АБЫКАЕВ Абийирбек: АЛЕКСАНДР ГРИН: ОЮНЧУК

АҢГЕМЕ

Француздардын чек арага жакын, немистер басып алган шаарында, Альваж аттуу, өткөн жашоосу белгисиз, ал кандайдыр бир сырлуу жагдайды жашырып жүрөт деген мааниде эмес, болгону анын өткөнү менен эч бир жандын кабары жок адам жашачу.

Альваж бул дүйнөнүн түйшүктөрүнөн чарчаган адам эле. Бул жашоо аны тажатып бүткөн. Ал элге аралашпай өзүнчө турчу; бул дүйнөдөгү жалгыз эрмеги да, бактысы да оюнчуктары эле. Анын өз колу менен картондон жасап алган фермалары, уйлары, шаарчалары, чептери, буурчак менен октоп аткан замбиректери, жыгачтан жасалган солдаттары, атчан аскерлери, кайык менен кемелери боло турган.

Альваж бөлмөнүн эки бурчуна коюлган кенен үстөлдөргө оюнчук аскерлерин бири-бирине карама-каршы тизип алып, замбиректерден буурчак окторун жаадырып, согуш оюнун ойноп отурчу. Бул эч кимге залакасы жок иште Альважтын өнөгү — дудук жигит Симония боло турган. Бирок жакында пруссактар Симонияны атып салышкандыктан, абышка өнөксүз калды.

Жана айтылгандай, пруссактар шаарды басып алышты. Окуппациянын бешинчи күнү капитан Пупенсон кечинде мэрияга барымтага алынган отуз французду атууну жетектөө үчүн бара жаткан. Ал бара жаткан жол Альваждын үйүнүн жанынан өтчү. Кечки сегизден кийин жарыкты күйгүзүүгө тыюу салынганына карабастан, каптал жактагы үйдүн бир терезесиндеги күйүп турган жарыкты көрүп Пупенсон таң кала түштү. Ал тосмодон секирип түшүп, жарык чачкан терезени шыкаалады. Анын көз алдына адаттан тыш окуя тартылды: жатаарда кийчү жука кемсел жана малакай кийген оюнга берилген абышка узундугу бир карыш замбирегине бир ууч буурчакты салып: — «Токтогула, баарыңарды талкалайм!» деп кобурап, атып жибергенде каршысындагы бир нече кайыңдан жасалган катардагы жоокерлер, колдорун капталдарына алган боюнча кулап түшүштү.

Пупенсон кылычын шалдыратып, терезеден секирип кирди. Альваж эмнегедир корккон жок, жөн гана андан ары эмне болорун күтүп калды.

— Сиз эмне кылып жатасыз? — деди Пупенсон. — Эмне бала болуп кеткенсизби?

— Эмне кыл дейсиз! — каяша кылды Альваж. — Силерге өзүңөрдүн ойнуңар жагат, мага өзүмдүн оюнум жагат. Меники жакшы. Келиңиз, мени менен бир жолу ойноп көрбөйсүзбү?

Пупенсон, ийинин куушуруп жылмайып койду да, уруш талаасына билгичтик менен жайгаштырылган, артиллериялык куралдарды, кавалерияны, жүк ташыган арабаларды жана жардыруучуларды кызыга карап чыкты. Оюнчуктарды Альваж өзү жасаган эле.

— Баракелде, баракелде! — деди Пупенсон жайдарлана, колуна кичинекей замбиректи алып, ары-бери айлантып көрүп. — Бул кантип иштейт? А, бул жерин басуу керекпи?!.

Мурда көрбөгөн жаңы жана өзгөчө нерсе адамды өзүнө кандай тартат!

Арадан бир, эки саат өтүп кетти… Бөлмөдө экөө: оюндун кызуусуна баш оту менен кирип алган Пупенсон жана жеңишине ыраазы болуп жүзү жайнаган Альваж; ал, мурдатан ойноп колу жатыгып калгандыктан, Пупенсондун армиясын кайра-кайра кыйратып, баш көтөртпөй жаткан. Буурчактар ары-бери тынбай чуулдап учат.

Акыры, Пупенсон бара жаткан ишин эстей койду да, кыйылып жатып Альважды кызыктуу армиясы менен таштап кетишке туура келди. Бирок ал кечикти — жарым саат мурда барымтадагыларды  атуу жөнүндөгү буйрук алмаштырылыптыр (анткени, аларды атса кошуна шаарда колго түшкөн немис баскынчыларын атабыз деген кабар болуптур). Ал кечикпегенде — отуз киши буйрук келгиче эле атылып кетмек.

Атаганат, Альваж абышканын кызыктуу оюнун ар бир согушчул адамдарга сунуш кылса жаман болбос эле.

1915

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ