Байыркы Кытайда турмушка чыккан кыз кайненеси менен чогуу жашачу экен. Бир жолу мындай окуя болот. Бир кыз үйлөнүү тоюнан кийин кайненесинин жемесине чыдабай, андан кутулууну чечет. Атасынын чөп дары сатып соода кылган досу бар эле. Ага барат да, мындай дейт:
- Кайненем менен мындан ары жашай албайм. Ал мени жинди кылат. Жардам бербесеңиз болбойт, мен сизге жакшы төлөп берем.
- Мен эмне кыла алам?
- Мага уу чөп сатыңыз. Кайненемди ууландырып, балээден арылбасам болчудай эмес.
Ары ойлоп, бери ойлоп отуруп, дарыгер мындай дейт:
- Макул, жардам берейин. Бирок эки нерсени билип алышың керек. Биринчиден, сен аны дароо эле уулантып сала албайсың, анткени эл байкап коёт. Мен сага аны акырындык менен өлтүрөр чөптөрдү берем, ошондо анын ууланганы эч кимдин оюна да келбейт. Экинчиден, эч бир жигин билдирбеш үчүн, сен ачууңду тыйышың керек. Аны сыйлап, тилин алып, жакшы көрүп, чыдамкай бол. Ошондо ал өлгөндө эч ким сенден шек санабайт.
Кыз баарына макул болуп, берген чөптөрдү алды да, кайненесине тамакка кошуп бере баштады. Чөп берген адамдын айтканындай жасап, кайненеси не десе да тилин тишине катып, сөзүн эки кылбай урматтачу болду. Келининин мамилесинин өзгөргөнүн көргөн кайнене жибип, чын дилинен аны жакшы көрүп калды. Баскан-турган жеринде оозунан түшүрбөй мактап, меникиндей келинди ааламды алты айланып таппайсыңар деп түгөтө албайт. Жарым жылдан кийин алардын мамилеси эне-баланыкындай ынак болуп калды.
Баягы келин чөп уулаган адамга дагы келди жалбарып:
- Сизден Кудай үчүн суранам, кайненемди мен берип жүргөн уудан сактай көрүңүз. Аны аябай жакшы көрүп калдым, өлтүргүм келбейт. Мындай сонун кайненени эч жерден таппайм.
Чөп берген киши жылмайды:
- Кабатыр болбо, мен сага уу берген эмесмин, жөн эле татымалдарды бергем. Уу сенин ичиңде болчу, андан өзүң арылдың, – деген экен.
Которгон Жетиген Асанбек
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR