АБЫКАЕВ Абийирбек: МУЛЬТАТУЛИНИН КЛАССИКАЛЫК АЛАКАНДАЙ АҢГЕМЕЛЕРИНЕН

Платон жана Терсит

Платонго суук тийип, жөтөлүп калат. Терсит анын жөтөлгөнүн туурап, суроо берет дейт:

— Платонго окшоштумбу?

Бул суроону бергени деле эч нерсе эмес эле, каалаган суроону бере берсе болот дечи.

Баарынан жаманы – миңдеген киши Терситке:

— Тамчы суудай окшоштуң! Жашасын жаңы философ  Терсит! — дешип, аны кубатташканы болду.

Анан ушул адам өз мектебин ачты.

Билгениңдин баарын эле жасай бербе

Карыган абышка Олимпияда оюндарын көрүүгө келген, отурганга бош орун таба албай, жыкжыйма толгон катарларды аралай басып убара болду. Отургандар ага ар кандай сөздөрдү айтып, шылдыңдап күлүп узатып жатышты. Качан ал лакедемондуктар олтурган катарга келгенде, жаш жигиттер биринен сала бири тура калып орун бошотушту. Гректерге тигилердин сылыктыгы, сыйчылдыгы абдан жакты, ал тургай шатырата кол чаап да жиберишти.

Абышка бир күрсүнүп алып мындай деди: “Оо кудай, гректер кандай иштер жакшы экенин мыкты билишет, бирок жакшы иштерди лакедемондуктар гана жасашат.”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ