
Котормочудан кириш сөз
«Шамал жандуу Жереми» аңгемесин окуп, ага эки жылдан кийин «кол салдым». Эмне үчүн дебейсизби? Түшүндүрөм. 1-ден, Найжел Нилдин (1922–2006) өйдөдө аталган чакан чыгармасын соңку беш жылда мен ачкан зор жазуучу Рой Бредбери «Бүгүн жана эртең картайбас аңгемелер» аттуу тандалма жыйнакка киргизгени үчүн. 2-ден, аңгеменин баш каарманы эгин талаасын кайтарган кайдагы бир дейди киши үчүн башын тобокелге салганы же жалгыз буттуу кишини шылдыңдаган арабакечти чаначтай тепкилеп салганы үчүн. 3-дөн, жалгыз буттуу немени коргоймун деп, карт полицайды көк ала койдой сабап салганы үчүн. Соо англичанин полицайга кол салабы? 4-дөн, баш каармандын бөтөн кишинин үйүнө кирип алып, эми ушу жерде өлөр өлгөнчө жашаймын деген көк беттиги таң калтырды.
Анан дагы... Англис жазуучусунун аңгемесин которуп болуп, менде «Жалгыз буттуу киши деги эмне болгон неме?» деген суроо туулду. Англис тилинин нюанстарын орус же кыргыз тилинин деңгээлинде түшүнбөгөндүктөн, кыр кадуулап кеттишим турган иш эле. Ошого аңгеменин орусча, казакча котормолорун билерман Гууглдун тайказанынан издеп таппадым. Айлам куруп Ютюбга башбактым. Аерден Америка киноинститутунун студенти Рокки Лэнг 1980-жылы тарткан кыска метраждуу тасманы таап, аны 26 мүнөттө көрүп чыктым. (Албетте, көркөм фильм менен чыгармада айырма болот да!) «Шамалдагы Жереми» (Jeremi in the Wind) аталган бул фильмден Н.Нилдин аңгемесине ачкычты таптым. Тексти туура түшүнгөн экем. Анда эмнени түшүнбөгөн экем? Ал жөнүндө аңгемени окуп бүткөндөн кийин билесиз.
Шамал жандуу Жереми
Ооба, мырза, мен аны алгач жолуктурганда шамал ыркырап согуп турду. Ал талаанын чок ортосунда кишилер эгинге сепкен данды чокуган чоң кара чымчыктарга колдорун булгалап тап берип жатты. Чындыгын айтсам, ал колдорун желпилдетсе болмок!
Мен дубалдын үстүнө чыгып, бөкчөйүп басып бараттым, себеби сиз бөтөн бирөөлөрдүн жерине кире албайсыз да, ошондойбу?
Мен ага жетип, анын кандай арык экенин көрдүм. Шамал анын тулку боюнан калбырдан өткөндөй өтүп жатканын сиз да көрмөксүз, ырас, сиз көрөт элеңиз!
Анын үстүндө этеги жер чийген узун кара пальто, башында күрөң калпак, эки колунда манжаларынын учтарында таруудай тешиктери бар кол кап.
Мага анын бажырайган жүзү жакты. «Жереми, мага сенин жүзүң жагат» дедим. Байкадыңыз го, мен анын аты Жереми экенин билгенимди. Анын жүзү башкалардыкына окшобойт: маңдайы бийик, көгүш тарткан беттери табактай чоң, чуңкур кара көздөрү оту бардай балбылдайт. Чоң оозу жыйылбай жылмаят. Шамалдаган эриндери сай-сай болуп кесилип, терилери кургап, сыйрыла баштаган.
Шамал утуру күчөп согуп, кыйкырбаганга чара калбады. «Жереми, сен мени менен басасыңбы?» - деп бакырдым жанына барып. Анан эмне болгонун сиз эч таппайсыз. Үч кичинекей сары чычкан Жереминин оозунан чыгып, үстүндөгү пальтосу менен жорголоп, жерге түштү. Мага мындай чычкандар жагат.
Алар качып жоголгондон кийин, мен Жеремини колтуктан алдым. Байкуш карт Жереми! Араң кыймылдайт, буттары – чынын айтканда, буту бирөө, анысы да жерге кирип кеткен. Жалгыз бутун топурактан чыгарып бердим эле, Жереми менден алда канча бийик болуп калды. Мен эми аны сиз кичинекейиңизде атаңызды ылдыйдан өйдө карагандай, астынан өйдө кароом керек. Шамал күчөп киргенде, Жереми колдорун булгалап, башын чайкап жатты. Ал шамалдын азыркыдай жулкунганын каалабаса керек деп ойлойм.
Ошондо Жереминин сүйлөгөнүн биринчи жолу эшиттим. Үнү титиреп тургандыктан, кунт коюп тыңшабасаң, эмне айтканын түшүнүү кыйын болчу. «Кеттик эмесе. Жүр» - деди ал. Мен аны колтуктан алып, экөөбүз талааны аралай жөнөдүк. Солдойгон буту топуракты чийип сүйрөлөт. Жеремиге окшоп, айдың талаада колдорун булгалап, жалгыз туруу - киши суктанар жагдай көрүнүш эмес, сиз да ошентип ойлойсузбу?
Биз жол менен кыйла убакыт бастык. Элестетип көрүңүзчү, Жереми бар салмагын мага артып алган. Акыры токтодук. Мен өзөндөн суу ичип, чаңкаганымды жаздым. Басылбаган катуу шамалдан улам суу муздак экен. Бул тушта Жереми кашаага жөлөнүп, эс алып турду.
Арабасына жык капуста жүктөгөн киши келип, жаныбызга токтоп, бизге тигиле карады.
«Эмне турасыңар буерде? - деп сурады ал. - Эх, эски шайыр достор?» Ал көздөрү жумулганча каткырып күлдү.
Шамал дагы күчөдү. Жереминин пальтосунун этеги желпилдеп жатты. А өзү колдорун арабадагы эркекти көздөй булгалап, кекиртегинен киркиреген үн чыкты.
«Ал жаман» - деди Жереми жана мага карап башын ийкеди. Тиги киши Жеремини капаландырганын туйган элем. Жеремини турган жайында калтырып, тиги кишиге чуркап жеттим. Ал колундагы камчысы менен мени чаап жиберди. Мына, камчынын изи, чачымдын астындагы изди көрдүңүзбү? Кишини арабадан жерге оодарып алып, кыймылдабай калганча тепкиледим.
Тиги неменин чобуру качып кетти. Менимче, коркуп кетсе керек. Баратсак, арабадагы капусталар жолго чачылып калган экен. Жереми менен аерден алда канча узап кеткен соң, артымды карасам, арабакечти тегеректеген кишилердин карааны көрүндү.
Жереми таңдайын такылдатып, башка сөз айтпады.
Биз жолдо баратканда Жеремиде кишиникине окшобогон үн пайда болуп, оозунан чоңдугу буудайдай таш түшкөнчө, мага тынбай сүйлөдү. Бир кезде сүйлөгөнүн токтотуп, башка лам дебеди. Балким, жанагы таш ага дем бергендир. Жол четинен жалтырак сары сака таап алып, Жереминин оозуна момпосуйдай салып койдум. Келерки дөңдүн төбөсүнө жеткенде ал кайра жобурай баштады. А шамал кайра күчөгөндө, колдорун булаңдатып кирди.
Биз андан ары кыйла убакыт бастык деп ойлом, анткени буттарым ооруп калган экен. Күн уясына батар алдында биз кыштакка жеттик; баамымда, ал кыштак бул жерден көп алыс эмес болуу керек.
Кыштакта чай саткан дүкөн сыяктуу немеси бар экен, биз ага кирдик. Жеремиге «Биз эми тамактанабыз» дедим. Бирок ал үндөбөдү, ордунан да козголбоду. Себеби, биз каалаганыбыздын баарын сатып алышыбыз керек эле. Шамал жок кезде Жереми дем чыгарбай тынчтанып калчу. Кызык бекен?
Бир аздан соң дүкөнчү аял келди. Ал Жеремини көрүп: «Бул немени бул жерден жогот!» деди чок баскандай болуп. Бирок Жереми былк эткен жок. Аял «Ох» деп алып, үнү чыйылдап: «Бул сенсиңби! Жанагы бечара арабакеч! Сен-сен-сен» деди дагы дүкөндүн артындагы бөлмөгө жүгүрүп кирип кетти. Коңгуроонун шыңгыраган үнү чыкты.
«Макул, биз чай ичели, Жереми» - деп аны далысынан таптасам, анын колунан кургаган чөптүн майда кыркындылары ыпырап жерге түштү.
Мен ачка болчумун, үшүп да тургам. «Бизге чай бериңиз!» дедим үнүмдү катуу чыгарып. Бирок эч ким жооп бербеди.
Бир мүнөттөн кийин ийе, бир мүнөттөн кийин, топурап келаткан буттардын добуштары угулуп, эшик ачылды. Көрсө... мен полицайларды жактырбаймын, сизчи? Ооба, бул неме алардын бири экен. Ал мага жана Жеремиге тигиле карады да, эриндерин тез-тез жаланып: «Силер мени менен барсаңар жакшы болот деп ойлойм» - деди чечкиндүү.
Анан эмне болгонун сен канча ойлосоң да билбейсиң.
Жереми полицайдын үстүнө кулап түштү! Экөө жерге жыгылды. Мен көрдүм: Жереминин калпагы менен полицайдын тулгасы үстөл астына тоголонуп кетти. Полицай Жереминин сары көк башын мыкчып алды эле, мен аны быкынга келиштире соктум да, Жеремини бошотуп алдым.
Мен полицайды катуу урдум окшойт...
Жеремини белинен кучактап, экөөбүз дүкөндөн учкандай тез чыктык. Артыбыздан карт полицайдын онтогонун, аялдын кыйкырганын уктум.
Ошентип, мырза, азыр мен бул жерде отурам.
Мага сиздин тамыңыз жагат. Жылуу оттун жанында отуруп, сизге тиешелүү адеми заттарга суктангандан артык эмне бар? Мен ушу жерде биротоло калам.
Эмне үчүн сиз береги терезеден сыртка көз салбайсыз? Ооба, ошол терезеден.
Оо, сага антип секиргендин кереги жок: Жереми - ушул.
Ал мен калтырып кеткен жерде эч жакка жылбай турат. Сен анын жүзү татынакай деп ойлойсуңбу? Ага сыртта суук болсо керек. Жада калса, анын калпагы да жок, байкуш, карт Жереми.
Мен эми сага бир сюрприз жасайм.
Жереми жана мен ушу жерде жашамак болдук: ушул үйдө, дайыма жашайбыз.
Жок, секирбегин жана береги немени колума алам деп аракет кылбагын. Ал эмне экенин мен билемин. Телефон.
Сен буерден качып кетпегин! Мен сени жөн гана сабап коюшум керек. Эч аябастан.
Ошондо мына мен жана Жереми бул үйдө дайыма жашай беребиз. Биз кээде бакка чыгып отурабыз жана ал мени менен сүйлөшсө болот.
Шамалдуу күндөрү.
Соңку сөз ордуна (котормочудан).
Ошентип, кириш сөздө эскерткендей, «Шамалдагы Жереми» тасмасын көрүп отуруп, Жереми - мен ойлогондой деңдароо бирөө эмес, канаттуу куштарды коркутуу үчүн эгин талаасына же мөмөлүү бакка орнотулган кадимки каракчы экенин билдим. Башкы каарман кудайдын маңдай сөөгү кайкы, бак-таалайы тайкы бир пендеси экенин түшүндүм. Найжел Нилдин үч барактык аңгемесин эчен ирет окуп, кийин которуп болуп да каракчыны жалгыз жыгач буттуу бечара деп түшүнгөнүмдүн себеби эмнеде? Бул суроо менен көпкө алышып, мындай жыйынтыкка келдим. (Өзүмдү өзүмдүн алдында актоом керек эле.) Көрсө, фантастика жанрындагы китептерден 6-класста А. Беляевдин «Профессор Доуэлдин башы» жана башка үч-төрт китепти эсепке албаганда, 5 жарым кылымдан бери бир да фантастикалык чыгарма окуганымды эстей албадым. А магикалык реализм жанрынан Габирель Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылы» менен О’Шакирдин «Жомокчусунан» башка эч нерсени окубаган окшойм. Анда да атактуу колумбиялык жазуучунун дүйнө дүңгүрөткөн романын өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында, а биздин калемгердин «Жомокчусун» беш жылдай мурда окуптурмун. Жомок окуганды жакшы көрөм. Бирок жомок китептерде дайыма «жомок» деген жазуусу болгондуктан, эч адашпайсың. Сөздүн кыскасы, чейрек кылым реалисттик адабиятка жана документалдуу чыгармаларга ыктап жүрүп, кыял-фантазиям мокоп бүтүптүр.
Сизге, урматтуу окурман, аңгеме кандай таасир этет, билбейм... А мен аңгемеден дос деп күткөн адамына башын саюудан кайтпаган кишинин образын көрдүм.
Айтмакчы, Н.Нилдин аңгемесин түп нускадагыдай «Jeremi in the Wind» (Шамалдагы Жереми) атабай, кыргыз тилине «Шамал жандуу Жереми» деп алдым. Башкы каармандын Жеремиге тирүү кишидей мамиле кылганы жана шамал жүргөндө Жеремиге тил бүтүп, башкы каарманга түшүнүктүү тилде сүйлөй баштоосу аңгемени ушундай атоомо түрткү берди.
Амирбек Азам уулу
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.