Харуки Мураками: Спагетти жылы

  • 08.10.2026
  • 23

АҢГЕМЕ

1971-жыл спагетти жылы болчу.

1971-жылы мен жашоо үчүн спагетти даярдап, спагетти даярдаш үчүн жашап турдум. Мискейден чыгып жаткан буудан канагат алып, дымып жаткан томат соусуна жан дүйнөм байланган мезгил болду.

 Көлөмү немец овчаркасын киринткенге да болчудай чоң алюминий мискей, кесипкөй-ашпоздор жана тамак даярдоону эрмек кылгандар колдонуучу хронометр, чет өлкөлүктөр тамак-аш алуучу супермаркеттен аталыштары шумдук ар түрдүү татымалдарды, китеп дүкөнүнөн спагетти тууралуу атайын китеп, памидорлорду сатып алдым.

Чеснок, пияз, суу май, дагы эмнелердин жыты өз-өзүнчө атомдорго ажырап абага тарап, анан бардыгы кошулуп алты татамалуу[1] бөлмөмдүн бардык булуң-бурчун ээлешти. Эми жыты укмуш, байыркы Римдин канализациясындай.

Бул биздин эранын бир миң тогуз жүз жетимиш биринчи жылы, спагетти жылында болгон окуя.

*     *     *

Дегинкиси мен спагеттини даярдаганда да, аны жегенде да жалгыз болгонду жакшы көрчүмүн. Кээде, чынында бул жыргалды бирөөлөр менен бөлүшүүгө туура келчү, бирок аларды жалгыз жегенге эмне жетсин. Мен спагеттини адам өзүнчө - жалгыз жечү тамак деп эсептейм. Эмне үчүн? Билбейм.

Спагеттини чай жана салат менен жеш керек. Мен чайнекке үч чай кашык кара чай салып, латук жана бадыраңдан башка эч нерсе кошулбаган салат даярдай баштачумун. Анан бардыгын столго ирээттеп жайгаштырып, анда-санда гезитке көзүмдүн кыйыгын салып, шашпай, жалгыз олтуруп спагетти жегенге киришчүмүн. Бул адат жекшембиден ишенбиге чейин уланып, андан кийин жаңы жекшемби келип, ошону менен спагетти жегендин жаңы аптасы башталчу.

Мен жалгыз спагетти жеп отурганымда, азыр эшик тыкылдап, бирөө келчүдөй сезиле берчү. Мындай сезим көбүнчө жамгыр жаап жатканда, түштөн кийин пайда болчу.

Келүүчүлөр ар жолу ар түрдүү адамдар эле. Кээде мен тааныбаган эле бирөө, кээде мен тааныган эле адам. Кээде кишинин эсиң чыгарчудай, чийдей ичке буттуу кыз (ал кызды биз мектепте окуп жүргөндө бир эле жолу кезигишүүгө чакырганым эсимде), кээде бир нече жыл мурдагы, жаш кездеги менин өзүм. Болбосо Уильям Холден Женнифер Жонс[2] менен бирге.

Уильям Холден?

Бирок эч кимиси кирген жок. Алар киргенге даабай эшик алдында бир аз турушуп, эшикти тыкылдатып да койбой белгисиз жакка житип кетишти.

Тышта - жамгыр жаап жатат.

*     *     *

Жаз, жай, күз... Мен спагетти кайнатып эле жатам. Бирөө менен эрегишип же өч алып жаткансып. Мен аны жигити чанып кеткен, жалгыз калган кыз мурдагы жигитинин  каттарын пачке-пачкеси менен отко ыргытып жаткандай даярдадым. Оюмда немецтин овчаркасы сыяктуу элестетип алган кесмени чарага топтоп, мискейде кайнап жаткан сууга салам, туздайм. Колума узун шиш кармап, кухнядагы таймер өзүнүн “бип” деген муңдуу үнүн чыгарганын күтүп, мискейден көз албай жанында турам.

Спагетти даярдоо – кудай ургандай түйшүктүү иш, ошондуктан мен мискейден көз үзбөй карап турам. Алар мискейден ашып түшүп, караңгыга сиңип кеткендин аракетин көрүшөт. Түн болсо аларды тропика джунглиси түрдүү түстөгү көпөлөктөрдү түбөлүккө жуурулуштуруп жибергендей,  кабыл алууга даяр.

Сгагетти болонезе

Спагетти базилико

Уйдун тили кошулган спагетти

Молюскалар менен томат соусу кошулган спагетти

Спагетти карбанара

Чеснок менен спагетти

Дагы ушундай, жагымдуу жана муңдуу аталыштары менен мактана албай турган спагеттилер, анткени аларга мен муздаткычта калган ар түркүн калган-каткан, үзүндүлөрдү кошуп салгам.

Спагеттилер бууда жаралып, арыкта аккан суудай болуп, 1971-жыл деген аталыштагы мезгилдин агымына жылмышып, жок болуп кетишти.

Мен сагынып, жоктоп келем.

1971-жылдын спагеттилери.

*     *     *

Үчтөн жыйырма мүнөт өткөндө телефон зыңылдап калды. Мен татамиде созулуп, шыпты тиктеп жаткам. Кышкы күндүн нуру да так эле мен жаткан жерде жарык так болуп төгүлөт. 1971-жылдын декабрдагы күндүн нурунун астында, өлгөн чымындан беш бетер тырайып жатат элем.

Башында бул конгуроону телефондун эмес, аба толкуну аркылуу келген эстен чыккан элестердин дилбиреген үзүмү, башка эле бир үн катары сездим. Бирок үн улам кайталанып, телефондон чыккан коңгуроонун үнүнө окшоп, акыры жүз процент телефондун коңгуроосуна айланды. Абаны жүз процент титиреткен, жүз процент телефондун конгуроосу. Ордумдан турбай трубканы алдым.

Анча деле тааныш эмес бир кыз чалып жатыптыр. Саат беш отузда жок болуп кетчү кыз. Анча деле жакын тааныш эмес элек... Менин таанышымдын мурда сүйлөшүп жүргөн кызы. Жолугушуп калганда, учураша калчу элек... Алар бир топ жыл мурда бир жүйөлүү себептер менен кошулуп алышкан, бир нече ай мурун ошондой эле себептер менен ажырашып кетишкен.

- Ал кайда экенин билесиңби?- деп сурады кыз.

Мен телефондун трубкасын, түйүнгө кеткен кабелди карайм. Бардыгы өз ордунда эле окшойт.

- А эмнеге менден сурап атасың?

- Анткени мага эч ким айтпай жатат. – Үнү титиреп чыкты. – Ал кайда?

- Билбейм. – Менин үнүм да мурдагыдай эмес, өзгөрүп кетти.

Кыз унчукпай калды.

Телефондун трубкасы муз сыяктуу ичиркентет...

Андан кийин менин айланамдын бардыгы муз устунга айлана баштады. Кадим эле Ж.Г.Баллардын[3] фантастикасындай болуп.

- Мен чындап эле билбейм. Эч нерсе айтпай эле жоголуп кетти.

Трубкадан кыздын күлгөнү угулат:

- Анткенге анын акылы жетмек эмес, ал бабыраганды эле билет, колунан башка эч нерсе келбейт.

Акылы тууралуу аныгын айтты. Таамай байкаптыр. Бирок ал каякта экендигин айтканга болбойт эле. Менин айтканымды билип калса, телефон чала баштайт. А мага ал галдыр менен бабырашкандын кажети жок. Үйдүн артындагы бакта чуңкур казып туруп бардыгын ошого көмүп салдым. Кайра казып алууга болбойт. Ким үчүн болсо да.

- Кечир... - дедим.

- Сенин, чынында, мени көрөйүн деген көзүң жок да ээ? – деп сурады кыз күтүүсүздөн.

Мен эмне деп жооп береримди билбейм. Бул кызды башынан эле анча жактыра берчү эмесмин.

- Кечирип кой, - дедим кайрадан. – Мен спагетти даярдап жаттым эле...

- Эмне?

- Спагетти даярдап атам.

Мен оюмда кыялымдагы мискейге суу куйуп, ширенке тарттым.

- Анан эмне?

Оюмда кайнаган сууга спагеттини аярлап салып туздадым, кыялымда таймерди он беш мүнөткө койдум.

- Плитадан кете албай жатам, болбосо мискейге жабышып калчудай.

Кыз унчукпады.

- Аны бир мүнөткө да кароосуз калтырганга болбойт.

Колумдагы телефондун трубкасы кайрадан муздай баштады.

- Балким, кийичерээк кайрадан чаларсың? – деп шаша кошумчаладым.

- Азыр чолом тийбейт, абдан жооптуу учур дечи?

- Ооба, ошондой.

- Жалгыз жейсиңби?

- Ооба.

Кыз улутунуп алды.

- Мен чындап эле кыйналып атам.

- Жардам бере албаганыма кечирим сурайм.

- Анын үстүнө да... акча...

- Хм-м.

- Ал акчаны берсе болот эле.

- Кечирип кой.

- Спагетти дечи?

- Угу.

Ал айласы кеткендей күлөт:

- Жакшы кал.

- Көрүшкөнчө.

Маек бүтүп, полдо жайылып жаткан жарык нур бир нече сантиметрге жылып кетти. Мен кайрадан нурга жатып шыпты тиктейм.

*     *     *

Токтобой түбөлүк кайнай берүү милдетин аткарбай, түгөнүп калган спагеттинин пачкесин ойлогондо, каңырыгым түтөп кетет.

Азыр ошол кызга эч нерсе айтпай койгонума кейип калам. Балким, айтыш керек беле...Дегинкиси анын жигити анык галдирбай эле. Өзүн художник сезип, болбогон эле абстрактуу бирдемелерди картина деп шыбап жүрчү. Жеткен бабыр. Андан да, ал кыз чындап эле акчасын кайрып алгысы келгендир?

Ал кыз эмне болду экен?

Балким, ал кыз беш жарымдагы көлөкөгө сиңип кеткендир?

Дурум семолина.

Италиянын түздүгүндө өскөн буудайдан алынуучу саргылт ун.

Италиялыктар 1971-жылы экспорттолгон ундардын арасында “өзгөчө” камыр да болгонун билсе, балким, катуу таң калышмак.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] Татами (саман мат) бир жарым кв метр жерди ээлеп, турак жайдын өлчөө бирдиги катары эсептелет.

[2] Уильям Холден (Уильям Бидл 1918-1981) америкалык белгилүү актёр. Женнифер Жонс (Филлис Айли 1950) америкалык белгилүү актириса.

[3] Баллард Жеймс Грем – англиялык көрүнүктүү жазуучу.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз