АБЫКАЕВ Абийирбек: АНТОН ЧЕХОВ: ЖАШОО ЖАЛГАН…

(Даабат айтуунун майлуу темасы)

Бир чоң кеңседе кеңешчи кызматын аркалаган Семен Петрович Подтыкин столго отуруп боркогун тагынды да, куймак берилчү учурду чыдамсыздык менен күтүп атты… Согуш талаасын  карап турган полководецтин астында тартылган сүрөт сымал, анын көз алдына чоң майданды күткөндөй тизилген тамак-аш жайнайт… Столдун дал ортосунда бөтөлкөлөр катарга тизилип койкоюшат.

Бул жерде арактын түрдүү сорттору, Киев наливкасы, шатолароз, рейнвейн жана  бенедиктердин курсактуу идиштеги ичимдиктери бар эле. Ичимдиктерди тегерете көркөмдөлүп шөкөттөлүп коюлган:  горчица соусусу менен сельд, кильки, сметана, майда дандуу икра (фунтту  3 сом. 40 тыйын), жаңы эле кармалып алынып келген семьгалар кезегин күтүп катып калышкан. Буларды карап Подтыкиндин шилекейи чубурат… Көздөрү майланышып, албырган жүзү астыдагы жан жыргаткан даамдын жытын сезип, толкунданып алган…

– Болбойсуңарбы, ушунча да күттүрөсүңөрбү? – деди ал аялына чекесин тырыштырып, – Тезирээк, Катя!

Мына, көптөн күткөн куймакты көтөргөн кызматчы кыз көрүндү… Семен Петрович, манжалары күйөрүн деле ойлобой, табактын үстүндөгү эң ысык эки куймакты алды да, өз табагына ыргытты. Куймак көмөч казанга эки бети кызарып бышып, көпөстүн кызынын төшүндөй көөп, назик болчу…

Подтыкин жагымдуу жылмайып, бир ыктытып алды да, куймакты май менен жакшылап майлады. Анан табитин дагы арттыргысы келип, шашылбай икрадан шыбады, икра жетпей ала калган жерлерине каймактан жаба куйду. Эми жеш гана калды, туурабы?  Бирок ал али канааттанган жок… Бир аз ойлонгондон кийин куймактын үстүнө эң майлуу семьга балыгынан койду, андан кийин эки алаканын ушалап, аны жайбаракат түтүкчө кылып ороду, бир рюмка аракты тартып жиберди да, рахаттанып куймакты оозуна алып барды…

Ал куймакты жегенге үлгүргөн жок, жүрөгү капысынан кармаган оорудан токтоп, жан таслим болду.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ