
- Адамдар эки топко бөлүнөт: Биринчиси менен жашоо – оңой, алар жок болсо да жашоо оңой. Экинчиси менен жашоо абдан татаал, бирок аларсыз жашоо мүмкүн эмес.
- Жазуу – өтө жөнөкөй нерсе: Машинкенин алдына отурасың да жазууну баштап, кансырай бермей.
- Жашоодо акылдуу, бактылуу адамдарды өтө аз жолуктурдум.
- Эч качан үндөбөс адам менен саякатка аралашпа.
- Көпчүлүк адам бири-биринин чындыгын эч качан укпайт.
- Адамдар жашы өткөн сайын акылдуу болбойт, тек гана этият боло баштайт.
- Өз билими же окумуштуулугу менен мактанган адамда, чын-чынында экөөсү тең жок.
- Башка жерге көчүп тынсаң да, өзүңдөн качып кутула албайсың.
- Эгер жөн гана ыракат үчүн бир нерсе кылууну токтотсоң, анда сен жашоону токтоттуң деп эсепте.
- Дүйнөдө койнуна кирчү аялдар көп, бирок сүйлөшөр аялдар аз.
- Эгер кандайдыр бир ойдон арылгың келсе, аны кагазга түшүр.
- Адамга ишене аласыңбы, жокпу, аны билүүнүн эң жакшы жолу – ишеним.
- Ар кандай коркоктук сүйүүнүн жоктугунан келип чыгат.
- Бардык сезимтал адамдар абдан катаал болушат.
- Чыныгы эр жүрөк адамдарга эрөөлдүн кереги жок, бирок көптөгөн коркоктор өздөрүнүн эр жүрөктүүлүгүн далилдеш үчүн эрөөлгө тынымсыз чыгат.
- Эгер бир нерсе сага зыян келтирсе, анда ал сага баары бир эмес.
- Баарыбыз жаракат алганбыз. Жана дал ушул жаракат алган жерлерде биз көбүнчө эң күчтүүбүз.
- Согуш, канчалык зарыл жана адилеттүү болбосун, ар дайым кылмыш бойдон калат.
- Илгери мекен үчүн өлүмдүн кандай таттуу жана ардактуу экени жөнүндө көп жазышчу. Бирок азыркы согуштарда таттуу же ардактуу эч нерсе жок. Эч кандай себепсиз ит өлгөндөй эле өлүп каласың.
- Дүйнөдөгү эң жийиркеничтүү сөз – пенсия.
- Достоевскийде ишенүүгө жана ишенбөөгө мүмкүн нерселер бар, бирок анын кээ бир чындыктарын окуганда өзүңдүн өзгөрүп жатканыңды сезесиң.
- Жер бетиндеги эң жакшы адамдар сулуулукту баалай билген, тобокелге салууга батынган жана чындыкты айтууга күчү жеткен адамдар. Жана дал ушул оң сапаттар аларды абдан аялуу кылат. Ошондуктан эң жакшы адамдар көп учурда ичинен талкаланышат.
- Ийгиликтин сыры жөнөкөй: эч качан көңүл чөктүрбө. Эч качан! Эч качан эл алдында көңүл чөктүрбө.
- Эгер эки адам бири-бирин сүйсө, анда ал бактылуу аякташы мүмкүн эмес.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.