КАЗАКОВ Түгөлбай: ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВ: БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДЫН АТЫ КАЛДЫ, ЗАТЫ ЖОК

Төрт дубал – көчмөн үчүн түрмө.

* * *

Акылдуу киши түшүнүктүү сүйлөйт.

* * *

Эркиндикти эңсеген жалгыз болот.

* * *

Эркектин оюнан аялдын амалы ылдам.

* * *

Манас доорундагы кыргыздар көктө шаңшыган бүркүт болсо, азыркы кыргыздар жем талашкан тоокторду эске салат.

* * *

Улут деле карыйт окшойт. Алжып калдыкпы дейм…

* * *

Убактысы уйкуга бар, ишке жок.

* * *

Бир иштен шектенген кызганчаактар – ошол ишти өтө жакшы билгендер.

* * *

Акылсызда арман болбойт.

* * *

Ачуусу алдыда, акылы артта жүргөндөн абайла.

* * *

Ажал деген карабайт, жалкыңа да жакшыңа.

* * *

Акыл-эсти кайдыгерлик уктатат.

* * *

Бейиштей жерин барктабаган элдин бешене шору беш эли.

* * *

Жетимдин жеткен акмагы гана кекчил болот.

* * *

Көралбастар тагдырыңа от койгондо жаман жолдош май куюп турат.

* * *

Кутурган дөбөт куюнга үрөт.

* * *

Акылдуу жашынан мурда картаят.

* * *

Кыргыз кулактан азып, көңүлдөн толот.

* * *

Атак-даңкың, жалган баркың – бат эле кетчү конок.

* * *

Байыркы кыргыздын аты калды, заты жок.

* * *

Бул жалганда өлүккө өзөгү үзүлгөнчө өңгүрөгөн үч эле жандык бар: кыргыз, казак, анан уй.

* * *

Ата-эне, биртууган, дос-тамырга топурак салып кайышкандан да, жандан чыккан балаңа топурак салгандан өткөн кайгы жок!

* * *

Кезинде музыканын ичинде элем, кийин каалгасын кагып сыртында калдым.