Абдыкерим Муратов: Сүннөт

  • 08.10.2026
  • 98

АҢГЕМЕ

Анда Ошто окуган студенттер жаңы окуу жылы башталары менен сабакты ойлобой пахтаны ойлойт элек: оорулуулар ишке жарамсыздыгы тууралуу бир барак кагаз алуу үчүн студенттик бейтапканага каттап; алайлык, алайкулук, чөгөмдүк кызыл бет балдар кийиктин, койдун, тайдын, мамалактын эттерин жатаканалардын терезелерине илип сүрсүтүшүп; доценттерибиз биз айткан менен пахтада жүрүп баары бир унутуп каласыңар да деп сабактарын өткүсү келбей; ак алтын талаасында туулуп, талаада өскөн аравандык, сузактык, кара-суулук кыздар пахтага барсак, кышка кийимдик пул таап кайтабыз деп сүйүнүп шымаланып; чоңдордун туугандары тезирээк кеткилечи, биз силер кетсеңер бул жакта ремонтко калымыш болуп ээн калган калаада пивого чардайлы деп башкаларды кекетип; а бизге окшогон пахта экпеген райондо туулгандар пахтага барышты эстегенде колдорду калтырак басып; шаар базарларында мастава, лагман, шашлык, нокот, чай-пай саткан өзбектер жакында студенттер пахтага кетсе ашканаларды жаап эле салабыз деп шаабайы сууп; пахтага кеткенче деп Ак-Буураны бойлоп эки-экиден баскан жаштар көбөйүп...

Анан бир күнү пахтага жөнөр кез да келди. Жаңы институтуттун алдына пахтага кетер миңдеген студенттер топтолду. МАИ машинелери зуулдап ары өтүп, бери өтүп, сиреналарын кыйкыртып, эки көчө жабылды. Бир убакта эки жүздөй узун автобустар келип катарлаша токтоду. Ушул шаарда ушунча автобус барбы, же райондордон келдиби, айтор, жерден чыга калгандай, же асмандан түшө калгандай Ошту автобус, анан МАИ кызматкерлери басып кетти. Декандар бөлүнгөн автобустарына курс-курс, группа-группа кылып сала баштады. 

Мени – жаш окутуучуну декан бир кызыл автобустун жанына алып келди.

- Сиздин группаңыз ушулар болот, - деди өтө ачуусу келип жатса да, анысын билдирбей, сылык сүйлөп.

Ичиндегилер орундарга эптеп жайгаша албай ызы-чуу түшүп атыптыр. Деканды көргөндө баары жым боло, аудиторияда отурушкандай ордуларынан тура калышты.

- Силер менен биринчи агымда ушул агай иштешет. Фамилиясы – Топчубаев, аты – Манас. Өзүбүздөн үч жыл мурда бүтүп, мектепте иштеп, кайра өзүбүзгө келди, - деди да декан шашыла түшүп кетти.

МАИлердин машиналары кыйкырып, автобустар шаар аралап жолго чыкты. Жол боюнда каз-катар тизилгендер, машинасын токтотуп койгон үчүн жерге түшүп тургандар ар кандай маанайда: бири бизге согушка узатып аткандай боор ооруй караса, бири аягы үзүлбөгөн автобустарга ачуусу келип, тез эле өтүп бүтүшпөйбү деп улам-улам мойнун созуп арт жакты карайт, дагы бирлери биз бир жактан жеңиш менен келе жаткандай кубана кол булгалашат.

Ленин районунун борбору Ленинск кыштагына келгенде автобустардын бир бөлүгүн башка жол менен Аралга – СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхозго, башка бөлүгүн Рахманжан колхозуна алып кетишти. А бизди – филфактарды баягы биз студент кезде эле барып жүргөн, институт шефке алган “Коммунизм” колхозуна бөлүштү. Колхоздун канторунда – Сакалдыда  элүүдөй бригадир, эсепчи тосуп алды да, бөлүнгөн автобустарга отура баштады. Бизге бир эткээл, мойсопут адам келди.

- 18-бригаданын бригадири, - деди деканыбыз бизге жанагы кишини тааныштырып. – Нооман ака, мына сизге эң жакшы группаны бердим. – Алардын сүйлөшкөн сөздөрүнөн бригадирдин ысымы Нооман экенин, деканыбыз менен мурдатан тааныш экенин боолголодук.

- Агайыңар жокпу? – деди Нооман аке автобуска энтигип араң чыгып.

Балдар күлүп ийишти. А чынында мен ошол студенттердей элемин да. Анан калса армиядан келип кирген, же даярдоо курсу аркылуу окууга өткөн студенттердин кээ бири менден жашы өйдө.

- Мен! – дедим Нооман акеге кол берип.

- Оо, агай, жапжаш баласыз го. Сиз балдарга пахта тердире аласызбы?

- Сиз жардам бересиз да!

- Ананчы. Көпчүлүкпүз. Чанакчы бар Кыргызбай деген. Аны кошуп берем. Пединституттун балдары бизге оо-уу мен бригат болгондон бери келип жүрүшөт. Азыр обком, райком, проректор, декан болгондордун көбү менин талаамдан пахта теришкендер.

  •  

Менин он күндүк биринчи агымы бүтөр күнү факультеттин комсомол комитетинин секретары келди.

- Манас дос, сага мени атайын декан жиберди. Группаңдын пахта терүү боюнча жыйынтыктары жакшы экен. Факультетте үчүнчү курстар боюнча биринчиликти алыпсыңар. Биринчи, экинчи курстарды кошкондо да жалпы отуз сегиз группадан жетинчи орунда экенсиңер. Досум, чынында сени студенттерди иштете албай кетип калат болуш керек дегенбиз. А түгүл декандын орун басары сени кетип калса, ордуңа деп өзү жактан бир аспирантты даярдап да коюптур.

- Ырахмат, комсомолго, комсомол аркылуу партияга кызмат кылып жатабыз, – дедим акырын какшыктап. – Анан ордума Оштон бирөө бүгүн-эртең келсе эле бул боппоз талаада, ылай суу ичип, байласаңар да турбайм. Фрунзеге барып, аспирантурага документтеримди тапшырып келемин. Акыры жума экен.

- Сени Нооман ака да деканга аябай мактаптыр. Жакшы жигит экен, студенттер аябай сыйлашат экен дептир.

- Ырахмат.

- Анан досум, пахта сезонун билесиң, ашып кетсе эки ай. Москвадан, Кремлден КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары, СССРдин Верховный Советинин председатели Леонид Ильич Брежнев өзү көз салып атыптыр...

- Магабы? – Күлкүм келип кетти.

- Баарыбызга. Ошолордун ичинде сен экөөбүзгө да...

- Ой, Генеральный секретарыбыз эмне деп жатты экен?

- “Ак алтынды алтын колдор жаратат” дептир. Сенин мынабул колуң, - ал менин колдорумду өзүнө тартып алды, - алтын кол экен, досум. Ошон үчүн республиканын коммунисттик партиясынын бүткүл бюро мүчөлөрү Ленин ордендүү Ош областында жүрөт, биринчи секретарь Турдакун Усубалиевич өзү ушул Ленин районун шефке алган, күндөп-түндөп ак алтын өстүрүүчүлөрдүн арасында...

- А жакшы экен. Мага заменге ким келет? Ошону айтчы?

- Ошону айтканы келбедимби, достум. Сен жашсың, үй-бүлө күтө элексиң. Сенин ордуңа келчү окутуучулар жетишпей жатат. Бир агай бөлүнгөн, келмек. Бирок ал агай Москвага – защитага кетип атат. Москвадан коргоп кетсе – факультеттин гана эмес, институттун сыймыгы, ал гана эмес бүтүндөй Кыргыз ССРинин сыймыгы. Декан ошону сага түшүндүрүп айт деди. Анан калса ал сени окуткан агайың. Ошол кишинин ордуна дагы он күн ушул группа менен калып иштеп бер досум.

Унчуга албай калдым. Унчукканда эмне дейм. Студенттер менен, аларды ээрчип жүргөн чанакчы Кыргызбай ака менен чала-була коштошуп да койгом...

  •  

Он биринчи күнү чанакчы көрсөткөн бригаданын талаасынын эң эле түшүмдүү делген тилкеси жагына жөнөдүк. Аппак болуп пахталар көз күйгүзүп турчу. Бир-эки бала тыттардын далдоосу менен барып, ал жакка кирип кеткен экен, Кыргызбай ака мага айтып ал балдарды уруштуруп да ийген.

Эми атайын мага карадыбы же өзү убактысы келдиби, билбейм, Кыргызбай ака балдарды ошол жакка баштады.

Мен баарынын артында эч кимдин китеп окууга чолосу жок болсо да, колхозчулар окушат деп талаа станындагы “кызыл үйгө” койгон чакан китеп текчеден колтуктай чыккан “Ала-Тоо” журналын колго бекем мыжыга бара жаттым.

Талаада көк косек калбагандай чанактар жарылып, аппак пахта тергиңди эле келтирет. Группанын баары эңкейип этектерин толтуруу менен алек, анда-санда шыйпаңдан ала келген муздак чайларын жута калганда эле тике тура калышпаса, баары жерге ынтылат.

- Агай, байкадыңызбы, бир нерсени? – деп бир убакта чанакчы Кыргызбай ака жаныма жакын келди.

Чанакчынын милдети бригадир айткан гана талаага балдарды алып баруу, аларды жөөктөргө катары менен түшүрүү, ала калдырбай тердиртүү, кимдир бири жөөгүн бүтө албай калса, биринчи бүткөндөрдү алардын жөөгүнө салып, бир четтен талааны тазалоо.

- Жоок, - дедим мен ушул талааны, ушул группаны таштап кете албай калганга ичим ачышып, аспирантурадан калып жатканга андан бетер тултуюп.

Карасам эркек балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө агаттарга бөлүнүп түшүп, кыздар алдыга кетип калыптыр, балдар болсо артта.

- Бир иш болуп атат, агай, - деди Кыргызбай чанакчы мага аябай жакын келип, бирөө сөзүн угуп коё тургансып кулагыма туштай сүйлөп.

Адатта ал киши мындайда кайсыл бир кызды ымдай көрсөтүп, “бүгүн ушул кыздын айызы келип аткандай...” деп шыбырап койчу, анан “сиз бойдоксуз да, билбейсиз... нормасы толбой калса урушпаңыз аа, агай” деп коёр эле. Башымды ийкеп коём. Кээде ошол кызды “бар, бүгүн тамак кылгандарга жардам бер”, же “бар, бүгүн кечке кир-коогуңду жууп ал” деп уруксат да берем.

Бул жолу чанакчынын таклиби андай эместей.

- Бир балаңыз алалданбай калыптыр, агай... – деди жай.

- Алалданбай калганы эмнеси?

- Отургузулбай калыптыр да...

- Ушундай да болобу? – дедим таң кала. Ырасында жыйырма экиге чыккан мусулман жигиттин сүннөт болбой калганын уккан эмес экемин. Анан калса мындай иштин баарын эле мага угузуп отурмак беле, болгон болсо – болгондур. – Ким экен ал?

- Пирим, - деп Кыргызбай ака айтары менен чочуп кеттим.

- Пиримби? Чынбы?

Акыры бул группанын эң мыкты жигити го. Иш да, ыр да, бий да колунан келет. А түгүл студент кыздар аны башкача жакшы көрүшөт. Ошолордун ичинен группанын комсоргу Бегимай өзгөчө жакындап, экөө жанаша жөөктөргө түшүп, бири-бирине жардам берип, кыздын түйүнүн жигит талаанын башында турабы, ортосунда турабы, аягында турабы, табелчи терген пахталарды кабыл алып аткан жерге чейин көтөрүп барып, тарттырып, телешкага көтөрүп чыгып, төгүп берип, анан балдарга кошулуп өзүнүкүн алып барчу.

- Андай болсо эмне болот, аба? – дедим чанакчыга жалдырай.

- Болбойт да!

- Болбосо эмне кылабыз?

- Муну жакын достору айтты мага. Агайга да айтыңыз дешти. Мына айттым. Кыздар дагы бир жылдан кийин – төртүнчү курстан күйөөгө кете башташат. А бул эмне кылат?

- Башка улуттар дале сүннөткө отургузулбай эле үйлөнүп, балалуу болуп жүрүшпөйбү?

- Болбойт, агай, болбойт. Биз мусурманбыз. Ошонубуз менен мусурманбыз...

- Анда эмне кылабыз? – Топтолгон балдар жакты карасам, баары биз жакка көз кыйыгын салып туруптур. – Сиз өзүңүз айтыңыз?

- Балага үч күн уруксат бериңиз. Анын нормасын башка достору аткарып турабыз, терген пахтабыздан анын этегине толтуруп, Пиримдин атынан тапшырып турабыз дешти. – Чанакчы ушундай дегенде бул маселе эбак эле сүйлөшүлүп, эбак эле чечилгенин түшүндүм.

- Сиз ал баланы эмне кыласыз?

- Таң супа саадак салганда, азанга кошо аны алып кетем. Каналдан ары өткөрүп алсам, Өзбекстандын айылы, ал жерге автобус келет, биринчи автобус менен Кокон-Кыштакка алып барам. Сураштырып койдум, өзүм да угуп жүргөм, Рахматтилла деген чочок кесер уста бар, ошого алып барам.

- Акысы кандай болот? Бала студент болсо...

- Камтама болбоңуз, агай. Рахматтилла уста акы албайт. Бул ишти соопчулукка аткарып берет.

- Жазда кесчү эле го, азыр күз, ысык. – Биздин айылга усталар марттын аягында келип, беш же жети жашар балдарды бүт жаткырып, четтен ырымдап кеткенин, алар жазында балдардын эти бошоп турганда чочосунун учун тыз эттирип кесип коёрун билет элем, ошол эске түшүп кетти.

- Билбейм, агай, бир ылаажысы болор...

  •  

Студенттер пахта тарттырып жатканда мен окутуучу катары жанында туруп, кимдин канча кило тапшырганын жазып алышым, анан баарын кошуп, жалпы канча пахта өткөргөнүбүздү белгилеп чыгышым керек. Эгер кимде-ким белгиленген нормага жетпесе, тамакка барбай, кайра пахта талаасына кетет.

Пиримдин таразага койгон пахтасы нормага жетпей калды. Болгондо да он алты кило жетпей калды. Такыр мындай болчу эмес. Дароо эле балдардан бөлүнүп аңыз аралап кетти. Мен аны эч нерсе дебесем да, бош этектерин мойнуна салып, боолорун жер чубалтып гозолорду аралап жөнөдү.

Мен артынан барып, нормаң толбосо койсун кете бер дейин десем, кыздар биринин артынан бири келип бошобой жаттым. Бир убакта түйүнүн биринчи жолу өзү көтөрүп, өзү тарттырып, балдардын жардамы менен өзү телешкага көтөрүп алып берген Бегимай канчалык тез келсе, өзүнөн эки эсе чоң пахта түйүлгөн этектерин ошончолук тез бошотуп Пиримдин артынан кетти. Анын артынан төрт-беш жигит кошо кетти да, жабалактап Пиримге пахта терише баштады.

  •  

Пиримдер балдар тамак ичип бүтүп, айдын жарыгында кырманга ойногону чыкканда араң келишти. Табелчи алар дагы жыйырма кило пахта төккөнүн мага кабарлады. Мен блокнотумдагы “Мидинов Пирим” деген жазуунун тушуна дагы жыйырма кило жазып койдум.

  •  

Студенттер да – жаш чак. Керээлден кечке талаада, ысыкта, оозу кургап, пахта тергенине карабай, түшкү, кечки шылдыр суу тамакка ыраазы боло кечинде кырмандын бир четинде оюн-күлкү, ыр-бий уюштурушат, “жүрө баштагандар” мага билгизбей, айдын жарыгын жамынып ары пахтазарга бир-эки саатка сиңип да кетет.

Мен болсо чакан жатакана бөлмөмдү нормасы толбой калган студенттер менен, тартип бузгандар менен сүйлөшө турган жай кылып алганмын. Ал жерди группадагылар “эмгек түзөтүү лагери” деп, кыскача, “ЭТЛ” деп атап коюшарын кийин Кыргызбай чанакчы айтып берген.

Ошентип бүгүн группанын старостасы Мидиновду алып келди. Алып келбей эле койсо экен деп турдум эле, бирок дайымкы тартип деген тартип да – алып келүү керек. Мейли, эми пахта жөнүндө, норма жөнүндө ооз ачпаймын дедим. Жеке өзү менен сүйлөшмөк болдум.

- Отура гой, Пирим? – дедим ал кирери менен. А түгүл бир пияла көк чайды да, бир шиңгил аял манжасы жүзүмдү да алдына жылдырдым.

Экөөбүз бир топ унчукпай да калдык. Анан калса телевизордо кайсыл район пахта планын канча пайыз аткаргандыгы тууралуу сводка берип жаткан. Бул кезде эч ким эч нерсе дебейт. Биздин Ленин районунун пахта планы качан жүз болот экен, анан бизди Кара-Сууга жылдырат экен деп турабыз.

- Кандай, Пирим? – дедим али пландын жарымы да боло электигине ачуум келип, ошого телевизор айыптуу сыяктуу аны сайылып турган тогунан күч менен ажыратып.

- Ушундай экен да, мага Кыргызбай ака айтты... – дедим Пиримдин жүзүн карай албай, ушундай болуп калганга өзүмдү айыптуудай сезип. – Турмушта баары боло берет турбайбы. Эмнеге ушундай болуп калды?

- Агай, айтууга мажбур болдум. Эч кимге айтпа деп бир досума айтсам, ал досуна айтып, анан анын да досу бар экен, көпчүлүккө жайылып кетти. Акыры Казакбай акага айтышты. Ал менден сурады. Сизге айтамын деди.

Экөөбүз дагы бир топко унчукпай калдык. Эми бири-бирибиздин жүзүбүзгө уяң болсо да караша баштадык.

- Ата-энең барбы? – Ортодогу жымжырттыкты бузгум келди.

Пирим ойлоно калды, айткысы келбедиби, оо үшкүрдү.

- Үч агам бар. Баары үй-жайлуу. Балдары бар. Кудайга шүгүр. Төртүнчү болуп мен төрөлгөн экем. Атам сүйүнүп “пирим болот” деп атымды Пирим деп коюптур. Мен сегиз ай кезимде ошол жылы кургакчылык болуп, Ош облусу боюнча чөп болбой атамдарды Казакстанга саман топтоп келгенге жиберет. Казак талааларынан саман топтоп, аларды пресстетип, Жамбылга чейин поезд менен алып келип, анан аларды Кара-Буура аркылуу Чаткалга өткөрүп турмак болушат. Ошондой бир жолку саман ташууда Таластан Чаткалга аша бериште саман сүйрөгөн тракторубу, машинасыбы, чийнесиби, айтор, анысын ушул кезге чейин сурагым келбейт, айтор, аскадан кулап, атамдын сөөгүн жаракадан төрт-беш күндө араң чыгарып алышат. Төрт жетим темселип кыйналып калыппыз. Апам же колхоздун ишин аткара албай, же чиеден төрт баланы карай албай карбаластап турганда катыны өлгөн эки балалуу бир кишиге туугандары болбой атып нике кыйып коюшат.

Өгөй атам менен апам дагы эки балалуу болушат. Очокторунан оту өчпөй, казанына күндө май дакталып, табышкер жаңы атам бизди да жакшы эле карап калды. Аңгыча мен окууга бардым. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү класска өттүм. Классташ балдарым сүннөткө отургузулганын айтып келишсе, мага да ошол күн келээрин ойлоп коркуп да, дилгирленип да алам. Бир күнү кечинде уктай албай жатсам, апам таенем менен сүйлөшүп атыптыр, алардын сөзүнөн эртең Үч-Коргонго базарга барышарын, тойго кийим-кечек кылып келишерин, жолдо токтоп Нарайданбы, Наманганданбы сабиз, күрүч, пахта май алып келишерин түшүндүм. “Пиримди да отургузабы” деди таенем бир убак. Апам жооп бере албай турду да, “билбейм, айта албай жатам” дегендей болду. А мен тойдун болушун күтө бердим.

Үч-Коргондон атам менен апам шаабайы сууп келди. А түгүл апам базарлык доолап келген туугандарга бышактап ыйлап да алды. Мен алардын айтканынан Үч-Коргондон он кийимдик таза баркыт, он кийимдик хан атлас, сегиз жуп амиркан маасы галошу менен, эркектердин эки хром өтүгүн, балдарга эки сыйрадан үстү-башы, он чакты аялга деп он эки чаралык таза оромол, дагы-дагы башка нерселерди алып, базардан чыгып, Намангандин таксисине отурган кезде бир хулигандар кошо чыгып, жолдон машинаны бир кычыкка бурдуруп кетип, эч нерсесин калбай алышып, экөөнү жалаң көйнөк менен жолго салыптыр. Үйдө болсо навайларды чакырып эки дандыр салдырып, нан жаптырып аткан, чочок кесер устаны Кербенден чакыртып койгон. Билбейм, неге ушундай болду. Уста келип, эки инимди отургузду да, мени карап да койбой кете берди. Ошол-ошол болду, кийин таенем, көп узабай апам да өтүп кетишти. А мен алалданбаган бойдон кала бердим. Мени менен эч кимдин дале иши болбой калды. Эми минтип үйлөнөйүн деп жатсам... – Ушинтип айтып атып Пирим ыйлап жиберди.

- Болду, кой, баары жакшы болот! – Мен аны соорутууга жарабай ар нерселерди сүйлөгөн болдум.

  •  

Кокон-Кыштакка алып барып таштаган Пиримди алып келүүгө Кыргызбай чанакчы төртүнчү күнү таң азандан жолго чыгып кетти. Жогун билдирбей балдар төрт-беш килодон пахтасын чогултуп, бир түйүн кылып Мидинов Пиримдин атына өткөрүп турду. Студенттер болсо чанакчы келбей койсо дале бир тартипке көнүп калды. Пиримдин өз алдынча кеткенин, ага мен уруксат бергенимди институттун пахта штабындагылардын эч кимиси билбей калышын ойлоп эки күндөн соң экинчи агым да бүтүп, мен шаарга кетеримди ойлоп, ошого чейин келип калса экен деп чый-пыйым чыгып атты.

Эртеси Кыргызбай чанакчы сарт бешим оой маанайы сууп жалгыз келди. Келип эле:

- Эти ырбаак экен, бүтпөй атыптыр, уста дагы эки күн көрөлү, - деп айтты дегенде ачуумданбы, билбейм, жер тепкилеп ийдим. Ошол эле кезде не кыларды билбей башым маң болуп, мээмдин тамырлары жарылып кете турган болду.

Кечинде колхоздун канторуна бара турган Нооман бригадирге биздин деканга кире келиңиз, мени дагы он күн – үчүнчү агымга да иштеп бермек болуптур деп айтыңыз деп сурандым эле, ал киши сүйүнүп:

- Ээ, агай, кыздардын бирин жактырып калгансыз го, терим бүткүнчө жүрө бериңиз. Пахта планын толтурган күнү чоң тойду бирге кылабыз, - деп май баскан курсагын дирилдетип каткырып алды. – Деканыңыздан камтама болбоң, ал киши биздин колдо.

  •  

Көздөн учкан Пиримдин караанын алты күндөн кийин да, сегиз күндөн кийин да көрө албадык. Анын атынан пахта терип атат болуп, сводка штабга кетип атат, өзү болсо Өзбекстанга кеткен бойдон белгисиз.

Биз күнү кечки кырманда, пахталар жайылып турган жерде жумшак, жылуу пахтанын ичине кирип алып эч кимге билинбей көктөгү жылдыздарды карап жаттым эле, жакын эле жерден Нооман бригадирдин Кыргызбай чанакчыны урушуп атканы угулуп калды:

- Сизге эмне, эки күндүн биринде суранасыз. Мамлекеттин планы толбой атса, Леонид Ильич... тоюс, Турдакун Усубалиевич өзү баш болуп, мойнуна этек байлап пахта терип жүрсө... Пахтадан да бир баланын чочогу артык болуп кетиптирби... Кесилбесе, мага десе, түбүнөн кесип салгыла... Мага пахта керек, план керек... Кыргызбай ака, болду, сиз бошсуз. Эртең раиске өзүм айтам. Ишке келбей эле коюңуз... Ошол чочоктун артынан жүрө бериңиз!.. Сволуч акта!.. Энеңди... чурку!..

Кыргызбай ака да бир нерсе дегендей болду. Анын айткандары косек жанчып аткан трактордун гүрүлдөгүнөн анча угулбады. Мени байкашпаса экен деп бысып жата бердим...

  •  

Эртеси Кыргызбай чанакчынын ордуна жумушка башка киши чыкты.

Ошол күнү түн оой тереземди бирөө черткилейт. Карасам, Кыргызбай чанакчы.

- Чанакчы ака, тынчылыкпы!? – дедим коркуп кетип дароо эле Пирим бир нерсе болгон экен деп ойлоп.

- Агай, эми чанакчы дебең... Чанакчылык бүттү... Эшикти ачың...

Колдорум калтырап эшикти араң ачтым.

- Мындай, агай, балам, айтмакчы ал Пиримди балам деп алган, жакшы боло албай атат. Талтайып араң турат. Заара кылганда аябай ачышабы, көзүнө жаш алып ийет.  Рахматтилла уста башка арга жок, мен колумдан келгенин кылдым, эми бир ылаажы Анжианда эшен бар, ошого барып жети күн катары менен чилжаасын окуткула деп атат. Кандай кылайын деп сизге масилаатка келдим, - деди өңү бозоруп, - бригаддан, кырманчылардан качып түн жарымда келгенди кечириңиз.

Дагы не кыларды билбей калдым. Жообумду айтпай нес болдум. Анжиан деген чоң шаар. Облус борбору. Ал жерде ушу тапта ити да, мышыгы да пахтада. Көчөдөн кетип атканды сурак-сопкутсуз эле этек карматып, пахтага алып чыгып кетет. Базар-учар, дүкөн, ашкана, чачтарачкана, хаммам – бүт жабык. Райком да, обком да түнү гана иштейт, күндүзү баары талаада. Кокус биздикилер кармалып калса не болот? Аларды биздин институттун штабына айтып койсо эмне болот?

- Камтама болбоңуз, агай, кудай мындай соопчулук иштерге өзү жол ачып берет, - Кыргызбай аке ушинтти да, мен чөнтөктөрдү чукулаганча чыгып, караңгыга сиңип кетти...

  •  

Бул күнү эртеден кечке кара жаан төктү. Штабдан бүгүн “банный день” кылгыла деген буйрук келген экен, бригадир кара машина таап берип, Сакалдынын хаммамына жөнөдүк. Группаны кайра-кайра санайм. Экөө жетпейт. Бири го түшүнүктүү – Пирим. А экинчиси ким? Кабинадан башымды чыгарып акырын тизме менен карай баштасам, Кожонова Бегимай жок.

- Кожонова кайда? – дедим жоголгон адамды тапкандай.

- Агай, ал барбайм деди, ооруп атам деди. – Кыздардын бири жооп кылды.

- Ал ошентип калбадыбы, - деп дагы бирөө күлгөндөй болду.

Баягы Кыргызбай ака айткан “оорусу” келип калган окшойт деп кете бердик. Жамгыр нөшөрлөп жаап, кыздардын жамынган кийимдери кошо суу болуп, Сакалдыга сыгып алма суу болуп жеттик. Хаммамда башка бир факультеттин кыздарды жуунуп аткан экен, кыздарды киргизип жибердим. Киргизип жибердим да, азыр эле суу болгонун унутуп шаңкылдап жуунганы кирип кеткен кыздардын арасында Бегимайдын жоктугуна ичим тыз дейт түштү.

  •  

Мончодон кийин балдарды эркин коё бердим: кээ бири башка группалардагы туугандарына, досторуна кетсе, кээ бири Кочкор-Атага, кээ бири Пахта-Абадга кетти. Мен болсо тез эле шыйпаңга – жатаканабызга, Бегимайдан кабар алганы кайттым...

  •  

Учуп-күйүп келгеним менен кыздардын жатаканасына кире албай туруп калдым. Таң атары менен, кээде жылдыз тарап атканда ушул Бегимай кыздардын баарын ойготуп, бир калай кружкеден титандын ылымык чайын эки кесим борке нан менен жедирип, талаага шайма-шай кылып койчу. А мен эркек балдарды ойготуп келгенче кыздар даяр турушчу.

Чыдабай эшикти такылдатсам эч бир жооп болбоду. Бөлмө чоң да, жыйырма кыз катар төшөк салып жатышат. Укпай аткандыр деп кирип бардым. Бегимай жатыптыр. Мени көрөрү менен ордунан тура калды. Пахта талаасына кийген кийимдери менен эле бүк түшүп жаткан экен, эркектер такыр кирбеген жерге мен кирип барганга чочуп кетти:

- Агай! Агай, эмне болду?!

- Сага келдим! Сага эмне болду?

Бегимай сүйлөй албай туруп калды. Тынбай ыйлап чыкканбы, көздөрү, бети-башы шишигенсип калыптыр. Бирок сулуу жүзү, майрамдагыдай маанайы ошол эле бойдон. Күлмүңдөп турат. Анысынын баары жасалма экенин түшүнүп эле турдум, эмне демек элем.

- Агай, сиз билесиз да! Кыйналып кеттим!.. Баары эле мени шылдыңдап карагансыйт... Эч ким эч нерсе дебесе деле бизди эле сүйлөп жатышкансыйт.

- Сага ошондой сезиле берет да. Сени эч ким эч нерсе деген жок...

- Билбейм, агай. Сиз да уруксат бербей койсоңуз болмок. Ошко барганда дале... Группада биздин айылдык кыз да бар. Апамдарга да угулган болуш керек. Түшүмдө мага таарынып атыптыр... Мен эми, агай, бул жерде окуй албайм. Пиримди шылдыңдагандай эле мени да шылдыңдап жатышкандыр...

- Пиримди эч ким шылдыңдаган жок...

- Шылдыңдап атышат, агай... Мен сезем... Анын турмушун, балалыгын мен билем. Эч кимге андай бактысыздык, андай шор бербесин, агай...

- Окуй албайм дегениң кандай? Окуйсуң! Сен жакшы окуйсуң. Пиримдин... баары жакшы болот. Кадимкидей болуп жүрө бересиңер...

- Жок, агай. Мен чечтим. Сиздин келгениңиз жакшы болду. Айта албай аттым эле. Түнү менен бул жерден чыгып кетем. Анан окуудан да чыгарышат. Документ алганы Ошко барам. Анан документтеримди алып Фрунзеге кетем. Фабрикага ишке кирем... – Бегимай ушинтип атканда ичим ачышып, көзүм муздак жашка толуп, көкүрөгүмдө бир нерселер тырмалап,  кыбырап жүргөндөй болду. Эч нерсе дей да албай калдым. Эшикке атып чыктым да көзүмдөн аккан жаштарды эч кимге көрсөтпөө үчүн жамгыр үстүмө чакалап куюп жатканына карабай жаандуу шүдүгөрдү аралап кеттим...

  •  

Түн оой тамак ооруп, ал кетип, ысытмалап, суусап кыйнала баштадым. Суу же дары алып келип берер, абалымды сурар пенде жок. Бир туруп ысып-күйүп көрпөмдү тээп салсам, бир туруп чыйрыгып, бүрүшүп жатып калам.

Таң агарса да, күндөгү турчу убак болсо да төшөктөн козголо албай, не болсо ошол болсун деп жата бердим. Аңгыча күн чыкты. Терезеден күн чыгып келе жатканын көрүп турдум. Кечээги жаандын дайыны да жок. Ушунчалык турайын деп тура албай калдым. Мен чыкпагангабы, бир убак абалымды сурап группанын профкому келди. Андан балдарга баш-көз болуп өзү талаага чыгарып келишин сурандым жана мага алып келип берген дарысын, бал кошулган кара чайын ичип жылуу жаттым.

Кыйналып чыккангабы, дары менен чайдан соң катуу уктап кетипмин. Бир убакта куду тереземдин түбүнөн чыккан машинанын үнү, анын жанды алып ийчүдөй ачуу сигналы ойготуп жиберди.

Акырын темселеп терезеге жетип, анын текчесине сүйөнүп туруп, айнектен сыртты карадым. Капкара “Волга” туруптур. Анын бет маңдай терезесине институтубуздун логотиби чапталып, чоң тамгалар менен “Штаб” деп жазылган экен. Демек, пахта терим штабынан келиптир. Алар соо келбейт. Эшикке чыгууга туура келди. Чыгарым менен шалдырап, эриндерин кургап, бутумдун басууга дарманы келбей отуруп калдым.

- Жүрүң, Сизди штабга тез алып кел деп жатат! – деди, машинадан чыкпай тамеки тартып аткан айдоочу.

- Эмнеге?

- Билбейм! Тез алып кел! – дешти.

Эптеп бир нерселеримди таап кийиндим да, теримди улам чачык менен аарчып коюп, машинанын арты орундугунан тикенге отургандай коомай жай алдым.

  •  

Бир шыйпаң менен экинчи шыйпаңды, бир талаастаны менен экинчи талаастанын, колхоздун бир участогу менен экинчи участогун туташтырган, күндө чаңы чыгып жаткан, бүгүн эми кечээги жаан сиңген суусу бир аз тоорсуй түшкөн жолдо жаназадан кечигип аткан кудалардай шашып бараттык. Жол четинде балдары өлө берип коколой башы калган кемпирдей бутактарсыз карт тыт аркайган сөөлөтү менен узата калат. Пахта аңызынын шагында дем алып отурган студенттер биздин машинаны көргөндө чуркап жөөктөргө кирип, теримчилерге аралашып кетет. Бир жерде биздин факультеттин эң карыя доцентти чыбык кармаган колун артка алып кетип аткан экен, артынан келип калган биздин машинаны көрө сала чыбыгын ыргытып жиберип, башын ийип таазим кыла биздин “Волгага” салам берип ийилип калды. Күлө турган киши жок. Ичинде ким баратканын, эмнеге баратканын ошол агай билсе барбы, институтта ханга салам бербей турган киши мени башка бир салмак.

- Саламатсыздарбы?! – Штаб мүчөлөрү турган жерге алыстан эле салам айтып кирдим.

- Кел! Баатыр! – деди штаб начальник ачуулуу.

Ал кишини эмнегедир фамилиясы же аты менен атабай Эшимич деп коюшчу жана “түбөлүк штаб начальник” дешчү. “СССРдин пахта планы бул кишисиз аткарылбай калмак” дешчү. Өзү окуу жайдын парткомубу, профкомубу – пахта тербеген учурда студенттерге жана жаш окутуучуларга билинбеген бир киши. Анан эле пахта башталганда көрүп алгыла, кирген буурадай бууркандап, талаага да, штабдын имараттарына да батпай калат. Обком, райком дегендер келсе, же ошол жактан бир инспектору эле келип калса, бөйпөлөңдөп башкача болуп калат. Бир күндө институт боюнча нормасын аткарбаган жүз-эки жүз студент менен бетме-бет туруп, айтпаган сөзү калбай, “окубасаң кете бер”, “сенин окууң керек эмес, пахта тергениң керек”, “ата-энеңди чакыртам”, “керек болсо деканыңды кошо айдайм” деген сөздөрдү кайта-кайта кайталап отурат. Түнү айдын жарыгында пахта терүүгө өзү баш болуп айдап чыгат. Кыргыздарга гана ушинтет, башкаларга тили өтпөйбү, же жогортодон ушундай ишараа болгонбу, анысын билип болбойт.

Ошол штабдын начальнигинин жанында үч-төрт факультеттин деканы, бир-эки бригадир, дагы интервью алганы келген журналист бар экен. Чилги мөмөлөрү мөлтүрөп салаалап ийилип турган, шактарына капастагы бөдөнөлөр асылып коюлган жүзүмдүн астындагы чарпаяда чай ичип отурушуптур.

- Кайда жүрөсүң?! Балдарыңды качырып эмне кылып жүрөсүң?! – Начальник мени уруп жибере тургандай жакын келди.

- Эмне болду, агай!

- Эмне болду! Эмне болду! Арак ичип жатсаң керек да! Кешпириңди кара! Күлгө оонаган!.. Эмне баш жаза албай калдыңбы?!..

Менин арак ичпешимди билген, бул окуяны түшүнбөй турганымды аңдаган деканыбыз дароо сөздүн нугун бурду:

- Кожоноваң кайда?

- Бегимайбы? – Жүрөгүм шуу дей түштү.

Өлүптүр дедим. Же каналга боюн таштаптыр, же жип менен өзүн асып алыптыр да дедим. Ооруп жатып анын абалын билбей калган турбаймынбы.

- Ошол кызың колго түшүптүр. Болгондо да “пахта милициясына” түшүптүр! - деди декан.

Декандын бул сөзү мени кубандырды. “Тирүү экен” дедим ичимден. “Кудайга шүгүр” дедим. Бир нерсе болсо барбы? Ачуу үстүндө ар кандай жамандыктарга барышы мүмкүн да.

- Бар, кызыңды таап кел! Бүгүн кечке чейин ушул жерге алып кел! Болбосо иштен кетип, экинчи жумушка алгыс кылып трудовоюңду булгап таштайм! Тирүү адамды жоготуп сен эшек такалап отурасыңбы?! – Штаб башчысы Эшимич каарын токтотподу.

- Кожонова качып бараткан жерден – Бүргөндүдөн кармалыптыр. Азыр ошол жерде Момбековдун колхозунда пахта теримге салып коюшуптур. Райондук милициядан штабга чалышыптыр. Бирөө барып чыгарып келиши керек экен. Сен бар. Алып кел! – Декан мага ишеним менен жылмая карады. Ал экөөбүз мен биринчи курска киргенден бери эле таанышпыз да. Сабак берген. Сүйлөшүп турчубуз.

- Бул агайдын дагы бир баласы он беш күндөн бери жок! – Ортодон бүтүп келе жаткан ишти ырбатып Нооман бригадир чыга калса болобу?

- Кандайча жок! – Эшимичтин жаны чыгып кетти. – Төбө чачты тик тургузасыз да, Нооман ака!

- Ырас. Өзүнөн сураң? – Бригадир мага шылдыңдуу да, кекээрдүү да карады. – Булар үчүн бир чанакчымды иштен айдадым.

- Ким ал? Эмнеге жок? – Декан да үнүн катуу чыгара суроо койду.

- Мидинов... Пирим... Ооруп атат... Келет... – дедим доошумду араң чыгарып үнүм дирилдеп.

- Сводкада жүрбөйбү, Мидинов, күндө эле пахта тапшырып жатпайбы... Мына... – Комсомолдук секретары мага болушуппу, же ишенбейби, же өзүнө сөз тийүүдөн корктубу, айтор, алдындагы кагаздарды карап колу менен барактын бир жерин нукуп көрсөтө үн катты.

- Анын атынан достору пахта тапшырып жатканын табелчим айтып берди. – Нооман бригадир биздин калпыбызды чыгарып таштады. – Ал убагында унутуп калышкан чочогун кестиргени Өзбекстанга кетип, келбей атат. Ушул агай жооп берген...

- Жооп бергичин кара мунун! Биз бул жерде эмне кылып отурабыз! Балдарга жооп беришти, бербешти мына биз чечебиз! Ошон үчүн штаббыз! Институттун талаа штабынын начальниги дейт мени! Ректор ишенип жиберген мени! Партия менен өкмөттүн планын ашыгы менен аткарганга чейин, обкомдон жооп болгонго чейин бул жердеги студенттерге, аларга кошуп профессордук-окутуучулук курамдын ар бир мүчөсүнө мен, мына мен жооп беришим керек!.. – Эшимичтин каары бүт денесине чыгып, беттерин калтырак басып турганын түшүндүм. Түшүндүм да кечирим сурашым керек эле. Бирок жаштыкка салдымбы, көктүккө салдымбы – ичимди тепкилеп оозума келип калган башка бир сөздү айтып салдым.

- Силер пахта деп, план деп адамдын тагдырын ойлобогон тоңгон муздар экенсиздер!..

- Эмне дейт? Эмне дейт!? Кой! – Декан ортого түшө калды.

- Акмак! Кет! Мен сага рапорт жазып берем! Туш тарабың кыбыла! – Эшимич ары жакта турган папкасын алды да, даяр жазылып турган рапорту бар экен, ага менин фамилямды, атымды жазып, кол коюп колума карматты.

Жүзүм астында чоң сөрүдө отургандардын да, чекеде карап тургандардын да менден муну күткөн эмеспи – үрөйлөрү учуп кетти.

- Кечирим сура... Кечирим сура... – Жаныма жакын келген комсомолдун башчысы күйпөлөктөп ары жагыма бир, бери жагыма бир өтөт.

- Сурабайм! – дедим баарына угуза.

- Иштен айдаласың, сурабасаң, - деди декан да мага болуша.

- Мейли! Кете берем! – Андан бетер көгөрдүм да, коштошууга да жарабай кагазды алып көчөгө чыгып кеттим.

  •  

Колумдагы бир барак кагаз менин тагдырымды такыр башка нукка бура турган балекет экенин түшүндүм. Акыры институтта күнү-түнү кезерип окуп, бир күн да, бир саат да сабакты калтырбай, илим жазып ушунча топтогон кадыр-баркымды, агайларымдын чакырыгын түкүрүп таштагандай болдум. Жанагы рапорт менен ректор иштен айдайт, партия мүчөлөрүн катарынан чыгарат, институттун аспирантурага берүүчү жолдонмосу жок болот, ата-энемдин, туугандарымдын, айылда окуткан мугалимдеримдин сыймыктанып жүргөнү шамалга учуп кеткендей жок болот, жок болуп гана калбай атым жаман жагынан ылакапка айланат... Арга жок... Кеч болуп калды... Артыма кайрылбай кете бердим...

  •  

Ошко келип, рапортту берип, жумуштан чыгып кетүү үчүн ректорду үч күн күтүүгө туура келди. Ленин районуна пахтага кетти, ал жакка республиканын биринчиси, Москвадан КПСС БКнын айыл чарба жана идеология бөлүмүнөн комиссия келет экен деп кетти дешти билгендер.

Үчүнчү күнү ректордун жумуш убактысы башталар кезде бара калсам, ал киши кабинетинде экен. Көңүлсүз салам айтып кирип бардым. Ким элең дегендей ал бүшүркөй карады. Чынында институтта эки миңден ашык окутуучу бар да – баарын эле тааный бербейт.

- Мен Ленин районунан штабдан муну алып келдим... – Ректордун алдына шашылыш жазылган кагазды аста жылдырып койдум.

Бул киши Ошко ректор болуп жаңы келген. Мурда Фрунзеде иштептир. Согушту көргөн, сынган адам экен деп айтып калышчу.

Кагазга үңүлө карап:

- Отур, Манас! – деди.

Өз креслосунан жылып келип мен отурган столго бет маңдай отурду. Эми мага буйрук чыгарат. Сөгүш берет. Же иштен биротоло айдайт. Анан буйрукту алып, документтеримдин ичинен бергенин колума кармап кете берем. Ал пахта штабынан ала келген көп кагаздардын ичинен бирин алып чыгып:

- Таак, - деди, - сөөмөйү менен бир катарга жылдыра карап, - сен катары менен үч агым иштептирсиң. Акыркы агымда группаң факультет боюнча биринчи орунга чыккан экен. Таак, сыйлык берилмек болуптур. Ох, анан рапорт! Эмнеге?! Айтчы, балам, эмне болду?

Ректордун жакшы мамилесине эреркеп кеттимби, же актангым келдиби – эмне үчүн бул рапортко ээ болгонумду төкпөй-чачпай айтып бердим. Сөзүмдү бөлбөй угуп отурду да:

- Эми эмне кыласың? – деди көзүн көзүмө тике кадап.

- Фрунзеге кетем... Фабрикага ишке кирем... – Төрт күндөн бери жаттап келген сөзүмдү кысылбай дароо эле айттым.

Ректор стол үстүндөгү кнопканы басты эле, эшик чертилип, катчы кыз келди.

- Отуруп жаз, - деди ректор катчыга. – Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президентине жолдонмо. Урматтуу президент, КПСС БКнын жана Совет өкмөтүнүн пахтачылыкты өнүктүрүү, студенттерди жана мектеп окуучуларын пахта өнөктүгүнө тартуу боюнча токтомуна ылайык биз Топчубаев Манасты бир ай айыл чарба жумушунда кармап койдук. Бул биздин, же жеке анын эмес, Москванын, Кремлдин талабы. Ошондуктан бир ай кечигип болсо да Топчубаев Манасты аспирантурага кабыл алуу экзамендерине кирүүгө уруксат этүүңүздү суранамын. – Мен ректорду алая карадам. Ал мага карап: - Булар менен ушинтип өз тилдеринде сүйлөшпөсө болбойт. Бул үчүн адамга караганда партия менен өкмөттүн тапшырмалары, пахта планы, беш жылдыктар өйдө турат.

Мына ушинтип айтканда эмне дешимди билбей дел болгон кишиче нес болуп тура бердим.

Катчы кыз бир паста машинкага басып келе калды да, ректор колун койду.

- Бар эми, жалпы бөлүмдөн кол койдур да, экзаменге даярдан. Анан жанагы кызды да тапкыла. Балким бизге документтерине келет. Фрунзедеги окуу жайларынын бирине которуп коёбуз... Ал эми жигиттин окуясындай окуяны мен да билемин. Бир айга жетпей жакшы болуп калат. Пахтасын тере берет... – Ушинтти да ректор колумду кысты. – Сага болсо, ак жол, бешенең ачылсын, балам!..

2018-жыл, декабрь

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз