Аскарали Ражабалиев: Кызыңды көрүп сени эстеп...

  • 27.09.2025
  • 1057

АҢГЕМЕ

Базар кайтыш убак. Автобус элге жык толгон. Чоң-кичик, аял-эркек дебей ызылдап, отурарга орун жок. Эки бутум эптеп орун таап, эски автобус эки-үч силкинип алып, зоруга ордунан жыла бергенде, жүргүнчүлөр ары-бери чайпалып боюн түзөштү.

Ушу чакта:

– Ава, менин жаныма отуруңуз, – деген жаш кыз ордунан тура берди. Үнү тааныштай солк этип алды жүрөгүм. Кимдин үнүнө окшош бул үн?.. Оо мурда, оо мурда кулагыма сиңген тааныш үн жаңыргандай туюлду.

– Отура бер, - дедим, кыздын үнүн угууну кайра көксөп.

– Жок, отуруңуз Сиз! – жылмая жооп катты кыз.

Өңү да тааныштай... Ойго тундум бир азга. Кимдин үнүнө окшоштуруп атам?.. Жаш кыздын жагымдуу жылаажын үнү жан сезимимди аралап, денем тамылжый ысып чыкты. Алыс-алыстан жаңыргандай жагымдуу үндүн шаңы кулак түбүмдө өчпөй тургандай. Таптым! Оо таптым, Гүлүнүн жаш кезиндеги үнү экен! Мага орун бошоткон узун бойлуу кыздын ысык ыкласына өз кызымдай ушунчалык жылуу ырай менен сүйө багып жооп кайтардым дейсиң. Кыз да мунума күлө бакты. Жүзү, өң-түсү Гүлүнүн өп-өзү, куюп койгондой окшош. Олоң чачы да апасынын кыз кезиндегидей такымына жете суудай төгүлөт. Тек апасынын чачы тал күчүктөй майдалана өрүлчү. Мунун чачтары эки билектей өрүлүп, артына ташталган. Апасыныкындай кундуз чач. Баары жогу, бар болмушу менен окшош.

Гүлүнүн өзүн көргөндөй ич-ичимден толкуп сүйүндүм. Автобус ичинде Гүлүнүн кызы экөөбүз гана бараткандай жүргүнчүлөрдүн түркүн сөздөрү кулагыма кирбей, ички каалоомдо кыздын узун, назик манжаларын кармап көргүм бар. Апасыныкындай ыпысык болсо керек колдору да! Ачыктыгы менен күлгөндө кашкая түшкөн апапак тиштери деле кудум Гүлүнү салат эске.

Кыздын бир гана айырмасы кийген кийиминде. А кезде Гүлү узун көйнөк, кара баркыт кемзел, багелеги жээктүү ыштан кийип, башына жоолук салынчу. Бутуна маасы менен көлөч кийчү. Өзгөчө ак жибек көйнөгүн кийип, кызыл жоолугун кептер моюн салынып алса, узун боюна куп жарашып калчу. Кызынын кийген кийимдери да боюна чак келип турат. Ийнине жете кыркылган кундуз чачы, көкүрөгүн кичине туртүп турган кызыл жемпири кыпча белин ого бетер ичке көрсөтүп, капкара шымы менен, орточо такалуу кара туфлиси боюна не жарашат. Такалуу туфли кийингениненби бою апасынын боюнан бийигиректей көрүндү көзүмө.

Автобус кыйла жол жүрүп, кысылган жүргүнчүлөр ыңгайлаша жайланды шекилди, эми бири-биринин өңүнө карап тааныгандарына салам айтып же арырак болсо баштарын ийкеше саламдашып атышты. Ортодо туруп баратышкан эки жигиттин Гүлүнүн кызын суктанып көз арта тиктеп турушкандарына көзүм түштү. Кыз да муну сезе коюп, жүзүн бери үйүрө бергенде ак саргыл жүзү кызарып чыкты. Адепсиз жигиттердин аны теше тиктеп жаткандарына кызгана, ичим тарып кетти. Жигиттерге биротоло ийинин тосуп, мен тарапка бурулуп алды кыз.

А мен кыздын тулку боюнан, өңүнөн, кыймыл-кылыгынан Гүлүнүн жаштыгын издей бердим, издей бердим ынтызарлык менен. Гүлүнү эстеп ич-ичимден эзиле сагынып отурам. Бир кездеги балалык, окуучулук күндөрүм көз алдыма шурудай тизилип, Гүлүнүн супсулуу өң-боюн көргүм келет кыялымда.

*     *     *

Мектебибиз башка айылда, кыйла алыс болчу. Сабактан чыккандан кийин ойноп-күлүп, ырдап-ызылдап түнү келер элек үйгө. Эрте жазда адырма-адыр кезип, мандалак казып, жоогазын гүлүн издечүбүз. Бир жолу үч-төрт бала жаңы ачылган жоогазын гүлүнө бирдей көзүбүз түшкөнү эсимде. Атырыла жоогазын гүлүнө жүгүргөнбүз. Мен биринчи жетип барып, үзүп алгам жоогазын гүлүн. Алакандын отундай чо-оң, сапсары болуп ачылыптыр. Ошол замат эле кыздар:

— Акпар, маңа бер!

— Маңа бер, Акпар!

— Акпар ава, маңа-а!

— Акпар! — деп жалынып жиберишкен. Гүлү гана кыздардан четиректе турат, унчукпай, үн катпай. Ошондо жүрөгүм буйрук бердиби билбейм, жоогазын гүлүн Гүлүнүн колуна карматкам! Ошондогу анын сүйүнгөнү, ак чырайы бактылуу күлкүгө мелт-калт толуп, назик үн, мээрим менен:

— Ыракмат, Акпар! — деген жүзү кызарыңкы тартып, сыймыктанганын туйгам.

Башка кыздар томсорушуп, жоогазын гүлүн кызгана түшүшкөн Гүлүдөн. Күнүгө кемзелинин чөнтөгүнөн конфет үзүлбөгөн Айжаркын аттуу кыз:

— Акпар, маңа бербедиң а-а, гүлдү. Энди саңа конфет бербейм, – деп жүзүн үйүргөн.

Бир тууган карындашым “авам жоогазын гүлүн маңа бербеди!” — деп үйгө барганда апама ыйлактап айткан. Эрте жазда биз эң биринчи көргөн жоогазын гүлү эле мен Гүлүгө берген жоогазын гүлү. Башка кыздар эки-үч күн маңа таарынымыш эте сүйлөшпөй, анан эле оюн кызыгы менен унутуп калышкан. А, Гүлү экөөбүз ал учурду түбөлүк унутпай кала бердик!

*     *     *

Гүлүнүн кызын секи-ин карадым көз кырым менен. Оо, кол жетпейт, өзү эмес; кызы! Гүлүнүн жаштыгы кырк жылдык узун жибек жиптин аркы учунда. Кырк миң чакырымдык жибек жипти түрүп, аркы учуна жетсе болот! А, Гүлүнүн кырк жыл мурдагы секелек кыздык курагына!..

«Кимдин кызысың?» — деп сурагым келди. Ушунчалык ынтызарлана сурагым келди дейсиң. Тез айныдым бул оюмдан. Бүт тулку боюмду магдырата жылыткан оттуу сезимден бир саатка жетпеген армандуу эскерүүлөрдөн (автобус бир саатта айылга жетет) айрылгым келбеди. Автобуста Гүлүнүн кызы экөөбүз эле бараткансып, башка жүргүнчүлөрдү карагым да, сүйлөгүм да жок. Кез-кез Гүлүнүн кызын уурдана карап коюп, анан көздөрүмдү чала жумуп, кырк жыл мурдагы окуучулук күндөрүм өткөн жылгын, чычырканак өскөн, эсепсиз кара суулар аккан узундан узун корукту, ак деңиздей ааламдын өңүн агартып жиберчү аппак болуп ачылган узундан-узун өрүкзарларды, жайы-кышы шау-шуусу кулак түбүнөн кетпеген Көкдайраны көз алдыма келтире бергим келди. Токой ичинен, өрүкзар түбүнөн, адыр-кырдан, дарыя жээгинен Гүлүнүн караанын издедим кыялымда. Гүлүмдүн ак көйнөкчөн, кыпкызыл жоолукчан, кара баркыт кемзелчен карааны ак кептердей учуп жүргөнсүйт. Ошол ак кептерди колдорумду узата кармагым келет. Колума илешпейт. Жерге тиер-тийбес болуп, ак мунарык арасында каалгый учуп жүргөн ак кептер сымал Гүлүмдүн карааны. Бул таттуу элести жоготуп коюудан кызганып, эми Гүлүнүн кызын деле тез-тез кароодон качып калдым.

Кудум ак мунарыктан бетер, андан кептерге айланып кеткендей сыйкырдуу караан элес жан дүйнөмдү ээлеп, каректериме толуп алды.

Эми автобус ичинде жапжалгыз бараткандай сездим өзүмдү.

– Акпар! – селт эте түштүм шак эте угулган үндөн, жалт карадым артымды. Атымды атаган айылдык теңкуш жигиттеримдин бири экен. – Алдыңдагы кызды тааныбадың окшойт. Гүлүнүн кызы да! – дей берип, сыйкырдуу күлүп, көзүн кысып койду ал.

“Ооба, сен билесиң, бирге өсүп, бирге окубадыкпы”, – дедим ичимден күңгүрөнө. Жооп катканым жок, автобусту түп көтөрө сүйлөгөн теңкурума.

Гүлүнүн кызы мени жалт карап койду. «Ооба, айланайын кызым, апаңды шунчалык жакшы билем, шунчалык!..» — дедим ичимден эрдимди билинер-билинбес кыбырата.

*     *     *

Ана! Көз алдымда өрүкзар, экөөбүз өрүк терген күндөр.

Ошондо жай чилдеси толуп турган кез эле. Өрүкзарда бышыкчылык. Эркектер шыргый кармап, шак-шактын башында өрүк кагуу менен алек. Келин-кыздар бак түбүндө, жер жайнап жаткан өрүктөрдү чакаларга терүү менен убара. Бак ортосун кесип өткөн жол да өрүк, бакты аралап өткөн арыктар да жык өрүк.

Өрүк кургатканы чарбакка көчүп келгендердин бири биз: атам, апам, карындашым, анан мен. Бизге жанаша чарбакта Гүлүлөр. Өрүк каккыдай адамга муктаж алар. Жалгыз авасы кечке чарбанын иши менен алек, айдаганы эки ат чегилген араба, өзүбүздүн өрүктү кагып, терип, кырманга жайган соң, күнүгө жардам берем Гүлүлөргө. Апасы же Гүлү күнүгө келишет мени апамдан сураганы.

Лам дебей макул болот апам. Өзүм деле астейдилмин, өрүк кагып, өрүк терүүдөн жедеп-чарчасам да. Ошентип, Гүлү менен жанаша басып алардын кепесине барам күнүгө. Энеси мени кадим чоң кишидей ызаттап тосуп алып, каада менен кепелеринин төрүнө өткөрөт да, алдыма дасторкон жазып, болкулдаган жумшак казан нан, каймак коёт. Чыны толо айран сунат колума. Мен деле чоң кишиче каадага каада менен жооп берип, зьңкыя мандаш токуна отурам да, шашпай тойгузам курсагымды. Алдымда кыйын иш турганын билем. Анткени, саратандын ысык күнүндө бийик шактарды гадып өрүк кагуу жеңил иш эмес.

Бүгүн өзү келди Гүлү, уялыңкырап кепеге кирбей тыштан унчукту:

- Саламат эже, Акпар бизге өрүк кагып берсинчи.

- Майлига, кызым. Барат Акпар, чайын ичип алсын.

- Апам чай даярдап отурат, эже. Биздикиден ичебиз.

Мен ордумдан лып турдум. Гүлү экөөбүз өрүкзарды аралап жете келдик алардын кепесине. Гүлү өзү чай куюп, мандайымда күлүп отурат. Көз алдымда улам сулуу болуп баратат. Өзгөчө тогузунчу класска көчкөндөн бой тартып, өңү ачылып, жакшына кылыгы чыга баштагандай. Күлкүсү жылаажындай шыңгырай чыгып, молмолжуй караса, жүрөгүм тыбырчылап, туйлап кетет. Бирок ага тийишип, бейчеки сөз айтуу оюма да келбейт.

Чай ичип бүткөндөн кийин күн батканга чейин терт-беш түп өрүктөрүн кагып, күнөс жердеги өрүк кургатчу кырманга ташып бердим. Анан экөөбүз күндөгүдөй ылдый корукка түшүп, бүлдүркөн тергени жөнөдүк. Кыпкызыл сылан көйнөгү батып бараткан күнгө оттой кызарып, ак-саргыл жүзү нурданып кетти. Кара суу жээгиндеги бүлдүркөн тикен аралаш өскөндүктөн, мен гана тердим анын жаңы сылан көйнөгү тилинбесин деп. Топума толтура терген бүлдүркөндү суу жээгине отура, тоё жедик экөөбүз. Күн батып баратса да аба үп, анын үстүнө бөтөнчө ысып кетти корук. Ары-бери тыш кийимдеримди чече салып, боюмду таштадым сууга. Гүлү менин киринип жатканымды суктана карай жээкте отурат. Бирде суу астына чумуп, бирде сууну шоктоно чапчып ойноп аттым. Анан эле күтүлбөгөн жерден Гүлүнүн үстүнө чапчылап суу чачып кирдим.

— И-и Акпар, көйнөгүм таза өл болбодубу! — үнү өкүм эмес, шаңдуу чыгып, кыраан каткырыктап күлдү. Ысыкка күйүп бараткан денеси салкындай магдырап калды.

— Мен да түшөм сууга, –- дей берип, жоолугу менен бут кийимин чече салып, көйнөкчөн боюн сууга таштады.

Кыпкызыл сылан көйнөгү суу бетинде парашют сымал жазылып, аппак, жумуру денеси, тунук суу астында бир керемет. Кыраан-каткырык күлкүсү жаңыртып жиберди кечки корукту. Күн батып кеткен менен дале аба үп, кара суу жыпжылуу. Гүлү шоктоно каткырып, эки колу менен мен тарапка суу чачат. Мен суу чачсам бетин алакандары менен тосо кылыктана, кыраан-каткы түшөт. Бири-бирибизге суу чачып, ары-бери сүзүп кыйла ойнодук. Аңгыча батыш тараптан кылак эте Ай чыкты. Корук ичи жомоктогудай сырдуу боло түшүп, суу бети сымаптай жалтырайт. Ай жарыгында огеле сулуу болуп кетти Гүлү. Көлөкөбүз суу бетине түшүп ажайып. Баятан бери суу чачып ойногон Гүлү чарчады окшойт, мага ыктап, ийиниме жөлөй берди башын. Мен аны суу ичинде кучагыма тарттым. Көл-шал болгон көйнөгү сыйгаланып, колумдан тайгылайт жумуру денеси. Торсойгон эки төшү көкүрөгүмө урунганда «дирт» дей түштү ал, денесин суу ичинде майда калтырак басып:

– Койчу!.. Акпар, уят, – деди наз менен секи-ин.

Мен ого бетер катуурак кыстым. Көкүрөгүмө тирелип калды эки төшү. Төшүн мыжыга берсем, кыңкыстай берип, артына түсөрүлдү да:

– Койсоңчу Акпар, не кылганың! – деген бойдон жээкке качып чыкты. Менин бул жоругумду толгон Ай гана кайдыгер карап турду.

Гүлү көйнөгүн сыгып алгыча мен суудан чыкпай турдум. Анан өйдө, өрүкзар тарапка өрлөдүк. Сол колун кармап алдым, ыпысык. Унчукпады мунума.

– Акпар-ов, жаман турбайсыңбы!.. – уялыңкырай жер карады Гүлү.

– Неге?

– Неге дейт дагы...

Бетине эрдимди тийгиздим. Бети албырып ысык. Кучактагым келип турса да даай албадым. Ай жарыгында көлөкөлөрүбүз да кыналышып баратты.

– Гүлү, түнгө чейин кайда жүрдүңөр? – деди кепенин тышында кызын күтүп отурган энеси.

– Бүлдүркөн жеп келдик, күндүз күнү өрүк териштен колубуз бошобосо, эне! – унчукту Гүлү. Башка сүйлөбөдү энеси.

Эртеси уурдана карай бердим Гүлүлөрдүн чарбагы тарапты. Али кагыла элек өрүктөрү көп, мени чакырышат баары бир. Күн оогондо энеси келди кепеге мени чакырып. Ордунан жылган поезден калып кете тургандай Гүлүлөрдүн чарбагын карай жүгүргүм келди. Өзүмдү араң басып, Гүлүнүн энесин ээрчип бараттым.

Гүлү:

– Кел, – деп койду секин. Үстүндө кечээги эле кыпкызыл көйнөгү оттой кызарып көрүнөт. Чай сунуп атып сырдуу күлүмсүрөдү.

*     *     *

Ой-чуңкуру көп таш жолдо бели үзүлгүдөй «кышылдап» жай жылып бараткан автобус тык токтоп, жерге түшө беришти ортодо туруп бараткандар.

Айдоочу жүргүнчүлөрдөн жол кире ала баштады.

– Акпар, жерге түшпөйбүзбү? – деди колтугумдан нукуй жанагы теңкурум. Мен жок дегендей башымды чайкадым. Ордумдан кыймылдасам эле Гүлүнүн элесин жоготуп коёрумду билем.

 *     *     *

Бир жолу Баткендин көчөсүндө жолуккам Гүлүгө. Эжеси экөө келатыптыр. Өзүмчө эле толкуй, учурашканы узаткан колуңду секин кысып, коё бергим келбеген. Эжең шакылдап сүйлөп, сен болсо анча сөзгө келбедиң... Көңүлүң чөгүңкүдөй. Отуз жыл ысык турмуш курган күйөөң каза болгонун уккан элем. Ошогобу, ачылып сүйлөбөдүң. Көздөрүң гана ички таарынычың бар экении айтып турду. Ошого да сүйүндүм мен. Ошончо жыл мага болгон таарынычыңды көкүрөгүңдө аёолой сактап жүрүпсүң!

Анан эжеңе карабай баса бердиң. Ичиңден кетүүнү каалабасаң да, тулку боюңду зордоп алдыга сүйрөп баратканыңды туйдум. Өзүң менен өзүң күрөшүп, буттарың шилтенип шилтенбей...

— Оо, садагам!

— Оо, шириним!

— Оо, данегим!

Мага болгон таарынычың жүрөгүңдүн бир учунда жашап келатыптыр алигече. Каниет кылдым ушуга да. Мени эстеп, сагынат экенсиң деп сүйүнгөм ошол күнү. Сага болгон арзуум жаңыланып, сагынычым күчөгөн. Те бурулушка жеткениңде эжеңе байкатпай кылчая карап койгонсуң, мен тарапка. А, мен аркы көчөгө бурулуп кеткичең, артыңдан карап тургам...

*     *     *

Актурпак айылына жете келди автобус. Ушул айылдагы мектепке күнүгө 9-10 чакырымдай жол басып келип окучубуз. Биз окуган мектептин бир имаратында алиге чейин балдар окушат. Экинчиси айыл клубу болгон. Биз отуз жыл мурда отургузган өрүк көчөттөрү бүгүн кучак жетпес чоң дарак болуп, ысык көрүнөт көзүмө. Эми автобус түптүз Зарташка бет алды. Мен онунчуну бүтөр жылдагы сенин элесиң көз алдымдан кеткидей эмес...

*     *     *

Жийде кызуу гүлдөгөн учур эле.

— Келдиңби, Гүлү!? — дегем өзүмө карай шыпылдап басып келаткан жолуңду утурлай.

— Көп күтүп калдыңбы, Акпар? — дей берип, колумду секин кысып койдуң.

Экөөбүз шалыпаянын ичке уватын гадый корук тарапка бастык. Суу толтурулган шалыпая айдың көлдөй мелмилдеп, көктө да, суу астында да жайнаган жылдыздар. Сансыз жылдыздардын так ортосунда океандагы жалгыз кемедей Ай каалгыйт. Иттердин үргөнү угулат айыл тараптан. Алдыда Көкдайранын шау-шуусу... Коколору айрылгыча чардаган бакаларда тыным жок. Антсе да, ныксырап жаткан тынч айылга шай келип уккулуктуу.

Түн койнунда керилип, созулуп жаткан корук сырдуу. Корукту аралап аккан суусу тунук карасуудан балык жыты келет. Суу бетине ыргып, кайра «чулп» эте сууга түшө ойногон балыктардын күмүш жондору көрүнө калат Ай жарыгында. Кечки салкында корукту түркүн-түркүн жыт каптап кеткен. Баарынан жийде гүлүнүн баркыттай жыпар жыты!.. Корукка түшө бериш жар кашаттын кырында кыркалата өскөн жийде дарактары тегиз гүл ачкан.

– Ох, Акпар! Жийде бурактын жытын! Жүр шоякка барабыз.

Эңкейе өскөн жийделердин гүлдөгөн шактары мажүрүм тал сымал салаа-салаа, жерге жете ийилген. Шактары коюу жийденин түбүнө отурдук Гүлү экөөбүз. Түнкү желге жийде бурак шактар ыргалат. Кудум Гүлүнүн ийинине төгүлгөн чачтарындай напназик. Meн жийде бурак шактардан тандап, кайыра гүл чамберек жасадым да кыздын башына кийгизип койдум. Чырайы ого бетер ачылып, жийде буракка окшоп калды Гүлү. Айдыңкөлдөй мөлтүрөгөн көздөрүнүн жээктерин кирпиктери кештелеп, чала жумулуу.

- Жийде бурактын жытындай керемет жыт жоктур, э-э Акпар?!

- Андан өткөн жыттуу гүл деле бар!

- Кайсы гүлдү айтасын?

- Гүлү деген гүлдү айтам!

Гүлү эрдин маңдайыма тийгизди наздана.

Бу кечте бакытка балкыганбыз, экөөбүздөн башка бакытка балкыган адам уулу менен адам кызы жоктой.

- Акпар, Зарташты карасаң, балача көшүлө уктап атканын! — Гүлүнүн көздөрү, ак-саргыл жүзү, наристеникидей ширин уурту күлкүгө мелт-калт. – Эмки жылы мен дагы Ошко окууга барам. Жетелеше басабыз Оштун айлуу түндөрүндө!

О, ошондо мен кыздын таза ниетине толкундана, унчукпай кучактадым аны. Чоктой ысык, сымаптай сыйгалак жумуру денеси кучагымда миң туйлап атты, миң туйлап атты...

Коруктагы бадалдар ыргалат түнкү желге. Корук четиндеги Көкдайранын бир калыптагы шау-шуусу...

Сырдуу түндө Гүлүнүн сырдуу дүйнөсүнө үңүлүп, жыргалына батып отурам. Адатта башка балдарга кеп деле күлө бербей, бир сырдуу жүргөн, а түгүл колдорун бир кармагысы келген балдарды кагып салчу, мунусунан чочуп, эч ким тийише албаган чырайлуу кыз минтип айлуу кечте, жыты аңкыган айлуу түндө менин кучагымда!..

«Оо балдар! Эге-е-е-гей, балда-а-ар! Бизди көргү-лө-ө!..» — деп кыйкыргым келет түн жаңырта.

А, зарташтык балдар болсо ысык төшөктөрүндө өздөрү жакшы көргөн кыздарын түшүндө эңсеп ширин уйкуда. Зарташтын бүгүнкү айлуу, жийде жыты буркураган улуу түнү Гүлү экөөбүздүн гана энчибизде.

— Акпар, эми Оштон Зарташка качан келесиң? - Гүлү көкүрөгүмдөн башын көтөргүсү келбей эркелеп сурады.

— Окууга тапшырып, өтөөрүм менен келем.

— Ага чейин мен сага чырайлуу досормол даярдап коём, мени сагынганыңда жыттап жүрөсүң.

— А, мен сага Оштон не апкелем, билесиңби?

— Не?

— Кыпкызыл оромол.

— Шаптолунун пушту гүлүндөй кыпкызылбы?

— Ы-ы...

— Мен досормолго жийде гүлүн түшүрөм.

— Оо, Гүлү! Ал досормолду мен түбөлүк сактаймын!

— Сен алып келген жоолукту да мен түбөлүк сактаймын, покчого бекитем!

Гүлү ошондо бир бактылуу жылмайды дейсиң, аппапак тиштери кашкая, чоң көздөрү жоодурап, ого бетер башын көкүрөгүмө катып. Түрсүйгөн эки төшү көкүрөгүмө тирелип, жүрөгү «дүк-дүк». Түнкү жел улам салкын тартып, айлуу түн ого бетер тунуп, түн сыйкыры өзүнө оп тартат.

Ордубуздан турдук экөөбүз бири-бирибизге жөлөнө. Мен кошок-кошок шактуу жийде буракты кайрып, Гүлүгө узаттым.

- Муну кургатып, сактап жүр. Жийде бурак куураса ого бетер жыты аңкыйт.

- Куураган гүлүнөн сага кат жазганда конвертке салып турам...

Шашпай келатабыз айылга. Ай как чокуга келип, шалыпаялардын суусу мелмилдейт. Жылдыздар ааламында өкүмдарлык кылган Ай падыша бүт жан-жаныбарларды ширин уйкуга көөшүлткөн. Бүгүнкү кечти Ай падыша Гүлү экөөбүзгө ыраа керген шекилди. Шалыпаяларда тынымсыз чардаган бакалар да тынган. Иттер да ширин уйкуда. Бакытка балкыган айылым көөшүлөт.

Ай-ааламда Гүлү экөөбүз эле ойгообуз, уйкуну оюбузга албай.

– Мынаа, жеттик Зарташка! – деди жүргүнчүлөрдүн бири шаңкылдай сүйлөп.

– Ава, сумкамды алайынбы? – деген Гүлүнүн кызы мени күлө багып карап туруптур.  

Аталык мээрим менен чырайлуу жүзүнөн сүйүп койгум келип кетти. Бастым өзүмдү. Көчөдө ак шам. Үй-үйлөрүнө тарай берди келгендер. Авасынын короосуна кирип кетти Гүлүнүн кызы. Өмүр бою көзүмө ысык көрүнгөн көк дарбаза кыйч этти. Жүрөгүм дүк-дүк...

Шашпай бараттым атамдардын үйүнө. Эки дүйнөнүн ортосуна тургандай, али да өзүмө келбей.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз