Султан Раевдин «Жанжазасы» Американы каптады

  • 23.09.2025
  • 2200

«Жанжаза» 17-сентябрда Түндүк Америкадагы улуу сапарын Вашингтон штатынын байтакты Сиэтлде баштады. Ырасмий түрдө. Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин сюрреалисттик романынын жүзачары 4 миллион калктуу метрополитендеги жаңычыл иштеген Third Place Books китепканасында өттү.

Китеп жана идеянын тегерегинде топтолгон окурман коомун түзүүнү башкы мүдөөсү кылып койгон Third Place Books китепканалар түзүмү 1998-жылы негизделген. Аны китепкана – дүкөн деп атаганыбыз туура. Анткени, окурмандар андан жаңы, эң кызыктуу деп табылган китептерди автордун арноо колтамагасы менен кошо сатып ала алат.

«Жанжазанын» англис тилиндеги котормосу «Castigation» - «Жаза» же «Өлүм жазасы» деген аталышта чыкканы мурда кабарланган. Буга караганда америкалык котормочу Шелли Фэйрвезер – Вега (Shelley Fairweather-Vega) айым, кесиптик бай тажрыйбасына карабай, кыргыз тилиндеги «жанжаза» сөзүнө маанисине тең келер сөздү англис тилинин опол тоодой казынасынан тапкан эмес. Бул сөзүм кимдир бирөөдө күмөн туудурса, түбү XIV кылымга такалган сastigate  сөзүнүн таржымалын тийиштүү сөздүктөрдөн иликтеп көрсө болот.

Китептин жүзачары кечки жетиде башталып, бир жарым саатка созулган. Шелли айым китеп сүйүүчүлөр менен болгон жолугушууда «бир ок менен эки коён» аткан; тактап айтканда, Султан Раевдин романына катар башка котормосун – өзбек жазуучусу Хамид Исмайловдун «Биз, компьютерлер» («We Computers») деген китебин окурмандарга тааныштырган.

«Дүйнөдөгү эң мыкты чыгармалардын бирин окурмандын түшүнүктүү жана жалпак тилде окуусуна мүмкүнчүлүк берүүнү» алдына максат кылып койгон. Ш.Фэйрвезер – Вега он чакты китепти англис тилинде сүйлөткөн. Ал китептердин арасында казакстандык жазуучу аялдардын 24 чыгармасынан түзүлгөн «Аманат» жыйнагы (жыйнак Зауре Батаева менен жарнакташып которулган), казак калемгери Таласбек Асемкуловдун «Чак түштөгү тирилиги», тажик тилдүү өзбек жазуучусу Шахзода Самаркандинин «Жер энеси», ошол эле Х.Исмаиловдун жана башка авторлордун чыгармалары бар.

«Жанжаза» 2014-жылы Кыргызстанда «Жылдын романы» сыйлыгына татыктуу болуп, жарык көргөндөн кийин адабиятчылардын жакшы баасын алган. Бирок ошого романдын мазмунуна токтолбостон, аны Сиракуз университетинин басмаканасы (Syracuse University Press) америкалык окурмандарга кандай сунуштаганына токтолоюн.

SUP басмасынын жазышынча, С.Раевдин Борбор азиялыктардын эпикалык салтын сюрреалисттик баяндоо менен жуурулуштуруп жазылган романы – (советттик) коом баштан кечирген зордук-зомбулуктун табияты жөнүндөгү ой толгоо жана коллективдик эс тутумдун залакасын кайгырып да, күлүп да изилдеген жана бийликти аёосуз сындаган чыгарма. Жазуучу баш каармандардын, т.а., психологиялык оорулуулар жаткан клиникадан качкан жети адамдын, анын ичинде Чыңгызхан, Клеопатра, Искендер Зулкайнар, Падыша Лирь, афиналык сойку Таисия сыяктуу тарыхый инсандардын жашоо маңызын, тагдыр буйруган жазасын жана жан дүйнөлөрүнүн өзгөрүүсүн (трансформация) түшүнүүгө аракет кылат. Алардын акылынан айныган учуру менен акылына келген абалын окурман ажырата албай да калат. Ошентип, «Жаза» романы – кыргыз жазуучусунун адамзаттын өзүн өзү жок кылуу (кыйратуу) жана жашоосунун маани-маңызын түшүнүп аңдоо жөндөмү жөнүндөгү кишини таң калтырчу ой толгоосу деп сыпаттайт Syracuse University Press.

Менин АКШдагы тажрыйбама караганда, мындай философиялык жана сюрреалисттик стилде жазылган чыгарма – китеп базарында ысык самсадай өтүмдүү болбойт. Андай татаал чыгарма интелллектулдык чөйрөдө, адабиятка жан оту менен берилген окурмандар үчүн кызыктуу болору талашсыз.

Бирок да, мен өз тажрыйбама таянып айтсам, «Жанжазаны» да, «Топонду» да шыр окуп кеткенге көпчүлүк окурмандардын тиши өтпөйт. Татаал жазылган. Муну илипоз-жазуучу Абдыкеримов Муратов да учурунда белгилеген. Бул маселе 16-сентябрда «Азиялык китептерге баяндамаларда» (asianreviewofbooks.com) чыккан англис тилиндеги макалада д-р Жошуа Бөрд (Dr. Joshua Bird) да «бизди көзүбүз өткөндөн кийин күтүүсү ыктымал түбөлүктүү түйшүктөр: күнөө, жандүйнө жана жаза жөнүндөгү» С.Раевдин романын «окуу жеңил иш эместигине» көңүл бурат.

Менин байкашымча, китеп дүкөндөрү түрдүү темадагы адабиятка карк өлкөдө New York Times, The Wall Street Journal, Washington Post, USA Today сыяктуу жалпы улуттук медианын ишембилик санындагы китеп баяндарга кирүү – ар кайсы китеп үчүн Түндүк Американын гана эмес, дүйнө өлкөлөрүндөгү англис тилде окуган китеп сүйүүчүлөргө тез жетчү даңгыр жолго дарбазаны кенен ачмак. АКШ китепканалар ассоциациясынын көңүлүнө илинген да маанилүү. Себеби, береги ассоциация «мыкты» деп тапкан чыгармалардын мукабасына өзүнүн алтын сымал энбелгисин жабыштырып, окурманга даршан кылат. Ушинтип көңүлүнө жаккан китептерди окурмандарга жайылтат.

Республикалык, бир катар эл аралык жана өкмөттүк сыйлыктардын лауреаты Султан Раевди өз алдынча да, ырасмий түрдө да дүйнөнү көп кезген кыргыз жазуучусу десем жаңылышпайм. Албетте, сапар учурунда түрдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл адамдары, китеп рыногу, театрлары менен таанышып, адабияттагы жана театрдагы жаңылыктар менен таанышып жүрөт. Анын «Жанжаза» жана «Топон» романдары чет өлкөлөрдөн алган таасирлердин жана өлкөбүздө эгемендик жылдары болгон социалдык-нравалык өзгөрүүлөрдүн туундусунан жаралган го... 

Аталган эки чыгарманын, айрыкча, «Топондун» мазмуну, эстетикасы Батыш дүйнөсүндө өтүмдүү эсептелген беллетристикага жакын болгондуктан, жарнамасы жакшы болсо, китепке тап берген окурмандарды кызыктырары шексиз. Деген менен, кыргыз жазуучусу биринчи кезекте өз элинин табиятын, кулк-мүнөзүн, маданиятын чагылдырган чыгармаларды жазып, глобалдашуу жараянында элибиз кандай сыноолорду баштан кечирип жатканын өзүбүзгө жана тыш дүйнөгө айтып берүү керек деген ойдомун.

Ошентип, 340 миллион элдүү Америка Кошмо Штаттарынын китеп базарына даркан жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун артынан замандашыбыз Султан Раевдин китеби сатыкка түшкөнү чоң окуя!

Бүгүн «Castigation» китеби Түндүк Американы түгүл, дүйнөнү жөргөмүштүн желесиндей каптаган ажыдаардай Amazon компаниясы тарабынан, китеп сатууга адистешкен эң чоң Barnes & Noble соода түйүнүнүн дүкөндөрүндө, Syracuse University Pressтин өзүндө жана төрт сайтта (abebooks.com, target.com, ebay.com Frugalfrigate.com) сатылууда. Баасы 22 доллардан 45 долларга чейин. Китеп сатуу Кыргызстанда да ушундай уюштурулса кана?!

Америкалык Amazon электрондук соода платформасындагы эң чоң дүйнөлүк компания. Бирок компания адистери Кыргызстан кайда экенин билишпегенин анын сайтындагы «Жанжаза» романына берилген сыпаттамадагы мына бул саптар айкын көрсөтөт:

1. Castigation (Middle East Literature In Translation). Бул сүйлөм «Жаза» Жакынкы Чыгыш адабиятынан которулган деп жар салат.

2. Амазондун адистери Кыргызстан менен Казакстан эки башка мамлекет экенин, жазуучу Султан Раев Кыргызстандан экенин түк ажыратышкан эмес. Болбосо Султан Раевдин романы 2014-жылы Казакстанда «Жылдын мыкты романы» наамын жеңген (Winner of Kazakhstan’s 2014 Novel of the Year) деп жазышат беле? Бул жазуу 15-сентябрдан бери кылы кыйшайбай турат.

Баса, С.Раевдин «Жанжазасын» чыгарган Syracuse University Press басмаканасы 1943-жылы түптөлгөн. Сиракуз университетинин басмаканасы алгачкы жылдары Нью-Йорк штатын тейлесе, бүгүн ал улуттук чектен чыгып, дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө китеп сатат. Бул басмаканадан Плутцер сыйлыгынын лауреаты Эрнест Бэкондун «Музыка жөнүндө сөз», Сяо Юянын «Мао Цзедун жана мен кайырчы болгонбуз», Барри Шванын «Растафари: тамыры жана идеология» сыяктуу орошон китептер чыккан. Басмакана негизинен Нью-Йорк штатынын тарыхы, маданияты, АКШда жашаган ирланд тектүүлөргө байланыштуу изилдөөлөрдү гранттык каражаттын эсебинен чыгарып турат. 

Амирбек Азам уулу, АКШ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз