АҢГЕМЕ
Мен Питер Мелроузду жактырамбы же жокпу, чече албай жүрдүм. Ал жакында дайыма жаңы таланттарды издеп чабагандап жүргөн, бир аз зериктирме жана кадыр-барктуу коомчулуктун кызыгуусун жараткан романын жарыялаган болчу. Түшкү тамакка чакырууларга баргандан башка эч нерсени билбеген улгайган мырзалар аны кыздын баласындай макташса, күйөөлөрү менен тил табыша албаган, тыпыйган сымбаттуу аялдар анын келечеги бар деп эсептешчү. Мен ал роман тууралуу бир нече сын-пикирлерди окудум. Алар бири-бирине карама-каршы эле. Айрым сынчылар бул биринчи романы авторду эң мыкты англис жазуучуларынын катарына кошту дешсе, башкалары катуу сынга алышкан. Аны окуган жокмун, анткени тажрыйбамдан улам китеп сенсация жаратса, аны жок дегенде бир жыл окубаш керектигин билчүмүн. Андан да такыр окулбай калган канча китеп бары таң калыштуу эле.
Бирок тагдырдын буйругу менен кудайдын жакшы күндөрүнүн биринде Питер Мелроуз менен жолугуп калдым. Анын коктейль ичүүгө чакырыгын кабыл алып, эмнегедир бир жагымсыз иш болорун сездим. Ал мени Блумберридеги кайрадан оңдолуп салынган үйдүн эң үстүнкү кабатында тосуп алды, өйдө көтөрүлүп, төртүнчү тепкич аянтына жеткенде күйүгө түштүм. Үйдүн кожойкелери орто жаштагы толмочунан келген эки аял экен. Мындай келбеттеги аялдар автомобил моторун жакшы билишет, жамгырлуу күндөрү сейилдегенди сүйүшөт, жолдо келатып кагаз баштыктардагы тамак-аштарды жешет, ошентсе да өздөрүндөгү аялга тиешелүү назиктигин жоготушпайт. Алар “биздин устакана” деп атаган (алар жетиштүү турмушта жашашкандыктан, өмүрүндө иштеп көрүшкөн эмес) мейманкана кенен, бош бөлмө болчу. Үй жасалгаларынан дат баспаган темирден жасалган олтургучтар (алар үй ээлеринин салмагына араң туруштук берчүдөй көрүндү), үстүнө айнек коюлган үстөл жана куландын териси салынган такта коюлуптур. Дубалда китеп текчелери, Англиядагы белгилүү Сезаннанын, Брактын, ошондой эле Пикассонун белгилүү сүрөттөрүнүн көчүрмөлөрү илиниптир. Китеп текчелеринде он сегизинчи кылымга таандык бир нече кызыктуу китептерден тышкары (порнографиянын жашы болбойт эмеспи), учурдагы авторлордун, көпчүлүгү биринчи басылышындагы китептер экен.
Мени кээ бир китептериме кол тамга коюп берүү үчүн чакырышыптыр.
Киши деле аз: аялдардан – дагы бир аял, сыягы кожойкенин сиңдилеринен го, анткени ал дагы толук, шыңга бойлуу, ыкчам, бирок бардык жагынан берки аялдарга караганда жете бербегенсип көрүндү. Мен анын ысымын жакшы укпай калдым, бирок ал Буфалз деген чакырыкка жооп берип жатты. Эркектерден менден башка Питер Мелроуз өзү болду. Ал жыйырма эки, жыйырма үч жаштардагы орто бойлуу, бирок келбетсиз, тулку бою квадрат сыяктанган, кызыл жүздүү, бет териси кердирип койгонсуп тысырайган, еврей болбосо да семиттердикиндей чоң коңкогой муруну, түктүйгөн калың каштарынын алдында бир нерсеге кабатырланып караган жашыл көздүү жигит экен. Кыска тегиздеткен кара коңур чачтарынын арасынан какачы көрүнүп турду.Үстүндө норфолк курткасы, көгүш чий баркыттан тигилген шым – адатта Челсидеги Кингз-роудта жылаңбаш каңгып жүргөн көркөм окуу жайынын студентери ушундай кийинишет. Кыскасы, жагымсыз жигит.
Ал башкалардын пикири менен эсептешпеген, өзүн жогору койгон, өз билгенин бербей жакалашканга чейин барган кежир болуп чыкты. Калемдештерин, жазуучуларды чындап жаман көргөн, алар тууралуу сөз болгондо кызууланып кетмей адаты бар экен. Анын кадыр-барктуу адамдарга карата сындарынан ырахат алсам да, ал кээде аша чаап жатат деп ойлодум, бирок сактык кылып ага каяша айткан жокмун. Бирок азыр булардын босогосунан чыгарым менен мен тууралуу да ушундай сөздөр сөзсүз айтыларын ойлогондо бир аз маанайым сууй түштү. Ал сүйлөй билет экен. Чукугандай сөз тапкан сөзмөрлүгү бардай.
Балким анын куйкум сөздөрүнө аябай күлмөкмүн, бирок ал жердеги үч аял мага мүмкүнчүлүк берген жок. Алар орундуубу, орунсузбу – анын ар бир сөзүн кубаттап, болушунча катуу каткырып жатышты. Ал тынымсыз сүйлөгөндүктөн маанисиз сөздөр көп айтылды, албетте, арасында акылдуу ойлор да бар. Өзү моюнуна алгандай, алигиче калыптана элек, өтө оригиналдуу эмес, бирок чын ниетинен чыккан өз көз карашы бар экен дүйнөгө. Баарынан да анын жашоого болгон көбүрүп кайнаган кумарлануусу, тоодой тоскоолдуктарды сезбеген кайраты таң калтырды мени. Андан чыгып турган жалындын табы, айланасындагыларга да таасир берип жаткансыйт.
Мелроузда жашоого болгон таң калыштуу жөндөмдүүлүктөн тышкары дагы бир нерсе бар болчу, үйүмө кайткан соң ал эмне деп кызыктым. Анын таланты бар, жогун айтуу кыйын эле (мындай романдарды көп эле жаштар жаза алышат, бирок бул эч нерсени билдирбейт). Бирок мага Мелроуз адамдык сапаттары боюнча башкалардан айырмаланып тургандай сезилди. Жашы отузга барганда бара-бара курч мүнөзү жумшарып, жашоо тажырыйбасы аны мурда ойлоп жүргөндөй анча деле акылдуу эмес турбаймынбы деген жыйынтыкка келип, кызыктуу, жагымдуу адамга айланар адамдардын бири эле. Бирок ага кандайдыр бир убакыттан кийин кайрадан жолугам деп ойлогон эмесмин. Бир аз күн өткөндөн кийин андан бир нече жакшы каалоолору жазылган романын алганда таң калдым. Романды окуп чыктым.
Ал автобиографиялык чыгарма эле. Окуясы Сассекс деген кичинекей шаарда өтүп, каармандары буржуазиянын жогорку катмарындагы адамдары, башкалардан кирешеси көп деген пикирди жаратуу үчүн болгон күчтөрүн үрөп аракет жасашканы баяндалат. Мелроуздун юмору бир топ одоно жана уятсыз эле. Ал негизинен карыган жана жакыр адамдарды шылдыңга алгандыктан мага абдан жагымсыз таасир калтырды. Питер Мелроуз ал бечаралардын көргөн азаптуу турмушун, жакырчылык менен күрөшүүгө канчалык күч-кубат талап кылынарын, алар шылдыңдоого эмес, боор ооруга татыктуу экенин түшүнбөйт көрүнөт. Бирок романда айлана-чөйрөнүн сулуулугун, айыл турмушунун айрым учурларын мыкты сүрөттөгөн жерлерин жолуктурдум. Бул автордун материалдык нерселерге катылган купуялуу сырларын терең түшүнгөнүнөн кабар берет. Китеп жеңил, ойкуштабаган, жасалмасыз жөнөкөй тилде жазылыптыр, автор сөз маанисин жакшы түшүнгөнү көрүнүп турду. Бирок аны өзгөчө мыкты кылып, эл көңүлүн өзүнө тартып турган, сюжетининин негизин түзгөн кумары күчтүү сүйүү баяны болчу.
Сюжет азыркы учурдун талабына ылайык, бир топ чала иштелген, ошол эле учурдун манерасына ылайык роман эч кандай жыйынтыгы жок, жөө тумандын арасында калгансып, баары башында кандай абалда болсо, ошол абалга кайра барып калуулары менен аяктайт. Бирок ошол эле убакта романтикалуу, сезимдерди козгогон жаш сүйүү тууралуу баян терең берилүү менен сүрөттөлүп, жан дүйнөңдү козгоп, демиңди ичиңе алып, окуяга кирип кеткениңди сезбей каласың. Китеп беттеринен жашоонун тамыры күргүштөп согуп турат. Бир да ачылбаган караңгы бурч жок. Баары акылга сыйбаган, уятсыз жана эң сонун, баары кудум жаратылыштагыдай. Албетте, бул чыныгы кумарлануу болчу. Дүйнөдө эч бир нерсе мынчалык толкундата да, суктандыра да албайт эле.
Мен Питер Мелроузга роман жөнүндө эмне ойлогонумдун баарын жаздым, ага бир жерден жолугуп бирге тамак ичүүнү сунуш кылдым. Эртеси ал мага чалып, кайсы убакта жолугарыбызды макулдаштык. Ресторанда бири-бирибизге карама-каршы отурганыбызда, анын тартынчак мүнөзүн көрүп таң калдым. Ага коктейль сунуштадым. Ал бир топ чечендик менен сүйлөп жатты, бирок анын өзүнө келе албай ыңгайсызданганын байкадым. Мага анын өзүнө болгон ишеними, балким, өзүнөн да жашырууга аракет кылган тартынчаактыгын жашыруу үчүн жасалган бир көрүнүш сыяктуу туюлду. Анын мамилеси одоно жана комсоо болчу. Ал орой сөз айтып алып, анан уялганын жашыруу үчүн жалган күлкү менен жаап жатты. Ал өзүн кайраттуу адамдай көрсөтсө да, маектешинин колдоосуна муктаж болчу. Ачууга тие турган сөздөрдү айтса да, өзүн мажбурлап, өзү оюндагыдай жакшы адам болуп көрүнүүгө далалаттанып жатты. Ал өз калемдештеринин пикирлерине макул болбой жек көрүүгө чейин барды, бул ага баарынан маанилүү болчу. Менимче, ал абдан жагымсыз жигит экен, бирок ага каршы эч жаман оюм жок эле. Акылдуу жаштардын жагымсыз болушу табигый эмеспи.
Алар өздөрүнүн таланттуу экенин билишет, бирок аны кайсыл жерде кантип пайдаланышты билишпейт. Алар кадырымды тааныбайт деп бүт дүйнөгө нааразы. Алардын дүйнөгө берер көп нерселери бар, бирок алардан бир нерсе алам деп колун созгон эч ким жок. Алар өздөрү сөзсүз татыктуумун деген атак-даңктын келишин чыдамсыз күтүшөт. Жок, мен жагымсыз жигиттерге каршы эч арам оюм жок, бирок алар сүйкүмдүү көрүнө баштаганда этият боло баштайм.
Питер Мелроуз өз китеби тууралуу сөз кылууну анчейин жактырбайт экен. Мага жакканы, мен анын китебин мактай баштаганда, ансыз да кызыл жүзү албырып, ал эми сын пикиримди укканда уялганынан кирерге жер таппаганын көрүп, өзүм ыңгайсыз абалга кабылдым. Ал китеби үчүн өтө эле аз акча алыптыр, андан тышкары басмакана ээлери ага кийинки жазылчу китебинин эсебинен бир аз калем акы төлөшөт экен. Ал китебин жаңыдан жаза баштаптыр, бирок тынчырак, алысырак барып жазсам деп ойлоп жүрүптүр, менин Ривьерада жашаганымды билип, ал жерде арзан, тынч, деңизге түшүүгө ыңгайлуу жер барбы деп сурады. Ага ылайыктуу бир нерсе тапмайынча, менин үйүмдө бир нече күн жашап турууну сунуштадым. Сунушума жүзү нурданып, а жашыл каректери жайнай түштү.
– А мен сизге тоскоол болбоймунбу?
– Жок. Мен иштейм. Сизге жатканга бөлмө, үч маал тамак сунуш кыла алам. Албетте, көңүлсүз болот, бирок сиз каалагандай жашайсыз.
– Эң сонун! Эгер келер болсом, эртерек айтып койсом болобу?
– Албетте.
Биз коштоштук, бир жума же эки жумадан кийин үйүмө жөнөдүм. Бул май айында болгон. Июнь башында Питер Мелроуздан кат алдым, анда ал менин үйүмдө бир нече күн жашап турууга болгон чакыруумдун чындыгы барбы, белгилүү бир убакта келе аламбы деп сураптыр. Албетте, чын дилимден айткам, бирок эми бир ай өткөндөн кийин, мен аны эки жолу гана көргөн текебер, жаман тарбияланган, мага таптакыр кызыксыз жигит экенин гана эстедим. Эми анын келишин таптакыр каалабадым. Менин оюмча, ал мени тажатат болуш керек. Өтө обочолонгон жашоо өткөрчүмүн, адамдар менен аз жолугушчумун. Эгер ал мен ойлогондой орой болуп чыкса, үй ээси катары өзүмдү кармашым керек болот, мээмдин далайын жейт деп ойлодум. Чыдамым түгөп, анын буюмдарын жыйнап, машине берип, жарым сааттан кийин анын бул жерде изи да калбасын деп кубалап чыкканымды элестетип жибердим. Бирок убада берип койгон соң, айла жок. Эгер ал үйүмдө бир аз жашаса, анда ал тамак-ашка, батирге кетчү каражаттан бир аз үнөмдөйт, эгер өзү жазгандай чындап эле кыйналып, бактысыз жүргөн болсо, мунун баары ага пайдалуу болушу мүмкүн. Телеграмма жөнөттүм, көп өтпөй келип калды.
Мен аны станциядан тосуп алганда, боз момосуй шым, твид куртка кийип, чаң басып, бир аз жүдөңкү көрүнгөн, бирок үйгө келип бассейнге түшүп ак шорт, коше көйнөгүн кийип чыкканда таптакыр жаш балага окшоп калды. Ал Англиядан сыртка биринчи жолу чыккандыктан бир аз толкунданып жаткан. Тааныш эмес чөйрөдө ал өзгөрүп, жөнөкөй, жоош, жаш бала сыяктуу болуп калгансыды. Аябай таң калдым. Кечинде бакчадагы кечки тамактан кийин, тынчтыкты кичинекей жашыл бакалардын чардаганы гана бузуп турду. Ал мага өзүнүн жаңы чыгармасы жөнүндө айтып бере баштады. Бул жаш жазуучу, атактуу примадонна жөнүндө романтикалык окуя болчу. Бул тема Уиданы эске салды. Атүгүл көңүлүм ачыла түштү, анткени мен бул күчтүү таасирдин туткунудагы жаш жигиттен мындайды күткөн эмесмин. Моданын айланып келип, муундан муунга бир эле темага кайтып келгенин көрүү кызык болду.
Питер Мелроуз аны эң заманбап түрдө чечмелей турганына эч күмөнүм жок эле, бирок баары бир бул сексенчи жылдардагы үч томдук романдын сентименталдуу окурмандарын суктанткан ошол эле эски окуя болчу. Мелроуз окуяны эдуардиандык доордун башталышына көчүрүүнү ойлонуптур, бул ага фантастикалык алыскы заманда өткөндөй сезилген. Мелроуз сүйлөй берди. Аны угуу жагымсыз болгон жок дешке болбойт. Ал өз кыял-жоруктарын, жагымсыз, көрүнүктүү эмес жаш жигиттин күлкүлүү, таасирдүү кыял-жоруктарын беллетристикалык формага салып жатканын байкаган жок. Ал өзүн укмуштуудай сулуу, атактуу жана жаркыраган аялдын сүйүктүүсү деп элестеткен. Мен ар дайым Уиданын романдарынан ырахат алчумун, Питердин фантазиясы мага жакпады дешке болбойт. Питер өзүнүн сүрөттөө жөндөмү, материалдык дүйнөнү, кездемелерди, эмерек деталдарын, дубалдарды, дарактарды, гүлдөрдү кабыл алуу жөндөмү, жашоого болгон кумарды, сүйүү кумарын өзүнүн ыңгайсыз денесинин ар бир клеткасында билдире билүүсү менен кооз, акылсыз жана поэтикалык нерсе жаза алат деп ойлодум.
Бирок мен ага бир суроо бердим:
— Сиз качандыр бир кезде примадонна менен жолуккан белеңиз?
— Жок, бирок болгон автобиографияларды, эскерүүлөрдү окуп чыктым. Аларды кылдаттык менен изилдедим. Үстүртөн гана эмес, ар кандай жолдор менен ачыкка чыгаруучу штрихтерди жана кызыктуу деталдарды алдым.
— Каалаганыңызды таптыңызбы?
— Таптым деп ойлойм.
Ал мага өз каарманын сүрөттөп бере баштады. Ал жаш келишимдүү, бир аз чорт кыялы бар, бирок ак көңүл аял болчу.
Ал кең пейил адам эле. Музыка анын бүткүл жан дүйнөсүнүн ээси эле; музыка анын үнүндө гана эмес, жаңсоолорунда, жашыруун ойлорунда да угулчу. Ал көрө албастыкты билчү эмес, искусствону кабыл алуусу ушунчалык терең болгондуктан, башка ырчы аны таарынтса да, ал өз ролун кандай сонун аткарганын укканда аны кечирип койчу. Ал өзгөчө берешен болчу. Башка бирөөнүн бактысыздыгы жөнүндөгү окуя анын назик жүрөгүн козгосо, ал колунда болгондун баарын берип салчу. Ал чын дилинен сүйө билчү, ал өзүн сүйгөн адамга бүт ааламды берүүгө даяр болчу. Ал акылдуу, көп нерсени окуган, назик жана өзүмчүл эмес эле. Чынын айтсам, ага ишенүүгө мүмкүн болбой тургандай өтө эле жакшы болчу.
— Менимче, сиз кандайдыр бир примадонна менен жолугушуңуз керек, - дедим акыры.
— Бирок кантип?
— Ла Фальтерона жөнүндө уккан белеңиз?
— Албетте. Анын эскерүүлөрүн окугам.
— Ал бул жерде, жээкте жашайт. Мен ага чалып, кечки тамакка чакырайын.
— Чынбы? Андай болсо сонун!
— Өзүңүз күткөн нерсени андан таппасаңыз, мени күнөөлөбөңүз.
— Мен чындыкты гана билгим келет.
Ла Фальтерона жөнүндө кимдер гана уккан эмес! Мельба дагы мынчалык атак-даңкка ээ боло алган жок. Азыр Ла Фальтерона операда ырдабай калды, бирок анын үнү дагы деле сонун, ал дүйнөнүн каалаган жериндеги концерттик залды кооздомок. Ар бир кышта ал узак гастролго чыгып, жайында деңиз жээгиндеги виллада жашачу. Ривьерада адамдар бири-биринен отуз миль аралыкта жашаса, өздөрүн кошуна деп эсептешет. Акыркы жылдары Ла Фальтерону көп көрүп жүрдүм. Ал жалындаган мүнөзү бар аял болчу. Ырдаганы менен гана эмес, сүйүү окуялары менен да атактуу болгон. Алар жөнүндө оңой эле айтып берчү, көп учурда анын эң укмуштуу касиеттеринин бири болгон юмору менен кулагымды өзүнүн бай, кээде таажылуу күйөрмандары жөнүндө сенсациялуу окуяларын айта баштаганда, анын сөздөрүнүн сыйкырына арбалып, сааттар бою отура берчүмүн.
Бул окуяларда кандайдыр бир чындыктын үлүшү барына ыраазы болчумун. Ла Фальтерона үч-төрт жолу турмушка чыккан, бирок кыска убакытка; күйөөлөрүнүн бири Неаполитан князы болгон. Ла Фальтеронанын аты кандайдыр бир титулдан чоңурак деп эсептеп, ал княздын атын алган эмес (чынында, ал муну кыла алган жок), бирок анын күмүш, бычак жана кечки тамак сервиздеринде анын калкан жана таажысы бар герби менен кооздолчу. Ал эми кызматчылар дайыма Ла Фальтерону madame la princesse аташчу. Ал өзүн венгриялыкмын дечү, бирок англис тилинде сонун сүйлөп, бир аз акценти (эгер эстесе) жана Канзас штатынын тургундарына таандык интонациясы боло турган. Муну ал атасынын, саясый качкын катары ал кичинекей кезинде Америкага качып келгендиги менен түшүндүрчү. Бирок ал өзүнүн либералдык көз караштарынан улам кыйынчылыкка кабылган көрүнүктүү окумуштуубу же эрцгерцогиня менен болгон романы үчүн императордун каарына калган жогорку даражалуу венгрби, аныгын так билбейм дечү. Шартка жараша, ал артисттердин арасында артист, ал эми асыл тектүүлөрдүн арасында белгилүү асыл айым болчу.
Ал чын ниети менен жөнөкөй болууга аракет кылса да, ал ийгиликке жетмек эмес, бирок ал мага башкаларга караганда көбүрөк ишенип, сырларын жашырбай ачык айтчу. Ал искусствонун бардык түрүнө тубаса жек көрүү сезимин сактаган. Ал искусствону чын жүрөктөн ири алдамчылык деп эсептеп, бирок жүрөк түпкүрүндө анын жардамы менен эл арасында ийгиликке жеткенине кубанчу. Моюнга алам, Питер Мелроуздун Ла Фальтерона менен болор кагылышы мага көптөгөн сардондук көңүлдүүлүк ачууларды тартуулайт деп күткөм.
Ал менин үйүмдө кечки тамак ичкенди жакшы көрөр эле, анткени ага бул жерде жакшы тамак берилерин билген. Ал өз фигурасына абдан көз салып, күнүнө бир гана жолу тамак жечү. Бирок тамактын көп жана даамдуу болушун жакшы көрчү. Аны саат тогуздарга келүүсүн сурандым, анткени анын табити ушул убакта гана ачыларын билчүмүн, кечки тамакты саат он жарымга даярдоону буюрдум.
Ал тогуздан бир аз өткөндө келди. Төш жагы өтө ачык, ал эми аркасы жабык жашыл-боз жибек көйнөк кийип келди. Мойнунда чоң бермет шуру, манжаларында кымбат баалуу шакектер, а сол колунда билегинен чыканагына чейин алмаз, изумруддардан жасалган билериктери бар эле. Таштардын эки-үчөөсү чыныгы алтындан экени дароо байкалды. Кара чачынын арасынан кууш, бриллианттар тизилген диадема жаркырап турду. Страффорд үйүндөгү эң сонун балга даярданып жатканда да ал мындан өткөн сулуу көрүнмөк эмес. Биз болсо жөнөкөй, ак кенеп костюмчан элек.
– Оо, кандай сулуусуз! – дедим. — Бирок сизге бул расмий кечки тамак эмес деп айттым эле го.
Ал кара көздөрү менен Питерди бир карап алды.
– Жок, бул расмий кечки тамак. Андан башкача болушу мүмкүнбү? Сиз мага досуңузду таланттуу жазуучу дедиңиз. Мен болгону аткаруучумун. – Ал манжасын жаркыраган билериктердин үстүнөн жай, сыймыктана сылап койду.— Бул сүрөтчүгө жана жаратуучуга болгон терең урматтын белгиси.
Оозумдан камбат сөз чыгып кете жаздап араң токтоттум да, ага дароо коктейль сунуштадым. Анткени ал кайсынысын жактырарын билчүмүн. Мага аны Мария деп кайрылууга уруксат берген, өзү мени дайыма "маэстро" атайт. Мунун эки себеби бар: биринчиси – мен өзүмдү акмак сезип жатканымды билгени үчүн, экинчиси – чындыгында менден болгону эки-үч жаш кичүү болсо да, өзүн башка муундун өкүлү катары көрсөткүсү келгени. Бирок кээде "арамза жигит" деп да коёт.
Ошол кечте ал отуз беш жаштардагыдай көрүндү. Бет түзүлүшү бир аз ири болгондуктан, жашын жашырып койчу. Сахнада эле эмес, турмушта да сулуу эле. Чоң мурду, кең оозу, томпок жаактары деле ажарын бузчу эмес. Күңүрт түстөгү тоналдык крем сүйкөнүп, кара кызыл эндик койгон, эриндери кыпкызыл болуп жалтырап турчу. Сырткы көрүнүшү испаниялык аялдай. Менимче, ал өзүн ошондой сезчү, себеби кеченин башында эле севильялык акцент менен сүйлөп жатты.
Анын сүйлөй беришин кааладым, Питер андан мүмкүн болушунча көп маалымат алгысы келди. А мен дүйнөдө ал сүйлөй ала турган бир гана тема бар экенин билчүмүн...
Чынында, ал анчалык акылдуу аял болбосо да, токтолбой сүйлөгөндү үйрөнүп алгандыктан, алгач жолуккандарды таасирлентип, өзгөчө адамдай сезилчү. Бирок бул жөн гана көрүнүш эле. Көп өтпөй анын эмне жөнүндө сүйлөп жатканын билбегени, атүгүл сөз болуп жаткан нерсеге кызыкпаганы даана байкалчу. Менимче, өмүр бою бир да китеп окуган эмес. Анын дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу билими жасалгалуу журналдардагы сүрөттөрдү кароодон чогулткан маалымат менен чектелчү. Сүйүү, музыка жөнүндөгү сөздөрү курулай кеп эле.
Бир жолу концертте, аны менен чогуу болгом. Ал бүтүндөй Бешинчи симфонияда уктап калды, кийинчерек анын бирөөгө Бетховен ага кандай таасир эткенин айтканын укканда, абдан таң калдым. Ал тургай аны угууга баруу керекпи, жокпу деп да күмөн санаптыр, анткени башында ушул темалар жаңырып, ал түнү бою көзүн ирмебептир. Ошондой эле болмок, симфониянын аткарылышы учурунда ушунчалык катуу уктагандыктан, түнкү уйкуга муктаж эмес эле.
Бирок ал эч качан кызыгуусун токтотпогон бир тема бар болчу. Ал аны тынымсыз энергиясы менен жандуу сактап, өнүктүрүп келген. Эч кандай тоскоолдук аны бул темадан алаксыта алган эмес. Кокустан айтылган ар бир сөз, бул теманы кайрадан жандандыруучу көпүрө сыяктуу эле. Ошол учурда ал өзүнүн чексиз акыл-парасатын, шексиз жөндөмүн жаркырата көрсөтчү. Бул темада ал курч, жандуу, терең ойлуу философ, кээде кайгылуу, кээде жаңы идеяларды жараткан ойлоп табуучу. Ал өзүнүн чексиз ой күчүн толук колдонуп, ой чабытынын ар тараптуулугуна эч кандай чек койгон эмес. Бул тема, албетте, өзү тууралуу эле. Ага бул теманын башталышын берсем, андан ары менден ылайыктуу сөздөрдү кошуп, аны коштоп жүрүү гана талап кылынчу.
Ал бүгүн да табында эле. Кеч кирип, биз жаратылыштын коюнунда кечки тамакка отурдук. Алдыбызда жаткан деңизди толгон ай нуруна бөлөп, сырдуу жарык чачып турду. Жаратылыштын өзү ушул учурга ылайыктап, кереметтүү көрүнүштү жараткан эле. Сахнанын эки жагында бийик өскөн кара кипаристер террасабызды айланта өсүп, жыты адамды мас кылчудай буркурап гүлдөгөн апельсин дарактары. Аба тынч, ырп эткен жел жок, ал эми үстөлдөгү шамдар алсыз нурун чачып жанып турду. Бул жарык Ла Фальтерона үчүн эң ылайыктуу эле. Ал биздин ортобузда отуруп, тамакты табит менен жеп, шампанды ырахаттана ичип отурду. Ал айга көз чаптырды. Деңиздин бетинде кең күмүш жол жылтырап жатты.
— О, жаратылыш кандай сонун! — деди Ла Фальтерона. — Кудайым-ай, кандай керемет сулуулук! Ушундай учурда кантип ырдабай койсо болот? Билесизби, Ковент-Гардендеги декорациялар жөн эле ачууңду келтирет! Акыркы жолу ал жерде "Жульеттаны" аткарганда, аларга айды оңдоп коймоюнча сахнага чыкпайм дедим.
Питер унчукпай угуп жатты. Ал анын ар бир сөзүн кармап жаткансыйт.
Ла Фальтерона мен кыялданууга батынгандан да ашып түштү. Аны шампан эле эмес, өзүнүн көп сөздүүлүгү мас кылып койду. Аны укканда, ал бүткүл дүйнө каршы турган момун жана зыянсыз жандык деп ойлошуң мүмкүн эле. Анын бүткүл жашоосу коркунучтуу адилетсиздиктер менен чексиз ырайымсыз күрөш болгон. Менеджерлер ага ырайымсыз мамиле жасап, импресариолор жаман тамашаларды айтып, ырчылар аны кыйратуу үчүн биригип, анын душмандары тарабынан сатып алынган сынчылар ал жөнүндө чуулгандуу макалаларды жазышчу. Алар үчүн бардык баалуу нерсесин курмандыкка чалганына карабай сүйгөндөрү кара ниеттик менен таштап кетип, бирок ошентсе да ал бардыгын өз генийлигинин, сейрек кездешүүчү акылдуулугунун аркасында жеңип чыккан.
Чыныгы, жасалмасыз кубаныч менен көздөрү жайнап, ал өз алдамчылыктарын кантип ашкерелегенин, жолунда турган акмактарды кандай кырсык басканын айтып берди. Мени таң калтырганы – анын өзүн уятка калтырган окуяларын ачык айтууга кантип батынганы болду. Өзүнүн эмне кылып жатканына маани бербей, ал өзүн өч алуучу, көрө албас, таш боор, укмуштуудай текебер, ырайымсыз, өзүмчүл, пайдакор интриган катары сүрөттөдү. Анда-санда уурданып Питерге көз салып, примадоннанын идеалдуу образын ырайымсыз чындык менен салыштырганда ал кандай ыңгайсыздыкты сезип жатканын ойлоп койдум. Ла Фальтеронанын жүрөгү жок болчу.
Акыры ал кеткенде, жылмайып Питерге карадым.
— Мына, — дедим, — эми, жок эле дегенде сизде ылайыктуу материал бар.
— Ооба, мунун баары абдан керек, — деди ал шыктануу менен.
— Чын элеби? — дедим таң калып.
— Ла Фальтерона каарманымдын дал өзү. Аны менен жолугушканга чейин мүнөзүнүн негизги сызыктарын чийип койгонума ал эч качан ишенбейт.
Мен ага таң кала тигилдим.
— Искусствого болгон жалындуу сүйүү. Өзүмчүлдүк жок. Анын жан дүйнөсүндө оюмда турган асылзаттык бар. Майда-чүйдө, одоно, бош нерселер ага тоскоолдуктарды жараткан, бирок ал максаттын улуулугунун, тазалыгынын аркасында гана бардыгын жолунан шыпырып салды. — Ал бактылуу күлүп койду. — Жаратылыш искусствону кайталаганына таң калбайсызбы? Сизге ант берем, мен түз эле машаанын дал ортосуна тийдим.
Мен оозумду ачууга даярданып барып токтодум. Ичимден гана баш чайкадым. Питер өзүнө эмнени көргүсү келсе, ошону көрдү. Анын элесинде сулуулукка жакын нерсе бар эле. Ал өзүнчө акын болчу. Биз уктоого кеттик, эки-үч күндөн кийин ал өзүнө ылайыктуу баш калкалоочу жай таап, менден кетти.
Көп өтпөй анын китеби жарык көрдү. Жаш жазуучулардын экинчи романдары сыяктуу эле, анын ийгилиги анча деле болбоду. Сынчылар анын биринчи китебин ашыкча макташкан болсо, эми өтө катаалдык менен тепкилешти. Албетте, өзүң жөнүндө жана бала кезиңден билген адамдар тууралуу роман жазуу; ойдон чыгарылган каармандар тууралуу китеп жазуу таптакыр башка нерсе. Питердин романы өтө эле узун болуп калган. Сөздөрдү сүрөттөөдө таланты ага чыккынчылык кылып, юмору да орой болчу. Бирок Питер доорду чеберчилик менен кайра жаратып, бул романтикалык окуяда анын биринчи китебинде мени таң калтырган чыныгы кумардын илеби сезилип турду.
Үйүмдөгү эсте каларлык кечки тамактан кийин бир жылдан ашык убакыттан бери Ла Фальтеронаны көрө элек болчумун. Ал Түштүк Америкага узак сапарга чыгып, Ривьерага жайдын аягында гана кайтып келди. Бир күнү кечинде ал мени конокко чакырды. Эгер анын жанында мисс Глейзер аттуу англис катчысы болбогондо, биз жекече отурмакпыз. Ла Фальтерона ага коркутуу, сабоо жана сөгүү менен орой мамиле кылчу, бирок анын жардамысыз бир кадам да таштай алчу эмес. Мисс Глейзердин чачы агарып, саргыч жүзүн бырыш аралаган, элүү жаштагы арык аял эле. Ага Ла Фальтерона жөнүндө баары белгилүү. Ал аны бир эле учурда сүйүп, жек көрчү. Ал жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, кээде, атүгүл улуу ырчынын жана анын күйөрмандарынын артында да аны тууроого аракет кылчу. Мындан күлкүлүү көрүнүштү эч качан көргөн эмесмин. Бирок ал ага энесиндей мамиле кылчу. Ла Фальтеронаны мактоо менен, кээде ачык эле жакшы иштерге түрткөн да ушул аял. Ырчынын катага толгон эскерүүлөрүн жазган да ушул киши.
Ла Фальтерона ачык көк атлас пижамачан эле (атласты абдан жакшы көрчү). Чачын сактап калуу үчүнбү, айтор, жашыл жибек парик тагынып алган. Колундагы бир нече шакек, бермет шуру, бир нече билерик жана корсажындагы бриллиант брошкадан башка эч кандай зер буюмдары жок эле. Ал мага Түштүк Америкадагы жеңиштери тууралуу көптү айтып берди. Тынымсыз сүйлөдү. Ырдаганы жакшы болбосо да, спектаклдерине келгендердин кол чабуулары эч нерсеге тең келчү эмес. Ар бир спектакль толук зал менен өтүп, Ла Фальтерона олуттуу акча таап жатты.
— Ошондойбу же жокпу, Глейзер? – деп сурады Мария. Анын үнүндө күчтүү Түштүк Америка акценти угулуп турду.
— Негизинен ошондой, – деп жооп берди мисс Глейзер.
Ла Фальтеронанын компаньонуна фамилиясы менен кайрылган адаты бар эле. Бирок байкуш аял буга көптөн бери көңүл бурбай калган, ошондуктан бул Ла Фальтеронага өзгөчө артыкчылык берчү эмес.
— Буэнос-Айресте таанышкан адамдын аты ким эле?
— Кимди айтасыз?
— Акмаксың, Глейзер. Сен жакшы билесиң. Мен ага турмушка чыгам дегем.
— Пепе Запата, – деп жооп берди мисс Глейзер жылмайбастан.
— Ал банкрот болуп калды. Анан мага белекке берген бриллиант шурусун кайтарып берүүмдү талап кылууга батынды. Ал апасына таандык имиш.
— Эгер аны кайтарып берсеңиз, сизге зыян деле болмок эмес, – деди мисс Глейзер. – Сиз баары бир аны эч качан тагынбайсыз.
Ла Фальтеронанын ачуусу кайнап, көздөрү алайды.
– Ага кайтарып беришим керек беле?! – деп кыйкырды ал, таң калганынан өзүн токтото албай, англисче сүйлөп жиберди. – Сен эмне, жинди болуп калдыңбы?!
Мисс Глейзерди жек көрүү менен тиктеп, ордунан тура калды. Түшкү тамактын убактысы бүткөндүктөн Ла Фальтеронанын мындай мамиледен улам ал жерден тез кетүүнү каалады.
– Таза абага чыгалы, – деди Ла Фальтерона. – Периштедей чыдамкайлыгым болбогондо, бул аялды качан эле кууп чыкмакмын.
Ла Фальтерона экөөбүз сыртка чыктык, мисс Глейзер бизге кошулган жок. Верандага отурдук. Бакчада кара бутактары жылдыздуу асманга тирелип, көз жоосун алган кедр дарагы турду. Тээ ылдыйда, бутубуздун астында деңиз жымжырт эле. Бир саамга унчукпай отургандан кийин Ла Фальтерона кеп баштады:
– Айтмакчы, аз жерден унутуп кала жаздаптырмын. Глейзер, эмнеге эсиме салбайсың? Акмак! – деп кыйкырды ал. Анан мага бурулуп: – Сиз менин ачуума тийдиңиз – деди.
– Муну кечки тамактан кийин эстегениңизге кубанычтамын, – дедим.
– Мунун баары досуңуз менен анын китебинен улам.
Ким жөнүндө айтып жатканын дароо түшүнбөдүм.
– Кандай дос? Эмне болгон китеп?
– Калп жинди болбоңузчу. Өңү кара күйүк кодогой, кебетеси суук, бети майлуу бирөө. Ал мен жөнүндө китеп жазган.
– А-а! Питер Мелроуз! Бирок ал китеп сиз жөнүндө эмес.
– Жок, дал мен жөнүндө! Сиз мени акмак деп ойлойсузбу? Ал бети жок мага өз китебин жөнөтүптүр.
— Рахмат айтууга убакыт тапкан чыгарсыз?
— Мага бир тыйынга да арзыбаган китептерин жөнөткөн авторлорго ыраазычылык билдирүүгө убактым бар дейсизби? Менимче, Глейзер ага жазган. Ошондо мени кечки тамакка чакырып, аны менен тааныштырууга акыңыз жок болчу. Сиз чакыргандыктан гана баргам, анткени сиз мени жакшы көрөт деп ойлогом, бирок мени пайдаланууну гана көздөгөнүңүздү билбепмин. Эски достордун өзүн кандай алып жүрөрүнө кепилдик бере албаганы коркунучтуу. Мындан ары сиз менен эч качан кечки тамак ичпейм! Эч качан, эч качан, эч качан! – Ал барган сайын ачууланып баратканын байкап, кеч болуп кала электе аны токтоттум.
— Токтоңуз, кымбаттуум, — дедим. — Биринчиден, бул китепте сизге такыр туура келбеген ырчынын образы сүрөттөлгөн. Менин оюмча, сиз...
— Анда мен, сиздин оюңузча, идиш жуугуч же кир жуугучмунбу?
— Жок, тескерисинче. Ырчынын мүнөзү Мелроуз сизди көргөнгө чейин эле белгиленген. Анын үстүнө, ал сиздикине эч кандай окшош эмес.
— Эмне, меникине окшош эмес дейсизби? Досторум бул менин эле портретим деп таанышты го!
— Мэри, — дедим бир аз таарынып.
— Менин атым Мария, сиз муну баарынан жакшы билесиз. Эгер мени Мария дебесеңиз, анда мадам Фальтерона же княгиня атаңыз.
Мен анын бул сөзүнө көңүл бурган жокмун.
— Ойлонуп көрүңүзчү, сиз бул китепти окудуңуз беле?
— Албетте, окудум. Баары менин образым деп жатканда, кантип окубайм?
— Бирок башкы каарман, примадонна, жыйырма беш жашта.
— Менин тибимдеги аялдардын жашы болбойт.
— Ал манжаларынын учуна чейин музыкалуу, көгүчкөндөй момун, чындыкка жатпас альтруисттик, чынчыл, берилген жана өзүмчүл эмес. Сиз өзүңүздү ушундай деп эсептейсизби?
— Анда сиз мени кандай деп ойлойсуз?
— Катуу жаңгак, тубаса интриган, өтө ырайымсыз жана аябагандай өзүмчүл.
Ошондо ал мени ушундай сөздөр менен тилдеди дейсиң, мындай сөздөрдү айымдар мырзага карата, анын кемчиликтерине карабай, анын адептүүлүгүнө шек келтирүүгө негиз жок болгон учурда айтышпайт. Бирок анын көздөрү жанып турса да, анын көп деле ачууланбаганын байкадым. Ал менин берген мүнөздөмөмдү комплимент катары кабыл алды.
— Ал эми изумруд шакек жөнүндө эмне айтасыз? Ага бул тууралуу айтканымды танасызбы?
Изумруд шакектин окуясы мындай болгон: Ла Фальтерона бир күчтүү мамлекеттин ханзаадасы менен катуу сүйүү мамилесинде болгон, ал ага өтө баалуу изумруд белек кылган. Бир күнү кечинде алардын ортосунда талаш чыгып, катуу сөздөр айтылып, шакек сөз болгондо, ал аны манжасынан чечип, отко ыргыткан. Ханзаада, үнөмчүл адам болгондуктан, коркунучтуу кыйкырык менен тизелеп отура калып, күйүп жаткан отту аралаштырып, шакекти тапканга чейин издеген. Ла Фальтерона ал полдо сойлоп жүргөнүн жек көрө карап турган. Өзү деле өтө берешен болбосо да, башкалардын сараңдыгына чыдай алчу эмес. Ал окуяны укмуштай сөздөр менен жыйынтыктаган:
— Андан кийин мен аны сүйө алган жокмун.
Бул кызыктуу окуя Питерге катуу таасир берип, дээрлик өзгөртүүсүз анын романына киргизиптир.
— Мен бул окуяны силерге чоң сыр катары айткамын, силерден башка эч кимге айткан эмесмин. Бул окуяны китепке киргизүү – ишенимди эң адепсиз кыянаттык менен пайдалануу. Сиз үчүн да, ал үчүн да эч кандай актоо жок.
— Бирок муну сиздин оозуңуздан жүздөгөн жолу уккам. Флоренс Монтгомери да мага өзү жана кронпринц Рудольф жөнүндө ушуну айткан. Ал үчүн да бул окуя эң сүйүктүүлөрүнүн бири болчу. Лола Монтес аны өзү жана Бавария королу жөнүндө айткан. Ал эми Нелл Гвин да Карл II жөнүндө ушуну айткан деп ишенем. Бул жердеги эң байыркы окуялардын бири.
Ла Фальтерона таң калды, бирок бир заматта өзүнө келди.
— Мындай нерселердин бир нече жолу кайталанганына таң калбайм. Баары билет, аялдар кумарлуу, ал эми эркектер өтө сараң. Кааласаңыз, сизге бул изумрудду көрсөтө алам. Албетте, аны жаңы алкакка салуу керек.
— Лола Монтестин окуясында бермет болгон, — дедим ирония менен. — Ал да абдан бузулган деп ойлойм.
— Бермет? — Ла Фальтерона мага жаркыраган жылмайуу тартуулады. — Мен сизге Бенджи Ризенбаум жана бермет жөнүндө айттым беле? Сиз муну новелла кылып жазсаңыз болот.
Бенджи Ризенбаум абдан бай адам болчу. Дүйнө жүзү анын Ла Фальтеронаны көптөн бери сүйөрүн билчү. Биз азыр отурган кооз вилланы да ошол сатып берген.
— Нью-Йоркто ал мага кооз бермет шуру белек кылган. Метрополитен-операда ырдадым, сезон аяктагандан кийин экөөбүз Европага жөнөдүк. Сиз аны менен тааныш белеңиз?
— Жок.
— Ооба, ал жакшы адам болчу, бирок өтө кызганчак эле. Кемеде биз урушуп калдык, себеби жаш италиялык офицер мага өзгөчө көңүл буруп жаткан. Кудай күбө, мендей тил табыша билген аял дүйнөдө жок, бирок эч кимге өзүмдү кемсинтүүгө жол бербейм.
Андан тышкары, менде өзүмдүн кадыр-баркым бар. Мен аны керектүү жерге жөнөттүм, сиз түшүндүңүз деп ойлойм? — ошондо ал мени жаакка чаап жиберди. Палубада элек. Канчалык ачууланганымды айтпай эле коёюн. Моюнумдагы бермет шуруну чечип, деңизге ыргыттым. Бенджи деми кыстыгып: «Ал элүү миң доллар турат», — деди. Мен болсо: «Мен аны сизди сүйгөндүктөн гана баалачумун», — деп кескин бурулуп басып кеткем.
— Акылсыздык кылгансыз, — дедим.
— Мен аны менен бир суткадан ашык сүйлөшкөн жокмун. Акыры ал биротоло колго үйрөтүлгөндөй болуп калды. Парижге келгенде биринчи кылган иши — Картьеге барып, дагы бир ошондой кооз шуру сатып алды. — Ал күлүп койду. — Мени акылсыздык кылды дедиңизби? Чыныгы шуруну Нью-Йорктогу банкка калтыргам, анткени кийинки сезонда кайтып келеримди билчүмүн! Ал эми деңизге жасалмасын ыргыткам!
Ал күлө баштады: анын күлкүсү баланын күлкүсүндөй шайыр, жумшак эле. Мындай тамашаларды ал абдан жакшы көрчү. Ал чын дилинен күлдү.
— Эркектер кандай акмаксыңар, — деп күлкүсүнөн араң сүйлөдү. — Ал эми сиз, сиз дагы мени деңизге чыныгы берметти ыргытты деп ойлодуңуз!
Ал көпкө чейин күлдү, токтоно албады. Толкунданды.
— Мен ырдагым келип атат. Глейзер, мени коштоп бер.
Конок бөлмөсүнөн үн чыкты:
— Мынча тоё жегенден кийин ырдай албайсыз.
— Оозуңду жап, карган уй. Ойноп бер деп жатам сага.
Жооп болгон жок, бирок бир аздан кийин мисс Глейзер Шумандын ырларынын биринин алгачкы аккорддорун чертти. Ал аткарууга оңой эле, мен мисс Глейзер бул ырды тандаганда эмне кылып жатканын билген деп ойлодум. Ла Фальтерона жарым үн менен ырдай баштады, бирок көмөкөйүнөн таза, тунук үн чыкканын угуп, өзүн эркин койду. Ыр аяктады. Унчукпай калдык. Мисс Глейзер Ла Фальтерона бүгүн эң сонун формада экенин, дагы ырдагысы келгенин түшүндү. Примадонна терезенин жанында, жарык бөлмөгө аркасын салып, сырдуу жаркыраган деңизди карап турду. Анын фонунда кедрдин силуэти көрүнөт. Түн жумшак, жыпар жыттуу эле. Мисс Глейзер бир нече такты чертти. Жонумду муздак калтырак басты. Ла Фальтерона да бир аз титиреп кеткенсиди, анын ичинде бир нерсе козголгонун сездим.
Жумшак жана акырын ал жылмайса,
Таңкы нурга жуунган гүлдөй ачылат....
Бул Изольданын өлүм алдындагы ыры болчу. Ла Фальтерона Вагнердин операларында үнүн бузбоо үчүн эч качан ырдачу эмес, бирок бул ырды ал көп учурда концерттеринде аткарчу экен. Оркестр коштоосунун ордуна пианинонун үнү угулса да, бул азыр маанилүү эмес. Сыйкырдуу обондун үнү тынч абаны жиреп, деңиз үстүнөн калкып баратты. Бул романтикалык чөйрөдө, жылдыздуу түнү алар чындыгында таасирдүү болчу.
Ла Фальтеронанын үнү азыр да сонун, жагымдуу, хрусталдай тунук эле. Ал сейрек кездешүүчү сезим менен ырдап жатты, ушунчалык жумшак, ушунчалык кооз, ушунчалык үмүтсүз оору менен... Жүрөгүм элжиреп кетти. Ал ырдап бүткөндө, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду, анын бетинен жаш агып жатканын көрдүм. Сүйлөгүм келген жок. Ал да унчукпай, түбөлүктүү деңизди карап турду. Кандай гана таң калыштуу аял! Аны Питер Мелроуз сыяктуу бардык жакшы сапаттардын өзөгүн көрүүгө караганда, анын бар болгон кемчиликтери менен сүрөттөө жакшы деп ойлодум. Бирок анда мени кемчилиги арбын адамдарды акылдууларга караганда көбүрөк жактырганым үчүн айыпташат. Албетте, ал жийиркеничтүү жан болчу, бирок ошол эле учурда сырдуу да эле.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR