КАЗАКОВ Түгөлбай: ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВ: КУДАЙДАН ЭМЕС, АГАЙЛАРДАН КОРКЧУБУЗ

Сардалаа… Бу талаанын аты. Жазында жаш баладай сүймөнчүк эле. Анан жетилчү. Анан бардар-сардар болуп барып, тез эле карып, өлүп тынчу. Жыл сайын ошол.

Күзүндө тууттан кийинки малдай эси ооп, алсырап, тытмалап, тоноп кеткен адамдардын артынан кошо чуркай албай тырайып жаткан Сардалаа. Аны менен адашкан козудай жаагын жана ырдап бараткан жаш бала…

Кышында койчумандын итиндей титиреп кардын алдында жатса, аны жөн жаткырбай кайдан-жайдан келген бороон кар тозоңун өйдө-ылдый кубалап, каалашынча тайраңдап, талаанын кейпин учуруп, анан тээ нарыда качанкы өткөндөрдү эстеп, ошонусунан чыгалбай үлдүрөп отурган чалдарга окшош тоолорду көздөй жиниккен бойдон кетер эле. Ошондо тажаал катындын былжырбаш күйөөсүндөй былк эталбаган Сардалаа. Андай кезде да бир карасаң алыскы жарыктан үмүттөнүп бараткан, бир карасаң кыйшайган тумагы, муз тээп жүрүп кончуна толгон кар, маймылдын көчүгүндөй калдайып тоңуп калган жүндүү шымы менен иши жок жомоктордогу керемет дүйнөгө кирип алып, чексиз кыялдарга батып малаңдап бараткан жаш бала…

Ата-энемдин, ага-эжемдин издери калган Сардалаа. Алар да бул талаадан далай өтүшкөн. Экөөнүн акыркы жайы болгон Сардалаа…

Калдайган Сары талааңдан
Карлыгач болуп өтсөм дейм. – деп Рыспай ырдайт ко, ошол ырды айылдаш агабыз Биримкул Алыбаев жазган. Аны уккан сайын куса болуп кетем.

* * *

Баягы жайлоодогу Жылкычы (өз аты Сүйөркул экен) окуусун бүтүп келип мектепке орношор менен бир нече кружок уюштуруп ийди. Бир жагында драма кружогу күпүлдөтүп «Курманбек», «Жаңыл мырза», «Жапалак Жатпасов» сыяктуу спектаклдерди коюп жатса, бир жагында ырчылар өзүнчө эле чакан филармония болуп, аларга колхозчулар да катышып, койгон оюн-зоокторуна эл батпай, айтор, укмуш эле болуп жаткан. Анан комузчулар ансамблин түзүп баштады. Жалаң колхозчулардан турат экен. Барайын дейм, агайдан корком. Себеби сабака кечиккендер күлүп-жайнап, кружокко кечиккендер көзү муштумдай болуп ыйлап жүргөнүн көп көрчүмүн. Бирок ичтеги «илдет» болчубу?! Кыштын суук күндөрүнүн бири эле. Комузчулар сырттан кире берген эле коридордун төр жагында уй мүйүз тартып отурушкан экен, эшикти ачсам агай: «Жап, наржагынан!» – деди эле жаман мурдум ого бетер жалпая түштү.

Бир үйдүн кенжеси болуп, кирди-чыкты эркелигим бар эле, бирок комуз мени ушунчалык арбаган экен, эшикти чала жаап, туткасын кармалап туруп калдым. Эки кулагым тигилерде. Агай: «Токтогулдун «Чоң кербезин» чертебиз» – деди. Баягы күлүк күү да черткен экен деп койдум. Себеби биздин мектепке Токтогул деген ат коюшуптур. Ал ким десек Манас деген тапан киши: «Тээ, Сибирден бери орустарга жеткирбей жылаңайлак безип келген жөө күлүк» – деп түшүндүргөн. Ким экенин кийин билдик.

Агай улам бир колхозчуга барып кайрыктарды чертип берет. Тигилердин ичинде кулагын эшек басып кеткендер да бар экен. Кайталап эле жатышат. Мага жакшы, кайрыктарды көкүрөккө куюп жатам. Улам жылчыктан кантип чертип жаткандарын карап коём. Кечки ызгаар гана кайрыктар менен кошо ичи-койнумду аралап, калчылдатып киргени болбосо, сөз жеткис керемет дүйнөдө турдум.

Бир нече күн сырттан тыңшап, «Чоң кербезди» толгоосунан бери «заочно» жаттадым да, эшикти акырын ачып, комуздун каеринен чертип жатканын жана бир көрүп алып, үйдү көздөй сыздым. Үйдө капкагынын жарымына кагаз чапталган бир комуз бар эле, чертип кирдим. Акырындап келе баштады. Күүнү аягына чейин черткендеги кубанычымды эч бир чечен айтып бере албайт ко дейм. Ошондо дүйнөдөгү эң бактылуу бала мендей болсо керек деп ойлогом.

«Кыз кербезди» да эшиктин кычыгынан сууруп алып жатканда суук тийип калды. Калганын кружоктон үйрөндүм. Мурда эле ачык айтып кирип барсам болмок экен, жамаачы комузум менен. Кыргыз мектепте окуган балдар сыяктуу эле менде да өмүр бою шорума калып келаткан тартынчаактык бар.

* * *

Радиодон жаңы ырдын бет ачарын берет. Биринен бири ашкан ырлар. Ал кезде үналгы (магнитофон) жок. Кантип үйрөнүш керек? Классташтарым – Бакирдин, Гүлбара, Мөөркан, Мухабатка айттым: «Ар бириңер бирден сабын жазып калгыла, мен обонун үйрөнүп келем» – деп. Эртең менен берилген ырды түшкө чейин сөзүн кураштырып, обонун жаттайбыз. Кечинде Бакирдин, Өмүр, мен болуп (кээде башка балдар да кошулуп калат) кыякты алабыз да, айылдын борбор көчөсүнө түшүп алып, башынан-аягына чейин эки-үч жолу ырдап чыгабыз. Жалаң эле жаңы обон эмес, болгон репертуарыбызды төгөбүз. Бизден кишилер тургай иттер да жадаган болуш керек, үрбөй калышкан.

Айыл адамдары ыр жандуу экенин ошондо көргөм. Себеби улам бир жерден токтотуп, бир-эки ырды аягына чейин ырдатып калышчу…

* * *

Үйүбүз алыс көчкөн кездерде, кишиникине жатып окуп калдым. Ал кезде үйдү сагынып, куса болуп кетчүмүн. Азыр дал ошол тагдырыма ырахмат  айтам. Кишиникине жатпасам чоң кишилердин каш-кабагы, ичиндегиси көзү-башына кандайча чыгары, карегинин нары тереңинде кимиси атадан калган туякты, кимиси кулбаланы көрөрү менен ишим деле болмок эмес окшойт. Ошондон бери сүйлөбаткан кишинин көзүн карайм. Анткени оозу оттой бериши мүмкүн, асты көздөрү калп айталбайт экен. Кишиникине жаткандын керемет жагы бар экен – кайталангыс адамдарды көрдүм.

* * *

Бул үйдү кемпири билет экен. Чалы чачылган чөптү жыйнап жатса кемпири сурап калды:

– А-эй, тиги кыздыкына барбаганыбызга канча болду?

– Көп эле болду го дейм, же аз эле болдубу?

– Эки жыл болуп кетти.

– Туптуура! Эки жыл болду.

– Эки жылдан бери кабар албай эмне отурабыз?

– Ошону айтам да, биерде эмне отурабыз дейм да. Капкачан эле барсак болмок да.

– Барганда эмне алпарабыз? Торпок алпарсак кантет?

– Ооба, торпок алпарыш керек да. Тетиги карала торпок эмне турат кеңкейип, ошону алпарып берип салыш керек.

– Берип салгыдай алар келип экөөбүздүн акыбалыбызды сурап жатты беле?

– Ошону айтсаң! Качан эле бизден кабар алып жүрүштү эле? Кичирээк эле музоо-сузоо алпарат окшойбуз…

– Музоосу жок эле козу алпарабыз.

– Ооба да. Козу эле болот аларга.

– Барсак эрте күндү кеч кылбай барып келели. Бар, кара кастумуңду кийип чык.

– Ошону айтам да… Жана эле кийип чыкпаймбы десең… Эмне турам, биерде?

Ал үйгө кирип, жүктүн арасынанбы, сандыктанбы, айтор, өлө бырышкан кара чийбаркыт костюмун кийип чыгып, кемпирин тиктеп малаңдап туруп калат.

– Мына, кийип чыктым да.

Кемпири бир аз карап туруп:

– Э, ботом, муну эмне кийип алдың, катын ала тургансып? Бар, берки бозуңду эле кийип чык.

– Ошону айтсаң! Катын алыбатпагандан кийин мунун мага эмне кереги бар дейм да. Боз эле жакшы да… – деген бойдон үйгө кирип кетет.

Бозу андан бетер бырыш, эски дагы экен. Кемпири аны да жактырбайт:

– Алдагың кантет ай, пол жууган трапкедей болуп. Түрүң шумдук болуп калды го?!

– Ушу түрүмдү айтсаң. Ушундай кантип түр болсун. Кийимим болсо бул, уй чайнап кеткенсип.

– Алар сени көрбөй жүрдү беле. Же отко кирип атпасаң, бар, күндө кийген кийимиңди эле кийип чык!

– Ошону айтам да. Мени көрүп эле жүрүшпөйбү. Отко киргидей же шайтан көпөлөк болбосом…

– Болду ай, күңкүлдөбөй, шайтанды эмне кыласың? Турбайбы, маңдайыңда бир шайтан, жетет сага ошол эле!

– Ошону айтам да! Жетет, бир эле…Омай, эмне дебатам? Кийинип чыгыш керек да, – деп үйгө лыпылдаган бойдон кирип кетет.

* * *

Кечки чайда отурганда шаардан келген баласы сурап калды:

– Ата, бир туугандарың болду беле?

– Болгон да. – Чал чөк түшө калып, андан ары сыймык менен айта баштайт. – Атам 60ка чыкканда мени көрүптүр. Ошон үчүн атымды Алтымыш коюптур. Анан 70ке чыкканда дагы бир эркек көрүп, атын Жетимиш койгон экен, анысы чарчап калыптыр.

– Ошонун өлүп эле калганы жакшы болуптур! – деп кемпири капталдан чыга калды эле, өмүрү каяша айтып көрбөгөн чал эч нерсе түшүнбөй маңырайып карап калды. Анда кемпири:

– Атаңдын алтымышында, болуп-толуп солкулдап тургандагысы сен болсоң, анан жетимишиндегиси кайсы жыргаган киши болмок эле.

Чал көнгөн адаты менен эле сүйлөп ийди:

– Ошону айтам да. Ал кайсы кыйраткан киши болмок эле… – Улам кийинки сөзү бош чыгып, бир аз ойлоно түштү да, кемпирин жалтак көздөрү менен бир карап алып үнүн аябай акырын чыгарып: – Бирок бир тууган болот эле да… – деп жер тиктеп отуруп калды.

Анын эмне айтып жатканына кемпири кызыккан да жок. Эшикке чыгып кетти. Кайра келип баласынан сурады:

– Туугандар менен учураштыңбы?

– Ооба, баарына кирип чыктым.

– Тиги какшаалга да бардыңбы?

– Бардым.

– Сүйлөбатабы?

– Ооба. Алдына үч кабат төшөк салып, сүйлөп киргенде көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом дагы эле сүйлөбатат.

– Өшөнтөт ал. Темир комуз деле сынат экен, ушу какшаалдын эле жаагы сынбай койду!

Бир аздан кийин баласы сурап калды:

– Кудага барып келдиңерби?

– Кудасы курусун, ит өлгөн жол экен. Күнсалкын күйөөдөн өксүгөнсүп тээ, жердин түбүнө барып эрге тийиптир. Туугандардын көрдө жаткан намысы ушундайда тыраалап чыга калмайы бар. «Сурап алары жок экен дегизбей баргыла артынан» – деп бизди жиберди. Мындай жолду кудайдан жөө качкан эле киши баспаса, деле барчу жер эмес, кокуй. Биерден поюз менен кеттик. Анын жолу түгөнгөндө машинеге отурдук. Кокту-колотту аралап отуруп, анын да жолу бүттү. Андан ары ат менен кеттик. Эми атыбыз зордугуп өлүп, жөө кетпесек болду деп калганда араң жеттик, өлүгүңдү көрбөгүрлөргө. Жепирейген бир тамда отурабыз. Күнсалкыныбыз жүрөт, күйөөсү көрүнбөйт. Жердин түбүнө чейин кууп келип тийген бу кандай асылзаада болду экен деп отурсак, эшиктен майке-шортучан бирөө кирип, улагага малдаш уруп отуруп калды. Айланайы-ын, бүт эле жүн! Төшүнө кара суурдун терисин чаптап алгандай, жайкалат. Эки ийниндеги апсыйгын жүнү, айланайы-ын, тим эле жакалуу пальто кийгендей. Буттарын айтпа, топоз биякта калсын. Эки тизесинин алдында эки чоң картөшкө жаткан, туруп кетселе баягы картөшкөлөр кошо кетип баратат. Көрсө, бутунун баш бармактары экен, кокуй о-ой! Кызмат кылып жүргөн лөлү экен десек, Күнсалкындын күйөөсү экен, кашайгыр! Кыргыз кырылып калгансып тапкан күйөөң ушубу дептирмин го.

* * *

Бу кемпир-чал өмүрүндө бир күн бөлүнүп көрбөптүр. Бири шаардагы баласыныкына кетип, кечке келбесе, анда экинчиси таң атпай шаарда болот. Дайыма ушундай.

* * *

Бул үйдө болсо бир эле түнөдүм. Күүгүмдө мектептен аябай ачка болуп келсем, үй ээсинин очойгон кемпири жактырбай бир карап алып, нан салган тулупту күлдүрөтө аңтарып туруп бир сындырым нан алып чыкты да:

– Ме, ушуну жеп, сарайдын ичин тазала! – деди.

Нанды эшике алып чыгып карасам, кемпирдин өзүнөн да улуу көрүнөт. Кайсы жылы салынганын билбейм, сай таштан айырмасы жок. Мындай нанды жемек тургай көрбөпмүн. Шыйпаңдап турган итке ыргытсам оозуна салып, бир топко карсылдатып көрдү да, таштап алып басып кетти. Ит жебес нанды мага бергенине ыза болуп, таар баштыгымды асынган бойдон тоодогу үйгө жөнөдүм. Азыр карасам, Бишкек менен Канттай жер экен. Анда-санда эле бир сарайлар болбосо, итапкан ээн жол. Заматта эле караңгы кирип кетти. Ошол түнү күн бүркөк болуп, ай да көрүнбөй, жолду боолгоп эле таап бараттым. Тоо этегине чоң арык менен суу алып чыгышкан экен, ал мелмилдеп тынч агып жатыптыр, ага түшүп кеттим.

Суу болгон кийимдеримен да, китеп баштыгымдагы дептерлердин эзилип кеткенине ичим күйүп отуруп калдым. Ал кезде балдар: «Кудайдан коркосуңбу?» – десе, «Коркпойм!» – деп, «Агайдан коркосуңбу?» – десе, эмне айтарын билбей туруп калышчу. Агайлардан коркчубуз. Эртеңки күндү элестетип алып үрөйүм учту. Кийимимдин баарын сыгып, кайра кийип, жолдогу айылдын иттери кууп, китеп баштыгым менен койгулап, качып жатып араң кутулуп, үйгө түн ортосунда жеткем. Анда ээн сайларда карышкыр жүрөрүн ойлобопмун. Үйдө эч ким: «Карышкыр, бөө-сөө!» – деп коркутпаганынан го.

«Эсимде» китебинен