АБЫКАЕВ Абийирбек: МАКСИМ ГОРЬКИЙДИН ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ОЙ ТОЛГООЛОРУ

Эгерде сен Мамлекеттик Думага барып олтуруп калсаң, эсиңде болсун, сен баасы жетимиш беш сомдук отургучта отурасың, ошондуктан, астыңдагы отургучуңдун өзгөчөлүгүнө жараша иш кыл.

*     *     *

Куруңду канчалык кынжыйта тартпа — айырмасы жок: башчыларың ур-токмокко алгысы келсе, токтото албайсың.

*     *     *

Боорукер бол — кармап алмайынча битти да өлтүрбө.

*     *     *

Таздын баары эле убагында кара чачы сеңселгендерден болгон деп айткан болбойт. Бул жөнүндө өзгөчө ушул учурда унутпашыбыз керек, анткени казак-орустун шапалагы тийген үчүн эле өзүн баатырмын деп жүргөндөр толуп кетишти.

*     *     *

Төөнүн моюну узун болсо да, аны ак кууга теңебе. Анын сыңарындай, азыркы өлкөнүн камын көрүмүш болуп жүргөн генералдар сыртынан адамга окшошкону менен ичи айбандан айырмасы жок экенин кантип далилдей аласың?

*     *     *

Жер — бул Аалам жүрөгү, искусство – жердин жүрөгү.

*     *     *

Тиш ооруну бүткүл дүйнөнүн бактысыздыгы деп эсептеген адам — бул, чыныгы окуяны бир аз апыртып айтканды жактырган адам.

*     *     *

Өлкө башчылардын элдин суроо-талаптары жөнүндө айткандары, дүлөйдүн музыка жөнүндө айтканындай эле кеп.

*     *     *

Эгерде тажыясында музыка ойнолуп жатса — маркум аябай көңүлдүү адам болуптур, өлүмдү күлүп-жайнап тосуп алыптыр деп ойлобо; сен жаңылып калышың мүмкүн.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ