АБЫКАЕВ Абийирбек: ЛЕОНИД КАГАНОВ: ДҮЙНӨ ЭЛ ЖОМОКТОРУ (САТИРА)

  1. Чоң эне жана бирдей кийим кийинген жаштар тууралуу, жаштардын элдик жомогу

Буратино токой аралап баратып бир алачыкка туш болду. Алачыкта көздөрү бакырайган, мурутчан  кемпир жаткан экен. «Чоң эне, айтыңызчы, көздөрүңүз эмнеге мынчалык чоң?» — деп сурайт андан Буратино. «Сени жакшыраак көрүш үчүн» — дейт анда кемпир. «А эмне үчүн мурутуңузду өстүрүп алгансыз? — дейт Буратино. «Аны менен сенин ишиң болбосун, Кызыл топу!» — деп жооп берет кемпир. «Өзүң топусуң, — Буратино таарына түштү, — бул деген модалуу чий калпак!» Кемпир төшөгүн алып ыргытып тура калды эле, ал кемпир эмес эле карышкыр болуп чыкты, ал ошол жерден ыркырап жиберди: «Эй, кыз! Азыр мени сени жейм!» Айтты да секирип барып тиш салды! Тиштери жыгачка тийип сынды да  калды.

Мораль: Азыркы жаштарды кийиминен эркек кызын айырмалай албайсың, баарынын кийимдери окшош. Ошондуктан абайла. Кыз экен деп зөөкүр эркекке тийишип алсаң тишсиз каласың.

  1. Африка элинин абышка менен алтын балык жөнүндө жомогу

Чад көлүнүнүн жанында бир абышка-кемпир жашаптыр. Бир күнү абышка балык уулоого жөнөйт. Биринчи жолу торун ыргытса — жалаң бакалар түшөт. Экинчи жолу ыргытса —торуна  крокодилдер илинет. Үчүнчү жолу ыргытат — алтын балык түшөт, бирок ал оозун жаңы эле ачып: «Абышка, коё берсең каалаган үч нерсеңди аткарам», — дегиче болбой аба жетпей тумчугуп өлүп калат. Абышка олжосун көтөрүп үйүнө келди, сүйүнгөн кемпири бакаларды кышкыга деп туздап салды, крокодилдерди жайкыга деп кургатып койду, ал эми алтын балыкты ошол замат эле жеп алышты.

Ошентип, өзүнөн-өзү эле алардын үч каалоосу ишке ашыптыр.

  1. «Каныша-бака» жөнүндө австралиянын түпкү элдеринин элдик уламышы

Бакшынын үч уулу болот. Алар бой жетип үйлөнүүгө убакыт келет. Улуу уулу бумерангды ыргытат — бумеранг ал ак миссионердин кызына тиет. Ортончу уулу бумерангды ыргытат — уруунун башчысынын кызына тиет. Кичүү уулу ыргыткан бумеранг — эч кимге тийбей, ага кайрылып келиптир.

Ошентип, ал тегерегинде эсепсиз көп бакалар жүргөнүнө карабай бул дүйнөдөн бойдок өтүптүр.

  1. «Үч бир тууган бурундук» жөнүндө фин элинин жомогу

Иллгери-иллгери  Финляндия токоюнда үч бир тууган бурундук жашаптыр. Ниф-нифкола, Нуф-нуфкола жана Наф-нафкола. Алар фин мончосун салууну чечишти. Ниф-нифкола саз-зга к-камышш жу-жулганы жөнөдү. Нуф-нуфколла т-токойдонн ч-чырпыкк ч-чогулллтканны кетти. а Наф-нафколла булаккка таш-ш т-тергени ылдый түштү. Кыш-ш да к-келип калды. Үшүгөн бир туугандар ч-чээнге к-киришип, ж-жазга чейин укташты. Азыр деле кышкысын же жайында токойго барышкан туристер д-дабыштарды угушса билип коюшсун — бир тууган б-бурундуктар ч-чээнде кк-коңурук тартып уктап жатышат же ммм-мончо салып жатышат.

  1. «Золушкэ-тян» жөнүндө жапон эл жомогу

Качандыр бир убактарда Куриль аралында Золушкэ-тян аттуу кыз жашаптыр. Бир жолу Куриль аралынын сеганы япон кармашы боюнча мелдеш өтөрүн жарыялайт, мээримсиз өгөй энеси Золушкэ-тянды мелдешке жибербейт. Ошондо периште учуп келип мындай дейт: Золушкэ-тян, мына сага жибек кимоно, бул болсо рикша сүйрөгөн араба, тигине нунчактарың, арабага түш да мелдешке жөнө. Бирок эсиңде болсун — түн ортосунан оогондо араба күрүчтүн данына, рикша камышка, кимоно кепинге, нунчактар кылычка айланып, сен өзүңө харакири жасап жарынып өлөсүң.

Золушкэ-тян мелдешке барды, каратэчилердин мен мыкты дегендеринин баарын жеңди, бирок түн ортосунан ооп кетип, периштенин айтканы келип, нунчактары кылычка айланып, жарылып өлдү. Уятына чыдабай периште да өзүнө харакири жасап жарылып өлдү. Анын көрүп сеган да харакири жасады. Анын артынан Курилдин бардык жашоочулары харакири жасап өлүштү…

Анан, акырындап аралга орус балыкчылары отурукташып алышты.

  1. Табуретка жөнүндө Америка кошмо штатындагы элдердин жомогу

Американын бир шаарында адамча сүйлөгөн табуретка жашайт, ал бир фирмада пицца таратып иштөөчү. Бир жолу ага журналисттер жабышып алып кайдан келгенсиң, кантип сүйлөп калгансың деп кызыгышат. Ал канчалык каршылык кылбасын, аны өз тарыхын айтып беришке макул кылышты. Папа Карло кичинекей тар бөлмөдө жашачу, ага бир күнү жыгачтын сомдолгон дүмүрүн алып келип беришти. Жомокто ал сөзсүз ал дүмүрдөн Буратинону жасамак, бирок бул турмушта үй-бүлөнү багыш керек да. Ал табуретка жасады да, аны базарга чыгарып сатып жиберди. Ал эми табуретканын адамча басып сүйлөп калышынын себеби, ал жыгачтын пародасына байланыштуу, андан башка эч кандай себеп жок.

  1. Петра Петровича Иванько жөнүндө элдик-медициналык жомок

Илгери-илгери бир аял кыздары жана өгөй кызы Золушка менен жашаптыр. Ал аял кыздары менен тойго кетип, Золушканы үйүнө таштап салат. Периште келип Золушкага келишкен аттар чегилген алтын араба жана ак көйнөк берип, ага мындай дейт: «Тойго барып көңүл ач, бирок түн ортосунан кечикпей кайт. Кечиксең көйнөгүң — жиндилерди жоошута турган көйнөккө, алтын араба — оорукананын палатасына, аттар — жиндилерди дарылаган дарыгерлерге айланып кетет», — дейт.

Золушка тойго барды, бирок убагында кайта албай калды. Арабага жаңы эле секирип чыкканда, саат он экини какты. Көзүн ачса, жиндикананын палатасы жана тегеректеп ак халатчан доктурлар менен санитарлар жүрүшөт. Күзгүдөн барып өзүн караса, ак көйнөк кийген Золушканын ордуна, жиндилердин жеңи жок кара көйнөгүн кийген мурутчан эркек — Петр Петрович Иванько карап туруптур.

Бул чыныгы болуп өткөн окуя Петр Петровичтин өз оозунан жазылып алынды.

  1. Борбордук кара топурактуу аймакта жашаган элдин жинди Иван жөнүндө жомомогу

Иван ажыдаар менен кармашканы жөнөдү. Токойдо анын астынан карышкыр тосуп чыкты. Иван кылычын сууруп, аны кыя чапмак болгондо, кылыч адамча сүйлөп жалынып жиберди:

— Иванушка, мокотуп сала көрбө,  мен сага дагы эле  керек болом.

Айла жок, Иван кылычын кынына салып андан ары жөнөдү, келатса, бул жолу алдынан аюу чыкты. Ал кылычын сууруп шилтемек болгондо:

— Иванушка, мокотуп сала көрбө,  мен сага дагы эле  керек болом, —дейт кылыч.

Аюну кетирип жиберип талаа менен баратса, алдынан өзү издеп жүргөн ажыдаар чыкты. Ал кайрадан кылычын суурганда — кылычы баягы сөзүн кайталады:

— Иванушка, мокотуп сала көрбө, мен сага өмүр бою ак кызмат өтөйм.

Иван бул жолу кылычтын айтканын аткарган жок, аны суурду да тарс эткизип ажыдаарды бир салды! Кылыч быркырап кетип жок болду. Анын артынан Ивандын да иши бүттү.

Туура айтылган кеңешти укканда го, ал эмдигиче альтернативтүү кызматты өтөп, кылычы менен туулган жеринде жер айдап жүрмөк.

  1. Папа Карло жөнүндө коммерциялык жомок

Күндөрдүн бир күнүндө Папе Карлонун тар бөлмөсүнө  синьор Жузеппе жыгачтын дүмүрүн алып келип, отургуч жасап берүүгө буюртма берип кетти. Папа Карло дүмүрдү карап, желкесин кашып ойлоно кетти — отургуч жасаганга анча деле чеберчиликтин кереги жок, андан көрө мен мындан бала жасайын да, атын Буратино коёюн.

Айтты, жасады. Бир аптадан кийин  синьор Жузеппе келип, отургуч даярбы? — деп сурайт. А папа Карло күлүмсүрөп, ага Буратинону сунат. Синьор Жузеппе ага жинденип, сотко берди,  Папа Карлого тар бөлмөсүн сатып, чоң айып төлөөгө туура келди.

 Мораль: сол бутуңдун айтканын кылбай, буюртма берген адамдын каалаганын жаса.

  1. Адамдарга ишенүү тууралуу орус эл жомогу

Бир жолу Буратинону мектепке кечеге чакырышып, ага өзүнүн өмүр баянын айтып беришин суранышты. Буратино аны папа Карло кантип дүмүрдөн чаап жасаганын айтып берди — балдар ишеништи. Тортилла аттуу таш бака жөнүндө, алтын ачкыч жөнүндө жана папа Карлонун тар бөлмөсүндөгү жашыруун эшик жөнүндө айтып берди — балдар ишеништи. Качан ал аны Ленин ийнине көтөргөнүн айтканда, балдар ага ишенбей, шылдыңдап, ышкырып, ооздорундагы сагыздарын аны көздөй түкүрүп жатышты. Буратино чындыкты айтып жаткан. Бул ал төрөлө элек кезде, ишембиликте болгон окуя эле.

  1. Ак көңүл жана жөнөкөй кыз Золушка тууралуу француз эл жомогу

Бир үйбүлөдө Золушка аттуу кыз жашачу. Ал оокатты тың кылчу — идиш-аякты жуучу, чочколорго тамак берчү, мешти тазалачу, мүнөзү да ак көңүл эле. Бир күнү кожойке кыздарын ээрчитип, король өткөзүп жаткан тойго жөнөдү.

Адаттагыдай эле Золушканы үйгө таштап кетти. Анан периште учуп келди да ага жарашыктуу кооз көйнөк, хрустал туфли жана алтын арабаны берип, Золушканы тойго жиберди. Ал келгенде баары ага таң кала карашты — бул кайдан чыккан сулуу болду экен? А Золушка болсо көнгөн адаты менен бирде залды жаңыртып аңкылдап каткырса, бирде мурдун чукулап калат, үстөлдө тизилип коюлган тамак-аштан улам-улам алып, балч-балч чайнап, жакпай калганын полго түкүрүп жатты.

Түн ортосуна жакындап калганда ичкиликке тоюп алып, мас болгон неме кийимин чечип ыргытып, үстөлгө чыга калып бийлеп киргенде — аны залдан жетелеп чыгарып салышты.

Бул эми  периштенин жаңылыштыгы. Коомдо сый-урматка ээ болуш үчүн алтын арабадан баштабай, жакшы жүрүш-туруштун эрежелерин үйрөтсө туура болмок.

  1. Алтын жумуртка тууган тоок Ряба жөнүндө бүткүл элдик жомок

Илгери-илгери бир абышка кемпир болуптур. Алардын Ряба аттуу тоогу жөнөкөй жумуртка эмес, алтын жумуртка тууптур. Абышка, кемпир ал жумуртканы чагып көрүүнү чечишти — абышка чакты, чага алган жок, кемпири чакты, чага алган жок,  бирок баары бир чагышты. Адегенде идиш-аякты, андан кийин терезенин айнегин чагышты. Болгон эмеректерди талкалашты, лифтин кебетесин кетирип чиймелеп, кире беришти таштандыга толтурушту.

Кээ бир учурларда баалуу буюмдар маданиятсыз адамдардын колуна тийгенде ушундай жапайычылыкка алып келет.

  1. Күмүш туяк жөнүндө орус эл жомогу

Алыскы карпат тоолорунда күмүш туяктуу эчки жашайт. Ал касиети бар эчки эле — туягы менен жерди бир чапчыса, бир сомдук майда тыйын, эки жолу чапчыса, жүз сомдуктар, үч жолу чапчыса, миң сомдуктар бузулбаган пачкеси менен пайда болор эле.

Кайра куруу аны чочутуп койду, ал өлкөнүн бир бурчунан экинчи бурчуна таскактап качып жүрдү. Аны милициянын атайын бөлүмдөрү менен армия издеп кармай албай жүрүшөт, алар жеке пайда табууну көздөшкөн жок, тескерисинче, анын ар бир чуркап өткөнү, инфляцияны жыйырма пайызга көтөрүп жаткан. Ошондуктан көчөдөн акча таап алсаңыз борбордук банкка алып барып өткөзүңүз, ал ашык акчаларды ал жакта жок кылышат. Эгерде эчкинин өзүн кармап берсеңер, өлкөбүз кризистен чыгып, жашообуз жеңилдемек.

  1. Золушка жана Дюймовочка жөнүндө немис эл жомогу

Золушка тойго барып, принц менен таанышат, бирок периштенин айтканы боюнча түн ортосунда кайтуу керек эле. Шашып баратып хрусталь туфлисинин бирин бутунан түшүрүп кетет. Принц жакшы көрүп калган кызды издеп, туфлини хан сарайдагы айымдарга кийгизип көрөт, бирок бирине да батпайт. Ал указ чыгарат: ушул туфлиге буту баткан кызга үйлөнөм. Кол койгон – принц. Чабармандарын жиберип үлгүрө электе жакын жердеги калың өскөн уйгактын арасынан Дюймовочка чыгып келет.

Туфлиге анын буту эле эмес өзү кошо кирип кетет. Принц айла жок убадасын аткарып, ага үйлөнөт. Ошентип ал Дюймовочка менен узакка жана бактысыз жашаптыр. Анын заардуу, ажаандыгы аз келгенсип, түздөн-түз аялдык милдетин да аткарууда да көйгөй көп эле.

Мораль расмий докуметтерди кош маанилүү кылбай, так жана даана түзүү керек.

  1. Кара топурактуу аймактагы элдердин үч жез кемпир жөнүндө жомогу

Күндөрдүн бир күнүндө түнт токойдо үч жез кемпир “чёрный кассага”  чогулушту. Отуруп, отуруп кимдин шыпыргысы жакшы учат деп мелдеше кетишти. Биринчи жез кемпир өзүнүн кайыңдын бутактарынан байлап алган шыпыргысы менен токойдун үстүндө учуп жүрдү. Экинчи жез кемпир доңуздун кылдарынан жасалган шыпыргысы менен булуттардын үстүнөн каалгып учту.Үчүнчү жез кемпир жаңы мода менен чет өлкөдөн алынган жиптен жасалган пол жуугучун минди да, айдан өтүп, жылдыздарды аралап кетти. А эмне дейсиңер: иномарка — токойдо да иномарка.

  1. Аленушка жана анын иниси Иванушка жөнүндө аскер-десанттык элдик жомок

Аленушка иниси Иванушкага какшап эле жүрчү: «Эчкинин туягы менен суу ичпей жүр!»

Эжесинин тилин албаган Иванушка, туяк менен суу ичти да эчкиге айланып калды. Эжеси эмне гана кылбады, догдуруна да алып барды, табыптарга да алып барды, көзү ачыктарга да көргөздү — эч тыянак чыккан жок. Иванушке 18 жашка чыкканда аны армияга алып кетишти. Ага ал жакта жеңил болгон жок, чогуу баргандар чычылатышты, мурда баргандар шылдыңдашты. Кебетеси уставка туура келбегендиктен дайыма кезексиз наряддар, сөгүштөр болду. Ошентсе да армия аны киши кылды. Аны жөн эле жамандап жүрүшөт.

  1. Вована-баатыр жана Үч баштуу ажыдаардын кармашы тууралуу орус элинин жаңы жомогу

Кыскасы, Вован-баатыр үч баштуу ажыдаар менен кармашууга жөнөдү. Токойду аралап баратса алдынан Жезкемпир жолукту. Ага миң бакс берип, ажыдаарга барчу жолду билип алды. Андан ары баратса, астын карышкырлардын үйүрү тосуп чыкты. Вован алардын башчысына миң бакс берип, аларды да өз жолуна салды. Вован жүрүп отуруп адамдардын сөөктөрү чачылган талаага туш келди. Аты кошкуруп, үркүп баспай убара кылды. Вован жылкычыларды чакырып аларга миң баксты санап берди эле, алар атка  бир нерселерди жедиришти, куйругун бурашты, кыскасы, жоошутуп беришти. Вован андан ары жүрө түшкөндө асман чартылдап, алай-дүлөй шамал болуп, ооздорунан жалын бүрккөн үч баштуу ажыдаар алдын тосуп чыкты .

—А Вован, миң бакска жыгылмай болдуң. Болгондо да ар бир баш үчүн өзүнчө!

–Сен айткандай эч качан болбойт! — деп кыйкырган Вован кылычын сууруп чыгып, эки башты кыя чапты. Үчүнчүсүнө миң бакс берди да, келишип алышты. Ал тургай ажыдаар элүү сомго Вованды ат-маты менен кошо көтөрүп, үйүнө чейин жеткизип койду.

  1. Мурдагы ГДР немистеринин философиялык жомогу

Бирөөнүн үч уулу болуптур. Экөө акылдуу, а үчүнчүсү — полицей экен. Экөө жер айдап, эгин эгишчү, үчүнчүсү чаар таягын ары-бери шилтеп, ышкырыгын ышкырып басып жүрчү. Бир жолу Санта-Клаус аларга белек берди: улуу балдарына өзү баскан күлүк өтүк, учуучу килем, каалаганда тамак-ашты жайнатчу жайыл дасторконду, ал эми полицейге — кийгенде көрүнбөй калчу фуражка, чапканы сезилбеген таяк жана үнү угулбаган ышкырык тартуулайт.

Ошондон бери кичүү иниси биздин тегерегибизде жүрөт — ышкырыгы менен ышкырат, таягы менен согот, болгону биз аны көрбөйбүз.

  1. Айлакерлик тууралуу орус эл жомогу

Падышанын жарым хандыгы өзүндө, калган жарымы балдарында экен. Бир күнү ал уулдарын чакырып алып, колдоруна бир таңгак кагаз берип  айтыптыр:

— Кана, азаматтарым, мени уккула, бул таңгак кагазды кимиңер айрый алсаңар ошого өзүмдүн жарым хандыгымды берем!

Уулдары канча аракет кылышса да айрый албай коюшту, таңгак аябай эле калың болчу. Падыша таңгакты чечти да мындай деди:

— Балдарым, таңгакты айрый албасаңар эми бирден айырып көргүлөчү.

Уулдары карап турсунбу, бириндеген кагаздын баарын алеки заматта  тытып ыргытышты. – Үч нерсени  эсиңерге түйүп алгыла, дейт анда падыша: – дароо болбогон нерсе — акырындап болот, жалгыз жасай албаганды — биригип жасаса болот, күч менен ала албаган нерсени — куулук, айлакерлик менен алса болот. Түшүндүңөрбү?

– Түшүндүк! — деп чурулдашты балдары.

Падыша уулдарын кучактап, кубанычтуу жылмайды:

– Силер эч нерсе түшүнгөн жоксуңар! Силер жаңы эле өзүңөргө тиешелүү контролдук акциянын пакетин айырып салдыңар, мындан ары хандык толугу менен менин кол астымда!

Мына, жомок да бүттү, балдары да бүттү, падышачылыктын өзү да бүттү!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ