Карл Густав Юнг: Жан дүйнөгө акыл эмес, эркиндик керек

  • 19.08.2025
  • 65

Биздин психикалык түзүлүш Ааламдын түзүлүшүн кайталайт.

Аналитикалык психологиянын негиздөөчүсү, белгилүү психиатр Карл Густав Юнг (1875—1961) өз практикасында нерв ооруларынан баштап, адамдын коомдогу орду жана өзүн-өзү сезүү маселелерине чейин илимий суроолордун кеңири чөйрөсү менен алектенген. Акыркыларды окумуштуу өзүнүн жеке жана жамааттык психика концепциясынын призмасынан караган. Изилдөөчү "нормалдуу" деген түшүнүктүн шарттуулугун далилдөөгө аракет кылып, адам белгилүү бир сапаттардын топтому менен төрөлөт, ал эми коом инсандын потенциалын ачууга жардам берет же бул процеске тоскоол болот деп эсептеген.

Юнгдун эмгектери, албетте, психологиянын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген жана илимден алыс окурмандарга гана эмес, адистерге да кызыктуу болушу мүмкүн.

Анын китептеринен 20 цитата тандап алдык:

Өзүнүн ички дүйнөсүндөгү жалындуу каалоолордун отунан өтпөгөн адам, аларды эч качан жеңе албайт. Алар, ал билбесе да, жаныбызда, кошуна үйдө жашынып тургандай. Каалаган учурда ал жалын күчөп, өзүнүкү деп эсептеген үйүн өрттөп жибериши мүмкүн. Биз качып, четтеп, унутуп калдык деп ойлогон нерсебиз, чындыгында бизден анча алыс эмес жерде, эки эсе күч менен кайтып келүүгө даяр турат. – «Эскерүүлөр, түштөр, ойлор»

Бирөөлөрдү туурап жашаган курусун! Анткени аларда өз жашоосу жок. Эгер сиз башкалардын үлгүлөрү менен жашасаңыз, анда ошол үлгүлөрдүн жашоосун жашайсыз. Бирок өз жашооңузду сизден башка ким жашайт? Ошондуктан, өз жашооңуз менен жашаңыз. – «Кызыл китеп»

Адамдар өсүмдүктөргө окшош: кээси жарыкта, кээси көлөкөдө өсөт. Бирок көпчүлүк үчүн көлөкө жарыктан да көбүрөк керек. – «Кызыл китеп»

Көпчүлүк адам өздөрүн психология боюнча абдан билимдүү эсептейт. Себеби, алар үчүн психология – бул өздөрү жөнүндө билген нерселеринин жыйындысы гана. – «Архетип жана символ»

Эгер тамыры тозокко чейин жетпесе, эч бир дарак бейишке чейин өсө албайт. Маятниктин кыймылынын кош маанилүүлүгү табиятында камтылган. – «Эон»

Балдарды чоң адамдын сөздөрү эмес, иш-аракеттери тарбиялайт. Сөзгө ашыкча ишенүү – бул акыл-эстин чыныгы оорусу, анткени ал бизди адамдык негиздерибизден алыстатып, ар кандай модалуу ураандардын алдында инсанды катастрофалык иденттүүлүккө алып келет.

Биздин психикалык түзүлүш Ааламдын түзүлүшүн жана мейкиндикте болуп жаткан нерселердин баарын кайталайт, адамдын жан дүйнөсүнүн чексиз, кичинекей жана кайталангыс мейкиндигинде кайталанат. (Эскерүүлөр, кыялдар, ой жүгүртүүлөр)

Башканын катасын издегенден көрө, өз катаңды билип, аны оңдоого аракет кылган алда канча пайдалуу. Себеби, өз катаңды оңдоого мүмкүнчүлүк бар. Башкалардын каталарында болсо, оңдоого мүмкүнчүлүк болгону менен, анын канчалык пайдалуу экени күмөндүү. (Аэон)

Ар бир адам коомдо жашап, анын колдоосун сезгенде, жеке жоопкерчиликтен бир аз бошонуп, өз алдынча аракеттенгенге караганда бошоң тартат. (Эго менен аң-сезимсиздиктин мамилеси)

"Дени-карды соо адам" – бул калыптанып калган деңгээлден төмөн жашагандар үчүн эң сонун үлгү болор максат. (Биздин замандын жан дүйнөсүндөгү көйгөйлөрү).

Эмоционалдык байланыштар – бул биздин каалоо, алар мажбурлоонун жана көз карандылыктын уругун алып жүрөт. Башкалардан бир нерсе алууну көздөп, биз өз ыктыярыбыз менен аларга көзкарандысыздыгыбызды берип жатабыз. (Эскерүүлөр. Түш көрүү. Ойлор)

Адам өз акылынын туткуну экенин, жинди болсо да андан кутула албасын терең түшүнүшү зарыл. Анын дүйнөгө болгон көз карашы, атүгүл Кудайдын элеси да көбүнчө психикалык абалына жараша. (Чыгыш диндеринин жана философияларынын психологиясы жөнүндө)

Адамдардын ортосундагы мамилелер кемчиликсиз болууга умтулуудан же бири-бирибиздин айырмачылыктарыбызды баса көрсөтүүдөн өнүкпөйт. Мындай аракеттер ортобуздагы ажырымды тереңдетип, бири-бирибизге каршы турууга алып келет. Чыныгы байланыштын негизи – бул биздин алсыздык, морттугубуз жана бири-бирибизге болгон муктаждык. Бул бизди бири-бирибизге бекем байлап турган жип сыяктуу. Кемчиликсиздик өзүн жогору коюп, эч кимге муктаж болбостон жалгыз турат. Алсыздык тескерисинче, колдоо издейт жана чынчылдык менен өзүн көрсөтөт, башкаларды кемсинтпей, ыңгайсыз абалга салбайт. (Синхрондуулук)

Индивидуалдык – мына ушул жалгыз чындык. (Адам жана анын символдору)

Алсыз киши таянычка муктаж болгон сыяктуу, коркок адам көз карандылыкка муктаж. (Аң-сезимсиздин психологиясы)

Психологиялык көз карашта жиндер – бул аң-сезимсиздиктин таасири. Башкача айтканда, аң-сезимсиз комплекстер аң-сезимдин калыптуу иштөөсүнө тоскоолдук жараткан учурунда пайда болгон кийлигишүүлөр. Комплекстерди жиндерге салыштырууга болот, анткени алар биздин ойлорубузду, аракеттерибизди каалагандай бурмалап, өзгөртүп жиберет. Ушул себептен улам, байыркы заманда оор невропатологиялык абалдарды жиндин ээлеп алуусу катары кабыл алышкан.

Жан дүйнөгө акыл эмес, эркиндик керек. (Кызыл китеп)

Архетиптер каалаган убакта, каалаган жерде, салт-санаага, тилге же миграцияга карабастан пайда болот. Бул ар бир жандын аң-сезиминде активдүү иштей турган формалар бар экендигин билдирет. Платондун идеялары сыяктуу, алар биздин ойлорубузду, сезимдерибизди жана иш-аракеттерибизди алдын ала аныктап, дайыма таасир этет. (Жан жана миф. Алты архетип)

Мен өзүм үчүн төмөнкү өзгөчөлүктү байкадым: түштөр өзүнүн татаалдыгы же жөнөкөйлүгү боюнча түш көрүүчүгө, анын аң-сезим түзүмүнүн татаалдыгына жараша. Бирок алар ар дайым түш көрүүчүнүн аң-сезиминен бир аз алдыда, аң-сезимден мурда келет. (Тэвисток лекциялары)

Жалгыздык – бул жаныңда эч кимдин жоктугу эмес, тескерисинче, сизге маанилүү нерсени башкаларга түшүндүрө албай же өзүңүз сыяктуу ойлогон адамдарды таба албай калганда сезилет.

Булак: ru">https://eksmo.ru

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз