Мусакун Айбек: Көмүлбөй калган мүрзө

  • 31.07.2025
  • 2013

АҢГЕМЕ

Херсон, 2023-жыл. Орус армиясы артка сүрүлгөндөн башка арга таппады. Мекенин коргогон улут өжөрлүк менен сүрүп чыгышты орустарды.

Катерина:
– Карачы, Азамат, ушул жер болчу… Мына ошол төмөнкү айдоо жери. Жыл сайын чоң атаңды ушул дөңсөгө келип эскерчүбүз. Ошол жерде эле… мүрзө ташы турчу. Быйыл… жок!

– Эмне?.. Жер жок болдубу? Жер кайда кетмек эле?..

Таш талканы чыккан мүрзөнү тиктеп, үнсүз селейди Азамат.

Катерина акырын мончок жашын сүрттү:

– Ал кулакка айдалган кыргыз болчу… – Катерина өз ичинен сөзүн ирээтке келтириш үчүн тыным жасады. – Чоң энең, менин энем – бул жердин кызы украин. Экөө согуштан кийин бири-бирин жактырып, турмуш курушуп… Кыргызстанга көчүп кетишкен. Кийин биротоло кайра келишти.

Азамат оор күрсүндү:

– Эмнеге кайра келишти экен?..

– Мүрзөбүз ушул жерде болсун дешип. Өз жеринде чоң атаңды тап душмандай жек көргөндөр чыгыптыр… эл душманы дешип.

Бул айдоонун жери эмес эле. Ала-Тоодон Украинага кулакка айдалып, кийин орун-очок алып калган кыргыздардын чакан конушуна айланган. Кечирим, айкөлдүк калган жер бул. Херсон – топурагында мусапырлардын көз жашы, киндик кан тамган мекенинен топурак буюрбагандардын касирет-кайгысы, кусасы, арманы, сөөгү көмүлгөн жер. Кыргыз жергесинен кулакка тартылгандар байырлаган бай-манап делген мусапырларды бооруна кыскан Украинанын кең талаасы бул.

Каректери мүрзөнүн ордунда снаряддан оюк калган такты октон бетер теше тиктеди. Чаң капкара болуп күйүп кетиптир. Жыты ачуу.

– Согуштан мүрзөнү да коргой албадык… – Азаматтын муштуму жыйрылып, тиштери кычырады.

Анын муштуму да, тиштери да – акылдан ажыраган доордун шоораты эле.

Аңгыча кулакты жарчудай ышкырган үн жаңырды. Катуу үн асмандан жарылдыбы же жердин тереңинен булкунуп чыктыбы – жүрөктү болкулдаткан добуш жаңырды.

Катерина тынчсызданды:
– Тигилер кайра чабуул баштады окшойт...

– Мүрзөгө да тынчтык бербеген Орусия, адамга кайдан ырайым кылсын?! – Азамат эки жагын каранды.

Катерина жерге эңкейип, күйгөн нерсени карматты Азаматка. Күмүш шакек экен анысы.

– Чоң атаңдыкына окшошот… – Катерина адегенде өз сөзүнө ишенкиребей, бирок шакекти өз колуна кайра алып, чечкиндүү айтты: – Бул шакек чоң атаң күмүштөн жасатып, мага калтырган. Ал киши ушул жерге эле көмүлгөн… Так ушул! Демек, бул мүрзөнүн орду…

Экөө бирдей жерге тизе бүгө отуруп калышты.

– Кайда көмүлсө да, адамдык улуулукту көмө алышпайт алар! – Азамат шыбырагандай сүйлөдү. – Бул жер топуракка көмүлбөгөнү менен, көңүлүмдө көмүлбөйт.

– Бала кезиңде айтчу элек ко, – Катерина ичинен кайышып турса да, сыртынан кайраттуу үн катты. – Чоң атаң сенин тубаса тамырың – жер бетинде жүргөн жандуу күбөң экенин…

Азамат көзүн чылк жумду. Оозу кыбырап, ичинен бирдеңке сүйлөндү.

Куран окуганы экен.

2023-жыл. Херсон облусу. Кулакка тартылып айдалган кыргыздардын мүрзөсү артиллерия соккусунан кийин жок болду.

Херсон. Жазгы жымжырттык. Жыт учурган топурактын түбүндө – тарыхтын сөөктөрү.

Азамат жерге тигилген көзүн албай сүйлөдү:
– Чоң атам Кыргызстанда жакшы жашаган дешет. Өз короосунда үч кой, бир улак болгон экен… Анан ошол улак үчүн бай-манап аталып, кулакка тартылып…

– Улак үчүн кулакка тарткыдай… Менин чоң атам Бондаренкону да ошентишкен. Тиги талаанын аркы өйүзүндө чоң атамдын сөөгү… – Катерина баладай улутунду негедир.

Бир саамга унчукпай турушту; желдин ыргагындагы үрөй учурган үнгө кулак түрүп.

Азамат:
– Чоң атам украин кызын абыдан сүйүп калган дешет. Ырайымсыз тарых аларга улам таш ыргытып турса да, экөөнүн тагдыры бири-бирине калкан болгон тура...

Катерина:
– Ал замандын чыныгы революциясы – сүйүү болгон, балам. Партия эмес, партизан эмес. Сүйүү гана адамдарды тирүү сактаган. Биз ошол сүйүүдөн таралган урпактарбыз...

Азамат муңайып коштоду:

– Коммунисттер мүрзөлөргө да тынчтык бербептир го!

Катерина:
– Коммунизм эч кимди тирүүсүндө сүйгөн эмес, анан өлгөндөргө ызаат кылат беле?..

– Да-а! Наадандар!

– Алардын мүдөөсү – элди коркутуу менен башкаруу болчу. Бир күндө эле кээси – “эл душманы”, эртеси “элдин уулу”… Бир күнү эле – “кулак”, эртеси “баатыр”…

Азамат:

– Алар тарыхты калем эмес, балта менен жазышкан.

Балта менен жазылган тарых, акыры мүрзөлөрдүн да күлүн көккө сапырып, тарыхтын чыныгы изин жууйт тура…

Куюн жел удургуп, Катеринанын деми кысылып угулду:

– Бул жерде чоң атаң да, менин ата-бабам да көмүлгөн…

Ооба, чындык ошондой: бирөөсү айдалып келген, бирөөсү жеринен сүрүлгөн… А жер түбүндө экөөнүн сөөгү бир казылган.

Азамат жерге мандаш токунуп отура калды:

– Демек, бул мүрзө – элдерди бөлгөн эмес, аларды бириктирген мейкиндик болгон. Эми кайра танктын изи басып, элдин эстутумун талкалап жатышат…

Катерина:
– Бирок мүрзө жок кылынса да, биз аны эстеген сайын өчпөйт.

Азамат өзүнчө күбүрөндү:
– Эскерилбеген өлүк — экинчи жолу өлөт дешет… Чоң ата, кечир… Биз сени экинчи ирет өлтүрбөйбүз!

Экөө бирдей өз тилдеринде ибадат кылышты маркумдарга. Тынч жерде эки элдин тили жуурулуп турду. Куран менен “Отче наш” тең үн катты. Айдоо талаада бул ыйык үндү согуш гана буза албайт эле… бирок согуш келди.

Эпилог

Эгер ошол мүрзө кайра калыбына келсе, ташка бул саптар жазылмак:

Бул жерде кыргыз кулагы менен украин эгинчиси жанаша көмүлгөн. Экөөнө тең Совет бийлиги жер бербей, Украин жери гана боору менен тосуп алган. Алар эми – эстутум.

Бул жерге танк басса да, жүрөктөрдү тебелеп өтө албайт.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз