология боюнча PhD доктору, “Манас” улуттук академиясынын кызматкери Дабыт Абылбары уулу.

Бүгүн Кытай адабиятынын тарыхында эң бийик орунда турган он улуу инсандын чыгармачылыгы менен тааныштырабыз. Алар эмнеге өлбөс-өчпөс залкарлардын катарына кирди? (Адабиятта “биринчи” деген түшүнүк жок — бул тизме жеке көз карашка негизделет. Өз оюңузду комментарийге калтырыңыз.)

10. Лу Шүн (орусча: Лу Синь)Заманбап адабияттын негиздөөчүсү

Лу Шүн — Кытайдын заманбап адабиятынын атасы. Анын чыгармалары терең философиялык мааниси, коомду курч сындаганы жана өзгөчө көркөм стили менен айырмаланат. «Ызы-чуу», «Таңыркоо» сыяктуу жыйнактары аркылуу ал феодалдык коомду жана адам жаратылышындагы алсыздыкты ачык айыптап, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ал улуттук тагдыр, мамлекеттин келечеги тууралуу ойлору менен мекенчилдик сезимди ойготуп, муундарды аракетке чакырган. Лу Шүндүн улуулугу анын көркөм чеберлигинде гана эмес, чындыкты тайманбай айтып, жоопкерчиликти мойнуна алган кайратман мүнөзүндө. Анын чыгармалары Кыргызстанда орус тили аркылуу кыргыз тилине которулуп жарык көргөн. «А-Qнун чыныгы тарыхы», «Жиндинин күндөлүгү» аталыштагы повесттери кыргыз окурмандарына белгилүү. Бул чыгармаларды ф. и. д., профессор Үмүт Култаева орус тилинен которсо, филология боюнча PhD доктор Дабыт Абдылбары уулу түп нуска менен салыштырган.

9. Цао Шөчиң (орусча: Цао Сюэцин)«Кызыл сарайдагы түш» романынын автору

Чиң (орусча: Цинь) доорунун улуу жазуучусу Цао Шөчиндин «Кызыл сарайдагы түш» чыгармасы Кытай классикалык романдарынын туу белеси болуп эсептелет. Ал Жя Баойү, Лин Даййү сыяктуу жаштардын сүйүү трагедиясы жана феодалдык коомдун урашын өтө тыкыр, кылдат сүрөттөгөн. Бул чыгарма сюжеттин байлыгы, каармандардын терең ачылышы менен айырмаланып гана тим болбостон, коомду жана адам табиятын терең аңдап түшүнүүгө жол ачкан. Бул роман — бир эле мезгилдеги адамдардын турмушу эмес, ошол доордогу социалдык татаалдыкты чагылдырган чоң көркөм кенч. Тилекке каршы, “Кытай адабиятынын төрт ири классигинин” бири эсептелген “Кызыл сарайдагы түш” романы Кыргызстанда жарык көрө элек, ал тургай айрым үзүндүлөр болсо да кыргыз тилине али которулган жок.

8. Гуан Ханчин (орусча: Гуань Ханьцин)Юан доорунун театр генийи

Гуан Ханчин — Юань доорунун көрүнүктүү драматургу. Анын «Доу Ынын арман-муңу» жана «Жез өкчөнү куткаруу» сыяктуу чыгармалары кызыктуу сюжет, таасын каармандар аркылуу көптөгөн көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан. Мындан тышкары, алар коомдук мааниге ээ болуп, адамдык ыйман, зулумдуктун сындырышы темаларын көтөргөн. Анын чыгармалары кытай театр искусствосунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон.

7. Ли Чиңжао (Ли Цинчжао): муңайым ырлардын ханышасы

Суң доорунун атактуу аял акыны Ли Чиңжао өзүнүн назик, терең сезимге бай ырлары менен таанымал. Анын «Ру мың лиң», «Шың-шың ман» деген чыгармалары сүйүү, кусалык, жашоонун өтмө мүнөзү тууралуу жүрөктөн чыккан ойлорду жеткирет. «Кабактан кайгы-муңуң кетсе дагы, жүрөккө өчпөс болуп орноп калат” деп сүрөттөлгөн бул ырлар ар бир окурмандын жан дүйнөсүнө тийет.

6. Су Шы (苏轼)көп кырдуу талантын үлгүсү

Суң доорунун даанышман акыны, жазуучусу, каллиграфы жана сүрөтчүсү Су Шы — Кытай маданиятынын чыныгы генийи. Анын «Кырмызы дубал баяны», «Нян ну жяо·Кырмызы дубалды эскерүү» деген чыгармалары тарых, өмүр, жаратылыш тууралуу терең ой жүгүртүүгө түрткү берет. Анын

“Бутумда саман чокой, эски тартма,
Антсе дагы аргымак минген сыяк.
Ким коркот? Тумун, жамгыр... ,
Жиреп барам, жашоомду улап”, – деген философиясы эл эсинде сакталуу.

5. Ду Фуыр ыйыгынын кайгы-касырети

Таң доорунун улуу акыны Ду Фу “Ыр ыйыгы” деген наам алган. Анын «Жаздагы тынчсыздануу», «Күзгү шамалда кыйраган үй» сыяктуу чыгармалары мамлекет, эл үчүн жан тарткан терең кайгыны чагылдырат. “Сансыз үйдү санаадан арылта алган, / Калка болсом, элиме коштук сыйлап” деген саптар анын кең пейилин жана адамзатка болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Ду Фунун ырларын Кыргызстанда бир канча акындар орус тилинен кыргыз тилине которуп, жарыяланып жүрөт.

4. Ли Бай (орусча: Ли Бо)поэзия периштесинин легендасы

Таң доорунун романтик акыны Ли Бай “Ыр периштеси” деп айтылат. Анын «Каргыт, «Түнкү сагыныч» сыяктуу ырлары — табиятка, жашоого болгон сүйүүнү, эркиндикти даңазалаган көркөм шедеврлер. “Мен жашоого милдет менен келгемин” деген ишенимге толгон ырлары ар дайым окурманды шыктандырат.

Ли Бай кыргыз элине эң таанымал акындардын бири. Тарыхый изилдөөлөргө негизделгенде, ал азыркы Кыргызстандын Ак-Бешим шаар урандысынын ордундагы калаада туулган. Ли Байдын Кыргызясданта туулгандыгы жөнүндө кытайлыктар да жакшы билишет. Анын ырларын бир топ кыргыз акындары которуп (орусчадан) кыргыз окурман чөйрөсүнө тааныштырып келет. Жакында эле Сиан шаарынын туризм жана маданият башкармалыгы Бишкекке келип, Ли Байды эскерүү поэзия кечесин уюштурду. Анда кыргыз жана кытай элдеринин акындары Ли Байдын ырларын жатка окушту. Ли Бай жөнүндө эл аралык илимий конференциялар да өтүп турат. Атап айтсак, 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Шинжаң педагогикалык университети биргеликте “Ли Бай жана Улуу Жибек Жолу маданияты” аталыштагы эл аралык илимий конференция уюштурган. Дабыт Абдылбары уулу өзүнүн “Байыркы кытай поэзиясын кыргыз тилине которуунун проблемалары” аталыштагы илимий макаласында кыргыздын белгилүү акыны маркум Эгемберди Эрматовдун котормосундагы Ли Байдын бир канча ырын талдоого алган. Ал макала “Ала-Тоо” журналынын 2017-жылдык №1-санында жарык көргөн эле.

3. Тао Юанмиң (орусча: Тао Юаньмин)багбан ырларынын атасы

Чиң доорунда жашаган Тао Юанмиң — табигый, шаан-шөкөттөн алыс жашоону ырдаган улуу акын. Анын «Айылга кайтуу» жана «Ичип отурам» деген ырларында жаратылыш менен жуурулушуп жашоонун, жөнөкөй өмүрдүн да тынчтыкка, бакытка бөлөй турганын көрсөткөн.

2. Сыма Шяңру (орусча: Сянжу)Хан доорунун риторика генийи

Сыма Шяңру — Хан доорунун атактуу жазуучусу, «Зы шү баяны», «Шаңлин баяны» сыяктуу чыгармалары менен белгилүү. Анын чыгармачылыгында көркөм тил, масштабдуу элестетүүлөр жана көркөм риторика өзгөчө орунда турат. Ал “фу” (баян) жанрын өнүктүрүп, кийинки муундарга чоң таасир калтырган.

1. Чү Юан (орусча: Цюй Юань)Романтизмдин пионери

Чү Юан — Чу мамлекетинин вазири жана Кытай поэзиясынын атасы. Анын «Лисао» (Бүлүнүү касырети) сыяктуу чыгармалары — кайрат, чын ыйман жана элге берилгендик менен сугарылган. “Тогуз ирет өлсөм да, өкүнбөйм” деген сөздөрү анын руханий бийиктигин чагылдырат. Чү Юан — поэзия аркылуу руханий баалуулуктарды мурас катары калтырган чыгаан инсандын символу.

Бул он залкар — ар бири өз доорунун үнү, өз элинин үмүтү болгон. Алардын чыгармалары — кытай адабиятынын бермети, элдин жан дүйнөсүнүн күзгүсү, ошондой эле жалпы адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз