
Мурда болуп көрбөгөндөй космостогу коркутуу тамашасы америкалык астронавт Оуэн Гэрриотко тиешелүү.
Бул окуя 1973-жылы америкалык “Скайлэб” космостук станциясынын бортунда болгон. Гэрриот мыкты астронавт гана эмес – ал эң мыкты тамашакөй адам эле. Анын кассеталуу магнитофону менен жасаган тамашасы космостук фольклорго кирүүгө абдан татыктуу.
Космоско учар алдында Гарриот магнитофонуна Хелендин үнүн жаздырып алат. Аялы күн мурдатан даярдалган сүйлөмдөрдү көркөм окуп берет. Бул атайын Mission Control компаниясынын диспетчери Роберт Криппен үчүн даярдалган жашыруун тамашанын бир бөлүгү эле.
Кадимки жумуш күнү Жер менен демейки радио байланышы башталат. Диспетчер: "Скайлэб, бул Хьюстон. Угуп жатасыңарбы?" деп сурайт. Гэрриот жооп бергендин ордуна радио тутаткычка магнитофонду кошуп, иштөө кнопкасын басат. Орбитадан: "Кутман күн, Хьюстон. Бул Скайлэб. Мени кандай угуп жатасыңар?" деген аялдын үнү жаңырат.
Жер үн катпайт, жымжырттык өкүм сүрөт.
“Салам, Хьюстон! Бул мен Скайлэб. Эмне, угулбай жатабы?” деп кайталайт аялдын үнү.
Бир оокумда диспетчердин абайлап сүйлөгөн үн угулат:
"... Жакшы эле угулууда. Бирок тааныбай турам. Бүл... ким?"
"Салам, Роберт. Бул, мен Хелен, Оуэндин аялы."
Дагы пауза. Криппен өзүн таптакыр жоготуп койду, жүрөгү түшкөнү ачык эле сезилип үнү калтырагансыйт:
"...Сен... сен ал жерде эмне кылып жүрөсүң?!"
“Ой, мен жөн эле, жигиттер сагынды го деп үйдүн тамагын алып келдим. Баары жакшы, даамдуу, өзүм жасадым...”
Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Жерде иштегендердин баары чогулса керек, жүрөктү түшүргөн жалпы башаламандык, дүрбөлөң башталды. Бир мүнөткө созулган коркунучтуу жымжырттык бир сааттай сезилди, Mission Control үн-сөзү жок катып калды.
Анан... радио байланышы таптакыр үзүлдү. Кыязы, диспетчер Роберт Криппендин нерви чыдабай кетти окшойт...
...Ошентип ошондогу окуя бүгүнкүгө чейин космос тарыхындагы эң белгилүү тамашалардын бири болуп калды.
Интернеттен алып которгон Аваз Жокей
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.