Анна Кирьянова: Черчилл менен Клементина

  • 06.08.2025
  • 901

Клементина короодо иштеген көчө шыпыргычты күйөөсүнө мактаса, Черчилл айтат:

– Жаш кезиңде ушуга эле тийип алсаң болмок экен.

– Тийсе тийип алмакмын... Анын эмнеси бар экен? – дейт аялы.

– Анда сен да жүрмөксүң короо шыпырып, – дептир күйөөсү жылмайып.

– Жок, башкача болмок. Мен аны премьер-министр кылмакмын! – дейт аялы.

Черчиллдин өмүр баянынан

Черчилл жубайы Клементина менен 57 жыл жашаптыр. Ал аялын абдан сүйгөн. Кыялы чатак болгондуктан ага чыдап жашоо оңойго турган жок. Уктап жатса да оромо чылымын оозунан түшүрбөй, пижамасы менен шейшептерин далай күйгүзөт. Ал аз келгенсип, ичкиликти да жакшы көрчү. Тагырагы, коньякты өкүртө ичер эле. Анын жумушунда да өйдө-ылдыйлар көп болуп, далай ирет чалынды, жыгылды, бутуна турду...

Аны менен бир бүтүмгө келүү оңой эмес эле, эч кимди укпаган, айтканын бербеген кежирлигинен – кээде айланасына көңүл бурбай, кулагын жапырып өз билгенин кылчу экен. Ал өзүн гана укчу. Анын өңү-башы серт болгону аз келгенсип, өмүрү спорт менен машыкпаптыр. Ал өз аялын чексиз сүйөрүн жана ансыз жашай албасын билчү. Бирок кээде аны да таптакыр укпай, же укмаксан болуп койчу.

Ошентсе да Клементина эрине эч качан кыйкырып албууттанган эмес. Ал маектешүүнүн башкача жолун тапкан: күйөөсүнө кадимкидей кат жазган. Ооба, почта аркылуу кагаз каттарды жөнөткөн. Анда ал өз сүйүүсүн билдирип, эринин ишине талдоо жүргүзгөн, кемчиликтерин айткан, аларды тууралап оңдоого көндүргөн. Анан каттын этегине жүрөкчөнүн сүрөтүн тартып коёр эле. Таңгалыштуусу – Черчилл кунт коюп окуп, көрсөтүлгөн кемчиликтерин оңдоого аракеттенчү. Атүгүл кээ бир маалыматтар аны абдан шыктандырчу. Ошол себептен, турмушунда аялы менен чатакташуу, урушуп-талашуу деген болбоптур. Атүгүл өмүрү өткүчө бир да жолу бири бирине үндөрүн бийик чыгарбаптыр.

Эри бойдок кезинде кыз-келиндерге өтө жакын болуптур, бирок баш кошкондон кийин бир да бөтөн аялга жологон эмес, ала жипти эч аттабаптыр. Ишенсеңер, ал аялын 57 жыл сүйгөн экен!

Черчилл 91 жашында каза болуп, Клементина жалгыз калат. Жашоонун кызыгы жоголду, ал сүйүктүү күйөөсүнүн артынан кеткиси келе баштаганын сөз кылып жүрдү. Өмүргө болгон кызыгуу өчтү, жашоодо карманар нерсеси калган жок.

Кайсы бир күнү ал күйөөсүнүн кол жазмаларын иргеп отурду. Кокустан бир кагазга көзү түштү да, катты жеке өзүнө арналып жазылгандай кабыл алды. Черчилл аялынын кусалыгын, сагынычын жана жоготуу кайгысын соороткондой жазыптыр. Күйөөсү тиги дүйнөдөн болсо да аны колдоп, жашоого дем берди. Клементина анын сөздөрүн жаңыдан окуп отургандай кабыл алды. Анын жан дүйнөсүн азапка салган “Эми кандай кылам, ким үчүн жашайм?” деген суроолорго жооптор жазылыптыр. Ал каттагы ариптердин арасынан сүйүктүү күйөөсүнүн үнүн укту: “Эч качан багынба, эч качан, эч качан, эч качан, чоң-кичинеби, азбы-көппү – алар ар-намыс менен акыл-эске карама-каршы келбеген соң эч качан багынба. Эч качан кара күчкө жеңилбе, каршылашың ачыктан-ачык күчтүү болсо да эч качан багынба!”

Ошентип Клементина күчтөндү, кубат алды.

Черчиллдин бардык кагаздарын айлап-жылдап баш көтөрбөй иретке келтирди. Анын бүт мурастарын китеп кылып жарыкка чыгарды. Андан соң иштин баарын бүтүргөндөн кийин гана, күйөөсүнүн артынан акырын кете берди. Ал сүйгөн адамына жөнөдү. Аялын аяп, кеңеш берип, кыйынчылыкта мүңкүрөтпөй... белин бекем бууганга үндөгөн адамына. Тиги дүйнөдө жүрсө да колдоп турган эң кымбат адамына.

Орусчадан которгон Аваз ЖОКЕЙ

Бишкек. Июнь-Август, 2025.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз