Жаңыл Мырзалы: Бактылуу болууга уруксат

  • 03.12.2025
  • 337
  • 1

АҢГЕМЕ

I

Айжан менен Аида мектептен берки ажырагыс курбулар. Кызыктары да, кайгылары да чогуу. Убакыт жүрөктөгү жашыруун сыры бар бейкүнөө кыздарды отузга алып келип койду. Экөө тең өз ара “ушу бойдон өтөбүзбү?” деп калышчу.

Айжан — токтоо, тартынчаак, “эл эмне дейт?” дегендердин тизмесинде биринчи орунда турчу. Аида — шамалдай эркин, жүрөгү тынчтыкка батпаган, чечкиндүү болуп чыга келди.

Экөө кафеде унчукпай отуруп, Аида сөз баштады:

— Айжан, бир нерсе айтайынбы… Менин боюмда бар.

Айжан чочуп кетти:

— К-кантип? Кимден? Күйөөсүз!..

Аида жылмайды:

— Кимден болгону маанилүү эмес. Эң негизгиси — өзүм кааладым. Өзүм чечтим. Баягыдан бери айта берем го сага: Өмүр — бир келген белек. Бакытты өзүбүз жаратпасак, бирөө бизди бактылуу кылабы?

Айжан башын чулгуп алып, күмөн санап отурду.

— Эл эмне дейт? Туугандарчы?..

Аида кескин жооп кайтарды:

— Элдин эмне иши бар менде?.. Айжан, көрбөй атасыңбы… күйөөгө тийгендер эле жыргап кеткенин? Күйөөсүнүн көзүн карап, малай көбү. Ур-токмок жеп, үн катпай жүргөндөр канча? Сен ошолордун тагдырын каалайсыңбы?

Айжан унчукпай калды. Бул сөздөр жанын өйүттү.

— Мен, — деди Аида акырын, — өз тагдырымды өзүм чечем. Нике буюрбаса, керилип карап отурамбы? Наристе төрөп, өз жүрөгүмө өзүбүздүн үйдү курайын дедим. Бактылуумун эми!

Айжан унчукпай отурду. Аида аны колунан кармап:

— Сен да бактылуу болууга уруксат бер өзүңө. Эл оозун карап жашоо — бактылуулук эмес.

II

Айлар өттү. Аиданын үйү наристенин ыңаалагына толуп, курбусунун кубанычы Айжандын жүрөгүнө да жылуулук алып келчү болду. Ал наристени кучактап отурганда, ичине жашынып жүргөн бир чындык улам баса берди: өзү да бала көксөп жүрчү… Бирок “эл эмне дейт?”, “болбойт”, “уят” деген сөздөр курчайт.

Бир күнү ал көптөн бери жактырып жүргөн, бирок айтууга батына албаган Азамат менен кокусунан жолугуп калды. Ресторанда чай ичишти, сүйлөштү. Айжан биринчи ирет өзүн эркин, адамча сезди.

Кечиндеси үйгө келер замат жүрөгү алып-учуп, Аиданы эстеди.

— Мен эмне үчүн өзүмө тыюу салып жүрөм? — деди ичинен. — Эмне үчүн өзүмө бакыттын эшигин ачпашым керек?..

Ошол күндөн тарта Айжан жашоого башкача көз менен карачу болду. Өзүнө жаккан Азаматтын көзүндө жылуулукту көргөн сайын, жүрөгү “болбойт” дегендерге кулак салбас болду.

III

Бир нече ай өткөндөн кийин Айжан курбусуна түн ортосунда чалган үнү өзгөрүлүп, тынчсызданса да, кубанычка толо үн катты:

— Аида…

— Эмне болду?

— Менде да… Бу жолкусу башкача.

— Айжан?

— Мен… кош бойлуумун.

Экөө бир саамга үнсүз турушту. Анан Аида кыйкырып жиберди:

— Вау! Бул да болсо тагдырдын сага берген белеги! Куттуктайм, сен үчүн кубанычтамын!

Айжан үнүн араң чыгарып сүйлөдү:

— Азамат билбейт азырынча… Бирок эч нерседен коркпойм. Мен… мен өз тагдырымды өзүм чечем дедим да, чечтим.

Аида көзүнө жаш алып күлдү сүйүнүп:

— Демек, сен бактылуу болууга уруксат бердиң өзүңө, ээ?

Айжан терең дем алып:

— Ооба. Уруксат бердим. Өзүмө...

IV

Жайдын ысык аптасында Айжан терезеден сыртты карап, курсагындагы баланын алгачкы кыймылын сезди. Ал күлө баштады денеси балкып. Мурдагы Айжан эмес, өзүнө ишенип, өзүн сүйө баштаган аял эле ал. Аида болсо жанында, бешиктин жанында отуруп, курбусунун көзүндөгү кубанычты көрүп:

— Көрдүңбү, Айжан… Бактылуулук үчүн эч кимден уруксат албайт. Бир гана өзүбүздөн алабыз… — деди.

Экөө бири-бирин сыга кучакташты. Алар эки башка жол менен, бирок бир чындыкка жетишти: өз өмүрүңдү өзүң тандасаң, ошондо гана аял бактылуу экен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Нази

    Бул чыгарма эмес жон эле бир феминистки коз караш.Аял болсом да бул нерсени колдобойм.Бала ар дайым никеде торолуш керек.Мумкун болушунча толук уй булодо.Бироодон тороп алуу бул озумчулдук.Балага эртен эмне деп жооп бересин.Эркек терди бир жактама каталог туура эмес.Бул жерде кыргыздын уй булолук институтуна доо кетирген кому-то идеология жатат.Чыгарма деп эле жарыялай бересинерби.Корком кенеш деген жокпу.

Комментарий калтырыңыз