Амирбек Азам уулу: «Тарых калптан токулса да, ага баары ишенет»

  • 01.07.2025
  • 330

Сүрөт Асатилла Тешебаевдин калемине таандык.

Чөп башылап жобурап отурбай, сөздү түз эле анактамадан баштайын. «ДОКУМЕНТАЛДЫК АДАБИЯТ, документалдык чыгарамалар. Тарыхый жана учурдагы окуяларды документалдык фактылардын негизинде анализдеп, синтездеп жазып чыккан чыгармалар. Тарыхый жанр, очерк, мемуарлар, о.э., автобиографиялык, биографиялык чыгармалар документалдык адабиятка кирет.» (Адабият: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Мектеп окуучулары үчүн. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1994).

М.Сапаев жараткан Ташбек датка

Кеп учугу Муса Сапаев аксакалдын «Ташбек датка – руху жана дымагы» («Турар» басмасы, 2022-ж.) китеби жөнүндө. Анын титулдук бетинде «тарыхый даректүү баян» деп көрсөтүлгөн. Ошол себептүү автордун маалымат колдонуусундагы айрым калпыстыктарга жана статистикалык маалыматтарды кылдат пайдалануунун зарылдыгына көңүлүн бурууну туура таптым. Анткени даректүү чыгарма тактыкты талап кылат жана андагы маалыматтар шилтеменин булактарына таянып бышыкталат эмеспи.

Адегенде китептеги эки ача маалыматтарга токтолсом. Жазуучу оболу Кокон хандыгы «үчүнчү ирет такка отурган Кудаяр хандын кат жүзүндөгү макулдугу менен 1886-жылдын февралында» жоюлган (144-бетте) деп жазат да, кийинки эле бетте «Кокон хандыгы Орусия империясынын курамына өткөндөн кийин мурунку Түркестан облусу 1867-жылдын 2-июлунда Түркестан генерал-губернаторлугу болуп кеңейтилет»(145-бетте) деп, алдыңы айткан сөзүн төгүндөйт.

Тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча, Полот хан башындагы көтөрүлүштүн эпкининен корккон Кудаяр хан 1875-жылы орус оторчуларынын канат астына кире качып, андан көп узабай Орусиянын Оренбург шаарына сүргүнгө айдалат. Аерде эки жыл тургандан кийин Ооганстандын Герат шаарына чыгып кетип, 1882-жылы көз жумат.

Атасы Кудаярдын ордун ээлеген жүүнү бош Насриддин 1875-жылдын 22-сентябрында Орус империясынын амирлигин тааныйт. Полот хан жетектеген адаватчылар талкаланган соң 1876-жылдын 19-февралында Кокон хандыгы жоюлуп, Түркстан генерал-губернаторлугунун курамындагы Фергана облусу негизделет. Жаңы облус 5 уездден (Анжиян, Кокон, Маргелан, Наманган, Ош) куралат. Береги тизмеге өз китебинде М.Сапаев эмнегедир Кокон уездин кошкон эмес, кайдандыр Олуя-Ата уездин таап кошкон.

Китепте баяндалганга караганда, 1877-жылы май айында Чыгыш Түркстандагы Жетишаар мамлекетинин ханы Жакыпбек (Мухаммед Йакупбек) бадавлат ордо кутумунда өлтүрүлөт. Хандык олку-солку болуп, коогалаңдуу күндөр башталат. Ушундай татаал жагдайда, 1877-жылдын ноябрь айында «баатыр башы (коргоо министри) молдо Үмөт уулу Ташбекти» «ордонун белдүү кызматкерлери Жаңы Жетишаар мамлекетинин ханы деп такка көтөршөт, хандыктын борбору Улугчат (Улуу-Чат) аталат» (129-бет).

Кийинки жылы 13-майда Кытай генералы Цзо Цзинтан баштаган аскерлердин катуу чабуулу учурунда Ташбек датка сол көзүнөн жана денесинен жараат алат. Колу бүлүнөт. Ташбек датка аман калган жан-жөкөрлөрүн ээрчитип туулган жерине, Испайрам боюндагы Кара-Жыгачка аттанат.

Фергана өрөөнүндө Орус империясынын оторчул бийлиги орноп, башкаруу падышалык өкмөттүн ыңгайына ылайыктап түзүлүп жаткан кез. Жаңы облус губернатору А.Х.Абрамов Маргилан уездине караштуу Кара-Жыгач болуштугунун «миңбашысы кылып Ташбек датканы дайындайт». «... эреже катары жаңы түзүлгөн миңбашылык оодандын борбору, ири калктуу Үч-Коргон болуш керек эле, бирок ошого карабай оодандын борбору деп Кара-Жыгачтын тандалышын» Ташбек датканын облус жетекчилиги алдындагы бийик аброю менен түшүндүрөт жазуучу.

Ошентип Ташбек датка Испайрам дарыясынын аркы-берки өйүзүндө жайгашкан «Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Алыш, Өлагыш, Чаубай (азыркы жана совет мезгилиндеги ырасмий аталышы Чаувай), Кара-Жыгач (эзелки айтылышы Кайрагач), Кара-Кыштак, Тегирмеч, Аустан, Майдан, Пум, Кереге-Таш, Чат, Лангар, Жакшына-Талаа айылдарын» башкарып калат (151-бет). Автор жогоруда атаган айыл-кыштактын баары Ташбек датка миңбашылык кылган болуштукка кирди деп айтуу тарыхый чындыкка дал келбесин тарыхый булактар тастыктайт. Ал жөнүндө кеп алдыда.

Ташбек миңбашы бийлик жүрүзгөн жогорку айыл-кыштактар бүгүн Үч-Коргон, Майдан жана Апсамат Масалиев айыл аймактарына кирет.

Оторчулардын болуштуктарды түзүүдөгү амалы

Муса Сапаевдин китебинде көрсөтүлгөн административдик бөлүү туура же туура эместигин тактоо үчүн ырасмий булактарга кайрылуубуз шарт. Андай ырасмий булак – Материалы для статического описания Ферганской области. Результаты поземельно-податыных работ. Выпуск II.Маргеланский уезд. Составил С.А.Геппенер. Г.Маргелан, 1899. Бул эмгекти Түркестан губерниясынын Фергана облустук статистика комитети даярдап чыгарган. Аталган эмгек боюнча Маргелан уезди 18 болуштукка (орусча – волость) бөлүнгөн. Ошол 18 болуштуктун ичинде жалаң кыргыз уруулары жашаган үч болуштук бар: Ичкилик (Ичкелик), Найман, Жоокесек-Бостон (Яукесек-Бостон). Бул үч болуштук азыркы Кадамжай жана Ноокат райондору менен Кызыл-Кыя шаарынынын аймагын камтыйт.

Ташбек миңбашынын уруусу, «Ташбек датка – руху жана дымагы» китебинде айтылгандай, найман экенин эске тутуп, Ичкилик жана Найман болуштугуна кайсы айыл-кыштактар киргенин карап көрөлү. Эмне үчүн дебейсизби? Себеби, оторчул бийлик болуштуктарды айыл-кыштактардын географиялык жайгашуусу (жакындыгы) боюнча эмес, уруулук негизде түзгөнүн административдик бөлүнүштөн айкын көрүнүп турат.

Ичкилик болуштугуна өз короо-жайы, эгин айдоого ылайык тамарка жери бар 28 айыл-кыштак кирген. Алар уруу (урук) аттары боюнча жамаатка бириккен.

Ичкилик болуштугу

I. Тейит жамааты береги кыштактарды бириктирген: Чавай, Караван, Кожо-Арык, Баглан, Толман, Жал, Тактек;

II. Айтамга жамааты: Жинжиген, Тегирмен – Бою жана Абшир, Медресе жана Жайылма.

III. Гирей (орусча, Гираит) – Шуран жамааты: Гирей, Шорон, Нарай – Найман, Меркит, Муркут.

IV. Уйгур – Буйга жамааты: Пум, Аустан, Кара-Кышлак, Алыш, Тегирмеч.

V. Каңды-бөрүбаш жамааты: Каранай, Алашан, Бөрүбаш, Каратепенчи (Жийда), Бел-Кышлак, Жаш, Караташ жана Чили-Сай.

(Жер жана түтүн салыгы боюнча жыйнак, 5-16-беттер)

Жогору тизмедеги Алыштан башка кыштактар Исфайрам дарыясынын оң жээгинен орун алган. Алардын негизги эли – тейиттин уйгур тобунан болсо, Алыштын эли – дөөлөс уруусунун буйга тобунан. Алым-салык алынчу кожолуктарды аныктоо боюнча 1894–1897-жылдары жүргүзүлгөн эл каттоодо алыштык буйгалар уйгур тобуна жаңылыш кошулуп калган сыягы. Болбосо Гирий – Шорон жамаатына бириктирилмек. Алыштык буйгалар бул маселе боюнча Фергана облус губернаторуна кайрылганын аксакалдар өткөн кылымдын 50–70-жылдары айтып жүрүшкөнүн өрөөндөгү куйма кулак карыя Мырзапааша Маматов тастыктады.

Алыш кыштагы Найман болуштугунун Кара Найман айыл жамаатына да кошулуп жазылганын изилдөөнү жүргүзгөн адистер береги жыйнак чыккандан кийин билишкен шекилдүү.

Найман болуштугу

I. Каңды айыл жамааты: Пүлгөн, Жийделик.

II. Айрыбаз айыл жамааты: Айрыбаз, Көтөрмө жана Ничке-Сай, Калкаман.

III. Кара-Дөбө айыл жамааты: Кара-Дөбө; Майдан.

IV. Кара найман айыл жамааты: Чат, Талаа, Кызыл-Булак, Орон-Терек, Кароол, Алыш жана Буйга, Кара-Даван.

V. Төө-Моюн айыл жамааты: Төө-Моюн, Керкидан, Ат-Атек.

VI. Кароол-Кайрагач (Кара-Жыгач) айыл жамааты: Кайрагач, Кароол жана Көл, Караганды жана Кожо-Алмат, Жаңы-Арык.

(Жер жана түтүн салыгы боюнча жыйнак, 34-35-беттер)

Ичкилик жана Найман болуштуктарына кирген айыл-кыштактардын аталыштарына назар салган киши М.Сапаев аксакал атаган жана Ташбек миңбашы бийлик жүргүзгөн айыл-кыштактардын тизмесиндеги Өлагыш, Кереге-Таш, Лангар жана Жакшына-Талаа айылдарында 1894–1897-жылдары жамаат болгудай эл жашабаганын, ошон үчүн жыйнакта алар аталбаганын байкайт.

Өйдөдө аталган төрт айылда бирин-серин гана кожолук болгонун Испайрам өрөөнүнөн XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымда өткөн илимпоздор менен аскер адамдарынын эскерүүлөрү да тастыктайт.

Окурман журт, ошондой эле М.Сапаев Чаубай деп жазган кыштак ал кезде Чавай деп аталганына, тагырак айтканда бурмаланып, Чаувай болуп атала элек экенине көңүл бурбай койбойт.

Жогорудагы административдик бөлүнүүнүн тизмелеринде Ичкилик жана Найман болуштуктарына караштуу айыл-кыштактардын киндик астындагы килейген Үч-Коргон кыштагы да жок. Себеби, Үч-Коргондун (Жогорку Үч-Коргон жана Төмөнкү Үч-Коргон) калкынын негизги бөлүгү тажик, сарт, өзбектер болгондуктан, ал административдик жактан Аувал (Аввал) болуштугуна баш ийдирилген. Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон кыштагы менен коңшулаш Өзбекстандын Фергана облусунун Фергана районуна караштуу Аувал кыштагынын ортосу 35 чакырым. Бул жолду басуу үчүн чобур атчан жолоочуга кеминде 4 саат убакыт керек.

Кыргыздардын саны, шаарлардын калкы жөнүндө

М.Сапаев 1897-жылы Орус империясында жүргүзүлгөн биринчи жалпы эл катоого шилтеп, Түркстан генерал-губернаторлугунда 427 миң кыргыз жашайт деген маалыматты келтирет жана «алыскы тоо арасында жашаган кыргыздар эсепке алынбай калган болуш керек, бирок Орто Азия чөлкөмүндөгү кыргыздардын жалпы саны 0, 5 млн жетпеген» деген тыянак чыгарат. А чындыгында 1897-жылдын эл каттоо өткөрүлгөн 28-январында кыргыздардын саны канча болгон деген суроо көпчүлүктү кызыктырары талашсыз.

Open.kg сайтындагы (7-июль 2019-ж.) макалада 1897-жылы Фергана облусунун (Анжиан – 123 382, Кокон – 12039, Наманган – 20 700, Маргилан – 43717, Ош – 1741) уездеринде – 201579 кыргыз, Жети-Суу облусунун (Пишпек – 151 107, Пржевальск – 128 307) уездеринде 279 414 кыргыз жашаганы айтылат (https://open.kg/about-kyrgyzstan/population/34908-chislennost-kyrgyzov-v-1897-i-v-1916-godah.html).

Бул маалыматка Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уезди менен Самарканд облусунун Хожент уездинде жашаган кыргыздар кирбей калган. Себеби, эки облуста кыргыздар менен казактар аралаш катталып, саны бөлүп көрсөтүлбөгөн. Эгер андагы эки облустун жалпы калкынын (743446 киши) 0, 5% кыргыздар болгон десек, 35 миңди алабыз. Ошондо деле кыргыздардын жалпы саны 500 миңден ашып кетет...

«Ташбек датка – руху жана дымагы» китебинде берилген маалыматтар боюнча, 1897-жылы Ташкентте 70 миң, Самаркандда 30 миң, Кокондо 24 миң, Ферганада 46 миң, Анжианда 24 миң, Ошто 17 миң эл жашаган. Эми жогорудагы маалыматтарды 1897-жылкы эл каттоонун уездер боюнча жарыяланган жыйынтыгы менен салыштыралы. Ошондо Ташкент шаарында 155 673 адам, Самаркандда 55 128, Кокондо 81 354, Анжианда 47 624, Ош шаарында 34 157 адам жашаганын же М.Сапаевдин китебинде берилгенден 2-3 эсе көп сандарды көрөбүз.

1897-жылы Жаңы Маргилан шаарынын эли 8929 адамды түзсө, Эски Маргиланда 36 490 адам жашаган. Муну эл каттоонун жыйынтыгынан көрүү мүмкүн.

Фергана шаары жөнүндө бир ооз сөз. Бул шаар 1876-жылы орус генералы, облустун 1-губернатору М.Скобелевдин демилеси менен байыркы Маргиландан 12 чакырым күн чыгышта түптөлүп, Жаңы Маргелан (Новый Маргелан) аталат. 1907-жылы шаар «Түркстандын багындыруучусунун» урматына Скобелев аталып, генералдын ысымын 1924-жылдын күзүнө чейин алып жүрөт жана 24-ноябрда ВЦИКтин (Жалпы орусиялык аткаруу комитети) токтому менен Фергана болуп өзгөртүлөт.

Жогорудагыдай так эместиктер, чатышкан маалыматтар тарыхый инсанга арналган китептин баасын түшүрөт. Бул мен сөз кылган жалгыз китепке эмес, өлкөнүн тарыхый делген инсандарына арналган китептердин көбүнө мүнөздүү кемчилик. Алдагыдай китептерден апыртма жана негизсиз мактоолорду окуганда, атактуу жаангер жана мамлекеттик ишмер Наполеон Бонапарттын «Тарых калптан токулса да, ага баары ишенет» деген сөзүн кайра-кайра эстейсин...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз