АБЫКАЕВ Абийирбек: КЕМЕНГЕРЛЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Отто фон Бисмарк

Түбөлүккө жашоочудай окуп үйрөн; эртең эле өлүмүң келчүүдөй жаша.

*     *     *

Эч качан согуш убагындагыдай, мергенчиликтен кийин жана шайлоолордун алдындагыдай көп калп айтылбайт.

♦ ♦ ♦

Артур Шопенгауэр

Ар бир адам башка бирөөдөн өзүндөгү нерселерди гана көрөт жана аны өз дареметине жараша баалайт.

*     *     *

Адамдын ички дүйнөсү, анын тапкан байлыгынан алда канча маанилүү.

*     *     *

Көпчүлүк адамдар өз алдынча ойлонууга жөндөмсүз, алар дайыма бирөөлөрдү  ээрчип жүрүшөт жана акыл-эске эмес, күчкө баш ийет.

*     *     *

Дин жана илим — бул таразанын эки жагындагы табагындай: бирөө канчалык көтөрүлсө, экинчиси ошончолук төмөндөйт.

*     *     *

Гений менен жиндинин окшоштугу – экөө тең башка адамдардан обочо, өзүнчө дүйнөдө жашашат.

♦ ♦ ♦

Фридрих Ницше 

Акылмандуулуктун коопту жагы – ал азгырыкка бат алданып, акыл жетпеген нерселерге тез ашык болгону.

*     *     *

Агер аялга баратасыңбы? Камчыңды унутпа!

♦ ♦ ♦

Жалаледдин Руми  

Акылдуулар менен достош, анткени – жинди дос, акылдуу душмандан да коркунучтуу.

*     *     *

Эгерде бир кырсыкка кабылсаң, анда Кудайга: « О Кудай, мени чоң кырсык басты» — деп кайрылып отурганча, кырсыкка кара да: «Менин улуу Кудайым бар» — деп кайрыл.

*     *     *

Жымжырттык — Кудайдын тили, калгандары  — анын начар котормосу.

*     *     *

Жалгыздыктын эң начары — бул сени түшүнбөгөндөрдүн арасында калуу.

♦ ♦ ♦

Марк Аврелий

Акыл менен алчу нерсени, эч качан күч менен ала албайсың.

*     *     *

Адам өзүн канчалык бекем сүйсө, ал айланасындагыларга ошончолук көз каранды.

*     *     *

Жашоого мүмкүн болгон жердин баарында, жакшы жашоого болот.

*     *     *

Көйгөйдүн тамыры – тобокелчиликтен качып, андан жүз эсе көп тобокелчиликке кабылганыбызда.

♦ ♦ ♦

Жорж Карлин

*     *     *

Деңиз жээгиндеги үйдүн эмне артыкчылыгы бар? Анткени аны акмактар үч тарабынан эле курчап турушат.

*     *     *

Жолдо машине менен баратсаң дайыма ушундай: сенден жай айдаса, — кем акыл дейсиң; сенден ылдам баратса, — жин оорусу бар неме экен деп жинденесиң.

♦ ♦ ♦

Лао-цзы

Башка бирөөнү, анын өтүгү менен алыс жол жүрмөйүнчө сындабагыла.

*     *     *

Күчтүү болуш үчүн суудан үлгү алгыла. Тоскоолдук жокпу — ал агат; тосмо болсо — ал токтойт; тоскоолдук жырылып кеткен болсо – кайра агат; төрт бурчтуу идиште төрт бурч болот, тоголок идиште тоголок болот. Ал ийкемдүү болгондуктан, эң керектүү жана эң күчтүү.

*     *     *

Эгерде ийгилигиңди бирөөлөрдүн сага айткан мактоолору жана айткан сындары менен өлчөсөң, анда сенин тынсызданууң түбөлүккө бүтпөйт.

*     *     *

Өз жашоосуна ыраазы адам – бай адам.

*     *     *

Бийлик башына акылман келсе, жарандар бийликтин бары-жогун сезишпейт.

♦ ♦ ♦

Умар ибн аль-Хаттаб

Күчтүү бол, каардуу болбо; жумшак бол, алсыз болбо.

*     *     *

Мен адамдын акыл деңгээлин, анын берген суроолорунан түшүнөм.

*     *     *

Акыл-эстүү жашоонун жарымы – адамдар менен жакшы мамиледе болуу. Билимдин жарымы – убагында берилген суроо. Жашоонун жарымы – көрөгөчтүк.

*     *     *

Катаал турмушка даяр болгула, жакшы турмуш дайыма эле боло бербейт.

*     *     *

Көп сүйлөп, көп күлгөн адам көп жаңылыштык кетирет, ким жаңылыштыкты көп кетирсе — ал уялганды унутат, ким уялганды унутса — Кудайдан коркпойт, Кудайдан коркпогон адамдын жүрөгү өлөт.

*     *     *

Эгерде, өзүңүз ишенгендей жашай албасаңыз, кандай жашап жатсаңыз, ошого ишене баштайсыз.

♦ ♦ ♦

Эпикур

Эгерде бирөөнү байыткың келсе, ага акча бербе, анын каалоосун чекте.

*     *     *

Өлүмдөн коркпо: сен тирүү кезде — ал жок, ал келгенде кезде – сен жок болосуң.

*     *     *

Өз кемчилигиңди түшүнүү — ден-соолукка биринчи кадам.

*     *     *

Көп жыргалчылыкка жеткиң келсе, жашооңо көп чектөөлөрдү киргиз.

♦ ♦ ♦

Чынгыз хан

Жеңиштин ачкычы чабуулда!

*     *     *

Кылсаң — коркпо, корксоң — жасаба.

*     *     *

Чөөлөрдүн башында турганча, карышкырлардын акыркысы бол.

*     *     *

Адамдарды намыскөйлүккө үйрөт. Намыскөй адам акылын жоготот. Акылын жоготкон адамды башкарганга оңой…

*     *     *

Эгерде менин денем өлсө мейли, ал өлө берсин, бирок менин өлкөмдүн өлүшүнө жол бербегиле.

Которгон Абийрбек Абыкаев