АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖАШОО МАҢЫЗЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШТАР

МЫК ЖӨНҮНДӨ

Чыгыш уламышы

Бул окуялар мурда эле айтылса керек эле. Бирок алар өтө кызыктуу! Ошондуктан кайталагандан келме бузулбаган…

Илгери-илгери өзүн-өзү кармай албаган, ачуусу чукул жигит жашаптыр. Бир жолу ага атасы бир баштык мык берди. “Ачууңду тыя албай, бирөөгө жаман сөз айткан сайын бир мыкты короодогу устунга кагып тур”, — деди ал.

Биринчи күнү устунга кагылган мыктардын саны ондоп саналды. Кийинки жумада жигит жинин тыйып, устунга кагылган мыктардын санын бир топ азайтканга жетишти. Жигит сезимдерин башкаруу, мык каккандан да оңой нерсе экенин түшүндү.

Акыры, устунга бир да мык кагылбай калган күн да келди. Ал жөнүндө атасына келип айтканда, атасы мына бүгүнкүдөй ачууга алдырбай, өзүңдү кармана билген күндөрү устундан бирден мыкты сууруп турушун суранды.

Бир нече күндөн кийин устундагы мыктардын баары суурулуп бүттү. Ошондо атасы уулун устундун жанына ээрчитип келип мындай дептир:

— Уулум, сен мындан ары өзүңдү кармай билишти үйрөндүң, бирок карачы, сен мыктарды сууруп салган соң устундун бетинде издери калды, аны эми өчүрө албайсың. Адам көңүлү да ушундай, ар бир жаман сөз уккан сайын жүрөгүнө так түшөт. Андан кийин канча кечирим сурасаң да баарыбир — так кала берет.

КЕДР

Леонардо да Винчинин айткан уламышы.

Бир токойдо келишкен кедр дарагы өсүп чыкты. Жыл өткөн сайын ал көкөлөп өсүп, көркөмү аша берди. Анын сулуу калың бутактары токойдогу бардык дарактардан бийик көтөрүлүп, башкаларга көлөкөсүн түшүрүп турчу. Бирок ал канчалык өскөн сайын, анын текеберчилиги да кошо өсүп отурду. Бир жолу ал өзүнүн бийиктигинен ылдый жакта өсүп турган дарактарды жек көрө карады да минтип кыйкырды:

— Тээтиги шүмүрөйгөн жаңгакты жок кылгыла!  — Жаңгак дарагы тамырынан бери жулунуп жок кылынды.

— Менин көзүмө көргөзбөй, алдагы четинди жок кылгыла! – деди ал кийинки жолу. Четин да жаңгак дарагынын тагдырын кайталады.

Өзүнө-өзү ыраазы болуп бутактарын ары-бери шуудураткан кедрдин текеберчилиги ошону менен токтоп калган жок:

— Менин тегерегимдеги өскөн алмурут менен алмаларды кыркып жоготкула! — ошентип ал дарактар дагы отунга айланышты.

Биринен сала бирин кырктырып отуруп, кедр жалаң дүмүрлөрдүн арасында жалгыз калды. Анан бир күнү катуу шамал болду. Кыйынсынган кедр жакшы эле каршылык кылды, бирок тегерегинде шамалды тосуп тоскоол болчу бир да дарак болбогондуктан, көркөм бутактары кычырап сынып отуруп, аягында күчтүү шамалдын соккусуна туруштук бере албай калган кедр тамыры менен омкорулуп кулап түштү.

КУДАЙ МЕНЕН БААРЛАШУУ

Жанна Коробкинадан  уламыш

Бир жолу түшүмдө кудай менен сүйлөшүп жатыптырмын.

– Сен менден интервью алгың келеби? – деп сурайт Кудай менден…

– Эгерде убактыңыз болсо,— дейм мен…

Кудай жылмайып койду.

– Менин убактым — түбөлүктүүлүк. Эмне суроолоруң бар эле?

– Адамдар сизди баарынан эмнеси менен таң калтырат?

Кудай минтип жооп берет:

  • Алар балачагынан тажап, бат эле чоңойгулары келишет, чоңоюп алышкан соң балалыкты сагынышып, ага кайра барууну самашат.
  • Алар акча деп жүрүп ден-соолуктарынан ажырайт… Анан акчаларын ден-соолугун оңоп, дарылануу үчүн сарп кылышат.
  • Алар келечек жөнүндө ушунчалык көп ойлонушкандыктан, бүгүнкү күндү эстеринен чыгарып коюшат. Натыйжада, бүгүнкү күндө да, келечекте да татыктуу жашай алышпайт.
  • Алар эч качан өлбөчүдөй жашашат, а өлгөндө, эч качан жашабагандай өлүшөт.

Бир нече мүнөт унчукпай жымжырт отуруп калдык…

Кайрадан суроо узаттым:

– Бизди жаратуучу катары, балдарыңызга кандай сабактарды өздөштүрүп алсын деп кеңеш берет элеңиз?

  • Билип алышсын, бирөөнү кыйнап, өзүңдү сүйдүрө албайсың. Болгону бирөөгө өзүңдү сүйүүгө мүмкүнчүлүк бере аласың.
  • Билип алышсын, башкалар менен өзүңдү салыштырган жакшы эмес.
  • Кечиримдүү болушсун, кечире билгенди үйрөнүшсүн.
  • Эсиңерде болсун, сүйүктүү адамыңды бир көз ирмемде эле таарынтып алсаң болот, бирок андан пайда болгон жарат он жылдарда да айыкпай калышы мүмкүн.
  • Түшүнүп алышсын, көптү ээлеген бай эмес, азга ыраазы болгон адам бай.
  • Билип алышсын, сени жакшы көргөн адамдар бар, бирок баары эле сезимдерин ачык айтып бергенге даяр эмес.
  • Билип коюшсун, эки адам бир эле нерсени карап туруп, эки башка нерсени көрөт…
  • Билип алышсын, бири-бирин кечирүү аздык кылат, адам өзүн-өзү кечире билиш керек.

– Убактыңызды бөлгөнүңүзгө ыраазымын, — дейм, үнүмдү акырын чыгарып.

– Балдарыңызга мындан башка кандай каалоо тилегиңиз бар? – Кудай жылмайып мындай деди: – Билип коюшсун, мен алар менен түбөлүккө биргемин.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ