О`Шакир: Тикендүү досум жөнүндө аңгеме

  • 22.07.2025
  • 1702

Мен күнүгө жылаңаяк жүргөн талаа – менин сөз баккан, ой баккан майданым. Кыял чабытымдын деңизи. Күнүгө кечте жылаңаяк талаа кыдырган себебим, сезимимди курчутуу. Эртеден кечке компьютер, телефон тиктеген адам баласы жаратылыш менен үнсүз сүйлөшүүнү унуткан доор. А мен табият киндиктешим, бир боорум менен күнүгө жандуу диалог курганды сүйөм. 

Жер Эненин үстүндө жылаңаяк баскан себебим – табиятка көңүл кунтумду төшөгөнүм. Таманым менен Жер Эненин жүрөгүн тыңшагандай болом. Жер астынан ысыкты, муздакты сезгеним – замандын күрөө тамырын тыңшоо… Дарыгер оорулуунун күрөө тамырын кармап, дартын аныктагандай, мен өз заманымдын дартын сезгим бар жылаңаяк таманымда…

Таманым – тулку боюмдун картасы. Ар бир клеткам боз топурактан өз азыгын, өз напсисин – энергиясын алат. Боз топурак таманымдан көтөрүлүп чаңыганы менен, эс-акылымда тунук ойлор жаралып, жандүйнөмдө аруулук, тазалык ойгонот. Таманым урчук ташка же тикенекке кабылып “ик-ки” деп кыңкыстаган сайын мендеги уктап калган клеткалар, сезимдер ойгонот. Ошон үчүн күнүгө жылаңайлак басканды адат кылгамын эбактан бери.

Адам эмне үчүн жылаңаяк басышы керек – кунт койгонду үйрөнүш үчүн. Алдымдан жылан чыгып; тебелеп албайын, айнектин сыныгына бутум тилинбесин, тикенекти тебелеп албайын дегендин өзү – кунт коюуга үйрөнүү. Концентрация! Антпесең күнүгө телефонду, компьютерди узак сааттар бою чукулап көнгөн адам зомбиге айланарын көрүп-билген сайын – адамды адам сыягынан ажыраткан комфорттон кыска мөөнөткө ажыроону унутпоо зарылбы дейм.

Мен өзүмдү зомбиге айланткым жок. Өзүмө кылган улуу сый ушул мендеги…

*    *    *

Үн-сөзсүз баратсам эле капилеттен алдымда кирпи чечен турат чекчейип. Мени көрүп катып калды. Мен да каттым. Экөөбүз тең тып токтодук. Ал кургур – жаратылыштын үнсүз ырчысы. Тышынан тикенек көрүнгөнү менен, ичи толо сырдуу жандык. Бейпил.

Кирпиге капысынан кабылганым – жаратылыш менен сүйлөшкөн көз ирмем эмей эмине…

*     *     *

Кирпи менден качкан жок, тык токтоду. Мен кээде өз сырымды башкалардан каткандай, бул бечара менден сырын эмес, жанын коргош үчүн бүрүшө калганына – өзүмдү күнөөлүү сездим. Адамдан запкы жеп жалкып бүткөн жалпы жан-жаныбарлардын атынан бүрүшө калгансыды байкуш кирпи. Жалпы адамзаттын атынан кечирим суроого үлгүрбөй калдым. Шыпылдап качып кетти. Артынан кууганым жок. Ансыз да суу жүрөк болуп бүткөн кирпи чечен үнүмдөн чочубасын үчүн гана телефон-видеого тартып алдым.

*    *    *

Жылаңаяк басканым — өзүмдү кайра табуу. Кирпи чеченди кезиктиргеним — тагдырдын кыска, бирок күчтүү жообу. Жылаңаяк жүргөндүн жакшы жери – жандүйнөңө табият өзүнүн эң ыкчам символун жиберет. Бул жолу ал кирпини жөнөтүптүр алдыма...

Мен анын жонундагы тикенегинен улам тирүүлүктүн туюмун алдым.

Ал менин алдымда боюн жыйырып коргонгонун, токтой калганын көрүп, айланып же аттап өтөйүн дедим. Бирок аттап да, айланып да кете албадым – турмуш сыяктуу… Турмушту кээде аттап же айланып өткөндөй, кирпи чеченден айланып да, аттап да кеталбадым. Ал коргонгонсуп бүрүшүп турганы – көптү туюнтту… Демек, мага чейин адамдарга далай мерте кабылып, далай ыдык көргөн. Коркуп калган.

Жер менен сүйлөшкөндөрдү жаратылыш жалгыз калтырбайт окшойт дедим ичимден.

*    *    *

Кирпи — жөнөкөй жаныбар эмес. Ал – өзүңдү коргоонун, коркунучтан сактануунун символу. Заманым коркунучтуу болуп тургандан улам, табият мени сактанууну эскерткени го бу. Жолумдан кирпи чеченди бекер жөнөтпөгөндөй: ийнедей ачуу тилиңди тартып жаша, абайла дегендей жаратылыш коргоочум…

*    *     *

Түшүнгөнгө… тикендүү бул досум – жандүйнөмдүн тилмечи…

*     *     *

Илимий, мифологиялык, символдук өңүттөн караганда, кирпи чечен – жашыруун сырлуу жаныбар. Анын табияты — инстинкт менен акылдын ортосундагы тең салмак. Өзү назик болгону менен, өжөр өктөмдүгүн көргөзсө барбы; тийишсең – тикенек. Жонундагы тикенегин найзадай сунат, а тийбесең, зыяны жок.

Өзү түнкүсүн жаны тынбас, чылк караңгыда жонундагы ийнелери тургай – көздөрү өткүр, курч. Бул түгөттүн ийнесинен да көздөрү курч түндөсү. Жашыруун жүрүшкө ал түндөсү гана жортуп жөнөйт. Ички туюму менен жанын багат, башкалар көрбөгөндү көрөт. Ошон үчүн ал үнсүздүктүн символу.

*     *     *

Эстүү жаратылыш, эстүү кудай, кирпи чеченди жөн жараткан эмес. Адам өз жолун тез унутат, кирпилер өз чыйыр жолун унутпайт. Ээн талаада жылаңайлак жүргөндө мен дагы өз чыйырымды көп эстейм. Балалык күндөн ушул жашыма чейинки басып өткөн жолум көз алдымдан тасмадай чубурат…

Кирпи чечен башка жырткычтарга окшоп эч качан чегинен да аша чаппайт. Напсисинде ач көз эмес. Мунусу – көлөкөдө жашап, тирүүлүктү токтоосуз улантуу деген философия. Демек ал – сыр жашыруунун, коргонуунун символу.

Бекеринен европалык элдик жомоктордо ал сыр сактаган акылман дейсиңби? Жо-ок. Кирпи чечен – жаратылыштын үнсүз руху. Немистердин элдик фольклорунда ал чебер кеңешчи катары сыпатталат. Өзү дайыма тынч, эч качан мактанбайт. Улуу иштерди да болор болбос майда иштей аткарган үчүн акылдын иконасы.

*     *     *

Кирпи качан болсун коргонууга даяр. Мунусу эмнени туюнтат? Адамдын ички дүйнөсүн, жашыруун сырларын, жандын коргонуусун. Ал эмес акылмандарың айткан: "Кирпи — адам болуунун өзү!" Себеби кандай гана жоош болбо, ар кимибиз жан коргоого келгенде, колубузда болгон мүмкүнчүлүк менен коргонобуз. А кирпи чечендин тикенеги – анын коргоочусу.

Египет мифологиясында кирпи – күн менен түндүн ортосундагы жандык. Ал түн ичинде жүргөнү – үмүттүн символу.

*     *     *

Кирпинин абалы – учурдагы менин ички дүйнөм.

12. 07. 2025.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз