АБЫКАЕВ Абийирбек: КАНТИП ТУУРА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫШ КЕРЕК: ДААНЫШМАНДЫН ӨЗГӨЧӨ ЫКМАСЫ

Чечим кабыл алуунун кызык ыкмасын улуту англис — көптөгөн илимий ачылыштарды, анын ичинен кислородду, көмүр кычкычкыл газын, аммиакты баш кылган 10 газды, биз ичип жүргөн газдалган сууну ачкан белгилүү окумуштуу-химик Жозеф Пристли көрсөтүптүр.

1772-жылдын күз айларында ага лорд Шелбурндан сунуш түшөт. Ал Пристлиден жылына 250 фунт акча алып, балдарына үй-бүлөлүк мугалим болуп берүүсүн жана өзүнө саясый кеңешчи болуп берүүсүн өтүнөт.

Ал кезде Пристлинин үй-бүлөсү дин кызматкеринин ( жылына 100 фунт) айлыгы менен жашап жатышкан, алибетте ал сегиз баланы окутканга жетишсиз эле. Ошондой болгон менен Пристли жаңы ишти акылга салып, анын оң-терс жактарын калчап көрсө, андан сөзсүз баш тартмак. Бирок Пристли таптакыр башкача жүрүш жасап, бардык күмөн саноолорду артка калтырды. Анда эмесе сөз учугун ошол жакка буралы.

Өзүңөр ойлоп көргүлөчү: маселенин оң жагында жакшы акча жана  үй-бүлөнүн финансалык абалынын жакшырышы. Терс жагы — үй-бүлөсүнөн алыс Лондонго көчүп баруу, бирөөгө көз каранды болуу (лорд— кожоюн, ал анын үй кызматкери), өзүнүн изилдөөлөрүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Бактыга жараша, Пристли акылдуу адам болгондуктан “оң, терс” ыкмасын колдонгон жок, ал чечим кабыл алууда төрт тоскоолдукту аныктап, аны айланып өттү.

Биринчи душман: Тар көз караш

Көбүн эсе чечим кабыл алаарда “тигил же бул” принцибин колдонобузМисалы: “сунушту кабыл алуу керекпи же баш тартсамбы?”— көрдүңүзбү, өзүбүздү маселени чечүүнүн болгону эки жолу менен чектеп койдук. Турмушта көп учурларда бул эки жол тең талапка ылайык келе бербейт. Анда эмне кылыш керек? Колдон келишинче маселени чечүүнүн бир нече жолун тандоого коюуга аракеттениш керек. Ушул жерде Жозеф Пристлт эмне кылды экен көрөлүчү. Ал баарыдан мурда жер кыдырып, өзүнүн илимий эмгектери жөнүндө лекция өтүү менен кирешесин көбөйтүүгө белсенди. Андан соң лорд Шелбурн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол учурда болуп көрбөгөндөй жеңилдетилген шарттар менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүүгө жетишти. Ооба, ал жалданган жок, кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Мисалы, Лондонго анда-мында— келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келип, башка мугалимге өз тапшырмасын берет да кете берет.

Экинчи душман: Бир пикирге ыктоо

Чечимдердин ар кандай жолдорун иликтеп жатканда, көпчүлүк учурларда өз көз карашыңа туура келген маалыматтарды гана көрүп, бир пикирге ыктоонун туткунунда каласың.  

Андай абалга туш келбейин десең, сенин пикириңе карама-каршы келген ой жорууларды да чогултуп, өзүңдүкү менен салыштырып, учурдагы талапка ылайыктуусун тандап алганың оң.

Присли эмне кылды дебейсиңби? Ал көп адамдарга кат жазып, алардан кеңеш сурады. Лорд менен тааныштыгы жок адамдар анын үй мугалими болуп барышын туура көрүшкөн жок. Тескерисинче, аны жакшы тааныган адамдар лорддун мыкты адам экенин айтып жатышты. Ар түркүн көз караштарды салыштырып көрүү Пристлиге аябай жардам берди.

Үчүнчү душман: Эмоциялар

Туура чечим кабыл алууга ошол учурдагы эмоциялык абал тоскоол болот, анткени көбүнчө аны интуиция катары кабыл алышат. Сырттан, эмоциясыз, акылга салып караганда гана абалды туура баа берип, каталыктарды көрсө болот.

Эгерде Пристли эмоцияга алдырганда ал өз кирешесин 1,5 эсеге көбөйүп жатканын ойлоп дароо макулдугун бермек. Анда эле ал өз кадыр-баркын түшүрүп, бай адамдын катардагы үй кызматкеринин дэңгээлине түшмөк. Пристли келечекти көрө билип, өз көз карансыздыгын, илимий иштерине чектелбеген убакытты, үй-бүлөсүнүнө бакубат жашоо камсыз кылган акылман чечим кабыл алган.

Төртүнчү душман: Өзүнө ашкере ишенүү, башкалардын пикирин теңине албоо

“Буюрса болот”— дегендин ордуна, келечекте болчу окуялардын биз каалагандай өтөрүнө ашкере ишенип алган учурларыбыз арбын. Астыда күтүп турган тобокелчиликтер менен каталарды эсепке албай унутта калтырабыз. Пристли бул жерден да өзүнүн акылмандыгын көрсөтүп, лорд менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык лорд Пристлиге өмүр бою жылына 150 фунт төлөп бергенге макул болгон.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ