ИСМАИЛОВА Ризван: ОРХАН ПАМУК: АДАБИЯТ МЕН ҮЧҮН – ДАРЫ

Орхан Памук – түркиялык атактуу жазуучу, “Кар” романы үчүн эл аралык Нобель сыйлыгына алган.

Адабият мен үчүн – дары. Дарыны кашык же уколь (иньекция) түрүндө кабыл алгандай, мен дагы адабияттагы “дозамды” ар күнү кабыл алууга тийишмин. Эгерде мындай айтууга ылайык болсо, дарынын белгилүү касиеттери жана тиешелүү консистенциясы менен кошо өзүмдүн “дозамды” күн сайын ичүүмө туура келет.

* * *

Жазуучу болуш окурманды мындай деп айтууга мажбурлоо: «Мен дагы бул жөнүндө айткым келген, бирок кимдир бирөө  мурда-кийин да мындай айта  албагандай айткым келген”.

* * *

Кээде ак чардактардын тобу асманга  билинбей, акырын сиңип кетишет. Алардын  канат кагышы жамгырдын добушун эске салат. Анын сыңарындай, дарыянын  шоокуму  да өлүмдү жеңилдеткенсийт…

* * *

Бактылуулардын  арасында өзүн бактысыз сезүү – акыл-эстин биринчи белгиси. Баарынан да акылдуулуктун гана эмес, көрөгөчтүктүн, баамчылдыктын белгиси.

Орусчадан оодарган Ризван ИСМАИЛОВА