АБЫКАЕВ Абийирбек: АЛЕКСАНДР КУПРИН: ДЕМИР-КАЯ (ЧЫГЫШ УЛАМЫШЫ)

АҢГЕМЕ

Үлп эткен жел жок. Биз бүгүн жээкке жетпей деңизде кала турган болдук окшойт. Жээкке чейин дагы отуз чакырымдай аралык бар. Эки мачталуу кичинекей кемебиз эки капталына чайпалып бир орунда жылбай турат. Мачтада суу болгон парустар шалбырайт. Айланабызды бозоргон туман жылчыксыз каптап, асман да, жылдыздар да, деңиз да көрүнбөйт. От жакпай караңгынын кучагында отурабыз.

Кеменин жылаң аяк, кир баскан картаң капитаны Сеид-Аблы өзүнүн жумшак, коңур, ишенимдүү үнү менен бизге болуп өткөн бир эски окуяны баяндап берип отурду. Үнсүз караңгы түн, көзгө урунбай акырын чайкалып уктап жаткан деңиз, бозоргон туманга чулганган кеме  —  ушунун баары картаң капитандын сөзүнө бир башкача түс берип, ал айтып жаткан окуянын чындыгына күмөн санабай, чын жүрөгүмдөн ишенип угуп жаттым.

Анын аты Демир-Кая эле. Силердин тилде  —  Темир Аска дегенди билдирет. Антип аташкан себеби, ал эч аёну да, уят-сыятты да, коркууну да билбеген адам болучу.

Ал топтошкон каракчылары менен Стамбулдун айланасында, атагы алыска угулган Фессалияда, тоолуу Македонияда жана Болгариянын тумандуу жайыттарында талап-тоноп жүрчү. Ал өз колу менен токсон тогуз адамды, анын ичинде аялдар жана балдар да бар эле – баарын аркы дүйнөгө узаткан.

Бир жолу тоодо аларды падышанын күчтүү колу курчоого алды  —  жаратканым ага узак жашоо берсин! Жаалданган көп  иттин ортосунда калган карышкырдай айбат кылып, ал үч күн бою каршылык көргөздү. Төртүнчү күн болгондо ал жалгыз качып чыкты. Каракчылардын көпчүлүгү ошол жерден жок кылынса, калгандары Стамбулдун борбордук аянтында өз ажалдарын желдеттин колунан табышты.

Демир-Кая ошол учурда жапайы малчылар түнөк кылган кол жеткис бийик аскадагы үңкүрдө кансырап, ал-күчтөн тайып чабалактап жаткан. Түн ортосунда мизинен жалын чачкан кылычын жалаңдатып периште баш бакты. Демир-Кая өлүм периштеси, асмандын элчиси Азраилди дароо эле тааныды:

— Теңирдин каалаганы болсун! Мен даярмын, — деди ал.

Анда периште ага мындай деди:

— Жок, Демир-Кая, сенин ичер сууң али бүтө элек. Кудайдын буйругун ук. Айыгып тургандан кийин жерге көөмп катып жүргөн байлыгыңдын баарын сатып, алтынга алмаштыр. Анан чыгышты көздөй сапарга чык, жети жолдун кошулган жерине жеткиче токтобой кете бер. Так ошол жети жолдун тоомуна келишкен чоң мейманкана кур. Ысыктан акактап келген жолоочу салкын бөлмө тапсын, суусап келген адам муздак ширин суусундуктар менен камсыз болсун, кирдеп келген жолоочуу ысык мончодо жуунуп, ач келгендерге түркүн даам-аш тартылып, каалагандар асманга атырылган фонтандын астында, каалагандар жумшак мамыктуу дивандарда эс алышсын. Жолдон өтүп бараткан жолоочунун бирин да өткөзбөй чакырып, аларга кул сыяктуу кызмат кыл. Сенин үйүң — алардын үйү болсун, сенин алтының — ошолордун алтыны болсун. Сенин эмгегиң — алардын эс алуусу болсун. Дайыма эсиңде болсун, тынбай аракет кылсаң жараткан сенин кылган күнөөлөрүңдү кечире турган күнгө да жетесиң.

Демир-Кая андан:

— Күнөөлөрүм кечирилгенин кантип билем, кудайдан бир белги болобу? — деп сурады.

Периште ага карап:

— Жаныңдагы күйүп жаткан оттон бир чычаланы алып, үйүңдүн астына отургузуп кой. Ошол чычала кайрадан жаңы чыккан дарактай, кабыгы жаңырып, бутактап, бүрдөп, жалбырак ачканын көрсөң күнөөлөрүң кечирилгени ошо, — деди да, көздөн кайым болду.

Андан бери жыйырма жыл өттү.

Падышанын өлкөсүндө — Теңир ага көп жыл өмүр берсин! — Жедды менен Смирнанын ортосундагы жети жолдун тоомунда жайгашкан мейманкананын атак-даңкы алыска тарады. Кайырчы ал жерден жол баштыгын рупий менен толтуруп, ачка барган –тоюнуп, чарчап барган – эс алып, жаралуу барган — айыгып чыгат.

Жыйырма жыл, ушул узак жыйырма жылда Демир-Кая короосуна олтургузкан чычаланы күндө карайт, бирок ал сайганда кандай болсо дагы эле ошол боюнча карайып, өлүк немедей томсорот. Демир-Каянын бүркүттүкүнөн курч көздөрүнүн оту өчүп, келишкен кең далысы уркуюп бүкүрөйдү, чачы периштенин канатындай агарды.

Күндөрдүн бир күнүндө таң атпай чаап келаткан аттын дабышын эшиткен Демир-Кая жолго жүгүрүп чыгып, кулагына чейин тер баскан аргымак минген жигитти көрдү. Ал аны тизгинден алып токтотту да, мындай деп суранды:

— О бир тууганым, менин үйүмө кайрыла кет. Чаңдан арылып тазаланып ал, курсагыңды тойгузуп, суусунуңду кандыр, кальяндын таттуу түтүнүн соруп магдырап эс алып кет.

Бирок жолоочуга анын сөзү жаккан жок:

— Жолумду тоспо, абышка! Коё бер тизгинди! — деп камчынын сабы менен чоку талаштыра бир чаап, абышканын бетине түкүрдү да, атынын башын чоң жолго бурду.

Демир-Каянын каны ойноп, уктап жаткан каракчылык намысы ойгоно түштү. Эңкейе калып колуна урунган алакандай таш менен бир уруп, тигини атынан кулатты. Башы жарылып, жолдун буруксуган калың чаңына оонап жаткан жигитти башынан жөлөп көтөргөн Демир-Кая өкүнүчтүү үн катты:

— Бир тууганым, мен сени өлтүрүп алдым!

Алсырап жаткан жигит акыркы күчүн жыйып мындай дегенге үлгүрдү:

— Жок, сенин күнөөң жок, Теңир мени сенин колуң менен жазалады. Угуп тур. Биздин өкүмдарыбыз таш боор, ач көз, бийлигин акыйкат жүргүзбөгөн өзүмчүл адам. Анын элге жасаган карасанатай иштеринен тажашкан досторум, ага каршы козголоң даярдап жатышкан. Напсим бузулуп, чоң сыйлык алам деген үмүт менен өкүмдарга козголоңчулардын сырын ачып бергенге шашып баратканда сен ыргыткан таш мени токтотту. Бул да кудайдын каары, анын буйругу. Жакшы кал, — деди да көз жумду.

Демир-Кая аябай капа болуп үйүнө кайтты, жыйырма жылдан бери бүт эрки менен бардык кыйынчылыктарга чыдап, теңирдин кечирими менен мээримине жетем деп үмүттөнүп, курган шатысы жайдын бир таңында, бир көз ирмемде, ортосунан бөлүнүп кулап түштү.

Заманасы тарып, айласы кеткен Демир-Кая көнүмүш адаты боюнча, башы карайып чала күйгөн чычалага көз кырын салса, оо кудай! — бир укмуш! Анын көз алдында чычала бүрдөп, назик жашыл жалбырактарды жамынып, жыты аңкыган сары гүлдөр ачылды.

Ошондо Демир-Кая чекесин жерге тийгизип, көмкөрөсүнөн түшүп, шолоктоп ыйлап жатты. Ал, кечиримдүү кудай, адамдын акылы сыйгыз айкөлдүгү менен, анын токсон тогуз жазыксыз жанды өлтүргөн күнөөсүн, бир чыккынчынын өлүмү үчүн кечиргенин даана түшүндү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ