ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: «МЕНДЕГИ» АЙТМАТОВ

«КУШ ЖОЛУНДА» КУТ ЧӨККӨН

Ар бир муундун өзүнө буйрулган «өзгөчөлүү» рухий шыбагасы болот. Бул аларга тагдыры жазган энчи. Мен, маселен, Алыкул Осмонов которгон Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанынын эӊ биринчи окурмандарына дайыма суктанамын. Дастан менен бирге жашап, ырдап, сүйүнүп, кубанып, ыйлап, армандап жашаган тагдырларына. Алардын тунгучтугуна, биринчилигине. Кыргыз жергесин «Тариел, Автандил, Нэстан, Батма, Асмат, Тинатин ысымдардын сел каптап кеткенине элжиреймин. Көз кычыгына ысык жаш тебилет. Бул муун башынан кечирген «тунгучтук» сезим бир башка, ал – кийинкилерде кайталанбайт!

Бул – улуттун дил мээри, көкүрөк көөрү бир мезгилде бир нерсеге (чыгармага) бирдей уюп, улут руху улуу биримдикте мөлт кристаллдаша түшкөн чак. Арийне, кийин ушул эле дөөлөттөргө ар бир муундун жолу өзүнчө түшөт, бирок бир демде эмес, чачыранды түшөт, демек, ал жалпы улуттук мүнөзгө ээ эмес же мүлдө элдик алгачкы аруулук от демине чайынбай калат. Мындай Шота – Алыкул – Окурман мухабатынын «тунгучтук» мисалы, тушунда – К.Баялиновдун «Ажары», А.Токомбаевдин «Кандуу жылдары», Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалык драмасы, М.Алыбаевдин ашыглык поэзиясы, С.Эралиевдин «Ак Мөөрү» бу жарык ааламга көз жарган кезеӊдери өкүм сүргөн.

Биздин балалык асманыбыз, жаштык мейкинибизге жазылган ошондой кайталангыс тагдырлуу шыбага, бул – эӊ биринчи чыккан «Көк Манас» китеби жана биз эсейгенден тарта колубузда ар бир жолу, биринчи ирет кыз колундай кармап турган (тун сүйүү!) Айтматовдун китептери болду.

«Көк Манастын» кызыгы, бизге мектепке бара элек кезден тамга таанытты, чоӊ ата, чоӊ энелерибизге күпүлдөп Манасты окуп-айтып чоӊойдук. Манас менен дүйнөгө алгачкы кадамыбызды таштадык. Аал, Чыңгыз Айтматовдун ар бир жаӊы чыгармасы (атактангандан кийин!) улуттук рухий майрам, жалпы элди бир сыймыкка бөлөгөн, бир демге уюткан кудуреттүү уюштургуч күч болуп турган, уза-ак-узаакы жылдарга!

Жалпы улуттун рухий символуна айланып калган Айтматовго, улуу муун, орто муун, соӊку муундун ар биринин жолдору өз-өзүнчө түшкөн – турмуштук сабактарына карай, жаштык курактарына карай, адабий табит, рухий талаптарына карай. Бир сөз менен айтканда, калыӊ «элдеги» Айтматов бар жана ар бирибиздеги «мендеги» Айтматов бар. Калыӊ элдеги Айтматовдун карааны белгилүү, аны дүйнө, орус, кыргыз илими биригип калыптандырды, биринчи иретте өзүнүн чыгармалары «айтматовдук» өлбөс-өчпөс эстелигин тургузуп салды. Ал эми «мендеги» Айтматов да бүтпөс, анын окурманы кайсы тилде, канча болсо – ал ошончо!

Айтматовдун талант, чыгармачылыгы өзүнчө бир маселе.

Башка маселе: анын кыргыз кыртышынан чапчаӊ суурулуп, абалы Совет айдыӊы, соӊунда дүйнөлүк мейкинге аргып чыгышы үчүн канча  бир объективдүү, субъективдүү факторлордун, шарт-жагдайлардын дал келип турушу зарыл эле.

Маселен:

Хрущев жазы;

Сталин культуна антимаанай (Төрөкул Айтматов тагдыры);

орус Гегемон духуна тараза – башка улуттарды көтөрүүгө кызыкдар эл аралык күчтүн (тымызын семитизм) таасири;

улуттук адабияттардын чыны менен ургаал козголушу жана ага көрүлгөн мамлекеттик кам;

Ауэзов – Арагон сүрөөнү;

Анан, албетте, жаш Чыңгыздын өзүнүн сүрөткер-руханий да, моралдык-жеке инсандык да (контр уулу!) өӊүттөн дүӊгүрөгөн даӊкка даярлыгы!

Анан да айтылбай жүрүп унутулган бир окуя – 60-жылдардын ортосунда бир топтун Айтматовду республикалык саясый бийликтин башына алып келүү аракети. Эгерде, эпадам, ушул ниет эле ишке ашып кеткен болсо, анда биз соӊку дүйнөлүк улуу жазуучуга ээ болор белек, же…

Кыскасы, жогорудагы факторлордун кайсы бирөөвү эле кем түшүп калган болсо, анда, балким, «Чыңгыз чынжыры» ойдогудай нукта өнүкпөй, саал зак кетмек, натыйжасы башкача болмок. Балким ушул шарттардын (объективдүүлүк) бардыгы теӊ бир-бирине куйрук улаш дал түшүп отурган күндө да, эгерде Чыкеӊдин өзүнүн  кишилик касиети (субъективдүүлүк) аны бекемдеп кетпесе, даӊкка жараша жүгүн бир моюбай асырап албаса, улам жаӊы, биринен бири өткөн кызык повесттерин («Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Ак кеме» кыркаары…) бурдап-демеп төгүп турбаса, анда, балким, биз кийинки кайталангыс тарыхый «айтматовдук феноменге» ээ болбой да калмакпыз.

Демек, «Коом жана Адам», «Мезгил жана Инсан», «Объективдүүлүк жана Субъективдүүлүк» ж.б. шарттардын өтө сейрек, идеалдуу дээрлик шайкештиги (кудум, бир зор Держава алкагынан, бир чакан республика ичинен, Бир Кыргыз Адамды дүйнөлүк аренага сууруп чыгыш – Бир Космостун мыйзам-ченеми милдеттүү иштеп кеткендей!) тарыхый айдыӊга «айтматов феноменин» жаратып келгенине тереӊ маани берүүгө тийишпиз. «Чыңгыз Айтматов» деген түшүнүк жалаӊ «чыгармачылыктан» гана турбастыгын (анын сүрөткерлик орду ансыз да зобололуу!), ал Аалам кезген Бак Кушунун айланып учуп Хан Тэӊир чоку – Ала-Тоого байырлаганын, акыры, Ак Калпак кыргыз элдин башына  келип конгонун зор сыймык менен ойлоого тийишпиз. Балким, алдыда, эл болгондон кийин Айтматовдой таланттар дагы эле чыгат (эми деле бардыр), бирок аны дүйнөлүк асманга калкытып чыгар дагы бир Дүйнөлүк шарт эми туулабы, жокпу, – болжоп болбойт…

МАНАС дегенден кийинки эле ЧЫҢГЫЗ деп кыргызды дүйнөлүк асмандаткан атак-даӊк дагы да кайталанабы, жокпу (качан!) – айтыш кыйын…

Демек, жалаӊ жазуучулуктан гана турбас «айтматов феноменине» өйдө-ылдый өрөскөл кеп айтканды коюп, өзүбүздүн төбөбүздөгү Бак Кушун чочутуп таарынтып албоону ойлогонубуз эп. Айтматов мындан ары ар муундардын эмес, ар замандардын буйрулган өзгөчөлүү рухий энчиси. Анын көзү тирүүсүндөгү Дүйнөлүк даӊазасын эми көзү өткөндөн кийин – Ааламдык аӊазага айлантып кетүүгө милдеттүү кылымдык кыргызмиссиясы жанды!

Эми, кеп башына кайрылып келсек, бул замандык кубулушка ар бирибиздин жолубуз өзүнчө түшкөн экен. Ар бирибиздин өзүбүздүн «мендеги» өзгөчөлүү Айтматовубуз бар экен дедик. Артыма кылчайсам, менин да өмүрүмдө: өспүрүм балалык, чырымтал жаштык, соӊку ой-бой токтоткон жетилген курактын – үч доордун Айтматову бар экен. Даӊазалуу жазуучубуздун 90 жылдык мааракесин утурлай өзүмдө келген Айтматов тууралуу ой бөлүшүүнү туура таптым.

* * *

Мен Чыңгыз Айтматовду эӊ биринчи жолу тестиер чагымда өз айлымдан көрдүм. Өз айылым – андагы эӊ алыскы аймактардан саналган Тянь-Шань району, Куланак колхозу. Бирок алыскы-алыскы ал окуя кийин таптакыр эле айтылбай калып (Чыкеӊ да анда элге дээрлик белгисиз жапжаш кези экен) унут болуптур. Кийин-кийин мен китептерим чыгып, жазуучу атанып калган кезимде, бир курдай үйдө чай үстүндө отуруп, өйдө-ылдый кеп салынып жатып, сөз Айтматовго да ооп, ошондо атам айтып калды: «Айтматов илгери биздин айылга келген, жылы эсимде жок, мобул дөӊгө чыгышкан, айылды көрүшкөн, анан кетишкен…»

Э, Жараткан! Адамдагы эстутум деген нерсе чыны менен бир укмуш таӊгаларлык табышмак бейм! Карл Густав Юнгдун какшанып жазган Тэрэӊги Эс (подсознательное) теориясы бар – эс тереӊинде эгерим ойгонбостой  зыл чөгүп калган эзелки бир окуялар болот, анан аны күтүүсүз бир жаӊы окуя, не, бир эле сөз капыс ойготуп иет, күнү азыркыдай жаркытып, маӊдайыӊа тартат. Кыргыз: «Житкен окту аткан ок табат» — дегендей кеп. Атамдын алиги бир: «мобул дөӊгө чыгышкан» деген сөзү заматта жан-дүйнөмдү аӊтар-теӊтер салып, качанкы-качанкы бир тунук балалыктын асманын төбөмө жаркытып жандырып жиберди. Андагы бир окуя көзүмдөн эски-эски кинодой сыдырылды.

Дөбө. Кечки асмандын фонунда калдайып даана узу-ун-узун үч-төрт киши кырдан жай түшүп келатышат… Биздин үй дал ошол Боз Дөбөнүн түбүндө эле. Айылга сырттан келген меймандар кечкурун ушул Дөбөгө чыгышчу. Бул жерден бүт айыл – тоосу, суусу, талаасы, токою, Нарын дайрасы, өйүз-бүйүз кошуна колхоздорго чейин алаканга салгандай көрүнөт. Андыктан, айылдыктар алыстан келген конокторун ушул Кароол Дөбөгө алып чыгышып, айылы менен жалпы бир тааныштырмайын атказышчу эмес. Дөбөнүн этеги – чоӊ саз. Анда жай бою кадимки сыякөк гүлдөр өсөт, куурабайт.

Шаардан жазуучу келиптир, силер гүл менен тососуӊар дешти чоӊдор. Биз сыякөк гүлдөрдү тутамдарыбызга толтуруп, ойдо «стройся» болуп тартиптүү күтүп турдук. Кечки жашгылт-кызыл асман. Кырдан каалгып түшүп келаткан кишилер… Алар ойго түшөрү менен эле биздин «стройсябыз» да дароо бузулду, чоӊ балдар тартипти бузуп, «гүлүмдү мен биринчи тапшырам» деген тейде зымырылган бойдон алдыга чуркап кетишти. Биз артынан кошо жүгүрдүк, бирок жетпей, ортодо чалынып жыгылып, гүлүбүз чачылып, жеӊибиз, тизебиз ылай болуп, ызаланып… Ошондо биз балалыктын биринчи улуу ызасын тартып, биринчи жеӊилишибизди сезгендей элек.

Анан биз күткөн азис кишилерибиз да келди. Колдорунда букет. Ызаланган, ыйлап алган бизди сооротушуп, эркелетишип, маӊдайыбыздан сылашып, кээ бирибизди колдоруна көтөрүшүп… бир оокум, биз тестиерлер жана биздин айылдык эмес чоочун кишилер болуп «биринчи баарлашуубузду»  баштан  кечирип  турдук.

Ошол биз гүл менен тоскон жазуучубуз аты анда элге алына элек, кийин дүйнөнү дүӊгүрөтүп чыккан алп жазуучу Айтматов Чыңгыз экен. Ошондо анын «Жамийланы» жазган колу менин маӊдайымды сылады бекен, жокпу, аны андагы тестиер бала мен, кайдан билейин, бирок агаларым Үсөйүн, Асейин, Аккыргыздардын артынан жетпей чалынып жыгылган, гүлдөрү чачылган, мүргүгөн, саздын баткагына боёнуп ыйлаган мен элем; кийин 10-классты бүтүп атканымда, мамлекеттик сочинениемде «Жамийланын образын» жаа тарткандай төрт саат бою тынбай жазып кийинки балдарды, мугалимдерди кошо таӊгалдырган, эми «бештин да бешин алып», жарыштан караанын үзүп зымырап чыгып келген да мен элем.

Атам ошол жылды такыр эстей албай койду. Бирок келген кишилерди билет эле: бири – Тургунбек Субанбердиев, бири – Чыңгыз Айтматов. Тургунбек ага ал кезде жогорку жооптуу кызматтарда иштеген адам, Чыкеӊдин агасы да, таалимчиси да. Таластыктар. Куланакка келген жөнү – Тургунбек аганын өз карындашы Жумагүл – Куланактын келини. Сарба молдо деген арабча кат билген, кийин бала окуткан айылдагы тунгуч билимдүү адамдардын баласы Тельман агабыздын жубайы эле. Тельман ага жаш кезинен Фрунзеде окуп, иштеп калган, «Кыргызсуучарба-курулуш» долборлоо институтун узак жылдар бою жетектеген, республикабыздагы ири суу чарба курулуштарынын долбоорун өзү түзгөн, кажыбаган билимдүү киши эле. «Ирригация Кыргызстана в проектах и объектах (1990-1994)» деген фундаменталдуу үч томдук китептин башкы редактору, айрым бөлүмдөрүнүн автору да ушул киши. Чыңгыз Төрөкулович менен узак жылдар бою таттуу жүргөн адам. Мен тестиер чакта Чыкеӊдер Тургунбек агасы болуп Сарба уулу Жусуп агайдын үйүнө барышкан экен.

Ушунун жылын тактайын десем, Жусуп, Тельман агалардын, Жумагүл жеӊенин көздөрү өтүп кеткен. Жусуп агайдын жубайы Калипа жеӊе шаардагы балдарынын үйүндө. Айылда жок. Акыры ушул кишиден сураштырдым, Чыкеӊдердин биздин айылга жолу түшкөнү – Тоголок Молдо атабыздын 100 жылдык тоюна барышыптыр. Кайткан жолдо Куланакка токтоп, эки күн конокто болушуптур. Биздин үй дал этегинен орун алган кароол Боз Дөбөдөн жаш жазуучунун айыл менен таанышкан чагы, а биз мадыра баш балдар келечек улуу дүйнөлүк жазуучуга сыягүл букет тапшырып, колун алгач алган кезибиз ошол маараке жыл экен – 1960. Мен анда сегиз жашта болом.

Кийин-кийин студент кезимде «Кызыл жоолук жалжалым» повестин (орусчасын) окуп жатып, жазуучунун Нарынды, анын май куючу жайларын, шоопурларды зирилдеткен эски Долон ашуусун, анын башындагы жолчулардын жалгыз ак тамын ушунчалык элестүү, даана жазганын көрүп таӊ калып койгомун. Бирок анда Айтматов бул повестине чейин эле «Жолдо» («В пути» – Лит. Киргизстан, 1960) аттуу киноповестин жазганын, бул боюнча Мосфильмде «Ашуу» фильми тартылганын, ушул фильмдин сабактарынан соӊ гана, балким, Айтматовдо жаӊы повесть жазуу идеясы пайда болгонун, анын дал ошол кездеги Ак-Талаа, Нарынга түшкөн сапар жолу биздин айыл, биздин Дөбө, менин кичинекей биографиям аркылуу да өткөнүн анда мен кайдан билипмин, ойлопмун…

* * *

Айтматов менен кийинки жолугушуум жогорку класста окуп жүргөн жылдарымда болду. Адабиятка кунтум абдан эрте ойгонгон. Атам эӊ эле жаш күнүндө ыр, карасөз жазган, казак, татар адабиятын педтехникумда окуп жүргөн  30-жылдары эле казып окуп койгон заманындагы өтө билимдүү киши эле. Үй толо китеп. Апам мектепте китепканачы. Куланак, кезинде, район борбору болгондуктан, айылдык да, мектептик да китепкана кыргызча да, орусча да китептерге тирелип өтө бай эле. Үйдү бүтүрүп салып китепкананын ичине кирип кеткем. Кызыгым ашынып отуруп жогорку класстардын «Кыргыз адабияты» окуу китептерин окуп салгам. Адабият предмети кызыксыз тартып, анан жазуучулардын өзү эмес, алар жөнүндө жазылган адабий сын, макалаларды окуй баштадым. Ошол кездеги берилип окуган китептерим: Шаршенбек Үмөталиевдин «Чындык жана чыгарма», Камбаралы Бобуловдун «Адабий турмуш ойлору», анан, өмүрдөн эрте өткөн таланттуу калемгер Бакен Ашымбаевдин «Чыңгыз Айтматов» деген адабий илиги.

Ал кездин бир модасы – жогорку класска барып калган кезде кыздар менен кат жазышуу эле. Албетте, ыр менен жазылат ал! Мен да көӊүлүмө ынап калган өзүмөн бир класс төмөн окуган кызга дембе-дем Мажнун каттарын жаздым. Бул эле эмес, айрым достордун өтүнүчү менен алардын Лэйлилерине да делбеленип ыр каттарын шилтедим. Ошентип жүрүп билинбей жаш Даниярдын образына да кандайча кирип кеткенимди өзүм да билбейм. Анан ушундай жаштык романтикалуу маанайда «Жамийланы» окудум. Жалбырттап окудум! Жалындап окудум! Айрыкча, Жамийла менен Даниярдын соӊку чагылгандуу түнү, чөмөлө чөптө энтигишип, мухабат тууралуу сүйлөшкөн сөз-диалогдору кайра-кайра окула берип, көӊүлүмдө ырдай жатталып кетти. Кезүүнүн коюн кайтарып чыккан күндөрүмдө болсо, ээн адырды жаӊыртып, Даниярдын абанын заӊкылдатып созсо, мен создум. «Сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эӊ улуу баян» деп Арагон эмес, биринчи мен айткансыдым. Арагон менин ичимдегини эртелеп окуп алып дүйнөгө жар салып койгонсуду. «Жамийладай» чыгарма жок дүйнөдө деп жер сабап жүргөн мен болдум. Кыскасы, «Жамийла» менин өз балалык-жаштык доорум аркылуу бар көөрүндө ачылып берген Айтматовдун биринчи чыгармасы болду.

Анан… Тагырдын буйругун кара, дал онунчу классты аяктап жатканымда, 1967-68-окуу жылында кыргыз адабиятынан мамлекеттик экзамендеги сочинениенин темасы: «Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги Жамийла менен Даниярдын образы» болуп калбаспы. Жаа тарткандай эле кеттим. Жазып атам, жазып атам, баш көтөрбөй жазып атам. Айрым балдар жазып болуп, тапшырып чыгып жатышат, а мен дале бүтпөй жазып атам… Акыры экзамен алган мугалим шаштырып келип, «Даниярдын образын» толук бүткөртпөй, черновигимдин башына (муну кийин колума алдым) «12 с. 51 мин.» деп жазды да, эми саат 14:00гө чейин көчүрүп үлгүр деп, экзамендик таза баракты алдыма таштап кетти. Үлгүрдүм эптеп. Окуучулардын эӊ арты болуп, төрт саат толук отуруп, сочинениемди тапшырып чыктым.

О азис окурманым, ойлоорсуз: качанкы бир окуучулук сочинениенин бизге канча кызыгы? Мен деле ушинтип ойлор элем, бирок бир «кызыгы» бар экен.

Биринчи. Айтматов талантка карата эӊ кенже окурмандын – мектеп окуучусунун урмат-сыйы, сүйүүсүнүн тазалыгы, мөлдүгү;

Экинчи. Чыныгы сезимден шакардай кайнап чыккан сөздүн – аны улуу айттыбы, бала айттыбы, ага карабай, – эч качан эскирбестиги, изгилик  күчү;

Үчүнчү. Сүйүнбай акын айтмакчы, «бир теринин ичиндеги» (мейли, материалдык же руханий мазмунда болобу!) бир Адамдын дээрлик өзгөрбөстүгү. Жаки, эми өзүм таӊ калам: ошондогу ой жүгүртүүм менен эмики ой калчоом даражасы (50 жыл – жарым кылым!) анча деле айырмасыздай. Алтургай, жазуу стили гана эмес, жазуу-почеркимен өйдө окшош, анча деле өзгөрбөгөн. Бул эмненин белгиси? Окуучулук кездеги эле өтө озгун өскөндүкпү бул же ошол окуучулук күндөн анча деле алыстап кете албаган жеткен тарпаӊ кашаӊдыкпы, бул? Кайсынысы?!.

Кандай болгондо да, андагы 40 жаштагы (мындан жарым кылым мурунку!) Айтматовго карата 16 жаштагы баланын мамилеси – кызык эле…

Эми жана кызык, Тагдырдын да бир буйругун кара, мамлекеттик экзамендеги сочинение, черновиги кошулуп, кайра кайтарылбайт, архивге кетет (аны эч ким да артынан кызыгып издебейт!). А бул сочинениенин тагдыры андай түшпөптүр. Бизге адабият сабагын окуткан, университеттин филология факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн өтө күчтүү мугалим-илимпоз Талгатбек Жусупов агайым райондук архивден барып сочинениемди (черновигин) өзү алып, кийинки жаӊы окуу жылынын башталышында жаӊы 10-класс окуучуларын жыйнап, мугалимдерди кошуп, «эмки мамлекеттик экзаменде жазсаӊар, ана ушундай жазгыла!» таризде тамшанып, атайын окуу, талкуулоо уюштуруп жибериптир.

Кийин айылга бир барсам, ушунун баарын кырааттап айтып, өзү да мактана, мени да мактай, анан, бапестеп сактап жүргөн сочинениени колума карматты: «Катып ал, кийин өзүӊө жакшы эстелик болот…».

Эми, кызык бул эле эмес, Тагдырдын да бир буйругун караӊыз. Жети-сегиз жыл илгери киночу жигит Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» документалдуу фильмине тартчумун деп, менин тээ балалык күндөн берки бардык чарбамды чачтырды – фотосүрөттөрүмдү, окуучулук мактоо грамоталарымды, кол жазмаларымды, качанкы чыгармаларым чыккан альманахтарды, китептеримди…

Ушунда карасам, бир кычыкта бая унутулган «тарыхый сочинением» жүрөт (тарыхый улуу адамга байланышкандыктан жана жок болбой канча узаакы жол баскандыктан, бул окуучулук кол жазмам мен үчүн эми чын эле «тарыхый» болуп калыптыр. Кандайдыр нерсенин «тарыхыйлыгын» кээде анын өздүк куну эмес, анын басып өткөн жолунун баасы-куну аныктап калат). Жарым кылым мурунку жаш баланын таза дүйнөсү, баёо психологиясы, эми мага – атактуу жазуучунун көзү өтүп кеткенин көрүп калган, ага көнүп калган, бир тери ичиндеги «карыган бала» мага – эми өтө эле аянычтуу болуп туру. Андагы 16 жаштагы буй түшкөн, романтикалуу жалбырт жанган кетик тиш, тармал чач, сары уланга – Жамийланы сүйүп калган жаш Даниярга, – мен эми муну кантип айтамын. Акыркы «Тоо кулаган» романына кошулуп тоодой жазуучу өзү сулаганын кантип, кантип угузамын ага…

«Тарыхый сочинениени» атактуу жазуучуга байланышкан балалык тарыхтын, баёо сүйүүнүн бир үзүмү катары, анан да ушунча узаакы жылдары упурап жок болуп кетпей «жашоо укугун» өз тагдыры менен жеӊип алган окуучулук эстелик  ирээти – «мендеги Айтматовго» тиркей кетүүнү эп көрдүм.

* * *

Алтымышынчы жылдардан баштап «кыргыз кинокеремети» доору өкүм сүрдү. М.Убукеевдин «Тайгак кечүү», Т.Океевдин «Бакайдын жайыты», Г.Базаровдун «Саманчынын жолу», А.Михалков-Кончаловскийдин «Биринчи мугалим», Л.Шепитьконун «Аптап» көркөм фильмдери баштаган бир нече кыска документ тасмалар кыргызды кыйырга таанытты. Булардан кийинки кино-шедеврлер – «Көксерек», «Уркуя», «Караш-караш», «Касиеттүү көл», «Ак кеме» ж.б. биздин студенттик, кийинки жаштык жылдарыбызда тартылды. Республикабыздын маданий турмушундагы өтө зор майрам катары өткөрүлгөн ар биринин тушоокесер аземдерине кырылышып жүрүп билет таап көрдүк, катыштык. Кино менен чексиз «оорудук». Мен да келечекте кинорежиссер болсом деп өтө дегдедим. Колдо документтерим жок гана (университет бербейт) Москвага сызып кете албай, ВГИКке тапшыра албадым. Бирок качандыр бир жолум түшүп калар деген үмүттө кино тууралуу адабияттарды үзүлүп түшүп окуп жүрдүм. С.Эйзенштейнди, В.Пудовкинди, С.Герасимов баштаган кийинки муундарды, ВГИКте өтүлгөн сабактардын стенограммаларын Борбордук китепкана аркылуу суратып алып (ушундай кызмат бар болчу), буларды тирмийип изилдеп окудум. Кыскасы, кызыгуум утурумдук «жалбырт» эмес, түбөлүктүү «чагылган» болчу.

Ошентип жүрүп акыркы курска да жетип, диплом жазуунун кези келди. Менин кыргыз филологиям (тил, адабият) бир теӊ да, кином бир теӊ эле. Дале келечегимди болжоп, акыры түбү киного кетүүнү ойлоп, дипломду ушул багытта жазууну чечтим. Ал кезде Айтматовдун кыйла чыгармалары экрандаштырылып калган болчу. Бирок Айтматов киносуна эмес, дегеле кыргыз киносыны жок. Жалгыз Каарман Ашымовдун «Рождение киргизского кино» деген кинотарыхына арналган жалпылама жалгыз баяндан башка бир да эмгек жок. Бизде эле эмес, дегеле жалпы союзда (Москвада) ошол туштары киносын, теориясы жаӊыдан түптөлүп бара жаткан кез экен. Кыскасы, бир жагында – күргүштөп өнүгүп бара жаткан кино өнөр; экинчи жагында – аны аӊдап үлгүрүп-үлгүрбөй артынан кеч ээрчиген кинотаануу. Ушундай тарыхый шартта мен Айтматов киносу тууралуу жазмакчы болуп калыпмын. Бирок ошол кезде бүтүрүүчүлөр үчүн бекитилген дипломдук иштердин темасында бул кайдан болсун.

Кинонун филологияга – не кереги? Деканаттан бербей, бекитпей коюшту. Мен да көжөлдүм. Акыры, «эми эгерде эле жетекчи таба алсаӊ, ал макул болсо – биз да көрөлү» — дешти. Учуп Салижан агайыма жеттим. Ал кезде жаш Жигитов, ооматы оо, жүрүп турган, айтканы айткан, дегени деген эле. Универсал Сакеӊ Океевдин «Бакайдын жайыты» фильмине көлөмдүү макала арнап жибергенинен өйдө билер элем. Адегенде агайым да мени өзүнүн темасына салгысы келди, сөзгө чекти, бирок менин көжөлүп «оӊолбос жолду» беттеп алганымды көрүп, акыры макул болду. Өзү илимий жетекчи болуп, темамды бекиттирип берди: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу». Бая мектепте «Жамийланын» образын кандай жалындап жазсам, мында да көӊүлүм сүйгөн теманы ошондой көөндөнүп жаздым. Анан… мыкты жактадым!

Окууну бүткөнүм соӊ да «кино оорум» бүтпөдү, бирок жолум да эч түшпөдү. Биякка жолдун баары тыкыр жабык. Дипломдуу адистер көп, иш жок, тымызын конкуренция күч, а менин кино-сынчы да болгум жок, өзүм оригинал чыгарма жаратышым керек. Белгилүү чыгармаларды экрандаштыруу, белгилүү режиссерлордун белгилүү сценарийлер менен (көбүнчө өзүлөрү авторлош болгон) иштеши… Бөтөн – кире албайт оӊой менен! (Кире албай жүрүп өтүп кетишкен кандай мыкты жигиттер бар эле-аа!). Акыры, менин жолум да айры түштү.

Нарын радиосуна кабарчы болдум. Айылга кеттим. Узаакка кеттим…

Ооба, кинорежиссурага жолум түшпөдү. Бирок эч нерсе изсиз да өтпөйт экен, ошончо зор ышкы мени дүйнөлүк киноискусствонун не бир залкар чеберлери менен тааныштырды – Акира Куросава, Сатьяджит Рэй, Радж Капур, Луис Бунюэль, италия неореалисттери Федерико Феллини менен Микеланджело Антониони, Ингмар Бергман, Сидней Поллак, Сергей Герасимов, Сергей Параджанов, Андрей Тарковский… ХХ кылымдын туу чокулары, кылым барометрлери, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү башка бардык искусство түрлөрү ичинде бат да, батыл да алып чыккан авангарды – Кино!

«Дүйнөлүк» деп таанылгандыгына карабастан, жогорку авторлордун көпчүлүгү совет идеологиясында «терс, буржуазиялык» катары бааланчу тушунда, фильмдери да көрсөтүлчү эмес, бирок «мүмкүн» да, «мүмкүн эмес» да кычыктарды таап, көргөнүн көрдүк; көрө албаганыбызды – китептин, фантазиянын күчү, – жаттагандай окуганыбыз, фотокадрлардын ирээттүү сюжети, маанайынан чыгып өз элесибизде жандуу фильм кылып жаратып да алдык. Өз фильмибизди! Эмки, баарына баарынын колу оӊой эле жетип турган эркин заманда муну бирөөгө айтып түшүндүрө да албайсыӊ.

Ушундай бир дүйнөлүк киносуусак заман…

Тагдырыбызда баары бир изсиз өтпөгөн…

* * *

Ушунун бир үлбүл изи кайрылып эле Айтматов киносу аркылуу өттү. Айтматовдун чыгармаларын экрандаштырып жүргөн кийинки режиссерлордун бири – Бакыт Карагулов. Экөөбүз университетте бир окудук, студенттик кезден дос. Кийин Москвадан режиссерлук жогорку курсту окуп, чоӊ киного жолу түштү. «Кылым карыткан бир күн» романы боюнча Бакыт тарткан «Бороондуу бекет» фильмин Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн повесттери боюнча тартылган эӊ мыкты фильмдин бири – киноверсия деп жогору баалаган жайы бар. Фильм 1996-жылы Берлинде өткөн дүйнөлүк кинофестивалда «Алтын Камера» сыйлыгына татыган.

Ушул өлгөндү да күлдүргөн куудул, бирок бир комедия тартпай олут кинодон түшпөй койгон Бакеӊ бир курдай маа кайрылды. Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин уӊгусунда «Кайрылып куштар келгиче» («Плач перелетных птиц») көркөм тасмасына киришээрин айтты. Киноповесть көп жеринде жаӊы окуялуу, орус тилинде жазылган, кыргызча которуш керек экен, арийне, актёрлордун гана сөздөрүн, ортодогу баяндын кереги жок. Ал кезде Чыңгыз Айтматовду которгон жалгыз Ашым Жакыпбеков. Башкага Чыкеӊ ишенбейт. Бирок ошо тушта Ашыкеӊ бейтаптап, кагаз карай албай турган чагы экен. Иш шашылыш, өндүрүш күтпөйт. Кыйгас маал. Мага ишенген Бакыт Чыңгыз Төрөкуловичтин аяк-быягына чыгып атып, акыры менин которушума макулдатыптыр, тек, бир шарт менен – Ашыке баары бир көздөн бир сыдырсын.

Шашылыш ишке отурдум, Чыкеӊ өзү ишеним артып атса…

Бирок иштей келгенде күтпөгөн кыйынчылык чыкты – актёрлордун гана диалогун, сөздөрүн которуп коём деш, чыныгы чыгармачылыктын табиятынан чыкканда мүмкүн эмес, болбогон кеп экен. Диалогдун табигыйлыгы (актёрлордун сөздөрү) алар жашап, аракеттенип жаткан турмуштук кырдаалдын табигыйлыгын калыптаганда гана ошого байланыштуу чыгат экен. Б.а. актёрлор атмосферага да жуурулуш үчүн, өз сөздөрүн да (диалог) өзүмдүк кылып бойлорунда эритиш үчүн да  – текстти бүт которуу зарыл. А бул өз кезегинде эки маселени алдыга көлдөлөӊ таштайт.

а) киноповестке алынган адабий негиздин өзүн («Бетме-беттин» кыргызча жазылган эчаккы текстин) кинодраматургия мыйзамына ылайык кыскартып, тыкан, сыйымдуу, анан, эӊ башкысы, аны кыймылдуу агымында берүү керек;

б) киноповесттеги жаӊы жазылган окуя, баян, диалогдорду Айтматов стилинде (албетте, киноэквиваленттүү) берүү керек.

Кино өнөрү менен илгертен тааныш жана Айтматов стихиясын өзүндө алып жүргөн мага булар анча деле кыйынчылык туудурбады. Бир отурдум да, бирар күндө, бир демде которуп салдым. Анан бүткөн ишти Ашыкеге алып бардык. Ооруканада эле. Күн белгиледи, ошондо келгиле деди. Айтылган күнү бардык. Ашыкенин көӊүлү жай, күлмүӊдөй айтты: «Эми, баатыр, редактор болгондон кийин, ырым үчүн да калам учун бир тийгизип коюш керек. Бир сөзүӊдү гана оӊдодум, ал эч мааниге деле ээ эмес. Эми Чыкеӊе айта бергиле, менден уруксат…»

Чыке Люксембургда эле. Фильм тартууга жол ачты. Айтса, фильмдин кыргызча аталышын да өзгөрттүк: «Кайрылып куштар келгиче эмес, «Куш – Өмүр» деп атадык. Бир келген өмүрдүн кайрылгыс сапары Ысмайылгабы, башкагабы, бирдей, кайталангыс энчи экени фильмдин өзөгүн түзгөн эле. Чыкең – макул болду.

Фильм тартылып жаткан кезде, тыныгууларында, режиссер да айтты, кай бир актёрлорго өзүм да жолуктум, образга кириш үчүн которулган текст (көркөм чыгарма!) аларга абдан жакшы жардам бериптир. Ысмайылдын образын мыкты түзгөн Бусурман Одуракаев болсо кубанычын жашыра албай кучакташып көрүштү:

— Жакшы байке, жакшы, жакшы!..

Өйдөтө: «Айтматов стихиясында жүргөн мага» — дедим, ушуну атайын айттым. Биерде, өз тажрыйбамдан чыккан бир кеп бар – Айтматовду орусчадан кыргызчага которууга байланышкан.

Айтматовдун адепки чыгармалары эки тилде – кыргызча, кыйласы орусча жазылганы белгилүү. Чыкеӊдин 50 жылдыгына карата башаттын башында турган кыргыз элдин өзүнө анын повесттерин кыргызчалап жеткирүү милдети турду. Ушул өтө жооптуу ишти Чыкеӊ Ашыкеге ишенди. Дүйнө элин жеӊип жаткан алп жазуучу, эгерде өз элин өзүнүн ширелүү тилинде ала албаса, анда өзгө элдеги султандыгы канча, баасы кантти?.. Чыкеӊ үчүн да, кыргыз үчүн да бул тагдырлуу маселе эле.

Кайриет, Ашыкеӊ ошондо: «Карагул ботомду» Жайдар темир комузда какшатып кагып жатты» — дегендей эле, Чыкеӊдин чыгармаларын кыргызча какшанып ырдап салды.

Ашыкенин өмүрүнүн акыркы жылдарында экөөбүз кыйла ынак болуп кеттик. «Атаӊгөрү, сенин «Теӊирчилигиӊ» мурда жазылып, мен окуп калганымда, Манасты саал башкача жазмак экемин» — деп калчу. «Эчтеке эмес, эми «Семетейди» жаӊыча жазам, ошондо өзүӊ редактор болосуӊ» — деп койчу. Айланып келип эле сөз Чыкеӊе оойт, Ч.Айтматов «баарынын оозунда» – «дайым» эле. Ошондо айтып калчу: «Өзүм да таӊ калам, бу Чыкеӊдин бир сыйкыры бар. Өз чыгармаларымды канчалык толгонуп жазып жатсам да чыкпаган сөздөр, Чыкеӊе келгенде өзү эле эргип, төгүлүп кетет. Өзүмдүн чыгармаларыма түшпөгөндү  Чыкеӊ эрксиз тартып алат».

Элүү жылдык маараке күндөрүндөгү Чыкеӊдин да сыналгыдан айткан бир сөзү алигүн жадымда жаӊырып тур: «Шүгүрлүк, чыгармаларым көп тилдерге которулду, дүйнөгө тарады, киного түштү. Бирок мен үчүн эӊ кымбат китеп – мобул!» Ушинткен ал колуна алып, элүү жылдыгына жарык көргөн «Гүлсарат» китебин өтө толкунданып көргөздү. «Ак кеме», «Гүлсарат» баштаган мурдагы орусча жазылган чыгармалары Ашыкеӊ тарабынан керемет кыргызчаланган бул китеп чынында эле кыргыз рухий-маданий турмушундагы чоӊ окуя эле.

Сөзүбүз да, өзүбүз да кызып турган бир күндөрдө Ашыкеден тике сурадым:

— Чыке кыргызча котормонун алы-жайы тууралуу атайын айттыбы?

— Жок, айтпай койду, — деди Ашыке, кыска.

Чынында, «Ашыке которгон эмес, өзүнүн чыгармасын жазгандай жазган» — деп жүргөндөрдүн сөзүндө чындык бар. Балким, ушундандыр, Ашыкенин көзү өткөндөн кийин анын мураскорлору Чыкенин Ашыке катышкан чыгармаларына ал авторлош болуш керек эле дегендей да кыязда жүрүштү. Чыңгыз чыгармаларын нукура кыргызчалап, аны баштагыдан да накта кыргыз жазуучусу кылып салган Ашыкенин эмгегине, сүрөткерлик чеберлигине баа жок! Бул талашсыз! Ошол эле кезде Ашыкенин «өзүмдүн чыгармаларыма чыкпаган нерсе Чыкеӊе келгенде төгүлүп кетет» — дегенинде да бир аяр чындык бар – жай адам эмес кандим сынчылардын да капарына келе бербеген. Муну тикелей өз башынан өткөргөн жазуучу киши гана билет, сезет. Эмесе, өз жүрөгүмдөн өткөн бир окуя.

Жаш кезде мен да аздыр-көптүр аӊгеме жаздым. Анда 50 жылдыктын дайыны жок, Ашыкеӊ кыргызча Айтматовго кирише элек кез. Анан айтылган 50 жылдык да келди, Чыкеӊдин өзүн тамылжытып кубандырган көлөмдүү «Гүлсарат» боз китеп да жарык көрдү. Окуганга шаштык. Ошондо мен айтып бергис бир кызык акыбалда болдум – бир жагынан ушунчалык кумарланып тамылжып да окудум, экинчи жагынан… тамылжуум да өчтү, Айтматов менен менин аӊгемелерим тереӊ стилдеш экен, т.а. Ашыкеӊ которгон «Ак кеме», «Гүлсарат», «Делбирим» повесттери менен. Бир жагынан бул мени кубандырды – кантсе да чоӊ художник менен окшош ой жүгүртөт экенмин да; экинчи жагынан, саал өкүнттү – мен анын түптүз эле туурамчысына айланып калыптырмын. Бул окшоштук кайдан келгенине өзүм таӊ калдым, анткени, менин аӊгемелерим жазылган тушта Айтматов али которула элек эле. Бул менин өзүмдүн эле жеке байкоом эмес, буга сырттан да бир жолу бышыктоо алдым.

Көчөдөн бир күнү тааныш адабиятчыга (Жакып Медетов беле, Мырзаян Төлөмүшев беле, эсимде жок) жолугуп калдым.

— Ой, өткөндө бир кызык болдум, — дейт, — радиодон эле Айтматовдун кандайдыр бир чыгармасын берип атат, окуп аткан да өзү, бу кайсы мен билбеген жаӊы чыгармасы болуп кетти деп кызыгып, аягына чейин уктум. Бүткөндөн кийин айтты, сенин аӊгемеӊ экен, өзүӊ окупсуӊ, тооба, үнүӊөр да окшоп кетет…»

Радиодон «Чабарман» аталган аӊгемем өзүмдүн окуумда уктурулган эле. Ошону айтып жатат. Ушул, дагы эки-үч аӊгемемдин Айтматов стилине өтө жакындыгын, бая айттым, билип калгам. Мындай окшоштукка өзүм да таӊ калдым, учурунда акылым жеткен эмес, себебин кийин түшүндүм. Себеби – Айтматовдун дал өзүндө жатыптыр, анын кыпкыргызча ой жүгүртүүсүндө экен. Бул, айрыкча, Айтматовдун жаӊыча жаза баштаган «Прощай Гүлсары» менен «Белый пароход» повесттеринен башталат. Эсимде, Айтматов ошол туштары гезит тили, канцеляр стили жазуучуга да билинбей жугуп, аны даттай баштайт, ушундан сак болуу керек дегендей ойлорун көп айтып калар эле. Сыягы, ушуну өзү башынан кечирип («Литературный Киргизстан» редактору, «Правда» кабарчысы), анан ошондон качып, элдик жандуу тил, стилге ыктап турган кези бейм.

Мен да ошол туштары адабий азуу байлап, Чыкеӊдин ар бир жаӊы чыгармасына өнтөлөй түшүп, башыма жаздап окуп жүргөн кезим. «Прощай Гүлсары» менен «Белый пароходду» ушинтип төнүп окудум. Көрсө, ошол кездери мен билинбей Айтматовдун ичинде эрип кеткен өӊдөнөм. Мындан да так айтканда, Айтматовдун өзүндө зыл уюган кыргыз кыртыш менен – элетте өскөн, эртеги күндөн «Манасты», элдик жомокторду окуп чоӊойгон, карыялардын санжыра кебин угуп канган табиятым дирр табышып кеткен шекил.

Маанай, ой жүгүртүү, стиль, кыргыз…

Көрсө, Айтматов тексти орус тилинде эле жазылып калганы болбосо, ичи кыргыз экен. Кыпкыргыз! Аӊгемелеримдин эмне үчүн Айтматовго окшоп калганын ушинтип билдим, өз керт башым, өнө боюмда өзүм сездим. Дагы айтайын, Айтматовдун орусча жазылган чыгармаларынын өзөгүндө КЫРГЫЗ чөгүп жатат. Ой жүгүртүүсү, стили, атургай, орус тилине салынган кыргызсөз-эквиваленти! Бая Ашыкенин өз чыгармаларына чыкпай моюн толгоп койгон сөздөрдүн, сөз айкаштардын, ыргактардын уӊгусу, кыскасы, стилдин булагы биринчи ирээтте Айтматовдун өзүндө экен! Чыкеӊдин Ашыке аркылуу ээ-жаа бербей эгилип-агылып кыргызбулактап калган «ашымфеномендин» көзү ушунда жатыптыр.

Албетте, бул Ашыкенин баасын кемиткендик эмес, эч! Тескерисинче, экөөнүн теӊ эгиздей калк кайнарында  тургандыгы, тунгандыгы. Эмесе, Ашыкеден кийин эмне үчүн Айтматов кыргызча шыӊгыр сүйлөбөй калды. Кыргыз кайнары дымыды. Эмне үчүн? Себеби, соӊку котормочулардын өзүнүн үнөмү боюнда албуут кыргыз стихиясы аз-кем, универсаалы Айтматовду жандырууга жанары жетишпейт! Ашыкенин кудай берген жазуучулук кудурети, ойчул туюму, калк стилине каныктыгы, сөз зергерлиги, анан соӊунда, табияты зыл балбандыгы – Айтматов айкөл дүйнөсүндө аны каалагандай эркин сүздүргөн. Ашым Жакыпбеков – Айтматов Чыңгыздын кыргыз таалайы!

(Уландысы бар)