Өмүкенин кеби – демократия деми-10

  • 30.05.2025
  • 2965

Белгилүү демократ, публицист-агартуучу, багбан Өмүрбек Абдырахмандын Фейсбук баракчасындагы суроо-жооп форматындагы сабактарын эки жыл мурда «РухЭш» окурмандары чоң кызыгуу менен окуп келатып, белгилүү себептер менен жаряланбай калды эле. Ал саамалыкты кайра улантууну чечтик. Арийне, кыргыз коомунда көкбөрү тартышка салынган демократия баалуулуктарын тааныбай келаткан замандаштарыбыз толтура. Бул багытта фундементалдуу эмгек жараткан агартуучуларга да чукак экенибизди эске алып, Өмүкенин жөнөкөй, жетик аргумент/факты, мисалдарга жыш демократия сабактарын уланта бермекчибиз...

Суроо-Жооп…

Арген:

– Байке эмнеге СССР учурунда чоңоюп жашап өткөндөр ал мезгилде баардык нерсе бекер болчу! Медицина, мектеп бекер, тамактануу... ушул сыяктуу. Кыскасы, жыргал болгон деп айткандарды азырга чейин угуп келем! Бирок алар өздөрү аткарган жумуштардын эсебинен баардык нерсе болуп жатканын билишкен эмеспи?

Өмүрбек Абдырахман:

– Бул дүйнөдө бекер эч нерсе болбойт. Айлык аз берип, мамлекет бала бакча, мектеп, университеттерди, медицинаны бекер кылган. Бекердин тузу татыбайт… Башка бекер нерсени көргөн эмесмин. Советтер союзунда туалет кагазы жок болчу, гезитти кесип пайдаланышчу, гезит жок болсочу?...))) Балдар сагыз кылып көчөдө жаткан битумду чайначу. Баардык товарлар дефицит болчу. Фрунзе шаарында болгону 3 кичинекей хозмаг бар эле, соодасы анча жүрчү эмес, адамдар жашоо шартын комфорт кылганды билчү эмес, акчасы да жетчү эмес. Түштүктүн пахтасын окуучулар жана студенттер бекер терчү, түндүктүн алмасын, памидорун, картөшкөсүн да студенттер бекер терчү. Суусамыр, Нарын, Токтогулдун чөбүн да студенттер чаап жыйначу. Айылдарда 2-3 жеңил машине болор эле. Азыр Бишкектин жарымы курулуш материалдарын саткан базарлар, дүкөндөр. Адамдар алып эле атат, алып эле атат. Демек, жаңы там салып, эскисин евроремонт кылып жатышат. Тойкананын санын айтпай эле коёюн. Азыр айылдагы ар бир үй-бүлөдө машине бар, бир топторунда 2-3төн. СССР өзүнөн өзү өлүп калды... Азыркы өнүгүүнүн негизги себеби – жеке менчик: жерди, малды , имараттарды элге бөлүп берген. Адамдар өз оокатын өзү кылып жатышат. Дефицит деген жок. Демек, көп нерселерге адамдар өзү төлөш керек. Ошентсе да бизде мектеп салуу, окутуу, медицина – негизинен бекер. Ар ким билимине, аракетине жараша жашаган эркин заман…

“Эси жок эскини эңсейт”.

Суроо-Жооп…

Бектур:

– Байке, мен Жапонияга барып келдим, жапондор мыкты өнүгүптүр. Жапон улуту билимдүү, эмгекчил болот экен. Биз жапондордон үйрөнсөк болобу?

Өмүрбек Абдырахман:

– Жакшы нерсени кимден болсо да үйрөнүш керек. Жапония жалгыз эмес, баардык демократиялык өлкөлөрдө ушундай. Баардык демократиялык өлкөлөр өнүккөн… Демек, кеп улутта эмес, кеп системада… Демократиялык система 2 бөлүктөн турат: адам укугу жана либералдык экономика. Адам укугу сакталган жерде либералдык экономика болсо, бул демократиялык мамлекет. Эгер адам укугу сакталбай, бирок либералдык экономика болсо да, мамлекет өнүгөт. Буга мисал – Кытай. Батыштын капитализмин (жеке менчик жана либерал экономика) алгандан кийин гана Кытай тез өнүгүп кетти. Бирок Кытайда адамдын саясый жана жеке укуктары жакшы сакталбайт.

Суроо-Жооп…

Айжан:

– Не люблю я свои Дни рождения. Каждый год одно и то же. Убираешь, готовишь к приёму своих родственников и друзей. После них надо ещё и убирать….

Өмүрбек Абдырахман:

– Каждое поколение должно создавать свои привычки и культуру согласно эпохе. Друзья, подружки, если хотят поздравить вас, должны вас пригласить в ресторан или кафе, и там пусть поздравляют, не утруждаясь подарками, кроме одного букета для вас… Вместо подарков пусть оплатят за еду, питьё и гулянье… Это будет настоящий праздник для “новорождённого” и не накладно для друзей, поскольку каждый заплатил за себя…

Суроо-Жооп…

Акылбек Түркиядан:

– Өмүрбек байке, бүгүн Стамбулда орус-украин тынчтыгы үчүн сүйлөшүүлөр башталат. Сиздин оюңузча жыйынтык кандай болот?

Өмүрбек Абдырахман:

– Бул сүйлөшүүнү Трамптын басымы менен Путин демилгелеген. Бирок орустар сүйлөшүү үчүн эч нерсе чече албаган Мединский баштаган катардагы чиновниктерди жөнөттү. Бул Россия согуштун токтошун каалабайт деген белги.

Украина тарап президент Зеленский баштаган делегация министирлери менен келди. Зеленский сүйлөшүүгө Путинди чакырган. Путиндин Стамбулга барышын Трамп, Эрдоган, Кытай тарап жана Бразилиянын президенти суранышкан. Бирок Путин Стамбулга келген жок. Украина Стамбулда бир гана суроону тактайт: Трамп жана Европа талап кылган 30 күндүк ок атышууну токтотууну Россия аткарабы же жокпу?

Россия ок атууну 30 күнгө токтотсо, сүйлөшүүлөр уланат, токтотпосо Россияга Америка менен Европанын каттуу санкциялары кабыл алынат, Украинага курал берүү күчөп согуш уланат...

Суроо-Жооп…

Кыяс Молдокасымов жазат:

Коррупцияны күч менен эле жок кылуу мүмкүн эмес! Тарбиялык иштерди да күчөтүү керек.тарбиясыз адам ыплас жолду тандайт! Тарбиялуу адам ыймандуу болуп, напсисин тыйат, таза жолду тандайт, таза коомду курат!

Өмүрбек Абдырахман:

“Коррупцияны күч менен да, тарбия менен да токтото албайсыңар. Коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингди карагыла. Биринчи 50 орунда демократиялык өлкөлөр турат. Акыркы 50 орунда авторитардык кедей өлкөлөр турат... Демек, коррупцияны жок кылыш үчүн Демократия куруш керек. Демократия кура алсаң өнүгүп да кетесиң, коррупция да жок болот же кескин азайат…

Суроо-Жооп…

Амирбек Усманов, (Азаттыктын мурдагы журналиси): Өмүрбек мырза, “...эч ким аны(Ли Куан Юну) мыйзамсыз иш кылган деп айыптай албайт" деген ырастооңузга кошула албайм. Ал авторитардык стилде башкарганын, анын учурунда Сингапурда авторитаризм өкүм сүргөнүн, сөз эркиндиги ж.б. демократиялык баалуулуктар чектелгенин Батыштын абройлуу массмедиалары, илимий изилдөө институттары, аналитикалык борборлору(Think Tanks), талдоочулар жазышкан. Атүгүл Сингапур авторитардык мамлекеттердин тизмесинде болгон. Ырас, Ли Куан Юнун өлкөсүн көч башына чыгарганы баарын жууп кеткени менен, саясый бейнесин калыс сыпаттайлы.

Өмүрбек Абдырахман:

– Amirbek Usmanov, Батыш баарын өзүнүн стандарты менен ченейт. Батыштын азыркы демократиясынын кризиси ошондон. Батышка окшоп Ли Куан Ю 200 жыл демократияны жана өнүгүүнү күтүп отура алмак эмес. Ли Куан Ю эмне кылса да мыйзам кабыл алып, ошого жараша иш кылган. Жакында эле кыргыз коомчулугу кедей жана бай жашаган өлкөлөр тууралуу Робинсондун китебин кыргызчага которуп талкуулашты. Ал китепте өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы демократиялык институттар болуш керек деп айтылат. Бул пикир Батыш цивилизациясына гана таандык. Мыкты өнүккөн Эмираттар, Сингапур ал институттарды куруп отурган эмес, максатты коюп ага “күч” колдонуп тез арада жетишкен.

Дагы кайталайм, “Критерий истины – практика”. Практика көргөздү Сингапур тез арада өнүккөн жана адам укугун сактаган өлкө болуп чыга келди. “Майда бейбаштык учүн түрмөгө камап, аларды рецидивист кылган жакшыбы же ата-бабалардын салты менен чыбык менен көчүккө чаап коё берген жакшыбы?”– дейт Ли Куан Ю.

Статистика белгилегендей, чыбык жеген жаштар экинчи тентектик кылбайт экен))). Демократия деген максат эмес, ал максатка жетүүнүн бир гана жолу. Максатка башка эффективдүү жол менен да жетсе болот. А максат деген – жашоочуларга комфорттуу шарт түзүп, бай жашаганды камсыз кылуу. Демократия ага жетүүчү жолдун эң негизги классикалык гана жолу...

Суроо-Жооп…

Жолдош Турдубаев:

– Ли Куан Юнун кылганынын баары туура болгон дейсиз, автократиясы да туура болгонбу?

Өмүрбек Абдырахман:

– Жолдош Турдубаев, автократия деген адамдын укугу сакталбаган, мыйзам иштебеген, соттордун көз карандысыздыгы сакталбаган, бир адам башкарган, жакшы өнүкпөгөн, коррупциялашкан бийлик системасы болуп саналат. А Сингапурда Реформа кылыш үчүн Ли Куан Ю эң мурун күчтүү пропаганда ишин жүргүзгөн, анан катуу мыйзамдарды кабыл алган, мыйзамды бузгандарды, аткарбагандарды катуу жазалаган. Билимдүү жаштарды команда кылып иштеткен, аларга мыкты айлык төлөгөн. Коррупция деген ооруну жоготкон… Эч ким аны мыйзамсыз иш кылган деп айыптай албайт.

“Чындыктын критерии – Практика” дешет акылмандар. Практиканы карасак, кен байлыктары жок, ичкенге суусу жок кедей аралды Ли Куан Ю эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына чыгарды… Сингапур азыр демократиялык өлкөлөрдүн тизмесинде. Ли Куан Ю дүйнөдөгу эң күчтүү Реформатор болуп эсептелет…

Бүгүнкү эки окуя…

(25-январь, 2025)

1-окуя: Бүгүн “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын деректири Жарасул Абдураимов орун басары экөө камалганы жөнүндө маалымат тарады. Бул адам бир жерде да ийгиликтүү иштеген эмес. Акыркы 3 жылда Ош облусунун губернатору болду, анан экономика министиринин орун басары болуп иштеди. Баардык иштеген жеринде коррупция жыттанганын элдин көбү эле айтып жүрчү.

2-окуя: Бүгүн дем алыш күнү машинемди жуудурайын деп Кеминдеги таанышым Белек деген 20 жаштагы баланын машине жуучу жайына келдим эле, картайгандын белгиси болсо керек: акча салган кошелёгумду үйдөн албай келипмин. “Жууп бер, эртең төлөп коём” десем жуугуч бала болбойт, “акчаны салмайынча суу чыкпайт” деп. Ишкана ээси эс алып үйүндө экен, кыйын болуп ага телефон чалдым, “уруксат бер, эртең төлөйм” деп. Ал да түшүндүрдү, аппарат акча салмайынча иштебейт деп. Айлам жок үйгө кайра келип (10 км аралык) акчамы алып келсем, Белек келип күтүп туруптур. “Байке, мен төлөп коёюн, жуудууруңуз” деди. “Рахмат, кошелёгумду үйгө барып алып келдим, баш иштебесе бутка күч келет экен” деп машинеми жуудурттум.

1-окуя. Коррупция системасы – чиновниктер уурдай берет, органдар камай берет, коррупция азайбайт.

2-окуя: Коррупциясыз система – акча салбасаң аппарат иштебейт. Ээси жок болсо да машине жуугучтар акчаны кымтып кала албайт, канча машине жууганын камера жазып турат, а жуугандын сапатын машине ээси карап турат.

Дегеле мамлекеттик ишкана ийгиликтүү иштегенин көрө элекмин…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз