АБЫКАЕВ Абийирбек: АНТОН ЧЕХОВ: МАС АДАМДЫН СОО ШАЙТАН МЕНЕН АҢГЕМЕЛЕШҮҮСҮ

АҢГЕМЕ

Интендантык башкармачылыгынын мурдагы чиновниги, коллеждин эс алуудагы катчысы Лахматов он алтынчы рюмканы ичип болуп, бир туугандык, тең укуктуулук жана эркиндик жөнүндө ой жүгүртүп отурган. Капыстан эле чырактын артынан шайтан чыга калып, аны карап калды… Сиз чочулабай эле коюңуз окуучум. Сиз шайтан кандай болорун билесизби? Бул, сырт келбети жагымдуу, өтүктөй капкара жүздүү жана кыпкызыл оттой жанган көздөрү бар жаш жигит экен.

Үйлөнө элек болсо дагы “мүйүздүү”… чачы  la Капуль кылып таралган. Денесин жашыл жүн басып, ит жыттанып турат. Артында учтары жаанын жебесине окшош куйругу салпаңдайт… манжаларынын ордунда – уркуйган тырмактар,  буттары – аттын туягына окшош.

Лахматов,  шайтанды көрүп бир аз эти жыйрылгансып кетти, бирок жашыл шайтандар биртоп ичип алган адамдарга келе берер жаман адаттары бар экенин эстей коюп тынчтанып калды.

– Сен ким болосуң? – деди ал,чакырылбай келген конокко карап.

Шайтан өзүн ыңгайсыз сезип, жер карап калды.

– Уялбаңыз, – деп улантты Лахматов. – Жакын келиңиз… Мен эскичил адамдардан эмесмин, мени менен ачык сүйлөшө берсеңиз болот… жан дилиңиз менен… Сен кимсиң?

Шайтан Лахматовдун жанына бир аз чечкинсиз басып келди да, куйругун кыпчып сылык жүгүнүп койду.

– Мен шайтанмын,…жин шайтанмын – деп тааныштырды ал өзүн. – Улуу урматтуу тозок канцелериясынын директору Чоңжиндин атайын тапшырмаларды аткаруу боюнча чиновниги  кызматында турам!

– Уктум, уктум… Таанышканыма кубанычтуумун. Отуруңуз! Арак ичесизби? Аябай кубанычтуумун… А эмне жумуш аткарасыз?

Шайтан баягыдан да ыңгайсыздана баштады…

– Чынын айтсам, анчалык деле жумуш жок… – деп жооп берди ал, уюлгансып жөтөлүп, анан  «Ребусту»  алып чимкиринип койду. – Мурда чынында эле жумуш көп эле… Биз оң жолдо жүргөн таза адамдарды азгырып жаман жолго салчубуз…А азыр, биздин кызматыбыз антр‑ну‑суади[1], түкүрүккө да арзыбайт… Оң жол менен жүргөн немени таппайсың, азгырганга жан жок.

Анысы аз келгенсип адамдар бизден куу болуп кетишти…Университетти бүтүп, отту да, сууну да кечкен немени кантип азгыра аласың! Менин жардамымсыз эле миллиондорду уурдап жатсаңар, силерге бир сомду уурдаганды кантип үйрөтмөк элем?

– Бул айтканың туура…Бирок баары бир бир иш кыласың да?

– Ооба… Мурдагы кызматыбыздын аты эле калды, бирок таптакыр жумушсуз калган жокпуз… Татынакай аялдарды азгырабыз, жаштарды ыр жазганга шыктандырабыз, мас көпөстөргө күзгүлөрдү сындыртабыз…Саясатка, адабиятка жана илимге кийлигишпей  калганыбызга көп болду… Ал жакты кыпындай да түшүнбөйбүз… Көпчүлүгүбүз  «Ребуста» кызмат кылабыз, ал тургай тозокту таштап адамдарга кирип кеткендер да бар… Алар эс алууга чыккан шайтандар, бай көпөстөрдүн кыздарына баш кошуп алышып эң сонун  жашап жүрүшөт. Бири адвокат болсо, дагы бирлери гезит чыгарышат, негизинен алар ишкер жана кадыр-барктуу адамдар!

– Ыңгайсыз суроом үчүн кечирип коюңуз: Айлык акы аласыздарбы?

– Шартыбыз өзгөрүлгөн деле жок… – деп жооп берди шайтан. – Штатыбыз ошол бойдон… Мурдагыдай эле батирибиз, жарыгыбыз, отунубуз өкмөт эсебинен… Айлык албайбыз, себеби биз штаттан тышкары турабыз, анткени шайтан – ардактуу кесип… Ачыгын айтсам, жашоо анча деле түзүк эмес, баарынан кечип дүйнөнү жөө кыдырып кеткиң келет… Адамдарга ырахмат, пара алганга үйрөтүп коюшту, болбосо эчак эле ачкадан өлмөк экенбиз… Ошонун эсебинен эле жашап келатабыз…Күнөөлүүлөргө тамак-аш жеткизебиз, ошондон билдирбей улуп-жулуп калабыз…Чоңжинибиз да картайып калды, бизден эсеп-кысап алуу анын оюна да келбейт…

Лахматов тигиге арак куйду. Ал ичип жиберип, сөзү көбөйө баштады. Ал тозок жөнүндө айтты, көңүлүндө уюп айтылбай жүргөн сырларын төктү, ыйлады, кыскасы, Лахматовго ал аябай жакты, аны коё бербей кондуруп алып калды. Шайтан печканын үстүндө түнү бою жөөлүп чыкты. Таңга жуук ал жок болуп кетти.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Өз ичибизде болсун – франц. entre nous soit dit.