Жанаргүл Жолдошова: Даават

  • 29.07.2025
  • 1463

АҢГЕМЕ

Насипа келин болуп келгенине туура жыйырма жылдын жүзү болду.

Сыдык экөөнүн ортосунда беш баласы бар. Чөйрөдөнбү же өз табиятынанбы — ачкылга жакын адам болуп чыкты. Сыдык арак ичкенин токтоткон жок. Калган оокатын эптеген менен, жакшы-жаман айтып Насипа эч качан эринин аракечтигин токтото албады.

Муну токтотом деп дүкөнчүлөргө жаман көрүнгөнүн айтсаң:

— Карызга бербегиле! Же бир жерде жумушу болбосо, кайдан төлөйт? Мен балдарга чыккан акчага, тамак-ашка араң жеткирем, — дечү.

— Оо, ботом, оозуна куюп жатабызбы? Өз каалоосу менен келип алып ичип жатса, алса койсо — өз иши, — дешип, кайра Насипаны жактырбай, жаман көз менен карашчу.

Үймөктөлгөн чөпкө катып ичип, акырга катып, тандырдын күлүнө көөмп койгон жеринен таап алып, ташка чаап сындырган күндөрү да болгон. Бирок “аракты таштайм” деген аракети куру убара болчу.

Сыдык бою узун, ичпесе бардык ишти майын чыгара аткарган. Ак көңүлдүгү жанда жок, ишенчээк, бирөөгө тез алданган, бат таарынган бала кыял. Арак ичпесе, баштаган жумушун аягына чейин жакшы жасайт. Эгер аракка кирип кетсе болду — телегейи тегиз. Баарын унутуп, башка ааламга кирип кетет. Бөтөлкөдөн башканы ойлобой калат.

Бир күнү адаттагыдай эле Сыдыкең жүздөн басып, көнүмүш адатын карматып, үйгө кирип келди. Насипанын эрки жетпей, итатайы тутула баштады.

— Болду! Башка чыдай албайм! — деп ичинен күбүрөнүп алды.

— Де-еги сенин үйгө соо келчү күнүң болобу?

— Капырай, эмне болду? Сенин мындай адатың жок эле го? — деди Сыдык таң кала.

— Айтчы, балдарыңа бир жолу атадай болуп таттуу алып келдиң беле? Же бир балдарымды кубантайын деген оюң болду беле?

— Тигини, тигини... И-и, кимдир бирөө бузуп жүрөт окшойт, ээ? — Сыдык демин чыгарып буркулдай кетти.

— Болду! Мен эми сага чыдай албайм! Кантип балдар чоңоюп жатканын, кантип оокат өтүп жатканын билбей калдың! Чейрек өмүрүмдү сага арнадым. Ушул оңолуп кетет деп жашадым. Балдар үчүн баарына чыдадым! — деп Насипа бетин басып, көпкө чейин ыйлап жатты.

— Билсең, балдарга өлбөй тирүү жүргөнүм — белек! Уктуңбу?! Тойгуздуңар! — деп эшикти тарс жаап чыгып кетти Сыдык.

Ошондон кийин үч-төрт күн жоголуп, аракты кууп ичип калды. Үйүнө жолобой, ичкенди адатка айлантып алды.

Бир күнү эжеси менен жездеси кабар алып келип калышты. Насипанын түйшүгүн көрүп, боор ооруп, жардам колун сунгусу келди.

Жездеси:

— Аа, балдызым, куп десең, бажамды кырк күнгө өзүм менен чогуу дааватка алып барып келсемби?.. Бир аз алаксып, ыйман жолуна түшөт беле...

— Ошону айтсаңыз, жезде, Кудайды таанып, адашкан жолунан түз жолго түшсө дурус болмок эле.

— Өзү менен бир ооз сүйлөшүп, алып кетейин анда.

— Макул, жезде... — деди Насипа.

Жездеси көпкө узабай эле бал тилге салып, Сыдыкты дааватка ээрчитип кетти.

*     *     *

“Атаңдын көрү, санаанын тынчтыгын карачы!” — деп ойлоду Насипа.

— Жолдошум оңолот, буюрса, биздин үйдө дагы бакубатчылык орнойт. Ыйман жолуна түшөт, бактылуу жашайбыз, — деп керемет ойго чөмүлүп, таң эрте чакага суу сузганы бара жатты.

Теребелге көз чаптырса, айлана жапжашыл килемдей жайкалып, агын суунун бою табигаттын мыйзамына баш ийип, өз озуйпасын аткарып жатканын сезди. Дария жээгиндеги кара тал да бүчүр байлаптыр. Асманда күн чайыттай ачылып, мээримин жандууга да, жансызга да тегиз чачып тургандай.

Шаркыраган суу агымы алда кайда шашкандай, шарп-шарп этип майда таштарды серпип, күкүктөп, керемет добушту күүгө салып, толкуну ыргалып, өз нугунда ээ жаа бербей агып жатты.

— Мурда кайда жүрдүм экен, ээ? Табият сулуулугун байкабай, көзүмдү жумуп эле жүргөн окшоймун, тообо… — деп күбүрөнүп койду.

— Эх турмуш! Тур... анан... муш! — дегениң чын экен да… — муштуму менен жерди каттуу муштап койду.

Сыдык болсо баш-аягы он бештей мечитке барып, бажасы менен зыярат кылды. Барган жерлеринде молдолор жана даават башчылары "маселе" айтып, дин жолуна, шарияттын мыйзамы менен жашоого үндөштү.

Адал жашоого чакырык үндөдү.

Үйүнө кайтаарга эки-үч күн калганда, түнөп калган жерде уктап калып, коңурук тартып, анан көшүлүп түш дүйнөсүнө кирип кетти. Жомоктогудай түш көрдү…

Көк жайыктуу жайлоодо жүрөт. Чар тарабы мелжиген талаа. Талаанын ортосунда бийик эмес, жапалдаш, тайпак тоо турат. Тоо үстүндө секидей түзөң жер көрүнөт. Ал жерди ак, күлгүн, кызгылт, чоктой кызыл, ток жашыл көйнөк кийген, керемет сулуу кыздар аралап жүрүшөт. Ар бир кадамы гүл жытын жандандырып, табият менен уйкашып жуурулушуп тургандай.

Желден элп эткенде желп этип көйнөктөрү денелерине жармашып, эликтин бутундай түптүз буттары, буурадай жоон сандары баскан сайын Сыдыктын оюн өзүнө буруп жатты.

“Бах, чиркин! Ушундай жерде жашасам кандай сонун!” — деп ойлоду ал ичинен.

Ошол маалда кайдан-жайдан белгисиз, анын жанында турган бир адамдын үнү угулду — бирок адамдын өзү көрүнбөйт:

— Сыдык, тээтиги жакка баргың келип жатабы?

Сыдык унчукпай туруп калды. Бирок жүрөгү “ооба” деп күбүрөдү.

— Баргың келсе, бачым бар. Сенин жолуң. Тоо боорундагы жалгыз аяк жолду көрдүңбү? Ал сени тик секиге чыгарат. Ал жакта баары даяр. Бирок сен өзүң басып барсаң гана жетесиң. Бирөөнүн колунан жетелөө болбойт, жеңил жол жок. Тандоо — өзүңдө.

Сыдык шашыла тоо тарапка кадам шилтеди. Бирок жери тайгалак, жол тар, буйткалуу. Ал сүрдөп, кайра токтоп калды.

— Эгер кайтып кетсең, баягыдай жашоо уланат… Бирок барсаң — жаңы дүйнө, жаңы тагдыр күтөт. Кайсы жолду тандайсың?

Сыдык терең дем алып, көзүн жумуп, жүрөгү менен сезимин тең салмактап, акырындык менен жалгыз аяк жолду көздөй жөнөдү.

– Булар эмне болгон кыздар? — деп таң кала шыбырады Сыдык.

— Үр кыздары деген ушулар, — деди кайдан-жайдан угулган сырдуу үн.

— А-а-а, үр кыздарбы… — суктана карады.

— Баргың келип жатабы?

— Ооба... — деди жай үн менен.

— Бар! Бирок бил: бул жол — жеңил эмес. Өз азабың өзүңдө. Амалың болсо, жетесиң.

Сыдык тоону көздөй жөнөдү. Жол тик, тайгалак. Бирде шамалдуу бороонго каршы кыйналып басат, бирде аптаптуу ысыкта тердеп, шайы ооп, баса албай калат. Улам артка кайта жаздайт, бирок кайра күчүн жыйнап кадам таштайт. Себеби тоонун чокусунда күтүп турган үр кыздар бар…

Бир маалда алдынан оозу кенен, караңгы үңкүр чыга келди. Сыдык кызыгып, баш багып көрүүнү чечти. Үңкүр ичине колун сунуп, кире бергенде көзү чачырап кетти — ичи түркүн бөтөлкөлөргө толуп турат!

Текчелерге тизилген кымбат коньяк, шампан, виски, ар түрдүү түстөгү шарап, буркулдаган самогон... Алыскы чет өлкөдөн келген ичимдиктер, алтын капкак бөтөлкөлөр, көз жоосун алган формада тизилип, ар бири өзүнчө жаркырап, Сыдыктын көзүн уурдап турат. Жыты мурунду жарып, башты айлантат.

Сыдык нес болуп калды. Оозу ачылып, көздөрү жайнап кетти. Колун сунуп, бир бөтөлкөнү алып жутуп жибере жаздап аз калды. Сыдык алардын жытына эле кызыкты. Колуна кармалап болгон чөнтөктөрүнө батпаса болбой шыкап кирди. Мына алам дагы бирин, дагы бирин... Башы айланып, көңүлү шаттана түштү. Көзү алайып, ордунда бийлеп кетти.

— Мына рахат жашоо! Үр кыздар күтүп жатпайбы, ичип барып ырдап барам! — деп кыйкырып жиберди.

Бирок ошол замат көз ачып-жумгуча бөтөлкөлөрдүн баары жоголду. Алардын ордуна сасык, чириген, ириңдеген суюктуктарга толгон чуңкур калды. Сыдык жерге жыгылып түкүрүнүп, башын мыкчый кармап калды.

Ичкиликке мас болгон кыял чындыкка жуурулушпай калды.

Ошол маалда баягы сырдуу үн кайра жаңырды:

— Ээй, Сыдык… Напсиңди тый! Ичкилик – жакшы эмес. Алкымың өтө эле чоң экен. Ээх, канткен менен пендесиң да...

Сыдык үн угулган жакты карады. Эч ким көрүнбөйт. Тек гана күндүн батып бараткан ала көк нуру жана жүрөктү тынчсыздандырган булут аралап өткөн жел серпилип турду... Сыдык үн кайсы жерде угулуп жатат деп асманды караса, тээ өйдөдө булутка минип, эки бутун салаңдатып, колуна пульт кармап, шайтан олтурат. Күлүмсүрөп, сынап, баятан бери Сыдыктын акылы менен ойноп, пульт менен ары-бери башкарып, каткырып күлүп олтурган экен.

— Адам көзүнүн чел кабыгынан баштык жасаса, бүт аалам сыйарын билесиңби? Адамдын көзү эч нерсеге тойбойт! Билип кой, бир гана топуракка тойот! Ха-ха-ха! Үр кыздарга барам дейт ко, алардын сага кереги жок! Жалган дүйнөдөгү жарыңа бар, – деп көздөн кайым болуп жоголуп кетти...

Сыдык алга карай умтулду. Тоонун чокусунда үр кыздар турушкан — аларды көрүп эле башы айланып, алдыга кадам таштаган. Бирок таштай болгон тик капталга буту тийери менен тайгаланып, бир кыйла ылдый тоголонуп кетти. Жерге башы менен тийип, эптеп токтоду. Демин ичине катты да кайра туруп, көкүрөгүн басып кайрадан көтөрүлө баштады.

— Жок, болбойт! Мен аларга жетишим керек! — деп күбүрөдү өзүнчө.

Ар бир кадам сайын жарга тишин такап, тырмактары менен жармашып чыкты. Бирок кайра эле буту тайып, таман алдындагы кум-шагыл менен кошо ылдый сүрүлүп, чалкасынан барып кулады. Таштарга тийген жерлери көгөрүп, жарыла баштады. Сыдык жерге жатып, тердеп-тепчип, асманды карады.

— Эмне үчүн мынча кыйын?! Эмне үчүн эч ким жардам бербейт? — ичинен нааразы болду.

Бир маалда тээ өйдө жактагы үн буйрук менен, жогорудан үн салды:

— Күчүң жетсе чык! Чыга албасаң өзүңдөн көр!

Сыдыктын ичин кайгы аралаш ачуусу каптады.

— Эмнеге жардам бербейсиңер? Үмүт берип өзүңөр карап турасыңар! — деп кыйкырды.

Үнүн тоо жаңыртып кайра угузду. Бирок асмандан жооп болбоду.

Сыдык кайра жөрмөлөп чыкмак болду. Бирде шамал тумчуктурса, бирде бетине күндүн ысыгы уруп, көзүн ачтырбайт. Таң алдында тоонун башы жакындап калгандай көрүндү. Бирок акыркы бир кадам таштаганда буту тайып, кайра эле ылдый кулады. Бул жолу көбүрөк тоголонуп кетти.  Курткасынын аркасы жыртылып, бетине чаң, денесине таш урунду.

Сыдык катуу жыгылганын сезди. Денеси жерге солк эте түшүп, тизеси менен чыканагынын эти тытылып кеткенсиди. Бир заматта оорудан үшкүрүп жиберип, белин кармап жер тиктеп онтоп калды.

Айланасына көз чаптырса, атүгүл гүл аралап жүргөн үр кыздар да жок. Бейиштей кооз көрүнүштүн бири да калган эмес. Эч нерсе көрүнбөгөн бозала мейкиндик. Кайдан-жайдан коркунуч каптап, жүрөгү дүкүлдөдү. Аңгыча…

Бирөө жеңинен кармап тургузду. Караса, баягы эле дайыма олуттуу, бирок жылуу жүздүү бажасы.

— Ээ бажам, эмне эле түш көрүп, тыбырап, жөөлөп жатасың? — деди күлө тиктеп.

Сыдык эсине эми келип, башын чайкады.

— Бажа, түш да ай... кээде өңүңдө көрбөгөндү көрсөтөт экен. Так маңдайымда үр кыздар жүрдү... тоонун чокусуна чыгайын десем тайгаланып, кайра түшөм. Аягында үңкүргө барып такалдым... ичиндегилерге... көз тойбойт!

Бажасы күлүп жиберди.

— Ошон үчүн түш дешет да, бажам. Түштөгү алтындан, колдогу нан артык дейт. Макул, туралы, багымдат намазы да болгону калды. Жатпайлы.

Сыдык башын ийкеп:

— Макул туралы. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык дешет, — деп жылмайды.

Ошентип Сыдык үчүн кырк күндүк даават мөөнөтү соңуна чыкты. Бул күндөрдө ал ичкиликти таштап, жан дүйнөсүн ыйманга чылап, ичиндеги бузуку ой-пикирлерди тазалап, жүзүндөгү кара сур шишик, көз алдындагы кара көлөкө кетип, ордуна нуру төгүлгөн бейпил кейип кирди.

Ага сабыр, кечирим, ибадат — баары чыныгы эркекти калыптай турган курал экенин көрсөткөндөй болду. Аны тарбиялап, ар бир күндү пайдалуу өткөргөнүнө бажасынын көңүлү жай болуп, ичинен кубанып турду.

Экөө айылдын башына жеткенде жол экиге бөлүндү.

— Макул, бажам. Жакшы бар, Алла тилегиңди кабыл кылсын, — деди Сыдык.

— Сен да аман бол, Сыдык. Үй-бүлөңө салам айт, — деди бажасы колун сунуп.

Экөө кучакташып коштошуп, ар кимиси өз жолу менен жөнөдү.

Сыдык үйүнө жайлуу адамдай, ырыстуу жүзү менен айыл тарапка бет алды. Кадамдарын кеңейтип, арышын ылдамдатып келатканда, күтүүсүз жерден алдынан жакасы жайылган, төшү ачылган Эрмек чыга келди.

— Ээ досум, келчи бери!

— Ассаламу алейкум, досум! — деди Сыдык.

— Валейкум ассалам! Сүйүнчү! — Эрмек Сыдыкты кучактап жиберди. — Уулдуу болдум!

Сыдык кубанып кетти.

— Маша-Аллах! Сүйүнчүңө ортокмун, досум! Балалуу болгонуң — чоң белек.

— Билесиң да, төрт кыздан кийин уулдуу болдум! — деди Эрмек жүзү кубанып, көзү жайнап.

— Инша-Аллах, болсун, болсун! — деп жооп узатты Сыдык.

Эрмектин кубанычы коюнуна батпай, ичтен шамдай жанып турганы жүзүнөн билинип турду. Ал досун ийининен силкип:

— Бас эми, досум, чогуу жууйлу, — деп көңүл көтөрө сунуш кылды.

Сыдык дароо кабагын бүркөп, жүзүн капталга бурду:

— Астафирулла… Мен дааваттан келатам. Мага ичкенге болбойт. Жөн эле батамды берейин, — деди жумшак гана.

Бул сөз Эрмекке жакпады. Түшүнбөй, капалуу карап:

— Эшенге кол бердиң беле? Кечээ эле чогуу ичип жүрчү эле го! Эми карасаң, сопу болуп чыга келгенин! — деди.

Сөздөрү агынан чыгып, таарыныч да аралашып турду. Экөө чоң көчөнүн боюнда ары-бери басышып, бири бири менен сөз талашып жатышты. Эрмек күлүп-кагылып ичирмекчи, Сыдык болсо мурункудай эмес, өзгөргөн. Ортодо түшүнбөстүк пайда болуп, эки башка дүйнөнүн адамдары сымал талашып-тартышып калышты...

*     *     *

Насипа болсо күйөөсү Сыдыкты тосуп алганга даярданып жатты. Жездеси телефон чалган күндөн тарта эле жүрөгү балкып, “жолдошум ыйман жолуна түшүп, өзгөрүп келатат” деп ичи кубанып, бир башкача сүрдөп турду. Үйдү тазалап шыпырып, эшик-эликти мизилдетти. Үй ичин жууган сайын – көңүлү да тазарып, үмүткө толду. Түркүн тамак-аш жасап, салтанаттуу тосуп алууга кам көрүп, улам-улам дарбазага көз чаптырып, жол карап турду…

— Атаа! Атаа! Атам келди! — кичүү уулу сүйүнүп, дарбазадан кирип келаткан Сыдыкты көздөй чуркады.

Насипа уул-кыздары менен чыныга суу куюп, колуна көтөрүп шашыла эшикке чыкты. Бирок көргөнү — күткөнүнө таптакыр төп келген жок. Сыдыктын шапкеси кыйшайып, буттары араң басып, чалыштап келатты. Тили булдуруктап, шилекейи чачырап, ар кимди жалооруп өөп, жалбарып жатты.

Насипа көргөн көзүнө ишене албай, делдейе туруп калды. Анан Сыдык акыры чөгөлөп отуруп:

— Мени кечиргиле… Ишенимиңерди актай албадым… — деп үнү калтырап, ыйлап жиберди.

— Эрмек досум уулдуу болуптур… Көңүлү калбасын деп… ичип койдум. Өзүмдү кармай албадым… Мени кечир, Насипа, — деди кекечтенип.

Анан тамтаңдап барып, талп этип жерге кулап түштү.

Балдары атасын чуркап барып кучактап, атасын жөлөп, көздөрү жашка толуп, ага тил кайтара албай туруп калышты.

Насипа жүрөгү туйлап, ичтен сызып:

— Ээх… кайран үмүтүм… Адам болуп келет десе… Э-эх, кайран убаракерчилигим… Кайран асыл ойлорум ай… — деп акырын гана күбүрөндү...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз