Аскарали Ражабалиев: Көкдайрам менин, көкдайрам

  • 24.09.2025
  • 1337

Мезгил, тарых дайым эле акыйкат боло бербейт. Антпесе убакыт өтүп бир элдин аты өчүп, жаңы ат менен жашап калып, бир жер башка аталышта аталып калбас эле да. Ошондой адилетсиздик тээ илгертеден эле кыргыздар Көкдайра деп атап келген дайранын акыркы кезде «Сох» деп аталып, ушул ат менен картага түшүп калышы болгон. Алиге чейин дайранын өйдөңкү тарабында жашаган даралык туугандар бул суусу мол дайраны «Сох» эмес, дал Көкдайра дешет. А, дайранын ылдыйкы агымындагылар өздөрү атаган эски аталышын эстен чыгарышып, ээрчиме өнөкөт менен «Сох» деп атап калышты. Улуттун өлбөс-өчпөстүгүнүн бир кепили – өзү күн кечирген жер-суунун ата-бабалардан мураска калган тарыхый аталышын сактап калууда го?!

«Көкдайра деген чоң дайрам,
Куралат мөңгү, сай-сайдан.
Өтө албай наргы өйүзүнө,
Куруган менин көп айлам».

(Элдик ыр)

Мен туулуп өскөн Зарташ айылы Көкдайранын жээгинде. Эндүү жери 200 метр, узуну 2 чакырым. Айылым ушунчалык дайрага такалган дейсиз, жайында суу кирген чакта жээгин жемирсе ошол 200 метр жер кемейе берет. Айылымдын кай бир жерлери дарыя суусунун деңгээлинен пас. Шонтсе да, жердештерим бу дайраны жандарынан артык көрүшөт. Кантип сүйбөсүн, кан-жанына сиңген бир тууган дайрасын, күн-түн дебей шау-шуусу кулагына жаңырып турса!

Менин бүтүндөй балалык чагым, өспүрүм кезим дарыя жээгинде өттү. Крымда, Кавказда, Орусиянын көп аймактарында же казак талааларында болгон кездеримде да Көкдайранын кайсар толкундары, жүлүндөй чубалып аккан элеси көз алдымдан кетпей, шау-шуусу кулагымда жаңырып турганы турган.

Алыстан айылымды сагынып келгенимде биринчи ата-энемдин дидарына тоюп алып, анан дарыя жээгине шашам. Мол суунун жагым ыргактагы шарылдагы жан-жаныма сиңип, миң тамырым бошошуп, эс ала түшөм. «Саламатсыңбы дайрам, эсен-аман агып жатасыңбы?!» деймин жээгине барганда, эки колумду көкүрөгүмө коё жүгүнүп, ошол көз ирмемде дарыям туйлап агып, жээгине бой уруп, майда толкундары мени кучактагысы келгендей туюп кетем. Кудум өзүмдү сагынган эрке күчүгүмчө бут алдымда жыгылгысы келгендей сезем дайрамды. Шашпай жээктеги ташка отуруп, күбүрөнө билген дубамды окуймун. Оболу көк кашка сууну кочуштап суусунум канганча ичем, анан жүзүмдү чайкаймын. Сергий түшүп, жан дүйнөм эргип кетет!

О, ыйык дайрам, Көксуум! Сен мага шунчалык улук, сыйкырсың. Жашым элүүдөн ашып кетсе да сенин жээгине жетип, чечине сала толкундарына көкүрөгүмдү тоссом жашарып кетем. Сенин жээгиңде өткөн кумарлуу, жомоктой сырдуу балалыгым көз алдыма чубурулуп келе берет. Мына, бүгүн таң эртеден бери да сенин жээгинде отурам. Сенин жээктеги кумдарыңа түшкөн балалык жылаң аяк издерим, толкундарына жашынган сыйкырдуу күндөрүм көз алдыма тартылды.

Эмесе өмүр жомогумду тыңша, азиз окурманым. Ыр-жомок айтуу менден, кулак төшөө сенден. Кеттик!

Келин кезде апакем,
Сууга барган Көкдайрам.
Балалыктын жомогун
Баштап берген Көкдайрам.

– Тур, Акпарали! — деди апам. Үнүнөн назиктик менен эркелеткендикти туюп жан-этим эрип кетти. Төшөктөн тез тура калдым. – Энди сен ка-т-та-а-а жигит болдуң. Бүгүн мектепке барасың, – сөзүн улантты апам, көйнөгүмдү кийгизип жатып. Кийинип бүткөндөн кийин: – Жүр Акпарали, дайра боюга барып келейик! – деди колумдан жетелеп.

Бакандын эки учуна эки челекти илип алды. Апам кыпкызыл чыт көйнөк кийип алыптыр (чыт экенин кийин билип жүрөм да!). Арык жээгиндеги кашатты кадый басып дайрага бардык. Апам жоолугун чече, чачын суулап, жүзүн чайкады. Көкүрөктөрүн жууп, суу кочуштап ичти.

Буттарын тизесине чейин дайра суусуна малып отурду. Анан бирдемелерди шыбырады. Акыркы сөздөрүн гана угуза айтты. «О дайрам, уулума өзүңдөй узун өмүр бер. Өзүңдөй тунуктук менен тазалык бер! Оомиин!» алакандарын жүзүнө жайды.

– Кел уулум, өң-башыңды тазартып коёюн, – апам баш кийимимди таштын үстүнө коё бетимди жууду, чачтарымды сылады, буту-колумду сууга малып, кош алаканы менен суу ичирди.

– О дайрам, уулум өзүңдөй жоомарт, агып бүтпөгөн ырыскылуу. Өзүңдөй көпкө пайдасы тийген азамат болсун. Оомиин! – деди да ордунан туруп, кочушундагы сууну башыма үч айландырды. Кыйла отурдук экөөбүз дайра жээгинде. Апам көйнөгүнүн этегин, жоолугунун учтарын сууга малып алды. Анан мага карап:

– Акпарали, дайрага ич качан сийбегин. Кирингениңде отуруп» булгабагын. Бул ыйык дайра. Ата-бабаларыңды баккан, өмүрү жээгинде өткөн суу. «Суу барктаган зор болот, суу булгаган кор болот» деген аталарыбыз. Уктуңбу?

– Уктум апа...

Анан эки челекке дайрадан суу сүзүп алып, бакандын эки учуна илди да, үйгө кайттык. Балалык жан-дүйнөм ээлигип, ичимден туйлап келаттым. Артыма кылчайып, шау-шуу агып жатканына караймын. Агып жатат бир калыпта. Чыгыш тараптан Күн чыгып, кыпкызыл нурлары апамдын кыпкызыл көйнөгүнө чагылышып, апам алоологон кыпкызыл отту кийип алгандай көрүндү.

Балалык жомогум ушинтип башталган.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз