ЖИГИТОВ Салижан: УСТАТ-ШАКИРТТЕН УЧКУЛ КЕП

Улуу устат Салижан Жигитовдун шакирттери албетте, аябай көп. Аны ээрчип ташка тамга баскандай күлкүсүнө, аңгемесине кангандар андан көп. Гезит-журналдарга, телерадиого интервью алгандар да арбын. Арийне акырын абай салсак, а кишиден менден көп интервью алып, басма бетине жарыялагандар жок болсо керек. Андай «кызматташтык» экөөбүздүн ортобузда өткөн кылымдын 80-жылынын ортосунда башталып, а киши бу дүйнөдөн көчкөнгө чейин уланды. Мен аларды барактап отуруп, Устаттын айрым ойлору ушул күндө да урунттуу мааниге ээ экендигин эстедим. Ошондуктан алардан үзүп-жулкуп болсо да жарыялап турууну туура таптым.

Алым ТОКТОМУШЕВ

* * *

Оппозиция деген бийликти камчылап турган күч. Бирок ал негиздүү болуш керек, реалдуу турмуштан, чыныгы муктаждыктан чыгып, мамлекеттик акылга, тажрыйбага таяныш керек. Антпей эле бийликти бер, болбосо митинг уюштурабыз, ачкачылык жарыялайбыз деп эле бакыра бергенден опурталдуу иш жок.

* * *

Совет доорунда бардыгы жаман болсо да кадрлар селекциясы, тандап алуу жагы мыкты болгон.

* * *

100 миң тонна буудайды бекер берип, анысы аз келгенсип, Одесса менен Прибалтика портторуна бекер жеткирип тургудай Америка эмне, бизге карыз беле?.. Баягы Россия дүйнөгө коммунизм курам дегендей, Америка дүйнөгө либералдык демократия курам деп жатат да.

* * *

Кыскасы бизде интеллигенция көбөйүп кеткен, а    интеллигенциядан такыр пайда жок, өзгөчө мына ушундай өткөөл учурда. Мен дайыма айтам, мисалы, менин жазганым, сүйлөгөнүм, кыскасы, кылган ишим деги элге кереги барбы?.. Мени багып жаткан жөнөкөй элге, анан өкмөткө нааразы болгудай кандай акым бар? Мен 200 сом айлык алгыдай бир иш кылдымбы? Мисалы, окумуштуулардын айылга эмне пайдасы тийип жатат? Ушунчасы жүрүп, кык чыгара турган электр күрөк ойлоп бердиби? Минтип ой чайкагандар аз. Өздөрүнөн байып кеткен уйдай болуп сүт чыкпайт, а жейин дегенде мөөрөп турат. Анан экономиканы да, элди да, эмгекти да, айтор баарын саясатташтырышат. А саясатташкандар дүйнөгө да, өкмөткө да, акимге да нааразы, оруска да, кытайга да нааразы, жардам бергени үчүн Америкага, Валюта фондусуна да нааразы. Бир гана өзүнө нааразычылык жок.

(Наркоз тарай баштады. Дагы тарайт. «Кыргызстан маданияты», 29-сентябрь. 1993-жыл.)

* * *

… суверенитет деген, саясый эркиндик деген тамак кылып ичкенге болбойт, нан ордуна жегенге жарабайт, аны менен мактанганга гана болот: мына, биз суверендүү өлкөбүз деп. Ал оозу менен орок оргон ораторлорго аябай керек. Ал эми экономикалык суверендүүлүккө жетиш, анын калыптуу ыгына түшүш өтө кыйын экендигин азыр жонтерибиз менен сезип атабыз…

* * *

… азыр тоталитардык режим деп көрүнгөн сөгүп атпайбы, бул кыргыз үчүн жакшы эле болду. Себеби, коркуп, жазганып, башка элдер менен жакшы болуп жүрүп, социализмдин тушунда элдин саны 5 эсеге өстү. Азыр болсо эчнерседен коркпойт. Коркпогон кыргыз өзү коркунучка айланды. Анткени коркпогон кишинин ичинен кармап турган бирдемеси: маданияты же бир адеп нормасы, айтор бирдемеси болуу керек экен да. Же дин кармабаса, же бир идеяга ишенбесе… Жанагы балдарыбыз хулиган болуп, аракка тойгондо кайра өзүбүздү сабап, тоноп жатышы ошондон да…

* * *

Айтор бардыгыбыз тең туулганда эле өз киндигин өзү тиштеп ыргытып ийип, жүгүрүп кеткен жетимге окшоп тың, чыйрак чыгып, жаңы заманга ыкташыбыз керек.

* * *

… сүйлөсөк эле Американы, Жапонияны мисал кылабыз. Швейцарияны айтабыз. Кыскасы, өнүккөн өлкөлөрдү ала чуркайбыз. Мисалы, айылда деле тигинин оокаты тигинтип өтүп жатпайбы деп жакшы кишини эмес, начарын көрсөтөт ко. Оңолбойсуңбу десең, көргөзөт ко жерде калганын, тиги деле түтүн булатып отурбайбы деп. Кыргыз ушу жагынан гана өскөн экен: салыштырса эле салыштырууга болбогон өлкөлөр менен салыштырат. Эмне үчүн экономикалык мүмкүнчүлүгү жагынан, саясый өнүгүшү, калкынын саны жагынан өзүбүздү өзүбүзгө окшогон өлкөлөр менен салыштырбайбыз? Мисалы, Африкада Уганда, Бурунди, Гана деген өлкөлөр бар бизге окшогон. Эмне үчүн ошолордой болбошубуз керек да, айкырып барып эле Америкадай болуп кетишибиз керек. Демек, арким өз жолун издөөгө милдеткер…

* * *

… күндө тапсам күндө жок, күндө жылан жеп коет дегендей, кыргыздын тапкан-ташыганын салт-сабыры эле жеп коюп атпайбы. Байкап көрөлүчү: кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап. Баарын ошолор жейт, аш-той, кургак намыс жейт.

(Жел желпинте соккон менен таң мезгилсиз атпайт. «Кыргызстан маданияты» гезити, 18-март, 1993)

* * *

… Жашаганга жардам бербеген илимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей үстөккө-босток ВУЗ ачабыз. Ошко, Жалалабатка… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт… Илим-билим дегенде биздин азыркы илим кризисте экендигин эске алышыбыз зарыл. Мындай билим бергенден көрө бербей койгон оң.

* * *

… медицина боюнча адабияттар Советтер Союзунун тушунда эле эскирген, жаңылары биздин республикага жетпей калды. Студенттер баягы эле эски адабиятты окушууда. Макул, адамдын анатомиясы өзгөрбөптүр, калганы күн санап, саат санап өзгөрүп атпайбы!

* * *

… кыргыз тилинде гана окуйбуз, кыргыз тилинде сабак өтөбүз деп кыйкырып атышпайбы. Кыргыз тили деп закон кабыл алгандан бери жогорку окуу жайлары үчүн канча китеп чыкты. Кыргыз тилинде канча окуу китеби, канча илимий-техникалык адабият бар? Баарын жөн кой, «Юный техник» сыяктуу балдарга арналган журналы барбы? Же чыккан китептерибиз ушу деп, «Балбай» менен «Шабданды» окутабызбы? «Манастын» төрт томдугун окутабызбы?

* * *

Дания менен Швециянын эли 8 миллиондон ашуун. Алар деле жогорку окуу жайын өз тилинде окубайт.

* * *

… Ушул темп менен окуп отурса, пайдасынан зыяны көп болушу ыктымал, анткени чыныгы билими жок, бирок диплом алып алган кишиден коркунучтуу эчкимди көрөлекмин. Анткени ал эңкейип эмгек кылгысы келбейт. Билимдүү кыргыздын көбү ушундай.

* * *

… Мынабу биздин ВУЗдарды бүтүргөндөрдүн көпчүлүгүнүн колунан эчнерсе келбейт, оокат кылалбайт, башка элдердин билимдүү кишилерине уттуруп коет. Анан жалгыз артыкчылыгы — кайсы бир партияга кирип, демократ болуп алган, сүйлөсө эле саясатты сүйлөйт, Президентти сындайт, ошентип турмушка нааразы кишилердин тобун толтуруп атпайбы.

* * *

Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өз тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлал Неру, кызы Индира Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган. Алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?

* * *

Кытай жазуучусу Лу Синдин бир икаясы бар. Бирөө балалуу болсо, бирөө келип айтат экен: «бу дагы бий болор» деп. Аны аябай сыйлап, чапан кийгизип жөнөтөт. Экинчи бирөө көрүп: «бу дагы бай болор» дейт. «Айланайын оозуңа май» деп беркиден да ашыра сыйлап узатат. Үчүнчүсү келип, «атаңдын көрү, бу да бир күнү өлөр» десе, аны ашата сөгүп, ташка алат.

Лу Син айтып атпайбы, ал баланын бий болорун да, бай болорун да албетте, эчким билбейт, бирок өлөрү чын, мына ушу чындыкты айткан киши ташбараңда калат деп.

Анын сыңарындай, ачуу да болсо чындыкты айтыш керек, түшүндүрүш керек, өзүңө өзүң сын көз менен караган жакшы. Орустар: «Жаманын ойло, жакшысы өзү келет» деп коет. Албетте чындыктын баарын чөнтөгүнө салып алган киши жок, тек, көрүп, билип, көзүң жетип турган нерсени айтып коюу парз.

(Наркоз тарады. Дагы тарайт. «КМ», 24-ноябрь, 1993-жыл)