Жеңишгүл Турсунбаева: Каталыктын азабы

  • 07.08.2025
  • 986

(Каармандын оозунан баяндалган)

Өмүр — адамды түркүн жолго буруп, ар кандай багытка салып кеткен тагдыр агымы тура. Ушул жашоо жолунда басып баратып, жан оорусу менен жүрөк жарасын кошо көтөрүп өтүү — бул чынында эле азаптын эң оор түрү экен.

Азыркы учурда фейсбук, инстаграм, ютуб сыяктуу социалдык тармактардан “Жездем менен байланышта болдум”, “Атам мени нечен жыл зордуктап келген”, “Агам менен жакын мамиледе болдум” деген өңдүү жан түпкүрүн селт эттирген окуяларды окуганда, төбө чачым тик туруп, денем чымырап кетет.

«Ушуга чейин жеттикпи? Биздин кыргыз менен казак балдары ушул абалга кабылдыбы? Бул коркунучтуу көрүнүш кайдан чыкты? Эмне болуп баратабыз?» деген ойлор жан дүйнөмдө тынчы албайт, акыры өз үй-бүлөмдө болгон бир оор окуя эсиме түшүп, жүрөгүм канталайт...

Айтайынбы, айтпайынбы деп миң ойлонуп, жүз толгонуп отуруп, акыры ошол азаптуу катачылыкты эл алдында ачык айтууну чечтим.

Биз көп балалуу, карапайым жашоо сүргөн, элдин алды да, арты да эмес — жон териси менен жашоо кечирген үй-бүлө элек. Атам — айылда кадыр-барктуу кызматкер, апам болсо жумушка чыкпаган, үй түйшүгүн көтөрүп, балдарын багып, тарбиялаган үлгүлүү эне, сүйүктүү жар болчу.

Кезинде, эл кыйналган катаал жылдардан кийин атамдын жалгыз иниси калды. Ал киши атамдын агасынын баласы, башкача айтканда, эки бир тууганбыз. Бирок экөөнүн ортосундагы мамиле өтө жакын эле. “Каныбыз бир, аталарыбыз бир тууган” деп бири-бирине тирек болуп, көңүлдөрүн оорутпай, дайыма сыйлашып, бир туугандардай мамиле кылышчу. Кайгы менен кубанычты тең бөлүшүп, араларын ажыратпай, бир айылда, бир эле көчөдө катар жанаша турушчу.

Биз аны “аба” дечүбүз. Абам да көп балалуу, уул-кызы аралаш чоң үй-бүлө. Балдары менен биз эгиз козудай аралашып, чогуу ойноп, чогуу өстүк.

Менден улуу төрт эжем бар. Эки эжем турмушка чыгып, балалуу болуп калышкан. Үчүнчү эжем шаарда жогорку окууда окучу, төртүнчүсү окуусун бүтүп, айылда эсепчи болуп иштеп жаткан. Ал эжем атам менен бир кеңседе, бир жетекчиликте иштечү. Узун бойлуу, сымбаттуу, жүзү жарык, татынакай кыз болчу. Атам да аны көз жаздымда калтырбай, дайыма көз алдында кармачу.

Апам болсо бизди катуу кармап, улуу кыздарына дайыма акыл айтып турчу: “Кыз — назик, андыктан ар кандай жаман нерседен сак болгула”, — деп, тарбиясы бекем болчу. Кыздар үйгө келсе, ишке салып, жумуш жасатчу. Киного, дискотекага кетип, көчө кезип жүрүүгө эч жол берчү эмес. Туулган күн сыяктуу чакырууларга зорго уруксат алып, белгиленген убакытта сөзсүз үйгө кайтышчу.

Атам да бизди аябай жумушка салып, “Эмгек — өмүр азыгы, иштеп өлгөн киши барбы?” — деп, ар бирибизге иш бөлүп берип, ошол иштердин так аткарылышын өзү көзөмөлдөчү. Ата-энебиздин ошондой тарбиясынан кийин, чоңойгондо аларга ыраазы болуп, ошол эмгекчилдик бизге өмүр азыгы болгонун түшүндүк.

Ошентип, эл катарында жашап, тиричилигибизди кылып, тынч жашап жүргөн күндөрдүн биринде, үй-бүлөбүздө тозоктой окуя башталды...

Мен бала болгондуктан, эжемдин жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын так түшүнбөсөм да, жанын кыйнаган абалын жүрөгүм менен сездим. Адамдар кандай гана таш боор, ырайымсыз?! Кичинекей бөбөгүмдү кол арабага салып алып, дүкөнгө же мектепке алып барсам, кээ бир кыңыр аялдар мени токтотуп:

— Келчи бери, балакайды бир карап коёюн,— деп шыбырашып, сындырып-кыйрап сүйлөшчү.

Мындай мамиленин жакшы эместигин сезип, инимди алардан коргоп, көзүнө көрсөтпөй, ичимден кыжырданып калчумун. Таптаза, периштедей бөбөктө эмне күнөө?

Мен мүнөзүм тике, тайманбаган кыз элем. Эркек баладай өстүм. Ошол мүнөзүм менен инимди дайыма коргоп жүрдүм. Ушундай ушак-сөздөр ата-энемдин да кулагына жетип, алар мага:

— Баланы көчөгө чыгарба! — деп урушушчу.

Бирок ансыз да тамагы жаңы чыгып келаткан баланы үйдө кармоо мүмкүн эмес эле. Алып чыкпасак, коңшу аялдар өздөрү үйгө келип:

— Бул бала кимге окшош? Мына, тигиге окшош өңдөнөт. Жок, тигилге келишет окшойт…

— Кызың атасы ким экенин айттыбы өзү?

— Кудай ай, бул бала тигинин эгизи окшойт! — деп апамдын жарасына туз себишчү.

Мындай күндөр апам үчүн да, биздин үй-бүлө үчүн да оор сыноо болду. Ошондой күндөрдүн аркасынан апам кайра урунуп калчу. Атам да апамды улам-улам:

— Бала кимден? Айтчы, кызыңа… — деп жалдырап сурайт.

Апам ооз аччу эмес. Эжемди сабап да көрүштү, жалдырап да көрүштү, ал болсо унчукпай, сырын ичине каткан боюнча жашын гана төгүп жүрдү. Кичинекей бөбөгүмдү коңшулар өз балдары менен ойнотпой, бөлүп кароого өтүштү. Бала ал бөлүнүүнү түшүнбөй, көп ыйлачу, эжем аны кучактап алып кошо ыйлачу.

Күн артынан күн өтүп, жазыксыз наристе адамдардын эки жүздүүлүгүнөн азап чегип жатты. Атамдын кадыр-баркынын айынан коңшулардын бири аз сындап калды, бирок шыпшына сүйлөгөн ушакчы аялдар тынчыбады. Эжемдин ички жарасың ошолор дайым кайра кырып, тилип кетишчү. Апам андайда өчүн эжемден чыгарчу.

Жылдар өттү. Мен бой жеттим, жогорку класстарда окуй баштадым. Эжемдин уулу да мектепке барар жашка жетти. Эжем баласына кийим-кечек, сумкасын даярдап койсо да, жүрөгүн тынчытпаган суроо — мектепте баласы эмне болот, балдар ага эмне дешет. Улам уулунун чачынан сылап, түнү бою көз ирмебей ойлончу. Мен ойгонуп, көп жолу эжемди сооротчумун:

— Кабатыр болбо, биз барбыз. Эч ким бөбөгүбүздү ыйлатпайт, — деп аны кучактап ынантчуумун.

Менин өз бир туугандарым да аны жакшы көрүшчү, колунан келишинче коргошчу.

Жайдын ысык күнү. Биз чөп чаап жатканбыз. Иним, сиңдим менен бир топ ишти бүтүрүп үйгө келсем, эжемди кайрадан апам сабап жатыптыр. Мурункудай эле коңшунун бир аялынан угуптур: “Жээни кимге окшош” дегенди. Апам жинденип, дагы сурады:

— Айт, баланын атасы ким?! Эми айтпайсыңбы?! — деп сабап жатыптыр.

Мен баягы өзүмдүн тайманбас мүнөзүм менен ортого түштүм:

— Эмнеге сабай бересиң? Эмне, ушул жылдар ичинде айтпаган адам эми айтмак беле?! — десем, апам бу жолу мага тийди.

Эжем сыртка качып кетти. Ал күнү мен биринчи жолу катуу токмок жедим. Кимге ачуумду чыгарарымды билбей, кашаанын артына бардым. Эжем ал жерде баласын кучактап, жалынып ыйлап отуруптур.

— Эмнеге айтпайсың? Эмнеге ушунча азапты көтөрүп жүрөсүң? Ким ал? Эмнеге ошол да жигитче болуп, жасаган ишине жооп бербейт?! — деп мен ыйлап, аны калчылдатып, ачуумду чыгарып, чөп чабыкты көздөй жөнөп кеттим.

Жолдон артыма бир кайрылып карасам, эжем бурчта отуруп алып, тизесин кучактап ыйлап жаткан экен. Инибиз үй жакка чуркап баратты. Таң калтырганы — эжем мен тарапты башкача көз караш менен тиктеп турду. Ал караш — менин жүрөгүмдө түбөлүккө калды. Ал көз карашта мээрим менен кусалык, кечиримсиздик менен үмүт аралашып тургандай болду. Көз менен гана айтылган эң оор коштошуу сыяктуу сезилди.

Апам ордунан туруп, узун бойлуу келбетин түздөп турду. Бүт көрүнүш анын сулуулугун дагы да ачык көрсөтүп турду. Аркасында өрүлүп түшкөн узун чачы, бүтүндөй келбети башкача жарык берчүдөй. “Мейли, ишке киришет ко, биринчи жолу токмок жеген жок эле” деп, мен артка кылчайбай кетип калдым. Эжеме да, ал жексурга да ичимен жиним келип, алыстай бердим, алыстай бердим…

Бираз убакыт өттү. Ачуум тарай элек. Бир маалда алыстан сиңдим чуркап келатканын көрдүм. Жанында ат да жок, өзү эле келатат. Ачуум кайра келди.

— Не, атты бошотуп жибердиңби?! — деп кыйкырдым. “Аттын жибин чече албай жатып калдыңбы?” деген ой келди. Бирок жакындаганда анын көздөрүнөн коркунучтуу, үрөй учурган көрүнүштү сездим. Сиңдим мени кучактап, сүйлөй албай, өңгүрөп ыйлап жиберди.

— Эмне болду? Эмне?! — десем, ал денеси калчылдап:

— Э... Эж-же… — деп араң айтты.

— Тез айт! Эжеме эмне болду?! — деп мен үй жакка жүгүрдүм.

Кашаанын артынан кирсем, короодо адамдар чогулуп калыптыр. Атам, коңшулар, дагы башкалар… Энемдин кыйкырып ыйлаган үнү угулду. Жүрөгүм зырт этти.

Көпчүлүктү жарып өтүп, короонун ортосуна жеткенимде, эжемди көрдүм. Узун денеси суналып жерде жатты. Ал улам-улам алыстап кеткендей, жарык дүйнөдөн таптакыр узап кеткендей…

Эжем кашаанын артындагы даракка асыныптыр. Апам мени менен кошо кетти го деп ойлоптур. Иним менен сиңдимди ээрчитип, эми арабага салып чөп чабыкка жөнөмөк экен. Коңшулар араң таап, чуркап барып көрүшсө, эжемдин жаны үзгөлгөнүнө көп болуптур…

Атамды жумуштан чакыртып келишса, апам өзүн күнөөлөп, башын ургулап ыйлап отурат. Атам болсо көзүнөн бир тамчы жаш да чыгарбастан мелтиреп отуруп калды. Эжемдин жаназасынын эртеси ал кайрадан бейтарап болуп, көрүстөнгө да барган жок, топурак салган да жок. Биз канча ыйласак да, эжем кайрылып келген жок…

Ошол учурда мен эжеме ачууланып сүйлөгөнүм үчүн жүрөгүм кыпчылып өкүндүм. Балким, менин сөзүм ошол акыркы чек болгон чыгар…

Эжем өз азабынан кутулууну каалады го, бирок эч кимге кат да жазбай, уулун эч кимге аманат кылбай, жөн эле кетип калды… Көрсө, эжем мурда да уулун ээрчитип көп жолу кыр четине барып турган экен, нечен жолу кабаттан уулун түртөйүн деп бирок кыя албай... Аны менен кошо кетүүнү ойлогон го, бирок бөбөгүн өлтүрүүгө колу барбаган го. Айылдагылар көрүп калып токтотушканын, кайра үйгө жетелешип келгенин кийин айтып калышты. Ошондо эле көз караштарынан, кыймылдарынан жашоодон баш тартууга даяр болуп калганын байкашыптыр. Бирок ата-энеме айта алышпаптыр.

Эжемдин бул кадамга мурдатан эле даярданып жүргөнүн биз кийин билдик…

Түн кирсе, мен:

– Эже, сенин азабыңды бөлүп ала алсамчы. Ошол адам ким эле? Эмнеге ал сени ушунча азапка салды? Ал сенин кыйналып жатканыңды көргөн жокпу? Эгер туугандардан болсо, эмнеге мындайга барды? Эгер сырттан келсе, ал да акмак экен го… Ал эркек эмес айбан беле? Эже, ошол жинди ким? Сен ушунча жашырып кеткен адам ким?” — деп ыйлай берчүмүн…

Эжем кетти… Жан дүйнөсүн ачпай, уулунун атасын айтпай, оор сыры менен кошо кетти.

Аартында калган уулун биз баарыбыз биргелешип багып өстүрдүк. Апам өз колу менен жонуна көтөрүп багып алды. Өз азабы өзүнө, көз жашы өзүнө…

Жалпы үй-бүлөбүз үчүн бул унутулгус жара болду.

Эжем кетти… Бирок анын кылган катасы ошол жерде токтоп калган жок.

Ката азабы эми башталарын биз билген жокпуз… Жээним чоңойгон сайын атамдын инисине ого бетер окшошо баштады. Көз алдыбызда кадимки эле атамдын агасынын уулунун көчүрмөсү. Мугалимдер да аны кээде абабыздын баласы менен жаңылыштырып алышарын айтчу. Апам күлүп:

— Кан деген оңой эмес, аталары бир тууган болсо, окшойт да, — дечү.

Абабыз биздин үйдөн алыс эмес жерде жашачу, эртең менен бирге ойгонуп, кечинде кошо түн кирчүбүз. Ошондо да анын аялы жеңем чоңоюп, атасынын элесин окшоп калганда:

— Абысыным, ушу маркум Аккыз боюна бүткөндө менин чалымды көп карап койгон го? Илгери боюнда бар аял кимди көп караса, бала ошого окшошуп калат деген кеп бар, — деп шылдыңдачу.

Апам болсо:

— Өзүбүздүн эле жээнибиз, жат эмес, — деп сөздү жыйынтыктачу.

Жээн иним мектепти бүтүп, студент болуп жүргөндө:

— Эже, мени көпчүлүк Абаңа аябай окшошсуң деп, ошол кишинин баласысыңбы деп сурап жатышат, — деп кейип айтчу.

Кээде ушундай салыштыруулар ага оор тийчү.

Ошондо апам байкем менен эжелеримден сурачу:

— Чын эле айтып койгулачы, ошол абаңар биз жокто силерге тийишчү беле? Же кандайдыр бир жаман мамиле кылды беле?

Алар болсо дароо:

— Жок, апа, ал киши бизге өз кызы катары мамиле кылган, эч кандай жаман аракет кылган эмес, — деп жооп беришчү.

Бирок апам:

— Ай, ушу баланын улам ошол кишиге окшоп чоңоюп жатканы мени шек санатат, — деп оор үшкүрүнүп калчу.

Кээде апам мага:

— Кызым, сен эжеңе жакын элең да. Сен байкадыңбы, абаң эжеңе көз артып карачу беле? Же эжең абаңа ашыкча жакындачу беле? — деп сурачу.

— Апа, мен кичинекей элем да, эч нерсе байкаган эмесмин, — деп гана жооп берип кутулчумун.

Абабыз да эч нерсени билдирбей, башын тик көтөрүп, атама карап, эркин жүрчү. Атам кызын ойлоп ичинен сызса да, сыртынан эч нерсе байкаткан эмес. Жээн инибиздин абабызга барган сайын окшошуп баратышы айыл ичинде да сөз болуп, кийин кайра басылган.

Жээнибиз окуусун бүтүп, шаарда калып, иштеп, үй алып, үйлөндү. Анын бизге жээн экенин өзү жакшы билчү. Бирок биз ага болгон чындыкты эч качан толук айткан эмеспиз. Апасы каза болуп калганда, “атаң апаңды таштап кеткен, ошого чыдабай апаң ооруп көз жумган” деген жомокту кулагына сиңирип койгонбуз.

Жээним апасынын мүрзөсүнө барып куран окуп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин жаңы азап башталды. Биринчи кыздуу болушту, бирок ал кыздын акыл-эси өнүкпөй, буту-колу туура эмес өсүп калды. Дарылардан үмүт кылып, көп жыл ооруканада кезек күтүштү. Он жылдан кийин уулдуу болушту, бирок ал бала да оорулуу болуп жарык дүйнө менен эрте кош айтышты. Экологияны күнөөлөп жүрүп, кайра кыздуу болушту. Ал кыздын денеси соо болгону менен акылы кем болду. Улуу кыз жүрө албай, кичүүсү чуркап жүрөт, бирок эс тутуму жок.

Ошондо жубайлар себебин тактоого киришишти. Тактап келгенде, коркунучтуу чындык ачылды — жээнибиз ата-энесинин каны бир туугандардыкындай окшош болгон. Медициналык жактан мындай учурда төрөлгөн бала же оорукчан болот, же өлөт, же андан төрөлгөн балдар кем төрөлөт. Жээним өзү соо болсо да, анын каны бузулган, генетикалык деңгээлде деп бүтүм чыгарышкан догдурлар.

Мына ушул — чыныгы катачылыктын азабы…

Көрсө, чындап эле абабыз эжеме кол салып зордогон турбайбы... Бул нерсе ачыкка чыкканына карабай, абабыз буга чейин эле бул дүйнө менен кош айтышкан. Демек, ал киши кантип эле өз агасынын кызынын ар-намысына кол салууга жарады? Эжем эмне үчүн ооз ачпай кеткенин эми түшүндүк. Ал атамды аяп, инисин өлтүрүп албасын деп үн катпай көз жумган экен. Байкуш эжем! Эртерек айтсаң, ал жээнибиз бул дүйнөгө келмек эмес го! Келсе да, бул жашоосу кыйноо болорун билсең болмок.

Эми ошол байкуш бала өз тагдырын гана эмес, эки майып кызы менен бирге жапа тартып жүрөт. Мындай тагдыр — чыныгы азап. Аба, эже силер кантип ушул жолго бардыңар?.. Же бул кокусунан кеткен бир каталык беле? Мен түшүнө албайм. Эл ичинде айтылган: “Күнөө кылсаң — өзүң тартпайсың, жети урпагың кошо тартат” деген кеп чын турбайбы. Абам менен эжемдин катачылыгынын азабын азыр балдары тартып жатышат…

Бул ачык айтылчу нерсе эмес эле. Бирок мен бүгүн элүүгө келип, акыл калчап, сабыр менен бул чындыкты жазып отурам. Каталыкка жол бербейли, туугандар! Эжем менен абамдын ошол бир гана катачылыгынан улам канча жылдан бери үй-бүлөбүз кыйналып келебиз. Биз, калган кыздар, ошол маскараны эстебей, унуткубуз келет, бирок көз алдыбызда жээнибиз жүргөн соң бул мүмкүн болбой калды. Атам кечире албай, “ал арсыз ким?” деп жүрөгү ооруп көз жумду. Апам өзүн күнөөлөп, акыркы демине чейин азап тартты. Жээним — эжемдин жалгыз уулу эми майып эки кызы менен азапта жашап жатат...

Бул абдан оор жүк.

Казакчадан которгон Жанаргүл Жолдошова

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз