АБЫКАЕВ Абийирбек: НИКОЛАЙ ГАРИН-МИХАЙЛОВСКИЙ: ГЕНИЙ

АҢГЕМЕ

I

Шаарда жашаган, узун чачы арстандын жалындай түрмөктөшүп самсаалап, сакалы карылыктан пилдин сөөгүндөй саргайып кеткен, өлчөмсүз чоң, дардайган еврейди элдин баары билчү.

Узун кемселчен, жамаачыланган туфли кийген бул адамды, башкалардан еврейлердикиндей ылдый карабай, чанагынан чыгып, кайдадыр өйдө жакты караган көздөрү айырмалап турчу.

Жыл артынан жылдар жылды; муундар алмашты; таш жолдордо эл ташыган арабалар калдырап, көчөлөрдө эч качан бүтпөгөн иштерине дайыма шашып жүргөн адамдардын аягы үзүлбөй, тынымы жок балдардын күлкүлөрү тыйылбай ары-бери чуркап жүрүштү, — бир гана бардыгына кайдыгер картаң еврей, эл көрбөгөн  нерсени өзү жалгыз көрүп жаткансып көктү караган көз карашын өзгөртпөй көчө бойлоп басып жүрдү.

II

Карган еврейдин назары түшкөн жалгыз адам – шаардагы бир гимназиянын математика мугалими болчу. Карган еврей көчөдөн көргөн сайын анын артынан көпкө чейин көзүн албай үзүлө карап туруп калар эле. Математика мугалими карган еврейди көрчүбү же көрчү эмеспи белгисиз; себеби ал чыныгы математик эле.

— Шалаакы, кедейип, бет түзүлүшү маймыл сымал бул адам өзүнүн математикасынан башка эч нерсе көрчү да, билчү да эмес, билгиси да келчү эмес. Чөнтөгүнө бет аарчысынын ордуна жазуу тактайын сүрткөн чүпүрөктү салып алуу; сабакка кийимин которбой үйдөгү кийими менен келүү – мындай нерселер ал үчүн кадимки эле иш болгондуктан, окуучулардын шылдыңы адам чыдагыс деңгээлге жетип, акыры ал гимназиядан кетүүгө мажбур болду.

Ошол күндөн тартып үйүнөн чыкпай, баш-оту менен илимге берилди, тышка чакан ашканадан тамактануу үчүн гана чыкчу болду. Ал атасынан калган,  ижарачыларга жык толгон өзүнүн чоң үйүндө жашачу. Бирок алардын дээрлик бардыгы колунда жок жакыр адамдар болгондуктан, эч кимиси деле ижара акысын төлөөчү эмес.

Үй кир, көп этаждуу эле. Бардыгынан кир мугалимдин өзү турган, кокус  бир убакта көтөрүлсө адам тумчугуп өлчүдөй калың чаң баскан китептерге, кол жазмаларга шыкалган үйдүн жертөлөсүндөгү эки бөлмө боло турган.

Бирок мугалимге да,  анда чогуу жашаган карган мышык менен дагы бир жашоочуга бөлмөнү чаңдатуу деген нерсе баштарына түк да келчү эмес, мугалим столунан жылбай бир нерселерди жазып отурчу, мышык темир менен тордолгон терезеде баш көтөрбөй, түйүнчөктөй болуп уктап жатчу. Ал түштөнүү маалы болгондо, ашканадан келаткан мугалимди тосуу үчүн гана ойгончу. Карылыгы жетип, жүнү жыдыган бечара аны эки көчө ылдыйдан тосуп алаар эле. Мышык көп жылдык тажрыйбасынан мугалим өзүнүн отуз тыйындык тамагынын жарымын ал үчүн арнап, кагазга ороп келип, үйгө барганда берерин билчү. Алдыда чоң ырахат күтүп турганына маашырлана, куйругун бийик көтөрүп, жалтырата жалаган жүндүү жонун кайкалата кожоюнунун алдына түшүп жөнөп берчү.

III

Бир жолу мугалимдин бөлмөсү шарт ачылып, карган еврей кирип келди. Карган еврей шашпай чыптамасынын чөнтөгүнөн жедеп кармалай берип кирдеп бүткөн,  еврейче жазылган эски калың дептерди сууруп чыкты да математиктин алдына таштады.

Математик дептерди алып, ар жак бер жагын карап ачып көрүп, бир нече суроо узатты. Орусча жакшы билбеген карган еврей анын суроолоруна түшүнбөй койду, бирок математик дептерде математикага байланыштуу бир нерселер бар экенин боолголоду.

Дептерге кызыгуусу арткан математик, котормочу тапты дагы кол жазманы изилдей баштады. Изилдөөнүн жыйынтыгы өзгөчө кызык болду.

Бир айдан кийин карган еврейди жергиликтүү университеттин математика факультетине чакыртышты.

Залга университеттин, шаардын математиктери жыйналышкан эле.  Жыйналышта баарына кайдыгер, көккө караган көз карашы менен карган еврей да катышып, котормочу аркылуу тигилердин суроолоруна жооп берип жатты.

— Шек жок, — деди жыйналыштын төрагасы: — Сиз чынында эле дүйнөдөгү эң улуу ачылышты жасаптырсыз. Сиз дифференциалдуу эсептөөнүн жолдорун ачыптырсыз. Бирок Сиздин бактыңызга каршы, аны Ньютон 200 жыл илгери эле ачып кеткен. Ошентсе да Сиздин ыкмаңыз Ньютондукунан да, Лейбництикинен да  толугу менен өзгөчөлөнөт экен.

Которуп беришкенде — карган еврей киргилденген үнү менен суроо узатты:

— Ал еврей тилинде жазганбы?

— Жок, ал латынча жазган, — деп жооп беришти ага.

IV

Бир нече күндөн кийин карган еврей математикке келип, эптеп-септеп андан матматика жана латын тилин үйрөнгүсү келгенин түшүндүрдү.

Ижарада турган студенттердин арасынан тилчиси да, математиги да табылып, ижара акысына еврейди өз кесиптери боюнча – бири латын тилин, экинчиси жогорку математиканын негиздерин окутууга макул болушту.

Карган еврей күн сайын окуу китептери менен келип сабагын окуп, кайра үйдөн даярдануу үчүн тапшырма алып кайтчу.

Ал шаардын эң бир ыплас бөлүгүндөгү еврей коому соопкерчилик кылып бөлүп берген үйдүн чатырындагы чаң менен желе баскан уясына саңырсыган тепкичтер менен, аны аңдып, түрдүү шылдыңдарды ойлоп тапкан балдардын шоктугуна көңүл бөлбөй көтөрүлчү да, жападан жалгыз терезенин түбүндө берилген тапшырмасын аткарып отурчу.

Эми карган еврей эс алуу маалында артынан жабышып жабалактаган балдардын шылдыңдарын жалгыз көрбөй, көбүнчө жанында шаардын дагы бир түрү суугу, кедейген, маймыл түспөл математика  мугалими менен бөлүшчү болду.

Алар үн-сөзсүз унчукпай басып, коштошордо унчукпай кол кармашып, ар кимиси өз жолуна түшчү.

Ошентип үч жыл өттү. Карган еврей эми Ньютондун жазгандарын өз тилинде окуганга жетишти. Эч кандай шек жок. Чындыгында эле карган еврей дифференциялдуу эсептөөнүн жолдорун ачыптыр. Чындыгында эле ал ачылыш 200 мурда эле жер шарынын улуу даанышманы тарабынан ачылыптыр. Ал китепти жапты, ошону менен баары бүттү. Далилденчү нерсе далилденди. Аны бир өзү гана түшүндү. Жан-дүйнөсү аңгырап бопбош калган карган еврей айланасында тынымсыз өтүп жаткан жашоо  менен иши жок,  шаардын көчөлөрүндө жөн гана каңгып басып калды.

Көктү караган көздөрү бир жерди кыймылсыз тиктеп,  ал жактан башкалар көрбөгөн нерсени көрүп жатты: адамзатка улуу ачылышты тартууга бермекчи болгон жер шарынын улуу даанышманы, көчөдөгү балдардын шылдыңы менен эрмеги болгондон башкага жараган жок.

Бир күнү карган еврейди өзүнүн чатырдагы үйүндө өлүп калганын көрүштү. Ал колдоруна башын койгон боюнча эстеликтей катып калган экен. Пилдин сөөгүндөй саргайган коюу чачы ийинин ашып, бетине чейин жаап калыптыр. Көздөрү бет алдындагы ачык китепти тиктеген боюнча калыптыр, ал өлгөндөн кийин деле китепти окуп жаткандай таасир калтырат.

P.S. Бул аңгеме авторго М.Ю.Гольдшейн тарабынан билдирилген турмушта болуп өткөн окуянын негизинде жазылган. Еврейдин фамилиясы Пастернак болгон экен. Автор ал кишини жакшы билчү дешет. Еврейдин кол жазмасынын түпнускасы Одессадагы бирөөлөрдүн колунда. (Н. Гарин-Михайловскийдин эскертмеси).

1901-жыл

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ