АБЫКАЕВ Абийирбек: ДЕПРЕССИЯНЫН БЕШ БЕЛГИСИ

СаламатсыздарбыМенин аты-жөнүм Константин Шереметьев, мен жыйырма жылдан ашык убакыттан бери адамдын интеллектисине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. Бул материалдардан сиздер коркунучтуу психологиялык абал — депрессиянын жөнөкөй беш белгиси менен таанышасыздар. Депрессиянын коркунучтуу жагы – ал байкалбай башталып, акырындап көбөйүп, көп жылдар бою топтолуп, акырында болгон күчү менен сокку урат… Бул баалуу маалыматтарга ээ болуу менен депрессиядан өзүңөрдү жана жакындарыңызды сактап калуу мүмкүнчүлүгүн аласыз! Аяк жагында кичинекей тест, сиздин учурдагы психологиялык абалыңызды аныктоого көмөк болот. Анда эмесе баштадык. Окугандарыңыз пайдалуу болсун!

1 Башка адамдарга болгон кызыгуунун жоголушу

Константин Шереметьев

Адатта, бул эң алгачкы тепкич. Сиз көнүмүш жашоону башыңыздан өткөзүп жатасыз, ишке чыгасыз, үйдөн бир нерселерди жасайсыз. Бирок эмнегедир жалгыз калууну самайсыз. Китеп окуп отургуңуз келет. Бак аралап ээндеп жүрөсүз. Сиз бирөөлөр менен жолуккандан атайылап деле качпайсыз — бул өзүнөн өзү эле ошондой боло баштайт.

  1. 2. Баарына колду шилтеп, бир жакка кетип калуууну самоо

Бир нече убакыттан кийин жакында пайда болгон жалгыздыкка умтулуу да тажата баштайт. Көңүлдүү отуруштарга, тойлорго барууга баш отуңуз менен киришем деген аракетиңиз, тескерисинче, чарчооңузду күчөтүп, элден окчундап, жалгыздыкка умтулууңузду көбөйтөт. Бирге иштеген коллегаларыңыз, жөн эле көчөдөн өтүп бара жаткан адамдар, короодогу мал, үргөн ит, ал тургай буюмдар кыжырыңызды келтире баштайт. Сизде бир эле каалоо — бардык нерсеге кол шилтеп, кайдадыр бир алыс жактарга кетип калуу. Кайдадыр бир көз көрбөгөн, кулак укпаган жактарга…

  1. Дайыма чарчоонун үстүндө болуу, көңүл коштук

Сиз өзүңүздүн кебете-кепшириңиз сүйкүмсүз экенине бекем ишенип алгансыз. Бардык нерселерге кыжалат болуп, кыжырдана берүүңүз, акырындап чарчоого алып келет. Шалдырап, эч нерсеге көңүлүңүз чаппай калат. Кенедей эле нерсе жиниңизди келтирет. Эртең менен туруп, жумушка баруу өзүнчө бир азапка айланат. Айла жок, жумушка барууга туура келет. Ал жактагы адамдар менен иштешип, сүйлөшүү керек. Ал сиз үчүн кыйноого айланат. Акыркы күчтөрүңүздү коротосуз. Кылган ишиңиз ойдогудай жүрбөй, жүдөйсүз. Жатып алып кечке уктагыңыз келет, бирок андан да тажайсыз. Ооруп калдымбы деп ойлойсуз. Көңүл коштук сиздин жаныңыздагы дайыма коштоп жүргөн жандоочуңузга айланат.

  1. Сиз өзүңүздүн сүйкүмсүз адам экениңизге бекем ишенесиз

Бир ай мурда эле күзгүгө көрүнгөндү жакшы көрсөңүз да, эми өзүңүздүн кебетеңиз өзүңүзгө жакпай жаман көрүнүп, аны кароодон качасыз. Ансыз деле жагымсыз экениңизге ишенип алгансыз. Ал аз келгенсип, жолуккандар: Эмне өңүң кубарып турат? Ооруп жүрөсүңбү? Уйкуң канбай калганбы? — деген сыяктуу суроолорду бере башташат. Сиз ооруп калганыңызга ишене баштайсыз, балким бирөөлөр дубалап жатабы же көз тийдиби деп ойлойсуз. Ошондуктан — сырткы келбетиңизге көңүл буруунун кажети жоктой сезилет.

  1. Сизди кубандыра алчу эч нерсе жок.Эч нерсе

Мурда сизди көп нерселер кызыктырып, алардан ырахат алчусуз. Жаратылыш, спорт, ар кандай хоббилер, жакын адамыңыз, балдарыңыз. Эми сизди эч ким жана эч нерсе таптакыр кубандырбайт. Алар сиздин тынчыңызды алып, кыжырыңызды келтирет. Сиркеңиз суу көтөрбөй, алар менен урушканга чейин барасыз. Жашоого болгон кумарыңыз жоголуп, өмүр сүрүү маңызын жоготот…

Мына, эң жөнөкөй, бирок так тести сунуш кылам, бул тест сиздин учурдагы психологиялык абалыңызды аныктап, депрессияны жеңишиңизге жардам берет!

Анда эмесе, тест: Өзүңүздөн жашырбай, туура жооп бергенге аракет кылыңыз.

Ушул сыяктуу ойлор сизге келеби?

    келбейт-0 кээде — 1 дайыма-2
1. Мен – бактысыз адаммын      
2. Келечектен жакшык эч нерсе күтпөйм      
3 Мен – жолум жок адаммын      
4 Өзүмө ыраазы эмесмин      
5 Өзүмө жиним келет      
6 Өзүмдү жек көрөм      
7 Туулбай эле койсом болмок экен      
8 Адамдарды көргүм жок      
9 Кебетем жакпайт      
10 Мен бардык нерседен чарчадым      
11 Тамакка деле кызыкпай калдым      
12 Секстен тажадым      
         

Ар бир суроого«келбейт», «кээде», «дайыма» деген жооптун бирин тандаңыз. Жооптун баасы: Келбейт – 0; Кээде — 1; Дайыма — 2; Чогулган упайды кошуп санаңыз:

Эгерде 5 упайдан аз алсаңыз — куттуктайбыз, сизде депрессиянын белгилери жок, сизге керектүү аракет, — анын алдын алуу. Ар нерсеге даяр туруп, кайсы чектен өтпөш керектигин билип алган оң!

Эгерде сиз 5-10 упай топтосоңуз — анда эле жакындап келе жаткан депрессиянын демин сезе баштасаңыз керек, ал сизге билинерлик тынсызданууну жаратып, бейгапар жашооңузга тоскоол болуп, туш тарабыңыздан кыса баштаганынан кабар берет. Жеңил депрессия — бул деле оңой нерсе эмес, аны эртелеп көзөмөлгө алып, ырбатып жибербегенге аракет кылыш керек.

Эгерде, сиз10 упай жана андан жогору топтосоңуз — демек, сиз психогендик депрессияга кабылгансыз — бул чоң көйгөй, болгондо да өтө маанилүү. Балким, эң негизгиси, бул көйгөй бар экенин өзүңүз билбей да жүрүшүңүз мүмкүн. Сиздин жашооңуз ылдый карай, өзүн өзү талкалоо жана апатияга багыт алып, аны менен кантип күрөшүүнү билбейсиз. Аны менен күрөшүүнүн кажети барбы? Көпчүлүк адамдар деле ушинтип жашап жүрүшкөндүр… балким. Бирок аны менен күрөшүү керек. Күрөшүү сөзсүз керек, анткени жашоо — бул адамдарга бир берилет жана ал адамдар үчүн эң кымбат нерсе.

Которгон Абийрбек Абыкаев