Афина Бакирова: Аялдарга сүйүүдөн бак айтпаган

  • 14.06.2020
  • 5987

*     *     *

Башкаларга шек-шооратсыз, ыӊ-жыӊсыз -
Мен ушундай тутундум бул турмушту...
Аял шаӊын ачкан укмуш кечеде,
Ай далыма артылбады, кундузум.

Олтурамын куш конбогон жерде бу,
Кирген изим чыкканымы өчүрүп.
Көлкүгөн да, толкуган да, чалкыган,
Көйнөктөрүм үлпөттөрдөн кечигип.

Алып учту, колдон-колго жулккулап,
Үй-жай, бала, күйөө менен калем сап.
Кезгим келип турат менин дүйнөнү,
А төрт дубал – ай тийгизбес бир бет кап...
2015.

*     *     *

Олуядай кирип келген дүйнөмө,
Айланайын, тунук адам сенсиӊби?
Үйрүлүп өт, үкүсүнөн сылай кет,
Cени тоссо үрдүн кызы мен сындуу.

Коштошуудан жүрөк үшүп бүткөндүр?
Бирок, мага кош дейсиӊ да, Кызырым!
Укпай калдык эки жакта тунжурап,
Жети катар жер-дүйнөнүн шыбырын.

Бизсиз деле ээлеп алды дүйнөнү,
Сүйүү менен ойногондор – каракчы!
Менден эмес, күмөн ойлуум башыӊды –
Баксыздыкты тандагандан азат кыл!

Сен жаӊылсаӊ тилин билген ааламдын,
Жакшылыкты мага кимдер кабарлайт?
Адам байкуш кубана албайт бак берсе,
Арман келсе андан бетер жай албайт.

Биз жашайбыз канча убакка нес болуп?
Сүйүп-сүйбөй күндүн-айдын жарыгын?
Сен ичиӊе көтөрүп кет батырып,
Жаман менен жакшыбызды жалындуум...

Эр дүйнөсүн алдымбы деп жаралап,
Аялзаты ойлойт өзүн күнөөлүү.
А коштошуу – салынбастан табытка,
Мага кошок айтылбастан бир өлүүм...
2019.

*     *     *

Ыйманыма камчы чаппай сырдашып,
Мен коштошом сени менен дулдулум.
Аялдарга сүйүүдөн бак айтпаган,
Чөмүлүүдө, көмүлүүдө бүт кылым.

Коё бергим келет сени дүйнөмөн,
Магдыраткан бейпилчилик мага бу.
Ант берем мен! Дүйнөдө бүт аялзат,
Баш оорулуу, жүрөктөрү жаралуу.

Коштошоордо ырдайын бир ыргалып,
Мага укмуш жаккан сенин дүйнөӊдү.
Үйрөнө албай койгонумду эч менин,
Жашыруун да, аяр дагы сүйгөндү.

Мен, туйгунум, бир божурап алайын,
Сезимимди сен биле элек кездечи?
Учуп-күйүп болгон элем бактылуу,
Бактылуулук – Теӊир менен кездешүү.

Уруксат эт, бир төгүлүп алайын,
Ажайып кооз аалам дедим өзүӊдү.
Ошол чакта сүйүнгөндөн ыйласам,
Балкый түшүп өптү Кудай көзүмдү.

“Кош” дешкенде эс-учубуз жыйылбай,
Көккө атылган сен экөөбүз кош кыраан.
Айрылышуу сестендирчү өлүмдөй,
Коркунучтуу сүйүүм, ыйым кошкула!
2019.

*     *     *

Аяп, күйүп, жакшы көрүп, кадырлап,
Узадыкпы, караан үзүп, кол үзүп.
Бирибиздин башыбызга бирибиз,
Бакыт болуп бир аз күнү конушуп...

Санаалуум сен тоо артынан элейип,
Көрүнөсүӊ, көз саласыӊ күн болуп.
Мен үйүмдө түпкүч болуп түйүлдүм,
Сен жолуӊда теӊселдиӊби, жүз жолу?

Билем, дүйнө күнөөлөбөйт эркекти,
Колдоп баары жан-жагыӊа топтолот.
Сага терек жерге жете жүгүнүп,
Мага шамал сес көрсөтүп октолот...
2019.

*     *     *

Серт ноябрь. Терс ноябрь... Жазга аны
Бере албаймын, а бул чоочун ак сарай.
Келдик мында... Биз экөөбүз бүгүнчө,
Ээрчишкен от, ээндеп кеткен асман-ай...

Өз-өзүбүз күн кечирип, жай кылган,
Күтө турсун терезелүү уялар.
Жаныбыздын ыйыктыгын кайра бир
Сезиш үчүн керек бизге бул арал.

Мага өзүмдү жомоктойсуӊ тыя албай,
Кемелине келип турган деӊизим.
Дегениӊ да азабымдан куткарат,
“Сен жердеги жан эмессиӊ” мен үчүн.

Кызматкерлер ызаат менен ийилип,
Шампан ташып, шаӊ да ташып кеч кирди.
Сагыныпмын мен сендеги өзүмдү,
Мен сендеги тагдырымды, мезгилди...

Эмнелерди көрдүӊ мага келгенче?
Мен тааныдым, кырк бакыттын жамалын.
Бакыт бүгүн – менин назым аялдык,
Бакыт бүгүн – сенин сыйкыр ааламыӊ...
2018.

*     *     *

Чайканада дасторкондун четинде,
Кечирсекпи өмүрдү биз бир күндүк?
Ал тасмалда – ачуу кофе, кара нан,
Кылкылдаган кызыл деӊиз күзгү күн.

Келет балким эки-үч саатка унуткуӊ,
Тагдырыӊды ажырагыс сөөгүӊдөн?
Баса, бул күз кечилкана, мен кечил,
Буулугарсыӊ, мени таппай өзүмдөн.

Күлүп, күйүп, чын пейилден ак тиктеп,
Олтурарсыӊ, өзүӊ менен кармашып.
Биздин көздөр айтып турат айныбай,
Кечил менен кумарпоздун арбашын.

Баш тарткан соӊ сендей азыткылардан,
Безгек тийген эс-мас дүйнө бейтааныш.
Мен бир сүрөт музейине тагылган,
Болотнайда мисирейген ак каныш...

Күчтүүлөргө жаным жыргап тартылып,
Күйүттүүдөн качаар элем жаа бою.
Жүрөгүӊдүн канаганы а сенин,
Зоболоӊду көкөлөттү жай бою...

Мен Кудайдын тилин алып жашайм деп,
Сен кайгыга баткан кездин бир күнү -
Дүйнөдө жок барктуу кылып жарыӊды,
Көзүӊө жаш алдырар бул күзгү күн.
2019.

Эне менен сырдашуу

Сени дайым күнөөлөгөндөн,
Таарынгандан сага чарчадым.
... Ачуум келет сырдашып алып,
Ай төгүлгөн түнү алчалуу.

Кызыкпайсыӊ менин жашоомо,
Кандай жашап, нени тандадым.
... Ачуум келет сырдашып алып,
Ай төгүлгөн түнү алчалуу.

Мени оюӊдан эртеӊ чыгарып,
Күймөнөсүӊ жайып шалчаӊы.
Ачуум келет сырдашып алып,
Ай төгүлгөн түнү алчалуу...

Сен убакыт бөлүп угасыӊ,
Кейибейсиӊ, күйбөй, сүйлөбөй.
Мен өзүмдү ысырап кылып,
Төгүп-чачып ийдим дүйнөгө...
2018.

Бакыттын ааламы

Сен мага үн катпадыӊ.
Жүрөгүмдөн сага деген жашоону айдап чыктым.
Токойдун шуулдаганын,
Абаны,
Сууну айдадым.
Суук көрүндү,
Сен менсиз куунаганыӊ,
(а мүмкүн)
Ыйлаганыӊ...
Мага бүгүн
Чала уктап таӊды тосуп
Каттар жаздыӊ:
“Жазала,
Мейли азапта.
Мен сени сүйөм” дедиӊ...

Кечээ сен үн катпадыӊ...
Менин да
Ичим ысып турган үчүн,
Үн-сөзсүз
Өз дүйнөӊдө эрип кетип,
Кылчайгандан эринип турдуӊ бекен?
Бактылуу болгон кезде
Жан дегениӊ –
Дилдиреп, үлбүрөп да,
Илинип калган болот Көк Теӊирге.
Жарыгым, ушинттиӊби?..

Сен менсиз да,
Жашоого оп тартылып,
Өзүӊө-өзүӊ сүйлөп,
Өзүӊө-өзүӊ ырдап,
Жыӊайлак деӊиз жээктеп,
Таш үстүндө
Бутуӊду сууга малып,
Олтурганга
Акылуусуӊ...

Балким сен
Мына мындай болдуӊ бекен:
Адамга кайгы-капа
Келген кезде,
Жүрөгүн ачып иет.
Кайгынын кайгы экени ишендирет,
Дүйнөнү кара парда менен бүтөп,
Дүйнөгө кара желек сайып алат.
Башка жандар карыпты аяй берип,
Паашага айландырат...

А бакыт келген кезде,
Бүшүркөп карап турат.
“Буйруган бакыт окшойт өзгөлөргө,
Жаӊылыш кайрылды” деп
Күбүрөнөт.
Адамдар бакытты не өзүнө
Ыраа көрбөйт?..
“Бакыттын теӊи эмесмин”
деген сезим
Туудай башын салбыратат...

Дубалы – деӊиз болгон,
Шыптары – шаарлар болгон,
Терезеси – Кудайдын да,
Кулдун да, Көздөрүнө окшобогон,
Өзүнө аалам болуп бере турган,
Адамды издейт бакыт!
Астейдил, аяр, аруу
Мамиле издейт...

...Сен болсо өзүӊ үчүн жооп берерсиӊ...
Мен аалам болуп бере алдым бекен,
Бак-таалайга?
Жарганатты батырган,
Жар-жардагы
Жаракадай...
Таранчылар түнкүсүн уктап чыккан,
Бадал өӊдүү...
Курт-кумурска тайраӊдап мекендеген,
Жемиш бактын кабыгындай...
Суучулдун сиӊип калган
Суучулдук кумары да,
Көксөөлөрү
Чөгүп кеткен,
Же акжолтой,
Шайдоот кемелердей...

Мен аалам боло алдымбы?..
Мени ээрчиген бак-таалайга...
2019.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз