АҢГЕМЕ
Өзүмдүн кырк жылдык мааракемди Бекнемдеги үйүмдүн атагын чыгарган ышкыбоздор спектаклинин бирин коюу менен белгиледим. Пьесаны адаттагыдай эле өзүм жазгам. Бул үч актыдан турган жомок болчу, анын сюжети жаш перс ханзаадасы сыйкырдуу мүйүз чоорго ээ болгон окуяга негизделген. Чыгармаларым ушунчалык белгилүү болгондуктан, жомоктун мазмунун толук айтып берүүнүн кажети жок деп ойлойм.
Окурмандарга экинчи актынын борбордук сценасында майрамды ханзааданы каардуу пери камап салган магнит тоосунун түпкүрүнөн чыккан чоор үнү бузуп жатканын эске салуу жетиштүү болор. Чоор үнүн полкумдун оркестринде корнет-а-пистондо ойногон музыкант аткармак; биз анын сахнада эмес, кире бериштеги залдан аткарылышын макулдаштык, ошондо үндөр алыстан угулгандай таасир жаратмак.
Кеч сонун башталды. Албетте, конокторум спектаклде өзүм ойнобой турганымды билишкенде, бир аз нааразы болушту, бирок мен кечирим сурап, өзүмдү актоо үчүн кош милдетти — үй ээси жана режиссёрдун милдетин аткарууга туура келгенин айтканымда, туура түшүнүп кечиришти. Көрүүчүлөр залындагы эң жакшы орунду сулуу Линда Фицнайтингейл ээледи. Өзүмө деп калтырган анын жанындагы орунду он экинчи жөө аскер полкунан Порчерлестер деген бир аз музыкалык жөндөмдүүлүгү бар, өзүнүн таттуу баритонун тенор деп эсептеген сүйкүмдүү жигит суроо-сопкутсуз эле ээлеп алды.
Линданын музыкага болгон сүйүүсү чексиз эле, ошондуктан Порчерлестер өзүнүн ошол жалгыз жакшы сапатынын аркасында гана анын көз алдында кыйла улуу, тажрыйбалуу эркектерден артыкчылыкка ээ эле. Мен бошорум менен алардын сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратууну чечтим. Бирок бул оңой болгон жок, анткени үй спектаклдери учурунда бардык нерселердин өз ордунда экенин жеке өзүм текшерип чыкчумун. Акыры, башкы ролду ойногон мисс Ватерлоо менин ары-бери чуркоом анын тынчын алып жатканын айтып, залга барып эс алуумду суранды. Мен ыраазычылык менен макул болуп, Линдага барууга шашылдым. Мени көргөндө Порчерлестер ордунан туруп:
— Эгер бөтөн кишилерге кирүүгө уруксат болсо, көшөгө артына бир көз чаптырып өтөйүн дедим эле, — деди.
— Оо, албетте! — дедим андан кутулганыма кубанып. — Бирок суранам, эч нерсеге тийбеңиз. Эң кичинекей эле өзгөртүү...
— Макул, макул, — деди ал сөзүмдү бөлүп. — Сиздин шектенүүңүздү түшүнөм. Колумду чөнтөгүмдөн албайм.
— Сиз ага өзүңүзгө мынчалык сыйлабастык менен сүйлөшүүгө жол бергениңиз туура эмес, полковник Грин, — деп белгиледи Линда ал кеткенден кийин. — Тигил жерде ал сөзсүз бир балээнин ичинен чыгат.
— Жаш эмеспи, курч да, — дедим. — Порчерлестер мен эмес генерал Жонстонго да дал ушундай мамиле кылат, ал киши эми жаш эмес да. Өзүңүздүн музыкалык сабактарыңыз кандай өтүп жатат?
— Азыр Шуберт менен ооруп жатам. Ах, полковник Грин, сиз Шуберттин «Серенадасын» билесизби?
— Ооба, сонун нерсе! Ди-дли-ди дам, дии-ди-дли-ди-дам, дии-дам, дии-дли-ди-ди-ди — ушуга окшошпу дейм?
— Ооба, ошондой болсо керек. Мистер Порчерлестер аны ырдай алабы?
— Аракет кылат. Бирок ага жөнөкөй романстар гана ылайыктуу. Ал эми олуттуу мамилени, сезимдин тереңдигин, жетилген түшүнүктү талап кылган, мисалы…
— Ооба, ооба. Билем, сиз мистер Порчерлестерди жеңил ойлуу деп эсептейсиз. Сизге бул «Серенада» жагабы?
— Мм!.. Чынында… Ал эми сизге ал жагабы?
— Мен аны абдан жакшы көрөм. Ага суктанам. Акыркы үч күн бою аны менен гана жашап жатам.
— Моюнга алышым керек, аны укмуштуудай уккулуктуу деп эсептейм. Биздин кичинекей спектакль аяктагандан кийин аны сиздин аткарууңузда угуу мен үчүн чоң ыракат болот деп үмүттөнөм.
— Менин аткаруумдабы! Оо, мен буга батына албайм! Мына, мистер Порчерлестер да келип калды. Азыр мен андан бизге аны ырдап берүүсүн суранам.
— Грин, — деп жылмайып айтты Порчерлестер, — Мен сизди бекер тынчсыздандыргым жок, бирок сыйкырдуу чоордо ойночу киши келген жок.
— Кудайым ай! — деп кыйкырдым. — Мен ага саат сегиз жарымдан кечикпей келүүгө буйрук бергем. Эгер ал келбесе, пьеса кыйрайт.
Линдадан кечирим сурап, шашылып залга түштүм. Корнет-а-пистон ал жерде үстөл үстүндө жаткан. Демек, Порчерлестер менден кутулуу үчүн арамзалыкка барган. Мен кайра кайтып, түшүндүрмө берүүнү талап кылгым келди, бирок ошол учурда корнетист өз аспабын эртең мененки репетициядан кийин таштап кетиши мүмкүн, а азыр чынында эле келген эместир деп ойлодум. Бирок мен чакырган кызматчы мага аскердик тактык менен жоокердин саат сегиз жарымда кечикпей келгенин билдирди. Менин буйругума ылайык аны залга чектеш бөлмөгө алып барышып, ал жерде кечки тамак даярдалып, ага бир стакан шарап жана бутерброд беришиптир. Демек, Порчерлестер мени алдаптыр.
Кызматчы милдетине кайтып, мени залда жалгыз калтырды, мен жинденген боюнча жалгыз калдым. Ошол жерде билбейм неге, үстөл үстүндө жаркыраган жез аспапты карай баштадым. Мени курчаган жансыз нерселердин арасында корнет кандайдыр бир өзүнүн унчукпас, кыймылсыздыгы менен өзгөчөлөнүп турду, коркунучтуу үнүн жашырып, аны эркиндикке коё берүү үчүн атайын мүмкүнчүлүктү күтүп жаткандай. Мен үстөлгө жылып барып, бир баскычын акырын сөөмөйүм менен тийгиздим. Анан батынып басып көрдүм. Баскычтан чык эткен үн чыкты.
Залдан бир шыбырттаган добуш угулду, мен күнөөлүүдөй корнеттен секирип кеттим. Аңгыча корнетист даярданышы керек дегенди билдирген суфлёрдун коңгуроосу шыңгырады. Мен корнетистин келишин күттүм, Кудайдан ал менин бала сыяктуу анын аспабын кармап көргөнүмдү байкабаса экен деп тиледим. Бирок ал келген жок. Тынчсыздануум күчөп, бөлмөнү карай чуркадым. Ал жерде кечки тамак берилген үстөлдө олтурган боюнча башын жөлөгөн жоокер уктап жатыптыр. Жанында беш бош графин. Аны ийнинен кармап катуу силкилдеттим. Ал бир нерсе деп булдуруктап, колун шилтеди да, кайрадан эс-учун жоготту.
Жиним келип, бул козголоң үчүн аны атууга ант берип, кайра залга бардым. Коңгуроо кайрадан шыңгырады. Бул чоор тартууга берилген сигнал болчу. Сахнада күтүп жатышты. Бул тагдыр чечүүчү көз ирмемде мен пьесаны сактап калуунун бир гана жолун көрдүм. Аспапты алып, ичке учун оозума такап, бүт күчүм менен үйлөдүм. Бирок натыйжасыз — эч кандай үн чыккан жок. Чыңалуудан жүрөгүм жарылчыдай болуп, жалтыраган жез тердеген колумдан тайып жерге түштү.
Коңгуроо кайрадан жымжырттыкты бузду. Корнетти кыса кармап, оозума аба толтурдум да, эриндериме ушунчалык бекем такадым, атүгүл тиштерим да ооруп кетти. Аны күчүм жетишинче түкүрдүм. Ошол жерден дүңк эткен катуу үн чыкты. Кулагымдын тарсылдагы жарылып кете жаздады; люстрадагы хрустал мончоктор шыңгырап, кийим илгичтеги калпактар ыргыды. Жарылып кетер башымды мыкчып, ошол жерден жоокер — кыямат күнү сурнай добушу ойготконсуп өңү кубарып, теңселе басып залга чыкты. Тепкичке жабылып чыга калышкандар аны таңыркап карап калышты.
Кийинки үч ай ичинде адистин жетекчилиги алдында корнет-а-пистондо ойногонду үйрөнө баштадым. Ал өзүнүн майда-чүйдө адаттары, "трубка" делген корнет башка аспаптардан айырмаланып адам үнүнө окшош экенин кайталап айткан адаты менен мени тажатты, бирок тажрыйбалуу, ак ниет музыкант болчу. Кошуналардын каршылыгына карабай мен сабактарды өжөрлүк менен уланта бердим. Акыры андан бир досум үчүн соло ойной алчу деңгээлге жеттимби деп суроого батындым.
— Көрдүңүзбү, полковник, — деп жооп берди ал, — Чынын айтсам, сиздин талантыңыз жок, кандай болгон күндө да, азырынча ал сизде көрүнө элек. Анын үстүнө сиз өтө катуу үйлөйсүз. Ишениңиз, мырза, бул жерде мынчалык чыңалуунун кереги жок, андан үн гана жаман болот. Досуңуз үчүн эмне ойногуңуз келет?
— Бир нерсе… Шуберттин «Серенадасын».
Ал таң калып мага тигилип, башын чайкады.
— Ал бул аспап үчүн жазылган эмес, мырза, — деди ал. — Сиз аны эч качан ойной албайсыз.
— Мен аны катасыз аткарганга жетишсем, адистин кадимки акысынан сырткары беш гиней ашык аласыз.
Бул анын шектенүүлөрүн таратты. Талыкпай машыгуулардан кийин мен «Серенаданы» абдан ишенимсиз, чоң кыйынчылык менен болсо да аткарып калдым. Акыры ийгиликке жеткенсидим.
— Эгер сиздин ордуңузда болсом, полковник, — деди устатым беш гинейди чөнтөгүнө салып. — Мен бул обонду өзүм үчүн сактап коёт элем, а досуңузга жөнөкөй нерсе ойноп бермекмин. Бул жерде, үйдө, жарым саат машыккандан кийин жакшы ойнойсуз, бирок мен жаныңызда жокто, ишиңиз жакшы болбой калышы мүмкүн.
Мен анын кеңешин олуттуу кабыл алган жокмун, азыр анын акылга сыяр кеңеш болгонун толугу менен моюнга алам. Бирок ошол учурда Линдага «Серенаданы» ойноп берүүнү көптөн бери ойлогон планым толугу менен эркимди бийлеп жүрчү. Анын Парк-Лейндун түндүк тарабындагы үйү бул максат үчүн өтө ыңгайлуу жайгашкан. Сарайга мени киргизип коюу үчүн кызматчыга пара да бергем. Бир жолу июндун аягында Линда кечти үйдө өткөрүп, коомдук иштерден эс алмакчы болгонун билдим. Бул мен көптөн күткөн ыңгайлуу учур эле. Саат тогузда корнетти жол сумкасына салып, Мрамор аркасына, андан ары жөө жөнөдүм. Күтүлбөгөн жерден Порчерлестердин үнүн уктум.
— Саламатсызбы, полковник! — деп саламдашты ал мага.
Суроолоруна жооп бергим келбегендиктен, сөзүн бөлүп жибердим да, ал кайда багыт алганын сурадым.
— Линдага баратам, — деди ал. — Ал кечээ мага азыр кечинде жалгыз болорун айткан. Муну сизден жашырбайм, полковник, анткени сиз ар-намыстуу адамсыз, анын канчалык адептүү экенин билесиз. Мен аны абдан жакшы көрөм. Эгер ага үнүм эмес, өзүм жагып жатканына ишенсем, Англиядагы эң бактылуу адам болмокмун.
— Сиздин үн бул жерде эч кандай тиешеси жок деп ишенем, — дедим.
— Рахмат сизге, — деди ал, колумду бекем кысып, — бул сиз тараптан көрсөтүлгөн сылыктык, бирок өзүмдү сиздики туура деп сооротууга батынбайм! Мен аны караганда, ал тургай демим да кысылып калат. Билесизби, ал Шуберттин «Серенадасын» өзүнүн сүйүктүү нерсеси деп айткандан кийин, ага ырдап берүүгө эч качан батынган эмесмин!
— Эмнеге? Сиздин «Серенаданы» ырдаганыңыз ага жакпайбы?
— Жок, айттым го, аны Линданын алдында ырдоого эч батынган эмесмин, ал дайыма суранып жатканына карабастан. Аны бул каргыш тийген обондон дээрлик кызганам! Бирок ага жагуу үчүн кандай болбосун баарына даярмын, эртең миссис Локсли-Холлдо аны сюрприз күтөт. Мен атүгүл сабак алып, «Серенаданын» үстүнөн маңдай терим менен иштедим, ал эми сыягы, ыраазы боло алам. Бир гана, эгер Линданы көрсөңүз, эсиңизде болсун: бул жөнүндө бир ооз да сөз айтпаңыз. Бул ага сюрприз болсун.
— Сиз аны сөзсүз таң калтырасыз, — дедим ал бир күнгө кечигип калат деген ой менен жеңишке жетип.
Анын үнү сумкамда жаткан аспаптан чебер аткаруучу чыгара алган меланхоликалык назиктик, коркунучтуу караңгылык, кармалган күч менен салыштырууга туруштук бере албасын билчүмүн. Биз коштоштук, ал Линданын үйүнө кирди. Бир нече мүнөттөн кийин мен сарайда элем, бадалдардын көлөкөсүнө жашынып, аларды карадым. Алар ачык терезенин жанында отурушкан. Алардын сүйлөшкөнү мага жеткен жок; Порчерлестер эч качан кетпей тургандай сезилди. Кеч абдан салкын, ал эми жер нымдуу болчу. Саат он болду, он бирдин чейреги, он бир жарым. Мен дээрлик үйгө кетүүнү чечтим. Эгер Линда фортепианодо бир нече пьеса ойнобогондо, мен чыдай албайт элем. Акыры алар ордунан турушту, эми алар эмне деп жатканын уга баштадым.
— Жок, жок, — деди ал, — сизге кетүүгө убакыт келди. (Мен ага канчалык ынталуу макул болдум!) Бирок сиз мага «Серенаданы» ырдап бериңиз. Анткени сиз үчүн бүтүндөй үч пьеса ойнодум.
— Мен абдан суук тийгизип алдым, — деди ал. — Жок, чындап эле ырдай албайм. Кайыр түн.
— Кандай гана келесоолук! Сизге суук тийгендей деле кейпиңиз жок. Бирок эми анын эч кандай мааниси жок. Мындан кийин сизден бул жөнүндө эч качан суранбайм. Бейпил түн, мистер
— Мага ачууланбаңыз, — деди ал. — Сиз менин аны кандай ырдаганымды жакында, балким, сиз ойлогондон да эрте угасыз.
— О, сиз муну кандай гана мазмундуу айттыңыз! Ойлогонумдан да эртеби! Эгер сиз мен үчүн сюрприз даярдаган болсоңуз, сизден суранам. Эртең миссис Локсли-Холлдо көрүшөбүз деп үмүттөнөм.
Ал муну тастыктап, өз планын ачыкка чыгаруудан корккондой, шашып чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Линда терезеге келип жылдыздарга суктанып карап турду. Ага карап отуруп, мен чыдамсыздыгымды унуттум; тиштерим да шакылдабай калды. Корнетти сумкадан алып чыктым. Линда үшкүрүнүп, терезени жаап, ак пардасын түшүрдү. Анын колунун бир эле көрүнүшү, ошол учурда, менин мурунку бардык жетишкендиктеримден да ашып түшүүгө жетиштүү болду. Линда терезенин жанында, мага капталын салып отурган. Мага пардадан анын сөлөкөтү көрүнүп турду. Саатым келди. Парк-Лейн дээрлик тынч эле, ал эми Оксфорд-стрит өтө алыс болчу, ошондуктан кыймылдын ызы-чуусу мага тоскоол болгон жок.
Мен баштадым. Биринчи эле нотада Линда чочуп кетип кулак төшөдү. Эмне ойноп жатканымды даана укканда китепти четке койду. Корнеттин оозго такаган ичке учу муз сыяктуу тоңуп калган экен, эриндерим муздап, кымтууга келбеди. Ошондуктан канчалык аракет кылганыма карабастан эң мыкты корнетчилерде да кээде пайда боло турган кыркыраган, ызылдаган үндөрдөн кутула алган жокмун. Ошентсе да үшүп, абдан толкунданганыма карабастан, өзүмө койгон тапшырмамды абдан жакшы аткардым. Иш аягына жакындаган сайын өз күчүмө барган сайын ишенип, акыркы тактардын күчтүү үнү менен башталышынын кемчиликтерин жарым-жартылай оңдоп, атүгүл акыркы нотанын алдындагы жакшы трелге жетиштим.
Бүткөндөн кийин көчөдөн жактырган кыйкырыктарды укканда, мага эл чогулуп калганы, бул жерден ылдам качып кетүү мүмкүн эместиги айкын болду. Корнетти сумкага салып, эл тарап кеткенче күтө баштадым. Ага чейин көзүмдү терезедеги көлөкөдөн албадым. Ал жазып жаткан. Чын эле деп ойлодум, ал мага жазып жатабы? Андан кийин ал ордунан турду; көлөкө бүт терезени жаап, анын кыймылын ажырата албай калдым. Анан коңгуроо үнүн уктум. Бир мүнөттөн кийин үйдүн эшиги ачылды. Мен алоэ салынган челектин артына кире качтым, бирок ал мурда менден пара алган кызматчы экенин таанып, акырын ышкырдым. Ал колундагы катты мага сунду. Катты көргөндө жүрөгүм дүкүлдөп чыкты.
— Баары жакшы, мырза, — деди ал. — Мисс Линда сизге бул катты тапшырууну буюрду, бирок сиз аны үйгө бармайынча ачпаңыз.
— Демек, ал мунун мен экенимди билдиби? — дедим толкунданып.
— Ооба, мырза билди го деп ойлойм. Ал коңгуроо какканда менден башка бирөөнүн менден мурун жетүүсүнө жол бербедим. Ал мага мындай деди: „Сиз бакта джентльменди табасыз. Ага бул катты берип, аны үйүнө кетүүсүн сураныңыз. Ал жерде муну окубашы керек“.
— Көчөдө дагы деле эл барбы?
— Баары тарап кетишти, мырза. Рахмат сизге, мырза. Кадыр түн, мырза.
Мен Гамильтон-Плейске чейин чуркап барып, ал жерден кеб алдым. Он мүнөттөн кийин өз кабинетимде элем. Титиреген колдорум менен катты ачтым. Ал конвертсиз, жөн гана тыкан бүктөлүп турган. Ачып окуй баштадым:
"714, Парк-Лейн, жума. Урматтуу мистер Порчерлестер…"
Токтоп калдым. Чын эле ал менин «Серенадамды» ага таандык деп ойлогонбу? Бирок ошол жерде кыйла маанилүү, кечиктирилгис маселе пайда болду: мага арналбаган катты окууга укугум барбы? Бирок кызыгуу жана сүйүү бул олку-солкулукту жеңип кетти. Катта андан ары мындай жазылыптыр:
Урматтуу мистер Порчерлестер, Шуберттин "Серенадасына" болгон менин ышкым сизди мыскылдоого түртөт деп ойлогонума аябай өкүнөм. Балким, бул сүйүү сизге кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок сиздин түшүнүүңүзгө ишенбесем, бул тууралуу ооз ачмак эмесмин. Эгер "Серенададан" көңүлүм калганын билүү сизди кубантса, анда ишениңиз: мындан ары ал менде күлкү менен ачууну гана жаратат. Адамдын тамагынан мындай үндөр чыгарын элестеткен эмесмин. Сиз менин ырдаганымды уккуңуз келгенин айтканда, кандай "шоу" уюштурууну көздөгөнүңүздү билген эмесмин.
Кош болуңуз! Миссис Локсли-Холлдогу жолугушууга бара албайм, анткени бош эмесмин. Ушул эле себептен улам, тилекке каршы, бул сезондо сизди конокко чакыруудан баш тартууга аргасызмын.
Сизди терең урматтоо менен, Линда Фицнайтингейл.
Бул катты Порчерлестерге жөнөтүү ага ашыкча оору алып келүү дегенди билдирерин сездим. Ошол эле убакта насаатчымдын туура айтканын жана корнет-а-пистондо ойноо үчүн төрөлбөгөнүмдү түшүндүм. Бул аспапты таштоону чечтим.
Линда менин аялым болуп калды. Кээде андан мага эмнеге өжөрлүк менен аны кантип, качан кемсинткенин билбегенин айткан Порчерлестерди көрүүдөн баш тартканын сурайм. Бирок ал ар дайым жооптон качат.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR