АБЫКАЕВ Абийирбек: ОСКАР УАЙЛЬДДЫН АЛАКАНДАЙ АҢГЕМЕЛЕРИНЕН

Бедизчи

Кереметүү кечтердин биринде анын эргүүсү келип, «Көз ирмемге созулган ыракат» деген эмгек жаратмак болду. Максатын ишке ашыруу үчүн коло издеп жөнөдү. Дүйнө кезип, канча издесе да бир кезде өзү жараткан “Түбөлүккө бүтпөгөн кайгы” аттуу эстеликтен башка коло таба албады.

Ал эстеликти өз колу менен жасап, бул жашоодогу эң сүйүктүү адамынын мүрзөсүнө койгон эле. Дүйнөдөгү табылгыс, эң кымбат адамынын мүрзөсүнө бул чыгармасын өзүнүн эч качан өлбөс сүйүүсүнүн жана түбөлүккө созулган кайгысынын белгиси катары орноткон.

Бүткүл дүйнөдөн коло табылган жок. Анан жанын жай алдырбаган жалындаган эргүүсү чыдатпай: эстеликти бузуп келди да, чоң мешке салып, оттун бийлигине берди.

Ошентип, “Түбөлүккө бүтпөгөн кайгынын” колосунан “ Көз ирмемге созулган ыракат»эстелиги жаралды.

Окуучу

Нарцисс өлгөндө ал жакшы көргөн сүйүктүү көлдүн ширин суусу, көз жаштын шорлуу суусуна айланды, анын кайгысын тең бөлүшкөнү токойдун түпкүрүнөн көз жашын тыя алышпай токой периштелери келишти.

Алар көлдүн ширин суусу, шорлуу сууга айланганын көрүп, аябай кайгырышты, жапжашыл болгон узун чачтарын коё берип жиберип, көлгө көңүл айтышты:

— Биз сенин Нарцисстин өлүмүнө катуу күйүп жатканыңды жакшы түшүнөбүз, аттиң, ал өзгөчө бир кереметтүү сулуулардын бири эле да.

— Нарцисс ошончолук сулуу беле? — деп сурайт көл.

— Аны сенден артык ким билет? — деп жооп беришти периштелер, — Ал дайыма биздин жаныбыздан эч кимди көрбөй өтүп сага келчү, жээгиңде жатканды жакырчу, сенин күзгүдөй чагылышкан сууңдун бетинен ал өзүнүн сулуулугуна суктанып карап турар эле.

— Нарцисс менин жээгиме келип, мени тиктеп турганда, анын каректеринен дайыма өзүмдүн сулуулугумдун чагылышын көрүп турар элем, аны мен ошон үчүн сүйчүмүн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ