Назым Хикмет: Кәл[1]-Оглан жана Дөө Катын

  • 07.08.2025
  • 887

Бар экен, жок экен, илгери бир кедей кемпир жана анын Кәл-Оглан деген уулу болуптур. Кәл-Оглан ар күнү кечинде кыштактагы кофеканага барып, өзү теңдүү жаштардын кеп-сөзүн эшитип отурганды жакшы көрөт. Алардын кимдир бирөө өзүнүн баатырдыгы же ийгиликтерин айтып мактанса, ошол эрдемсинген эркек танага:

– Эгерде өзүңө ушу айтканыңдай ишенсең, Дөө Катынды издеп таап, тындым кылгын, – деп сунуш кылмай адаттары бар. Бир күнү алдагыдай сөздөрдүн угуп отурган Кәл-Огланга «Эмне үчүн Дөө Катынды издеп таап, жайлап салсам эмне үчүн болбосун?» деген ой келди. Ал кечинде үйгө барып, апасына өз чечимин айтты:

– Апа, мен Дөө Катынды издеп таап, талпагын ташка жайбасамбы. Мен эмне, баатыр эмесминби?

Бечара кемпир уулунун сөзүн угуп, ага таң кала тигилип: «Уулум акылынан адашып калбадыбы?» деп ойго батты. Кәл-Оглан сөзүн улантты:

– Мен Дөө Катынды издеп табам!

Апасы уулун бул максатынан кайтууну сурап, канча жалбарса да, ал тил албады. Айласы куруган апасы чыдабай чыркырып жиберди:

– Бар, жөнөгүн! Түптүз эле тозокко баргын! Сага окшогон бекерпоз менен жалкоодон биротоло кутулат экенмин!

Кәл-Огландын апасы жалооруп ыйлап, уулуна сүйлөп да, күлазык камдап да жатты. Уулу апасынын колун өөп, коштошуп, жолго чыкты. Кыштак калды. Ал эч дем албай, тоолор жана өрөөндөр аркылуу кышы-жайы тынбай басты. Артына бурулуп карса, аз эле жол жүрүптүр. Сапарын улантты, бир кезде тоонун чокусунан абага чубалжыган түтүндү көрдү. Кәл-Оглан тоонун кырына бир кыйла убакытта чыкса, Дөө Катын аркасын күнгө кактап отуруптур. Эмчектери ушунчалык чоң болгондуктан, оң эмчегин сол мүрүсүнө, сол эмчегин оң мүрүсүнө арта таштап коюптур. Кәл-Оглан шыбырт эттирбей Дөө Катындын жанына барып, анын эмчегин чопулдатып соро баштады. Дөө Катын ага бурулуп:

– Ии, Кәл-Оглан, сен менин эмчегимди эмип, мага сүт кардеш[2] болбосоң, сени күймөнбөй жеп салмакмын. Менин тиштеримден кутулуп кеттиң, бирок азыр өзүмүн балдарым келет. Алар сени бул жерден көрсө, күнүңдүн бүткөнү деп бил. Мейли эми, канткенде да азыр менин баламсың. Кел эми, сени жашырып койоюн.

Дөө Катын сүйлөп бүтүп, Кәл-Огланды бир чапты эле, ал шыпыргыга айланып калды. Дөө Катын шыпыргыны алып, эшиктин артына жөлөп койду.

Көп узабай жер солкулдап, Дөө Катындын балдары келди. Алар үйдүн ичине кирип, мурундары менен терең дем алып, жыт искей башташты.

– Ээ, апа, бөлмөдө кишинин эти жыттанууда.

– Кишинин эти? Силер кишини кайдан көрдүңөр? Анын этин ким алып келиптир? Тишиңерди жакшылап тазалагыла. Балким тишиңердин кычыктарына кишинин эти тыгылып калгандыр?

Дөөлөр бирден бутакты сындырып, тиштерин тазалай башташты. Бул учурда эне дөө кофе бышырылчу килейген жез казандын астына отун тутандырды да, уулдарынан этият сурады:

– Айталы, бул жерге кишинин баласы келип, эмчегимди эмген болсун. Ошондо эмчек эмген киши силерге ким болот?

Дөөлөр жарыша жооп беришти:

– Бир тууган болот.

– Силер аны жеп коймок белеңер?

– Жок.

– Ии, андай болсо, мына силердин бир тууганыңар.

Дөө Катын сөзүн бүтүп, эшиктин артын барды да, шыпыргыны бир урду эле, ал Кәл-Огланга айланып калды.

Дөөлөр Кәл-Огланга эч нерсе дешпеди, бирок бир күнү аны жеп салышарын Кәл-Оглан түшүндү. «Алар курсагы ачкан күнү бир тууганы экеними унутуп, «лам» дедирбей сугунуп коюшат» деп ойлоду Кәл-Оглан.

Кофе ичишкен соң, баары уктаганы жатышты. Дөө Катын өзүнүн эки уулунун үстүнө жууркан жаап, Кәл-Огланга да төшөк салып берди. Бир нече убактан кийин Дөө Катын үн салды:

– Ким уктады? Ким уктай элек?

Жаш дөөлөр коңуруп тартып, чоюндай былк этишпейт. Экөөнүн коңуруктарынан айланадагы заттардын баары титирөөдө. Дөө Катындын суроосуна уктабай жаткан Кәл-Оглан шыбырап жооп берди:

– Апаке, мен уктаган жокмун.

– Уулум, сен эмнеге уктаган жоксуң?

– Кудай акы, эмнегедир уйкум келбей жатат, – деди Кәл-Оглан. – Үйдө уктай албай жатсам, тиги апам төшөгүнөн туруп, баклава жана самса бышырып берчү мага. Баклава менен самсаны жеп алып, ошол замат уктап калчумун.

– Ой, жерге киргир десе! – Айласы куруган Дөө Катын сүйлөнүп төшөгүнөн турду. Эки чара камыр жууруп, бакалва жана самса бышырды. Кәл-Оглан курсагын кампайтып, уктачу бурчуна жарып жатты. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Дөө Катын кайра сурады:

– Ким уктады? Ким уктай элек?

– Апаке, мен уктаган жокмун, – деди Кәл-Оглан кайра.

– Уулум, сен эмнеге уктаган жоксуң?

– Баклава менен самса курсагымда томпоюп турушат. Тиги апам буерде болсо, мага козунун этинен карныярык[3] жасап бермек. Карныярык баклава менен самсаны сиңиргенге жардамдашмак, – деп түшүндүрдү Кәл-Оглан.

Дөө Катын ачуусуна чыдабай, жинди болуп кете жаздады. Бирок бир айла таап, Кәл-Огланды уктатып коюп, өзү да бир нерсе шам-шум этип алуусу абзел. Ошон үчүн Дөө Катын төшөгүнөн туруп, карныярык бышырды.

Кәл-Оглан карныярыкты ырахаттанып жеп бүтүп, баягы ордуна кулады. Дөө Катын бир аз убакыт күтүп, кайра сурады:

– Ким уктады? Ким уктай элек?

– Апаке, мен уктай албай койдум, – деди Кәл-Оглан.

– Уулум, сен эмнеге уктаган жоксуң? Сен баклава, самса, карныярык жебедиңби! Дагы сага эмне керек?

– Дал ошол үчүн мен уктай албадым... Көп жеп алган экенмин, ичим оорууда... Мага уруксат бериңиз, сыртка чыгып, жеңилдеп келейин...

– Кәл-Оглан, сен качып кетпейсиңби?

– Мен эмнеге качмак элем? Мындай акмактыкка эмнеге барам? Мага ишенбесеңиз, белиме жип байлап коюңуз.

Дөө Катын узун аркандын бир учун Кәл-Огландын белине байлап, экинчи учун өз колуна ороду. Кәл-Оглан үйдөн сыртка чыгып, ажаатканага барды. Белиндеги арканды чечип, ажаатканынын каалгасына байлап коюп, буту-бутуна тийбей качып жөнөдү. Дөө Катын бир саам күттү да, чыдабай добуш салды:

– Эй, Кәл-Оглан!

Эч ким жооп бербеди. Дөө Катын кайра доош салды: жымжырт, жооп болбоду. Ал арканды ачуусу менен булкуп тартканда, аркандын экинчи учу байланган каалга батпиректей асманга кайкып чыгып, кайра шалп этип жерге түштү. Аркандын учу Кәл-Огланга эмес, каалгага байланганын көргөн Дөө Катындын жаалы бетине чыгып, Кәл-Огландын артынан кууп жөнөдү. Жүгүрүп баратып, бактагы учу көктү тиреген жоон даракты тамыры менен кошо жулуп алып, желкесине көтөрүп алды. Дарактын башында чымчыктардын уялары көп болгондуктан, алар жарыша сайрап жатты:

– Чик-чирик...

– Чик-чирик...

Дөө Катындын белиндеги темир куру чымчыктардын үнүнөн титиреп, катуу жаңырды:

– Дзин-дзин, коңгуроо!

– Дзин-дзин, шыңгыра!

Кәл-Оглан чарчап, артын караса, Дөө Катын аны кууп жеткени калыптыр. Ал жол боюнда отурган кур баканы көрүп, ага жалбарды:

– Бакажан эже, бакажан эже, мени Дөө Катын көрбөгөгөндөй кылып жашырчы! Болбосо ал мени жеп коёт.

Кур бака Кәл-Огланды сазга жашырып, өзү суу үстүнө чыгып, сопоюп отуруп калды. Бирок буркан-шаркан түшүп келаткан Дөө Катынды көрүп, жаны чыкчудай коркуп, Кәл-Огланга жалынды:

– Кәл-Оглан, бул жерден кеткин, тез кет. Кетпесең, Дөө Катын сага кошо мени да жутат. Башымы азапка салбай, кач, качып жөнө!

Кәл-Огланда качкандан башка айла калбады. Ал буту-колу жерге тийбей чуркап баратып, жолдо жылып бараткан ташбакага туш келди.

– Ташбака, айнанайын, эжеке, – деди Кәл-Оглан ташбакага жалдырап. – Көкө теңир үчүн, мени бир жайга жашырчы! Сенин колуңан келет да!?

Ташбака Кәл-Огланды жонундагы калканынын астына жашырып койду. Жашырганы го жашырды, бирок Дөө Катынды көргөндө, ал да коркуп кетти.

– Кет, Кәл-Оглан, буерден тез кеткин! Болбосо, Дөө Катын сага кошо мени да жалмайт. Мени азапка салба, башка жакка кач...

Кәл-Оглан ташбаканын калканынын астынан чыгып, чымын-куюн жүгүрүп жөнөдү. Ал жин тийгендей чуркап баратып, кирпи чеченге кабылды. Кирпи чечен жолдун ортосунда туруп алып, сокуга буудай салып, сокбилек менен ун кылып, жанчып жаткан экен. Сокбилек буудайга тийгенде, таш данга өйкөлүп:

– Түк-түк-түкүлүк...

– Түк-түк-түкүлүк... – деп ырдап жатты.

Кәл-Оглан кирпи чеченге жалбарып суранды:

– Айланайын, кирпи, мени Дөө Катын көрбөгөндөй кылып, жашырчы. Болбосо Дөө Катын мени жалмап коёт. Жашырган сенин колуңдан келет ко...

– Коркпогун, сени жашырчу жерим бар, – деди кирпи. Ал Кәл-Огланды сокунун астына жашырды. Сокбилек буудайга тийгенде, кайра жагымдуу ыргак угулду:

– Түк-түк-түкүлүк...

– Түк-түк-түкүлүк...

А-бу дегенче Дөө Катын да жетип келди. Ал жерди жана асманды титиреткен добушу менен, кирпи чеченге кыйкырды:

– Кәл-Огланды мага бергин! Мен билем, сен аны катып койгонсуң!

Кирпи чечен Кәл-Оглан тууралуу биринчи жолу угуп жаткандай түр көрсөтүп, сокбилек менен сокудагы данды соккулап жанча берди:

– Түк-түк-түкүлүк...

– Түк-түк-түкүлүк...

Дөө Катын артына көтөрүп алган дарактын башындагы чымчыктар да жабыла сайрап киришти:

– Чик-чирик...

– Чик-чирик...

Дөө Катын бурулганда, анын белиндеги темир куру кычырап, үн чыгарды:

– Дзин-дзин, коңгуроо!

– Дзин-дзин, шыңгыра!

Дөө Катын кирпи чечен тил укпасын түшүндү да, аны колуна алып, жутуп ийди. Кирпи Дөө Катындын курсагында тынч отуруп калмак беле? Денесиндеги ийнелери менен Дөө Катындын курсагын жарып, сыртка чыкты да, сокбилеги менен данды кайра жанча баштады:

– Түк-түк-түкүлүк...

– Түк-түк-түкүлүк...

Дөө Катын кирпи чеченди кармап алып, кайра жутуп алды; кирпи кайра сыртка чыгып, жолдун ортосуна отуруп, эч нерсе болбогондой түр менен сокудагы буудайды жанчканын улантты:

– Түк-түк-түкүлүк...

– Түк-түк-түкүлүк...

Дөө Катын кирпини үчүнчү жолу жутуп ийди. Бул ирет кирпи дөөнүн жүрөгүнө жетип, ага ийнелерин сайып, Дөө Катынды өлтүрдү. Өзү сыртка чыгып, жолдун ортосуна отуруп алып, сокусун соккулаганга киришти.

Кәл-Оглан жашырынган жабытынан чыгып, Дөө Катындын эки кулагын кесип, чөнтөгүнө салды. Кирпи чеченге алкышын айтып, үйүнө жөнөдү. Кыштагына жетип, обол кофеканага барды. Жаштар мурдагыдай эле баатырлык жөнүндө сүйлөшүп отурушуптур. Кимдир бирөө ашыкча мактана баштаса, жан жабыла тиги немеге:

– Сен өзүңө ушундай катуу ишенсең, токтобой жөнө! Дөө Катынды таап, аны тезге[4] салып кел, – деп айтышат адаттарынча.

Кәл-Оглан бул сөздөрдү бир укту, эки укту, анан чөнтөгүнөн Дөө Катындын эки кулагын алып чыгып:

– Силер бул жерде отуруп, өзүңөрдү өзүңөр мактоодосуңар. Сөз менен ишти бүтүргөнгө көмөктөшө албайсыңар. Мына мен Дөө Катынды таап, аны тынчыттым, а бул – анын эки кулагы.

Кофеканада отургандардын баары Кәл-Огланды «Азамат!» деп алкашты, далыга чаап макташты жана мындан ары мактанбайыз деп убада беришти.

Кәл-Оглан үйүнө жөнөдү. Убайым тартып отурган апасы уулунунун аман-эсен келгенине сүйүндү. Уулун кучактап, ыйлап жиберди. Кәл-Оглан: «Дөө Катынды өлтүрүүдө кирпи чечен мага караганда көп эмгек жасады, а мен кофеканада Дөө Катынды өзүм өлтөрдүм деп мактандым. Эгер азыр кофеканага барып, адамдарга бар чындыкты айтсам – ошонум чыныгы эрдик болот», – деп ойлоду.

Ал ойлогонундай кылды. Кофеканада отургандын баары Кәл-Огландын чынчылдыгына ыраазы болуп, ага өздөрү сатып алган белек-бечектерди беришти. Кәл-Оглан үйгө келгенде апасы бир мертебе ыйлап алып, чоң той өткөрдү.

Орус тилинен Амирбек Азам уулу которду

[1] Кәл – таз.

[2] Сүт кардеш – эмчектеш бала тезге салуу – эпке, ыкка келтирүү, тартипке салуу.

[3] Карныярык – карыны жарык дегенди билдирет. Баклажан, эт, помидор, пияз, калемпир жана пияз – баары майда кесилип, духовкада бышырылган тамакты түрк туугандар «карныярык» дешет.

[4] Журт – мазар,
Журттан чыккан азар.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз