АҢГЕМЕ
Окоп ичи суук. Жердин жыты менен өлүмдүн жыты аралаш бул жерде. Бүгүнкү үчүнчү түн — түн эмес, жөн эле караңгылык. Жолборстой күркүрөгөн артиллерия тынчып, эми асмандан дрондун үзгүлтүксүз үнү гана угулат.
Бакыт жатып алып, жамбашы менен муздак топуракты сезди. Колундагы автомат муздай тоң. Эси-дартын тынчытпаган ой мээсине коргошундай кадалып тынч койсочу бир: “Кайдан келдим бул жерге?..”
Ал Москванын четиндеги курулушта иштеп жүрүп, ишсиз калган. “Келишим түзсөң, акча саман, документ жөндөп беришет” дешкен. Ошондо “Азаттык” радиосунан Украинадагы согуш, өлгөн мигранттар тууралуу уккан, бирок ишенген эмес. “Алар орустарга каршы пропаганда кылышат” деген. Өзүн актай турган шылтоолорду көп тапкан: “Бир жылдан соң үй алам, апама дубал тургузам, анан кетем...”
Кетмек турсун, азыр сыз окоптун түбүндө жатат калчылдап үшүп.
Бир жолу командир аны аты-жөнү менен эмес, Азия деп чакырды. “Азия, бери жакка ок-дары ташы!” — деген буйрук үнүнөн адам жыты сезилчү эмес.
Ошол түнү Бакыт уктаар алдында айылын эстеди. Кыштак четиндеги боз үй, атасынын эски радиосу, түнкүсүн дайыма жаңырып турган “Азаттык” радиосунун үнү. Атасынын үнү да кошулуп айткандай угулат эми: “Балдарым, биз өз башыбыз менен ойлонгондо гана эркин эл болобуз.”
Ошондо Бакыт күлгөн — “эркин эл” деген сөз ага саясатчылардын куру убадасыдай сезилчү. Эми ошол сөз окоп ичинде түн жарган чындыкка айланды.
Жакында эле айылдашы Жолболду да ушул согушта каза болгон. Анын сөөгүн алып келгенде айылда эч ким үн каткан эмес. Энеси үйдөн чыкпай калган, атасы эл көзүнө көрүнбөй жүрөт дешкен. Өлүмдүн өзү эмес, уят өлтүргөн аларды. Элдин бетин карай албай калышкан… Убадаланган акчаны да алышпады. Келишимде убада берилген “миллион рубль” — кагаз жүзүндө гана калды.
Бакыт ошол окуяны эстеген сайын ичкени – ирим, жегени – желим. “Жолболдунун сөөгү келгенде баары тилдерин тиштерине катып, кошуна-колоңдордун көзүнө тике карай албай калышкан. Эми айылга менин да сөөгүм барса, кантишер экен?..”
Асмандан дрон үнү кайра угулду. Түнкү караңгылыкта үмүттүн өзү да үнсүз. Ар бир тарс эткен үн — адамдын атылган тагдыры.
Ал көзүн жумду. Үнүн ичине катып, акырын шыбырады: “Апа... мен кетип баратам, бирок кайда барарымды эми түшүндүм...”
Бир заматта караңгылыктын ортосун айрыган жарылуу болду. Топурак да, от да – баарын жутту.
Эртеси таңга жуук жамгыр жаады. Окоп четинде бир жалгыз каска жатты. Анын ичинен баланын сүрөтү суу болуп өчүп баратты, сүрөттөгү бала жылмайып турат.
Жер дагы эле дымып жатат, бирок бир нерсе өзгөрдү: жер эми согуштун эмес, өкүнүчтүн жытын чыгаргансыйт…
Автордук түшүндүрмө
Бул аңгеме — бир гана согуштун сүрөтү эмес. Бул биздин жоголгон аң-сезимдин сүрөтү. Миңдеген кыргыз мигранттары бүгүн бөтөн жерде өз тагдырын сатууга аргасыз болууда. Алардын көбү “жумуш издеп кеттим” деп чыгат, бирок айрымдары “жоголгон үмүтүн” издегендер.
Бакыт — ошолордун символу. Ал эч кимге жамандык каалаган эмес, болгону өз үйүн тургузууну самаган. Бирок аң-сезиминин эшигин маалымат эмес, окоптун үнү ойготту. Бирок кеч болуп калганда! Ал чындыкты кеч түшүндү. Өз элинен алыстаган адам эч качан башкалар үчүн баатыр боло албайт.
Биздин коом да ушул жоготуулардын арасынан жөн гана өлүм эмес, сабак издеши керек. Эгер бир эл өз уулунун сөөгүн жашырып, анын өлүмүн уят деп эсептесе, демек, ал эл руханий окко учканы.
Бул аңгемем жоготуунун үнү. Жан дүйнөсүн жоготкон элди эч ким жеңбейт, анткени анын жеңиши эч кимге керек да эмес.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR
Комментарийлер (1)
ооба жоголгон умут, мен ыйлап окудум автордун айткан ойун.Кыргызымдын мигрант болгон ар Бир жараны Аман эсен кайтып мекенинде болушсун каалайм