АБЫКАЕВ Абийирбек: МИХАИЛ ЗОЩЕНКО: ЖАГЫМСЫЗ ОКУЯ

АҢГЕМЕ

Петя анча деле кичинекей бала эмес болчу. Ал төрт жашка чыкты. Бирок апасы аны таптакыр эле кичинекей деп ойлочу. Ал аны өзү кашык менен тамактандырып, колунан жетелеп сейилдетип, эртең менен кийимин кийгизчү. Бир жолу Петя ойгонуп, төшөгүндө жаткан. Апасы келип аны кийинте баштады. Кийинтип бүтүп керебеттин жанына тургузуп койгон. Аңгыча эле Петя капыстан жыгылып кетти. Апасы аны жөн эле шоктонуп жатат деп ойлоп, тургузуп койду. Ал кайра кулап түштү. Апасы таң кала түшүп кайра тургузду эле, Петя кайрадан жыгылды. Апасы эми чындап чочуду, ал кызматында жүргөн атасына телефон чалды.

— Тез үйгө кел, уулубузга бирдеме болуп жатат, таптакыр бутуна туралбай калды, —деди апасы .

Атасы бир заматта жетип келди.

— Менин уулумду жыгылат деп ким айтат, ал азамат, кыйын басат, кыйын жүгүрөт. Кана уулум турчу, —деп атасы Петяны килемдин үстүнө көтөрүп тургуза койду. Петя оюнчуктарына бармак болду эле, бирок шалк этип төртүнчү жолу жыгылды.

— Тезирээк доктурду чакыралык, уулубуз ооруп калган окшобойбу. Кечээ момпосуйду көп жеп койсо керек, —деп телефон чалып доктурду чакырышты.

Тыңшагычын алып, көз айнекчен доктур да келип калды. Ал Петяны карап суроо салды:

— Бул эмне жаңылык! Эмне жыгылып жатасың?

— Билбейм, —деди Петя— Эмнеге экенин билбейм, бир аз жыгылып кетип атам.

Доктур Петянын энесине:

— Кана, апасы, уулуңду чечиндириңизчи, тыңшап көрөлү.

Апасы чечиндирип, доктур тыңшап көрдү да:

— Балаңыз куландан соо экен, анын эмнеге жыгылып жатканы түшүнүксүз. Кийиндирип кайра тургузуп көрөлүчү,— деди доктур, ийинин куушуруп.

— Апасы Петканы тез эле кийинтип тургузду. Доктур жакшыраак көрүш үчүн көз айнегин кийип карап калды. Бала тургузар замат эле кулап түштү. Доктур эми эмне кыларды билбей далдырап калды да:

— Профессорду чакыралы, балким ошол бир себебин табар, —деп жиберди.

Атасы профессорго   чалмак болуп  телефонду көздөй жөнөгөндө Петянын кичинекей досу Коля конокко келип калбаспы. Коля Петканы карады да күлүп жиберди.

– Мен Петя эмнеге жыгылып жатканын билем, —деди ал.

– Карасаңар, кандай окумуштуу бала табылганын, ал  балдар эмнеге жыгыларын менден да жакшы билет окшобойбу, —деп жылмайды доктур.

Анда Коля айтат:

– Петяңардын кандай кийингенин карабайсыңарбы, бир багалеги салаңдап бош, экинчи багалегине эки бутун тыгып алыптыр. Анан жыгылат да.

Карап алышып баары охалап-ахалап эле калышты.

Петя болсо:

– Мени апам кийинткен, —деди.

– Эми профессорду чакыруунун кажети жок. Бардыгы түшүнүктүү болду, —деди доктур.

Апасы актана баштады:

– Эртең менен ботко бышырам деп шашкалактап жүрүп байкабай калыптырмын, азыр болсо толкунданганымдан ошенсем керек.

Анда Коля айтат:

– Мен дайыма өзүм кийинем, ошондуктан  буга окшогон жагымсыз окуялар болбойт. А чоңдор болсо дайыма эле ар нерселерди чаташтыра беришет.

— Мен да мындан кийин өзүм кийинем, —деди  Петка.

Баары күлүп калышты. Доктур да күлдү. Ал тургандар менен да, Коля менен да коштошту. Анан өз иштерин кылганы кетти. Атасы да кызматына жөнөдү. Апасы ашканага кетти. Коля менен Петя бөлмөдө калышты. Алар оюнчуктары  менен ойноого киришти.

Эртеси эртең менен Петя өзү кийинди. Кечээкидей жагымсыз окуя кайталанган жок.

Акылдуу Тамара

Биздин үйдө бир инженер жашайт.

Мурутчан,  көз айнек тагынган окумуштуу инженерлер болушат эмеспи. Ошол инженер бир жолу ооруп калып, түштүккө дарыланып келүүгө жөнөдү.

Бөлмөсүн бекитти да, түштүккө учуп кетти.

Үч күндөн кийин кошуналар инженердин бөлмөсүнөн мышыктын мыёлогон үнүн угушту. Үйдө жашаган бир аял жини келип сүйлөнөнүп жатты:

— Бул инженер кандай таш боор адам. Өзү түштүктө жыргап жүрөт, а мышыгын камаган боюнча таштаптыр. Ал байкуш эми же тамагы жок, же ичкенге суусу жок ачкадан өлөт ко.

Аны уккан жашоочулар инженерге нааразы боло башташты.

— Бул инженерде баш жок да. Болбосо бир айда кароосуз калган мышык ачкадан өлүп калат деп ойлобу, —деди бирөөсү. Экинчи жашоочу:

— Каалганы сындырып, эшикти ачпайлыкпы, —деген сунушун айтты.

Аңгыча үй башкармалыгынын баштыгы да келип калды.

– Жок, каалганы инженердин уруксаты жок ачканга укугубуз жок, —деди ал.

Кичинекей Николаша деген бала да өз оюн айтты:

— Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырбайлыбы, алар узун тепкичтерин коюп, терезеден мышыкты алып түшүшөт.

Үй башкармалыгынын баштыгы баш чайкады:

— Жок, өрт болбосо өрт өчүрүүчүлөрдү чакырганга болбойт. Айып төлөтүп коюшат.

Тамара деген кичинекей кыз оюн айтты:

— Билесиңерби эмне кылышты: мен азыр сүт алып келип каалганын астына  төгөм, сүт агып ичке кирет, ал жерден аны мышык көрүп курсагын тойгузуп алат.

Жашоочулардын бардыгы анын акылын жактырышты:

— Бали! Азаматсың, сен муну жакшы ойлоп таптың.

Ошол күндөн баштап жашоочулар эшиктин алдынан бири сүт төксө, бири шорпо төгүп, дагы бири суу төгүп беришчү болду. Николаша ал эмес кичинекей балыкты, анан жертөлөнүн босогосунда өлүп калган чычканды таап алып, аны да эшиктин тешигине тыгып мышыкка бергенге үлгүрдү.

Мышык тамакка ыраазы болуп, эшиктин ары жагынан кубанычын билдирип мыёлоп коюп турду.

Мына эми, бир ай өтүп, акыры инженер да келди.

Бир карыган кемпир ага мындай деди:

– Инженер, сени түрмөгө жарым жылга камаш керек, себеби жаныбарларды кыйноого болбойт. Адамдарга да, жаныбарларга да жакшы мамиле кылуу абзел. А сен мышыгыңды тамаксыз, ичер суусуз калтырып кеттиң. Эгерде кошуналар сүт берип турбаганда байкуш мышык эчак өлүп калмак. Ах, эртерээк эшигиңди ачып, мышыгыңдын абалы кандай, көрбөйсүңбү. Балким ал ооруп, температурасы көтөрүлүп, сенин керебетиңде жатпасын.

– Кайсы мышыкты айтып жатасыз? Сиз билесиз да, мен эч качан мышык кармаган эмесмин. Менде мышык аттуу өмүр бою болгон эмес. Жок, мышыкты бөлмөмө кайдан камайт элем, —дейт инженер таңгала.

Анда жашоочулар чуркурашты:

– Биз аныңызды билбейбиз. Бирок сиздин бөлмөңүздө бир айдан бери мышык жашап жатат.

Инженер шашкалактап эшигин ачты, кошуналар аны менен бөлмөгө чогуу кирип барышты. Киришти да, баары көрдү— диванда татынакай сары мышык жатыптыр. Кебетесинен анын ооруган, курсагы ачып, арыктаган түрү көрүнбөйт.

— Түшүнсөм кудай урсун. Бул сары мышык менин диванымда кайдан пайда болду? Мен кеткенде ал жок эле да, —деди инженер.

Николаша терезени карап,  сөзгө аралашты:

– Тиги терезеңиздин көзү ачык турбайбы. Мышык тиги кыр менен келатып, ачык терезени көргөндө секирип түшсө керек.

– Анда эмне үчүн кайра чыгып кеткен жок?— деп сурады  инженер.

– А биз ага жакшы тамак берип жаттык, ошон үчүн ал кеткиси келбей калды. Ага бул жер жакты, —деди кичинекей Тамара.

– Ах, кандай татынакай акылдуу мышык! Мейли, бул жерде жашай берсин, —деди инженер.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ