АБЫКАЕВ Абийирбек: ИНТЕЛЛЕКТИ АРТТЫРУУНУН ЫКМАЛАРЫ

“Көп эле нерсени билебиз, бирок түшүнгөнүбүз аз”— деген фразаны көп эле угабыз. Чындыгында эле, көпчүлүк учурларда  окуу процесси бири-бири менен байланышы аз фактылардын топтомун жаттап алуу менен чектелет.

Мындай система алган билимди практика жүзүндө колдонууга дайым эле жардам бере албайт. Ал эми алган билимди жашоодо колдоно билүү чоң интеллектин белгиси. Жазылган нерсенин уңгусуна сүңгүп кирүү, жөн эле эске тутуп алуудан көп эсе маанилүү.  Бүгүн биз тексти, дегеле бардык маалыматтарды түшүнүүнүн айрым ыкмалары менен тааныштырууну чечтик.

1. Маңызын таба билгиле

Илимпоздордун айтымында, биздин мээбиз бир эле убакта 7 (±2) бирдиктеги маалыматты кабыл алат. Бул болсо маалыматтарды кабыл алууда  кандайдыр бир чектөөлөр бар дегенди билдирет. Биз көп факторлуу татаал системаларды, биринчи кезекте, биздин мээбиздин оперативтүү эс-тутумуна коюлган ошол чектөөлөрдүн натыйжасында кабыл ала албай калабыз. Ошондуктан көп нерселерди жеңилдетүүгө аракет кылабыз. Чындап келгенде, реалдуу чындыкты абсалюттуу так сүрөттөп берген теориялар жокко эсе. Мисалга, физикадагы идеалдуу газ жөнүндө түшүнүктү эле эстеп көрөлүчү. Бул газ абалындагы нерселердеги жүрүп жаткан процесстерди түшүнүү максатында кабыл алынган болжолдуу модель болуп эсептелинет.

Биз акыркы натыйжага алып келүүчү маанилүү көрсөткүчтөрүн гана тандап алабыз. Бул бизге кыска мөөнөттүү эс-тутумубузга бир эле убакытта бир нече жөнөкөй системаны оңой эле сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, бир нерсени жакшылап түшүнүү үчүн, жалпы массадан маңызын таап сууруп чыгууну үйрөнүү керек. Аны кантип үйрөнүү керек? Бир тексти окуп жатканда, ар бир абзацты жалпылап, маанисин бир сүйлөмгө батырганга аракет кылгыла, бир нече абзацтардан бириктирип кыскача бөлүм жаратып көргүлө.

Кайсы маалымат теманы ачууда кандай роль ойноп, кандай деңгээлде акыркы натыйжага таасир тийгизип жатканын белгилегиле. Ушул жерде конспект жазуу жакшы натыйжа берет.

2. Туура суроо бергенди үйрөнгүлө

Бала кезде биз дүйнөнү эсепсиз көп суроолорду берүү аркылуу тааныйбыз. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен ар нерсеге кызыгуубуз сууй баштайт. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, окуу процессинде өзүнө жана курсташтарына көп суроо берген студенттер тексти түшүнүүнүн жогорку баскычтарын багындырышкан. Суроолор биздин ой жүгүрүүбүзгө стимул берип, изилденип жаткан көйгөйдү тереңдеп жана чар тарабынан изилдөөгө мажбурлайт.

Когнитивист Элисон Кинг бизге бир катар суроолорду сунуштайт, ал суроолорду керек учурларда бир аз өзгөртүп, бардык шарттарда пайдалана берсе болот:

  • Алардын айырмасы эмнеде?
  • Турмушубузда кантип пайдаланабыз?
  • Эгерде мындай кылсак, эмне болот?
  • Буга кандай мисалдар бар?
  • Кандай контраргумент келтирсек болот ?
  • Оң жана терс жактары?
  • Башка кандай жолдору бар?
  • Себеби эмнеде жана эмне үчүн?
  • Кандай таасир  берет?
  • Түшүндүрчү, эмне үчүн?
  • Кайсы жолу жакшы жана эмнеге?
  • Эмнеге окшош?
  • Ал жөнүндө эмне белгилүү?
  1. Графиканы пайдалангыла

Көп учурларда адамдар маалыматты көздөрү аркылуу алышат. Биз бир нерсени  көз алдыбызга анын сүрөтүн көргөзсө бир топ эле оңой кабыл алабыз. Ар түрдүү схемаларды, таблицаларды, графикаларды жана диаграммаларды пайдалануу тексти түшүнүүгө чоң пайдасын көргөзөт.

Бул каражаттар маалыматтын структурасын мыкты чагылдырат, ар кандай фактылардын ортосундагы байланыштарды даана көргөзөт. Андай ыкмалар көп, биз алардын айрымдары менен тааныштыра кетели:

Менталдуу карталарды пайдалануу ыкмасы – кеңири таралып, интеллектуалдык куралга айланган Тони Бьюзендин дүйнөгө таанымал ыкмасы. Кандай гана текст болбосун, анын так түзүмүн графика аркылуу чагылдырып, анын маңызын бөлүп кароого эң мыкты каражат болуп саналат.

Блок-схемлар – текстердеги аракеттердин алгоритмин жана иреттүүлүгүн эң мыкты көргөзгөн каражат.Ал ар кандай шарттарда жасалчу кадамдардын тигил же бул жолдорун аныктап берет.

Таблицалар – маалыматтарды салыштырып жана баалоодо эң мыкты курал катары колдонулат.Толгон-токой маалыматты ыңгайлуу жайгаштырып, аны иштеп чыгууну жеңилдетет.

Резюме

  1. Маалыматты терең түшүнүү аны практикада колдонууга жана эске бекем сактап калууга шарт түзөт.
  2. Терең түшүнүү үчүн берилген шарттарды жөнөкөйлөштүрүп, негизги маңызын бөлүп алуу керек. Андай жөндөмдүүлүккө жетүүнүн эффективтүү жолу — конспект жазуу болуп саналат.
  3. Суроо берүү жана суроолорго жооп берүү менен тексти сапаттуу өздөштүрүүнү камсыз кылабыз.
  4. Графика жана башка ыкмалар менен маалыматтарды ачык-айкын көрсөтүү – маалыматты сиңирип алуунун манилүү бөлүгү. Ал үчүн майндмэппингди, блок-схемаларды жана таблицаларды пайдалангыла.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ