АБЫКАЕВ Абийирбек: МИХАИЛ ЗОЩЕНКО: ЖЫТЧЫЛ ИТ

АҢГЕМЕ

Көпөс Еремей Бабкиндин енот шубасын бирөөлөр жымырып кетиптир. Көпөс Еремей Бабкин өңгүрөп берди. Көрсө,  шубасына ичи ачышып жаткан тура.

—  Граждандар,  шуба жөнөкөй шуба эмес, кымбат шуба! — дейт ал, —  канча акча берсем да аны таптырам. Кылмышкердин бетине гана түкүрбөсөмбү!

Ошентип Еремей Бабкин из кубар итти чакыртты. Чакырыкка кепкасын баса кийип, ит жетелеген адам келди. Ити ит деп деле айтчудай эмес — күрөң,  шиш тумшук,  кебетеси суук,  сүйрөйгөн бир ит сымал неме.

Тиги киши итин эшик алдына жетелеп келип изди көргөзүп “пс” деди да четке чыга берди. Ит шимшилеп,  узун тумшугун ары-бери көтөрүп абаны жыттады да чогулган элди бир сыйра кыдырта карап алып (сөзсүз мындайда кызыккан кишилер биртоп эле болот эмеспи),  күтүүсүздөн эле топтун ичинде турган бешинчи бөлмөдөгү Фекле чоң эненин этегин жыттагылап кирди. Коркуп кеткен Фекле элди аралай кире качты эле, ит андан калбай этектен тиштеп коё бербей жулмалап кирди. Иттен кутула албасына көзү жеткен Фекле чоң эне агенттин астына чөгөлөдү:

—  Ооба, —  күнөөмдү мойнума алам, болгону беш чака ачытмам бар. Аппаратым да бар экени чын. Чогуусу менен жуунчу бөлмөдө турат. Кылган күнөөмдү танбайм. Мени милицияга алып бара бериңиз.

Эл дуу дей түштү.

—  А шуба кайда? —  деп сурайт агент.

—  Шуба жөнүндө мен эч нерсе билбейм. Мойнума алчуну алдым. Камасаң кама. Итиңди тезирек алып кет.

Фекляны айдап алып кетишти.

Агент иттин мурдун  жерге такап,  кайра баягы жерден изке салып “пс” деп кайра  коё берди.  Ит жерди,  андан соң мурдун көтөрүп эл турган жактын абасын жыттагылап алды да,   түз эле эл ичинде турган үйдүн  башчысына барып асылды.

—  Айланайындар, —  деди эт бети менен жерге жыгылган үйдүн башчысы, —  күнөөм мойнумда. Сиздерден сууну оңдотом деп акча чогултуп жеп алганым чын.

Муну уккан эл дуулдап үй башчысын ар тараптан сөгүп жатышты. Колдорун толгоп, милициянын астына салып беришти. Ал убакта ит тынч жаткан жок. Шимшилеп барып четте турган жетинчи бөлмөдө жашаган  жигиттин шымынын багалегинен тиштеди. Өңү кубара түшкөн жаш жигит безеленип кирди:

—  Күнөөлүмүн, —  деди ал дагы. – Күнөөмдү мойнума алам. Эмгек китебимдеги жашымды бир жашка азайтып оңдогом. Мекенди коргоп, армияга баргандын ордуна, мен шүмшүк минтип качып,  жашынып жатып алып жетинчи бөлмөдө электр энергиясын жана башка коммуналдык кызматтарды пайдаланып жүрөм. Мени кармагыла да, камап салгыла!

Эл чочулай баштады.  “Бул эмне деген шумдук ит болуп кетти? ”Ал эми көпөс Еремей Бабкин көздөрүн алаңдатып тегерете бир карап алды да,  капчыгынан акча алып чыгып агентке сунду.

—  Итиңди ал да жөнө,  бул жерден кет,  енот шуба табылбаса табылбай эле калсын. Баштан садага!

Аңгыча ит көпөстүн алдына келип,  куйругун чамгарактатып тура калды. Чочуп кеткен көпөс элдин ичине кирип кетмек болду эле,  ит тигинин көлөчүнөн тиштеп коё берсечи бир. Көпөс такыр эле алаңдап,  коркуп кетти:

—  Чындыгында эле кудай баарын көрүп турат экен, —  анык шүмшүк мына – менмин. Ал енот шубаны мен уяты жок агама көрсөтпөй алып кетип,  өзүмдүк кылып алган элем. Бул кылыгымды ыйлап,  боздоп мойнума алам.

Дал ушул жерден эл чачырап тарай баштады. Ит жыттаганга да убакыт таппастан,   тездик менен суюлуп бараткан элдин ичинен эки-үч кишини буту-колдон алып токтотуп калганга араң үлгүрдү. Алар да кылгандарын моюндарына алышты. Көрсө, бири өкмөттөн акча жептир,  экинчиси аялынын башын үтүк менен жара коюптур. Үчүнчүсүнүн кылганын айткандан да уяласың.

Элдин баары тарап,  короодо агент менен ити эле калды. Капыстан эле ит агенттин бутунан алды.  Өң алеттен кеткен агент иттин алдына жыгылды:

—  Тиште мени гражданка, бекем тиште. Мен сени тамактандырам деп 30 сом алып,   20 сомун өзүм жеп жүргөнүм чын.

Андан аркы окуя кандай болгонун билбейм,  балээден алыс болоюн деп,  ал жерден жылып жоголдум.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ