Гүлзада Станалиева: Аскалар кучагында

  • 01.09.2025
  • 540

Графикалык сүрөттөр Айтбүбү Бадахшанованын калемине таандык.

“Лучше гор могут быть только горы,
на которых еще не бывал”.
В. Высоцкий

Кыргызстандагы Жеңиш чокусун багынтам деп аскада өлүү-тирүүсү белгисиз жалгыз калган альпинист аял Наталья Наговицинага арналат.

поэма

аска, аска, типтик аска,
титиреген муз да, кар.
аркыраган шамал гана
ээлик кылган аска жар.
жоодон качпай,
жырткыч тартпай,
жөө качкандай кудайдан
үнсүз тиктеп көк асманды
жатат аял жарадар.

бул аял ким?...
кандай тагдыр
келди аны кубалап
тик аскага?..
шум ажалга
ким сүрөдү табалап?!
кийим эмес жылуу-жумшак,
үстүндөгү кийгени.
шуудураган баштан-аяк
сыдырмалуу күрмө-шым.
шамал үзүп айрып жатат
самсаалаган чатырын.

жатат аял...
жарым ачык
сулуу көгүш көзүндө
жашы турат узун коюу
кирпигине ирмелбей.
жатат аял,
жатат аял,
жанын тиштеп оозуна.
жарык менен коштошо албай,
тиктейт кыргыз тоосуна.
тоолор ага жолдош болду,
зоолор болду курдашы.
шамал анын жан шериги,
аска болсо сырдашы.
жатат аял...
деми чыкпай,
дене сезбей тоңгонун,
кээде гана кыбыратып
кысат алсыз колдорун.

бул аял ким?
тик аскага Кожожаштай камалып,
ажал менен бет келишкен
сур эчкиге арбалып?
бул аял ким?
кимди издеди?
нени издеди тоолордон?
кай ааламдан учуп келип
конду эле бу зоолорго?..

эстейт аял уйку-соодо
өскөн жерин, мекенин...
тегиз талаа,
жапырт шибер,
жалындаган күн бети.
секелек кыз
сербеңдетип сары чачын
жүгүрөт.
эрке кыздын кылыгына
апакеси сүйүнөт.
ары жактан чалгы үнү
чарт-чурт этип угулат.
атакеси чарбагында
чөп чаап жүргөн түшкү убак.
апасына колун созуп
кучагына кулаарда
шартылдаган үн капталдан
кулагына угулат.

көзүн ачса – жалама зоо.
шамал уруп чатырын,
жалгыз калган карт бөрүдөй
улуп, боздоп уңулдайт.
аял чочуйт...
тегеректе
тоолор гана тунжурайт.
сынган буту
шишип чыккан,
сыздап барып... жан кетет.
караңгы түн
кайра аялды
бешигинде терметет.
уйку-соонун ортосунда
аял жөөлүйт апалап.
үйүм кайда...
жалгыз уулум
кайда, кайда, кайдалап.

алдына бир элес келет,
таанып, дароо умтулат,
жан шериги...
колун сунуп
отко кактап олтурат.
эмнегедир көзүндө муң,
убайым бар жүзүндө.
аялына түк карабай
олтурганы эмине?
аял ага жалбарат да,
жалынычтуу кыйкырат,
бирок сыртка дабыш чыкпай,
үнү ичтен тумчугат.
эстейт анан
төрт жыл мурун
ушул Жеңиш чокуга  
багындырып
чыгабыз деп
экөө келген зоо мына.
капыс ажал жолдон тороп...
кан куюлуп мээсине
үзүлдү эле
жан шериги
аялдын өз колунда.
кечээ эле
темир такта
илип зоока бооруна,
сүйгөнүнүн элесине
арнап кайра чокуга
сапар алган.
ошол сапар
маркум жарга кошобу?
же тирүүлүк айылына
кайра кайтып жетеби?..  
ушуларды ойлогондо
эстегенде негедир
үрөйү учту, коркту чыны
сөлөкөттөн алдагы.
кайра ойлоду:
“өлдүмбү? – деп. –
арбак мени арбады”.
көзүн жумду,
дүкүлдөдү
араң турган жүрөгү.
ушул түнү кургур аял
арбак менен түнөдү.

таң сүргөндө
күндүн нуру
күлүп сүйдү ак жүзүн.
жылуулугу ойготту анан
жашоого бир үмүтүн.
көзүн ачса, маңдайында
дүрүлдөгөн дрон турат.
аскалардан качып барып
булуттарга урунат.

“өңүмбү бул, түшүмбү же?”
тыбырчылайт жүрөгү.
үнү чыкпайт,
денеси уктайт,
карек гана жылтырайт.
колун сермеп,
жандалбаска
түштү аял бир паста.
“айланайын, келдиңби издеп,
мен тирүүмүн, түш паска”.
жалбарганын, жалынганын
темир учак угабы,
теминди да, учуп кетти
түпкүрдөгү жылгага.
бир жарылды
ошондо аял,
түтөп кетти тимеле.
бүт дүйнөнү каргап-шилеп,
карайлады эзиле.
карышкырдай улуду анан,
мойнун созуп асманга.
эки эмчеги зырылдаган
жоктоп өлгөн ботосун
ай талаада жалгыз калган
боз ингендей уңшуду.
үнү чыкпай
оор кышылдайт,
тамак-мурду ачышат.
көз тунарып, эстен танат,
дене күйүп жалындайт.

жатат аял.
бир кабар жок
тирүүлүктүн айлынан. 
14 күндө чатырын бүт
жулуп-үзүп жалмаган
чарчайт аял
желмеңдеген
эссиз ушул шамалдан.

жатканда аял
ажал менен зоодо жалгыз алышып,
куткарганга ондоп-сандап
жыйылды эр-азамат.
бирок аттиң, аттиң десең...
арасынан бири да
аял чыккан,
аял жаткан
зоого чыгып баралбай,
орто жолдон үшүп-тоңуп
борошого кабылып,
өлгөнү өлүп, калганы эптеп
“ат тизгинин шарт буруп”,
чарчаганда баш тартышты
куткаруудан айбыгып. 
аял байкуш жарда жатты,
жалама зоо чар тарап,
жар башында жалгыз чатыр,
жардам күттү зарыгып.

бу кезекте
дүйнө дүңгүр!
шумдугуң кур, дүңгүрөйт!
“аял жатат тоо башында,
алы начар, жарадар,
альпинист ал,
жатат зоодо,
куткаруучу кетти”, - дейт.
кабар учат алай-дүлөй,
жаңылыктар дирилдейт.
эл кыжаалат,
кабарлардын
чын-төгүнү билинбейт.

күндө күтүп кулак түрөт,
жарданган эл элейип.
журналисттер учуп-күйөт,
жаңылыктар желбирейт:
“куткаруучу өлдү, - дешет,
жетпей аял тарапка”.
“өлүптүр, - дейт. - бири аялды”,
“жок, тирүү”, - дейт башкасы.
дүйнө дүңгүр!
дүйнө дуулдайт,
дүйнө күндө ызылдайт!
соцтармактар күнү-түнү
аялды айтып тынчыбайт.
бири көрмөк ушуну деп,
жамандайт да, табалайт.
бири байкуш кантти эми деп
боор толгойт да, унутат.
бири тоого чыккандарды
түшүнбөйм деп абдаарыйт.
бири жары өлгөндөн соң
неге чыкты деп сындайт.
дүйнө ушинтип дүңгүрөйт да,
дүйнө ушинтип уңулдайт.
бүгүн сүйлөйт,
бирок эртең
аялды да,
алтургай,
ал арбашкан ажалды да,
эстеген бир жан калбайт,
жадагалса,
бу дүйнөдө
бирөөлөрдү эңсетип,
эт-жүрөгүн бүтүн ээлеп
чокусуна азгырган
тоолор барын, зоолор барын, 
бири калбай унутат.

аял жатат.
көктү тиктейт
сулуу көгүш көздөрү.
көздөрүндө сөлөкөтү
тоонун турат курчаган...
бала кезден куса кылып
азгырып миң дегдеткен
ушул бийик тоолор эле,
ушул аска-зоо эле,
тоону сүйгөн жолдошун да
ушул тоого алдырган.
тоо эңсеген адамдарга
бир туугандай боор толгоп,
зоого чыккан адамдардын
кыя өтпөчү алдынан.
уулуна да созуп берчү
тоо жараткан ырлардан.

тоо курчаган
мейкиндикке –
жалама төш аскага,
аппак карлуу чокуларга
этек-жеңи үзүлүп
баратышкан булуттарга
ушунчалык суктанып,
аял жатты тынч мемиреп,
унут калып азабы.
“тоодон артык тоолор гана,
тоолор гана болушат
сен чыга элек,
сен жете элек” деген эле бир акын.
ошол ырдай ким түшүнөт
ушул турган ааламды?
бул ажайып көрүнүшкө
аял сүңгүп арбалды,
арбалды да, ыраазы болду
тоого бекем байланган
тагдырына, жазмышына,
өмүргө ага арналган.
“кай өлкөнүн,
кайсы элдин
жергесинде болбогун,
ылгабастан сүйдүм сени,
болдум сенин күйөрүң!
сага дилгир ынтылганым –
бийиктикке умтулуум.
сени сүйүп ашыкканым –
тазалыкка тартылуум.
адамдыктын бийиктигин
сага чыгып үйрөндүм.
жашоо-өмүрдүн морт экенин
зооңдо туруп сезгенмин.
өзүмдү өзүм сенден таанып,
улуу устаттай кадырлап,
туу чокуңа
таазим кылып,
зордугуңдан сүрдөндүм”.

жаны эс алып,
көөнү тынчып,
кыйналганы азайып,
тоолор менен сырдашканга
канат байлап калгансып,
кайраты да
жангансыды.
жамалы да нурданып,
кан жүгүрүп калгансыды,
калгансыды тирилип.

ага ушу жарыктыкты,
адамдыкты тааныткан,
өзүн тургай,
өңгөнү да
түшүнгөнгө жол ачкан
тоолор жатты көз алдында
баатыр өңдүү суналып.
ушул улуу аалам, көрсө,
сагындырган, күсөткөн
кучагына алган тура
кетирбеске шерттенип...
шамал ырын ырдап берип,
аскасына терметип,
ажарына көзүн артып,
турамын деп телмирип.
куткарам деп аттанышкан
адамдарды жолотпой,
алган тура кучагына,
биротоло имерип.
макул болуп
тоо койнунда
аял дагы мемиреп
көөшүп кетти
жаш баладай...
тоо “айыбын” кечирип. 

аягы.
28.08.2025

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз