О`Генри: Кактус

  • 04.10.2025
  • 598

АҢГЕМЕ

Убакыттын эң бир таң калыштуу касиети салыштырмалуулугунда эмеспи. Сууга чөккөн адамдын эсинде өткөн көз ирмемдер кандай ылдамдыкта өтөрүн баарыбыз эле билсек керек. Анда, бир адам сүйүүсүнүн бүт тарыхын бир көз ирмемде, мисалы, кол кабын чечкен убакытта кайра башынан өткөрүшү мүмкүн экенине эмнеге ишенбейбиз?

Дал мына ошондой абалга Трисдаль жалгыз бой жашаган батирине кайтып келип, буту талыгансып, үстөл жанында турган кезде кабылды. Дал ушул жерде, үстөл үстүндөгү бийик кызыл вазада бир кызыктай жашыл гүлдөр турган, бул кактустун түрү болчу. Анын узунунан келип ылдый ийилген жалбырактары шамалдын кичинекей эле эпкининен акырын, назик чайпалып турду.

 *     *     *

Трисдалдын досу, келиндин агасы четте отуруп, жалгыз ичип олтурганына чын дилинен кейиди. Жаштар фрак кийишкен. Бөлмөнү каптаган коюу күүгүмдө алардын ак жүздөрү, өңү өчкөн жылдыздардай жылтырайт.

Трисдаль мээлейин чечип жаткан учурда, капысынан көз алдына акыркы сааттардагы башынан кечирген азаптуу эскерүүлөр келе калды. Анын мурдуна чиркөөнү бүт курчап алгансыган чоң гүлдестелер, гүлдөрдүн жыты, кулагында миңдеген үндөрдүн жумшак дабышы, жука, түркүн түстүү көйнөктөрдүн шуудурашы жана дин кызматкеринин жай, созулган үнү жаңы үйлөнгөндөрдү түбөлүккө ажырагыс кылып бириктирип жаткандай сезилди.

Ушул акыркы жана үмүтсүз ой менен Трисдалдын акыл-эси тумандап, Эллисти кантип жана эмне үчүн жоготуп алганына жооп таба албады. Бул төгүндөлгүс чындыктан катуу таасирленип, ал күтүлбөгөн жерден мурда мынчалык ачык көрүнө элек нерсе менен, тагырак айтканда – өзүнүн ички, жасалмасыз, жылаңач "мени" менен бетме-бет келди.

Ал өз текебердиги, өзүмчүлдүгү жашырылган жамынчысын көрдү, бул башка адамдарга анын акылынын өз ордунда экенине шек келтирүүгө толук укук бере алат. Сырттан келген адамдар анын жанынын аянычтуу, жарды кабыгын өзүнөн алда канча мурда көрүшкөн деп ойлоп алып, бул оюнан ичиркенип кетти. Текеберчилик жана менменсинүү! Мына анын калканында кесилишкен эмблемалар! Эллис мунун баарынан канчалык алыс эле!

Бирок ошентсе да эмне үчүн...

Эки-үч саат мурда Эллис чиркөө алдындагы сыйынуучу бөлмөнүн бурчунан алтарды карай бурулган кезде, өзүн бир аз убакытка кармоого жардам берген кандайдыр жүрөгүнө бир азга сооронуч берген, бирок ошол эле учурда сыздатып ооруткан кубаныч пайда болду. Ал өзүнүн өлүк денедей кан-сөлү кетип кубарган өңүн азыр башка бирөөнү ойлоп жатканы менен гана актады. Бул адам анын күйөөсүнө эч кандай тиешеси жок эле, бирок аларды акыретке чейин байланыштырган рухий бийлик бар болчу.

Бирок бул акыркы, аянычтуу сооронуу да тез эле буу сыяктуу учуп кетти. Анткени, ал колун сунган адамды караган тез, нурун чачкан көз карашын көргөндө, Тристаль өзүнүн түбөлүккө унутулганын түшүнгөн.

Эллис мурда дал ушундай эле көз караш менен аны да караган учурлар болгон, ошондуктан ал көз караштагы катылган маанини өз тажрыйбасынан жакшы билчү. Мына ушундайча, анын акыркы таянычы талкаланды. Өзүнө болгон ишеними быт-чыты чыгып, эми иштин чыныгы абалы эч кандай шек жаратпас.

Бирок эмне үчүн баары ушундай аяктады? Алар урушкан жок, дегеле көңүл калтырчу эч себеп болгон эмес…

Ал миңинчи жолу ал кызда ага болгон мамиленин ушунчалык кескин өзгөрүшүнө алып келген акыркы күндөрдүн окуяларын акылы менен калыбына келтире баштады.

Кыз аны системалуу жана өжөрлүк менен бийиктикке көтөрдү, ал болсо падышалык кадыр-барк жана улуулук менен анын таазим белгилерин кабыл алды. Элисс ага ушунчалык назик жыпар жыттуу затын чачты! Ал өз сезимдерин ушунчалык сонун, ушунчалык мээримдүү, ушунчалык балалык чын ыкласы менен билдирди! Ал ага ушунчалык терең урматтоо менен чексиз сандагы артыкчылыктарды жана таланттарды ыйгаргандыктан, анын оозеки курмандыктарын эч кандай гүл же жемиш убада кылбаган чөл сыяктуу сиңирүүгө көнүп калган эле.

Тристаль кабагын бүркөп колундагы экинчи мээлейин жулкуп чечти да, кечиккен өкүнүч мурдагыдан да күчтүү сүйлөй баштады. Ал эч качан өзүнүн кылмыштуу өзүмчүлдүгүнөн, көйрөңдүгүнөн мынчалык азап тарткан эмес…

Ал Эллиске жанына, пьедесталга чыгып, анын улуулугун бөлүшүүнү сунуштаган кечти эстеди. Бардыгын эстеп калуу өтө азаптуу эле, ошондуктан ал өзүнүн эс-тутумуна кыздын ошол кезде анын алдында пайда болгон сүйкүмдүү сырткы кабыгын калыбына келтирүүгө уруксат берген жок.

Сүйлөшүү маалында Эллис ага мындай деген:

– Капитан Каруссерс мага сизди чыныгы испанча сүйлөйт деди. Эмне үчүн ушул убакка чейин бул билимиңизди менден жашырып жүрдүңүз? Мен дегеле дүйнөдө сиз билбеген эч нерсе жок деп ойлой баштадым!

Каруссерс акмак болуп чыкты, болду! Албетте, Тристаль клубда жүргөндө сөздүктөн таап алган эски, даамдуу кастилдиктердин макалдарын айтканды жакшы көргөнү үчүн күнөөлүү… Каруссерс, анын эң ооздугу жок күйөрмандарынын бири, анын күмөндүү билимин даңазалоо үчүн ар кандай ыңгайлуу жана ыңгайсыз учурларды пайдаланган, дал ушунда бул күмөндүү түшүнбөстүктүн негизги себеби жашырылган.

Бирок тилекке каршы, бул суктануунун жыпар жыты ушунчалык таттуу жана мас кылгандыктан, Тристаль жөн гана өзүнүн лингвистикалык талантын четке кагууга күчү жетпеди. Каршылык көрсөтпөстөн, Эллиске анын маңдайын испан тилин мыкты билген адамдын мыйзамсыз лаврлары менен кооздоого уруксат берди. Текеберленген толкундануунун алгачкы мүнөттөрүндө ал кийин гана билинген чыккынчыл тикендердин сайылганын сезген жок.

Ошол унутулгус кечте кыз абдан толкунданып, уяң эле! Ал бүткүл жан-дүйнөсүн ачып, анын бут алдына таштаганда, ал капаска түшкөн чымчыктай бүрүшкөн. Ошол учурда (жана азыр да!) ал анын көздөрүнөн “мен сендикмин” деген сөздү окугандай болгон. Бирок ал өтө тартынчаак жана жөнөкөй болгондуктан, ошол замат жооп берген жок.

– Жообумду эртең жөнөтөм! – деген ал, өзүн улуу, ишенимдүү жеңүүчү сезип. Ал жагымдуу жылмаюсу менен анын мөөнөттү узартышына макул болгон.

Эртеси ал анын катын чыдамсыздык менен күтүп, үйүнөн чыккан жок. Күндүз Эллис ага эч кандай каты жок, кызыктай кактусту жөнөттү. Жалгыз гана гүлдүн варвардык же ботаникалык аталышы көргөзүлүп турган этикеткасы бар эле!

Тристал кечке чейин күттү, бирок анын жообу келген жок. Өзүнүн чексиз текебердиги жана жараланган намысы ага кызга барып, түшүндүрмө талап кылууга жол берген жок. Эки күндөн кийин кечинде алар досунун үйүндө кечки тамакка жолугушту. Саламдашуулары расмий болду. Бирок Эллис таң калган, толкунданган, суроолуу көздөрү менен Тристалды карады. Тристал болсо абдан сылык, бирок бриллианттай катуу, муздак, текеберчилик менен анын түшүндүрмөсүн күтүп турду. Анан таза аялдык шамдагайлык менен Эллистин жүзү жана жүрүм-туруму тез өзгөрүп, кардай муздак болуп кетти...

Ошентип алар биротоло ажырашып кетишти. Ким күнөөлүү? Эми өзүнүн бийик ордунан кулаган Тристаль текебердигинин сыныктарынан жооп издеп таппай калды.

Ошол учурда ушул эле бөлмөдө олтурган адамдын үнү анын оюн бузуп, ал кайра эсине келди.

– Каргыш алгыр, Тирсталь! — деп кайрылды, нааразы болгон Эллистин бир тууганы. – Кудай үчүн, мага эмне болуп жатканын түшүндүрүп берчи. Конок катары тойго келген кишидей эмес, өзүң жаңы эле үйлөнүп жаткандай абдан аянычтуу жана байкуш көрүнөсүң. Бул кылмыштын экинчи катышуучусуна, мага көңүл бурчу! Мен ыплас, жийиркеничтүү банан кайыгында эки миң миль жол басып, Түштүк Америкадан бери карындашымдын көңүлү үчүн гана келдим. Карабайсыңбы, мойнумдагы бул оор жүктү кандай жеңилдик менен көтөрүп жатам. Жалгыз карындашым эле, эми аны да жоготуп алдым окшойт, айла канча, досум кел, жеңилдеп каласың андан көрө ичип ал!

– Ооба, бул чын... Бир нерсе ичиш керек! – деп жооп берди Тристаль.

– Сен экөөбүздүн ортобузда эле болсун, сенин коньягың болбогон жугунду экен! — деди досу ордунан туруп, жакындап келе жатып. Пунта-Редонда келип, биздин кары Гарсиа даяраган брендиден ичип көр. Ишендирип кетем, узак жана алыскы сапарга чыкканыңа өкүнбөйсүң. Токтой тур, байкеси, токтой тур, мен бул жерден эски таанышымды көрүп турам! Айтыңызчы, бул кактусту кайдан алдың?

– Достун белеги! – Трисдаль тайсалдап жооп берди. – Сен бул түрдү билесиңби?

– Билбегендечи! Мен муну жакшы билем! Муну Пунтада бардык жерден тапса болот, тропикалык өсүмдүк. Анын этикеткасында ушундай аталышы бар! Сен испанча билесиңби, Трисдаль?

– Жок!

Трисдаль ачуу жылмаюу менен жооп берди.

– Испанча жазылганбы?

– Албетте!

Менин жердештерим кактус жалбырактары жиберилген адамдарга мээримдүүлүк менен салам айтат деген байыркы ишенимди карманат. Ошондуктан түштүк америкалыктар кактустун бул түрүн «Вентомарме» аташат, бул испанча «Кел, мени ал» дегенди билдирет.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз