АБЫКАЕВ Абийирбек: АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КҮМҮШ СЫРГА: ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ТУУРА ЖОЛГО САЛААР УЛАМЫШТАР

Маанилүү маңызы бар уламыштар эзелтеден эле балдарды жана окутууда тарбиялоодо пайдаланып келет. Анткени, кызыктуу, кыска, жомок сыяктуу айтылган уламыштар балдардын кабыл алуусуна жеңил. Уламыштарда камтылган акылмандуулук, эң кызыктуу формада берилгендиктен, балдардын өз алдынча ойлонуусуна, турмуштагы ар кандай кырдаалдарда туура чечим кабыл алуусуна, интуициясын өстүрүп, өзүнүн жүрүм-турумун калыпка салып, жаңылыштыктарын түшүнүүсүнө жардам берет. Бул уламыштар балдарга көйгөлөрдү чечүүдө бир эле жол бар эместигин, турмуш деген ак менен карадан, жакшы менен жамандан турарын ачып берет.

Кимдин колу таза?

Белгилүү айкелчинин өнөрканасына эки окуучу сабак алууга келишти. Мугалим аларга мындай деди:

– Биз адегенде таш менен иштөөнү үйрөнөбүз. Короодо чоң таш жатат. Анын эки капталын тегиздегиле. Кечинде келип эмне кылганыңарды көрөм. – Ал шаймандарын берди да, кетип калды.

— Мен мындай одоно жумуштарды жасагым келбейт, муну ар бир эле таш чеккен адам жасай алат, а мен айкелчи болгум келет, — деди окуучулардын бири.

— Ак эмгек менен, маңдай тер төгүп иштеген жумуштан уялуунун кажети жок, — деди да, экинчи окуучу билегин түрүнүп ишке киришти.

Биринчи окуучу керелдин кечке көлөкөлөп жатып, жумуш аяктап, кеч киргенде биринчи окуучунун жанына келди. Аңгыча, устаты да келип калды. Ал тигилердин кылган жумушун текшербей эле, алардан алакандарын көрсөтүшүн суранды. Биринчи окуучунун алакандары таза жана назик эле. Экинчисинин колдору жооруп, айрылган, капкара болуп кирдеген эле.

— Азыр жууп келем, устатым, — деди ал уялып.

— Таза колдорду жуубай эле койсо болот, — деди устаты.

— Тазалык — бул сулуулук, — деди биринчи окуучу өзүнүн таптаза алакандарына мактана карап.

— Жалкоонун колдорунун сырты эле жылтырак. Чыныгы таза колдор мына бул колдор, — деди айкелчи чаң баскан экинчи окуучунун колдорунан алып. — Бул колдор кечке чейин иштеп, өзүнүн ишин таза аткарган.

Сураганды үйрөн

Зергердин өнөрканасына эки жаш зергерчи келип иштеп калышты.

— Силер чебер деген наамды алып чыктыңар, бирок чыныгы чеберчилик тажырыйба топтоо менен келет. Билбей калган уят эмес, билбегениңди окуп үйрөнбөгөн уят, — деди аларга башкы зергер.

— Окуган эч качан кеч болбойт, — деп макул болду биринчи жаш зергер. Анын атасы куруучу эле, ал зергерлер мектебинде арзан асыл таштар менен иштөөчү.

— Бүркүт учканды үйрөнүүгө мажбур эмес, — деп күңкүлдөдү экинчиси. Ал зергердин уулу болчу, жаштайынан асыл таштар менен иштөөнүн ыкмалары менен тааныш эле. Атасы оорунун азабынан иштей албай, өнөрканасын жапканга мажбур болгон. Жаш жигит өз алдынча ирденип, атасынын өнөрканасын калыбына келтирүүнү самап жүрчү. Эки жаш чебер жан-дили менен иштеп жүрүштү. Аларга акырындап татаал иштерди ишенип бере баштады. Берилген иштерди экөө тең мыкты аткарышчу. Куруучулардын үй-бүлөсүнөн чыккан жаш зергер дайыма суроо бере берчү. Көбүнчө аны эски зергерлердин кайталангыс эмгектери кандай ыкмаларды колдонуп жасалганы кызыктырчу. Экинчи жигит таптакыр суроо берчү эмес. Ал өз жолдошуна таң калып, карап калар эле:

— Эмне эле кечке суроо бере бересиң? Сен окуучу эмессиң да, сени чебер деп коёт.

— Карыганча окуба, өлгөнчө оку, — деп күлүп койду тиги.

Бир жолу башкы зергер куруучунун бүлөсүнөн чыккан жаш зергерге бриллианттан шөкүлө жасоону тапшырды.

— Бул буйуртманы эмне үчүн мага бербейсиз? Бриллианттар менен иштөөнү мен жакшы билем да! — деп таарына кетти экинчи жигит.

— Эгерде, кыйынчылыктар болсо, бул жигит сөзсүз кеңешет. Ошондуктан ишти бузбай, жакшы бүткөрөт. А сен сурагандан уяласың. Билбей калгандан уялба, билбей калган нерсени окуп үйрөнбөгөндөн уял. Антпесең жакшы зергер боло албайсың, — деп түшүндүрдү башкы зергер.

Адамдарга кантип жардам берүү керек?

— Устатым, кош болуңуз. Мен узак сапарга кетип жатам, адамдарга жардам берсем деген тилегим бар, — деди жаш жигит устатынын үйүнө келип.

— Көпкө кетип жатасыңбы? — деп сурады устаты.

— Көпкө! Балким биротоло. Элге кызмат кылып, аларды бактылуу кылгым келет! — деди окуучусу башын бийик көтөрүп.

— Сен бир үйдүн жалгыз баласы эмессиңби, чоң атаң менен чоң энең сени багат деп үмүт кылып жүрүшпөйбү. Аларды кантесиң? — деп таңгалды устаты.

— Алар эптеп-септеп жашай беришет да, — дейт окуучусу. — Сиз өзүңүз жашоодогу негизги нерсе — бул адамдарга бакыт тартуулоо деп үйрөтчү элеңиз го.

— Сен туура айтасың. Бирок ал үчүн алыс барып кереги жок, адегенде жаныңдагыларды бактылуу кыл, анан алыстагылар өздөрү издеп келишет, — деп кеңеш берди устаты.

Которгон Абийрбек Абыкаев