АБЫКАЕВ Абийирбек: АТАКТУУ ПСИХОЛОГ ЭРИК БЕРНДИН БИЗДИН МЭЭ КАНТИП КАЛЫПТАНГАНЫ ТУУРАЛУУ ОЙ ДҮРМӨТТӨРҮ

Эрик Берндин улуу ойлорунун негизинде жагдайларга терең анализ жаталат. Берндин ырастоосунда – ар бир адамдын тагдырында 5 жашына чейин сценарий түзүлүп, андан кийинки өмүрүбүз ошол калыптанган долбоор боюнча өтөрүн төмөндөгү 10 тезистен баамдасак болот…

  1. Сценарий — бул бала кезде эле ата-эненин таасири менен калыптанып бүтүп, өз ирети менен ишке аша турган жашоо долбоору. Бул психологиялык импульс адамды анын каршылыгына же эркин тандоосуна карабай алга карай; анын тагдырына чоң күч менен түртөт.
  2. Биринчи эки жылда баланын жүрүм-туруму менен ойлонуусу негизинен энесинин таасиринде калыптана баштайт. Бул келечектеги жашоо сценарийинин скелети (сөөгү) десек жаңылышпайбыз, так ушул кезде бала келечекте ким болот? “Барсканбы” же “дөшүбү” – чечилип жаткан убак.
  3. Бала алтыга чыкканда анын жашоо долбоору түзүлүп, даяр болгон кези. Муну илгерки дин кызматкелери менен тарбиячылар жакшы түшүнүшкөн. “Балаңды алты жашка чейин мага таштап, андан кийин алып кете бер”, — дешкен. Бала бакчанын мыкты тарбиячысы баланы келечекте кандай тагдыр күтүп турат: ал бактылуу боло алабы же бактысыз болобу, жолу болгурбу же жолу болбогур бир жан болобу – аныктап койгонго жөндөмдүү.
  4. Долбоор негизинен ата-эненин таасиринде, үй-бүлөдө жаралат. Тажрыйбалуу психотерапевт: “Сен кичинекей кезиңде ата-энең турмуш жөнүндө эмне деп айтчу эле?”— деген суроону берүү менен эле долбоордогу эң орчундуу маселелерди билип алса болот.
  1. Кандай жол менен болбосун кыйыр түрдөбү, мүмкүн түз айтылабы, ар кандай көрсөтмөлөрдөн улам, бала анын маңызын алуу үчүн аракет кылат. Ошентип ал программалар анын жашоо долдоорунун негизи болуп калат. Бул процессти программалоо деп коёбуз, ал туруктуу мүнөзгө ээ. Бала ата-энесинин каалоосун аткарууну милдеттүү команда катары кабыл алат, эгерде анын жашоосунда бир чоң кескин окуя болбосо, ал сезим аны өмүр бою коштоп жүрөт. Сезимин толкундаткан катуу окуя, маселен: согуштун чыгышы же ата-энеси анын сүйүүсүн колдобой, башка адамды таңуулаган учурларда ал сезимдерден бошонуп чыга алат. Байкоолор көрсөткөндөй, жашоодон жыйнаган тажрыйбасы же психотерапия менен да ал сезимден бошонсо болот, бирок бул өтө жай өтөт. Ата-энесинин жалган дүйнөдөн өтүшү ал сезимди жок кыла албайт, тескерисинче, көпчүлүк учурларда кайра курчутуп жиберет.
  2. Көпчүлүк учурда – жетилген куракта кабыл алынган акылдуу долбоорго караганда, бала кезде кабыл алынган чечимдер ал адамдын тагдырын көбүрөк аныктайт. Адамдар өзү, өз жашоосу тууралуу эмнелерди гана айтпасын жана ойлобосун, көпчүлүк учурда кандайдыр бир күчтүү агым, адамдын эркинен тышкары башка багытка, өмүр баяның менен эмгек китебиңде жазылган окуяларга дал келе бербеген жактарга жетелеп бараткандай сезилет. Акча табам деген жерден жоготот, сүйүүнү күткөн жерден жек көрүүгө туш болот.
  3. Адам өмүрүндөгү окуялар алардын ата-энелери тарабынан белгиленип боолголонот, бирок аны бала кабыл алмайынча жараксыз боюнча кала берет. Албетте, чечим салтанаттуу жүрүшү менен коштолуп кабыл алынбайт, бирок ошентсе да ушуну толук жоопкерчилик менен айта алам: бала бир жолу “Мен чоңойгондо апамдай болом» же башкача айтканда :»Мен апам сыяктуу эле эрге тийип, бала төрөйм”,  “Чоңойгондо атамдай болом, согушка барам, кишилерди өлтүрөм” деп айтат.
  4. Программалоо, негизинен терс жол менен пайда болот. Ата-энелер балдарга көп нерселерге тыюу салышат, чектөөлөрдү коюшат. Кээде гана уруксат берип калган учурлар болот. Тыюу салуу баланын айланадагы шартка ыңгайлашуусуна тоскоол болсо, уруксат берүү тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Уруксат берүү – зомбулук менен коштолбосо эч жамандыкка алып келбейт. Чыныгы уруксат берүү — жөн эле макулдук берүү, мисалы, балык кармасаң боло берет дегендей. Баланы эч ким балык карма деп кыйнабайт. Ал кааласа кайырмагын көтөрүп дарыяга жөнөйт, каалабаса барбай коёт.
  5. Уруксат берүү — баарын жасай бер деп жүгөнүн шыпырып коё бергендик эмес. Маанилүүсү – сүйгөнгө, өзүн-өзү таанып, туура жолду тандоого, астыга коюлган максаттарын ишке ашырууга тоскоол болбоого тийиш. Мындай эркин өскөн адам менен тыюу салуудан жабыркап өскөн адамдардын айырмасы көзгө даана көрүнүп турат.
  6. Дагы бир жолу баса белгилеп кетүү  зарыл: сулуу болуш (ошондой эле ийгиликке жетиш) анатомияга эмес, ал ата-энесинин көз карашына байланыштуу нерсе. Анатомия, албетте, сулуу жүздүү болууга таасирин тийгизет, ал эми бир гана атасынын же энесинин жылмаюусу – кызынын жүзүн сулуу кылып гүлдөтөт эмеспи. Ата-энелер уулун акылсыз, алсыз жана эпсиз, а  кызын начар жана акылсыз кыз болот деп эсептесе, алар  дал өзүлөрү күткөндөй  болуп чоңоюшат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ