АБЫКАЕВ Абийирбек: ЛЕВ ТОЛСТОЙ: ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨ НАСЫЙКАТ

(«Жашоо жолу» аттуу чыгармасынан)

1.Адамга жакшы жашоо үчүн, ал эмнени жасашты жана эмнени жасабашты билиши керек. Ал эми аны билиш үчүн ишеним керек. Ишеним — бул адам деген ким жана ал бул дүйнөдө эмне максат менен жашап жүргөнүн билүү. Мындай ишеним ар бир акыл-эстүү адамда болгон жана боло берет.

ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ ЭМНЕДЕ

2.Адамга жакшы жашап өтүш үчүн, жашоо деген эмне жана бул жашоодо эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектигин түшүнүш керек. Байыртадан, бардык элдерден чыккан акылмандар ушинтип окутуп келишкен. Бардык акылмандардын окуулары башкы маселе боюнча түпкү мааниси бир. Мына ошол бардыгына бирдей, адам жашоосунун маңызы жана аны кандай жашап өтүш керек деген окуу, чыныгы ишенимдин өзү.

  1. Учу-кыйыры жок, туш тарабы чексиз, башталышы менен аягы жок, миң сырдуу мен билбеген бул аалам дегениң эмне болду экен, ал ааламда менин жашоомдун орду кайсы жана аны мен кантип жашап өтөм? Ишеним гана бул суроолорго жооп бере алат.
  2. Чыныгы диндин маңызы, адамзаттын бардык мыйзамдарынан жогору турган жана дүйнөдөгү бардык элге бирдей мыйзамды таанып билүүсүндө жатат.
  3. Ишенимдин көп түрлөрү болушу мүмкүн, бирок чыныгы ишеним бирөө эле. .Кант)
  4. Эгерде өз ишенимиңден күмөн санасаң, аны ишеним деп айтканга болбойт.

Өзүң ишенген нерсени жалган болуп жүрбөсүн деген шек саноодон арылганда гана ишеним ишеним боюнча калат.

  1. Ишенимдин эки түрү бар: адамдардын айткандарына ишенүү — бул адамга жана адамдарга болгон ишеним, мындай ишенимдердин түрү көп жана өзүңдүн сени ушул дүйнөгө жараткан затка болгон ишенимиң. Бул Кудайга болгон ишеним, ал ишеним бардык адамдарда бирөө эле.

ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМДИН ОКУУСУ ДАЙЫМА АЧЫК ЖАНА ЖӨНӨКӨЙ

1.Ишенүү — демек, бизге тартууланган нерсеге, ал эмне үчүн берилди жана ал каякка алып барат деген суроолорду бербей туруп ишеним көрсөтүү болуп саналат. Чыныгы ишеним ушундай. Ал бизге ким экенибизди жана эмне кылышыбызды көрсөтөт, бирок ишеним менен жасаган иштерибиз үчүн бизди эмнелер күтүп турганын айтпайт.

Эгерде мен Кудайга ишенсем, мен Кудайга болгон ишенимим үчүн эмнелер күтүп турганын сурабайм, анткени, Кудай — бул сүйүү экенин билем, ал эми чыныгы сүйүүдөн жакшылыкты гана күтсө болот.

  1. Жашоонун чыныгы мыйзамы ушунчалык жөнөкөй, ачык жана түшүнүктүү, ошондуктан, адамдарга өзүлөрүнүн башаламан жашоолорун, ал мыйзамдарды билбегендиги менен актанууга болбойт. Эгерде адамдар чыныгы жашоо мыйзамдарына каршы жашаган болсо, аларга бир гана жол: акыл-эстен баш тартууга туура келет. Алар дал ушундай кылып келишет.
  2. Кудайдын мыйзамдарын аткаруу кыйын дешет. Бул туура эмес. Жашоо мыйзамы жакыныңды сүй дегенден башка эч нерсени талап кылбайт. Ал эми сүйүү оор эмес, ал кубанта турган нерсе. (Григорий Сковорода).
  3. Качан адам чыныгы ишенимге ээ болгондо, ал өзүн караңгы бөлмөгө чырак жандырып алган адамдай сезет. Бардык тарабы ачык-айкын жана жан дүйнөсү ырахатка бөлөнөт.

ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ БИРӨӨ: КУДАЙДЫ ЖАНА ЖАКЫНЫҢДЫ СҮЙҮҮ

  1. “Бири бириңерди мен силерди кандай сүйсөм ошондой сүйгүлө, силердин менин окуучуларым экениңерди бири бириңерге болгон сүйүүңөрдөн таанып билишет”, — дептир Христос. Ал: силер тигил же бул нерселерге ишенгиле деген жок, ал сүйгүлө деп жатат. Ишеним ар түрдүү адамдарда, ар башка убактарда, ар башка болушу мүмкүн, бирок сүйүү бардык жерде, бардык убактарда бирдей. (Фее. 3:10)
  2. Чыныгы ишеним бирөө — ал бардык тирүү нерселерге болгон сүйүү. (Ибрагим Кордовский).
  3. Сүйүү адамзатка жакшылык гана тартуулайт, анткени ал адам менен Кудайды байланыштырат.
  4. Христос адамдарга түбөлүктүүлүк келечекте эмес, ал биз менен азыркы учурда көзүбүзгө көрүнбөй жашап жүргөнүн, биздин кыймылда жашап жаткан жан-дүйнөбүз Кудай менен бириккенде түбөлүктүү жашоого ээ болорубузду ачып берген.

Ал түбөлүктүүлүккө биз сыйынуулар, табынуулар, жашыруун ырым-жырымдар  менен жете албайбыз, бир гана сүйүү аркылуу жетебиз.

ИШЕНИМ АДАМДАРДЫН ЖАШООСУН БАШКАРАТ

1.Чыныгы жашоо мыйзамын, чыныгы жашоо мыйзамын аткарган киши гана билет.

  1. Ар кандай ишеним – менин бул жашоодо адамдар алдында кандай жашайм деген суроого эмес, мени жараткан заттын алдында кандай жашайм деген суроонун жообу.
  2. Чыныгы ишенимде Кудай жөнүндө, жан жөнүндө эмне болду жана болору тууралуу ой-жүгүртүүлөр, ой толгоолор маанилүү эмес, маанилүүсү: бул жашоодо эмне кылышты жана эмне кылбашты так, даана билишиң керек. (И.Кант).
  3. 4. Эгерде адамдын жашоосу начар болсо, ал анын ишеними жоктугунан. Мындай көрүнүш эл ичинде да болот. Ишенимин жоготкон элдин жашоосу кыйындайт.
  4. Адамдардын жашоосу жаман же жакшы болушу ал анын чыныгы ишенимди кандай түшүнгөнүнө жараша.Чыныгы ишенимдин мыйзамдарын канчалык деңгээлде жакшы түшүнсө, адам жашоосу ошончолук жакшы жагына өзгөрөт, канчалык деңгээлде начар түшүнсө, жашоодо ошончолук чаташкан жолго түшөт.
  5. Адамдар күнөөгө белчесинен батып, бузуку иштерге малынып жана кооптуу жашоону баштарынан кечирип жаткан бүгүнкү күндө, бул абалдан чыгуу үчүн бир эле нерсе: адамдар азыркыдай ар кимиси өз көмөчүнө күл тартпай, жалпы эл бирге, бир мыйзам, бир максат менен жашашы зарыл. Ошондо гана Жараткандын: “Сенин асмандагы Падышачылыгыңдын бийлиги жерге да орносун”, — деген осуятында айтылгандай, Кудайдын Падышачылыгы жерге чынында эле келет деп үмүт кыла алабыз. (Мадзини).
  6. Эгерде ишеним түбөлүктүү жашоо үчүн азыркы жашообузду курмандыкка чалууга чакырса, ал жалган ишеним. Түбөлүктүү жашоого жетиш үчүн, азыркы жашоодон баш тартууга болбойт, анткени түбөлүктүү жашоо азыркы жашоонун өзүндө. (Индиялык Вамана Пурана.)
  7. Адамда ишеним канча күчтүү болсо, анын жашоосу ошончолук туруктуу. Ишеними жок адамдын жашоосу — бул айбанаттын жашоосу.

ЖАЛГАН ИШЕНИМ

  1. Жашоонун Кудайды жана жакыныңды сүй деген мыйзамы жөнөкөй жана түшүнүктүү, ар бир адам балакатка жетип акыл-эси толгондо бул нерсени жүрөгү менен туят. Ошондуктан, жолдон чыгарган жалган окуулар болбосо, адамдар ал мыйзамды бузушпай, жер жүзүндө Асмандын Падышачылыгы өкүм сүрмөк.

Бирок атам замандан бери эле, бардык жерлерде адашкан окутуучулар адамдарды жаңылыш нерсеге түртүштү: Кудай деп  Кудай эмести, Кудайдын мыйзамы деп, башка эле мыйзамдарды окутуп келишти. Адамдар жалган окууларга ишенип, жашоонун чыныгы мыйзамынан четтеп, анын мыйзамын аткарбай калышты, андыктан адамдардын жашоосу барган сайын оордоп, бактысыздыкка дуушар болушту.

Ошондуктан, Кудайды жана жакыныңды сүйүүгө үндөгөн окууларынан башка окууларга ишеништин кереги жок.

  1. 2. Ишеним канча эски болсо ошончолук чындыкка жакын болот деп ойлобош керек. Тескерисинче, адамдар канчалык узак жашашса, аларга жашоонун чыныгы мыйзамы уламдан улам даана көрүнө баштайт. Убагында ата-бабабыз ишенген нерселерге, биз бүгүнкү күнү ишенишибиз керек деп ойлосок — бул, сен чоңойгондо бала кездеги кийген кийимиң кайра өзүңө чак болот деп ойлогондой эле кеп.
  2. Бардык элдердин арасында илгертеден эле биз Кудайдын чыныгы мыйзамын жалгыз мен билем деген адамдар болуп келген. Ал адамдар өз сөздөрүн бекемдеш үчүн, алар Кудайдын чыныгы мыйзамы деп окутуп жаткан окууну чындыктай көрсөтүш үчүн, Кудай тарабынан аларга атайын жиберилген сыяктуу кылып, ар түрдүү сырдуу окуяларды ойлоп табышкан. Андан тышкары, ал адамдар өздөрүнүн мыйзамдарын китеп кылып чыгарышкан жана элди бул китепте жазылгандын баары накта чындык, анткени ал кудай тарабынан берилип, жазылып алынган деп ишендиришкен.

Мунун баары жалган. Кудайдын мыйзамы кандайдыр бир тандалган  адамдарга эле ачылбайт, ал аны билгиси келген ар бир адамга ачылат. Шумдуктар эч качан болгон эмес жана болбойт дагы, ал эми түрдүү шумдуктар жөнүндө окуялар ойдон чыгарылган болбогон нерселер. Ар бир сөзү туура  жазылган китептер бар деген сөз да калп. Китептин баары адамдын калеминен жаралган, ошондуктан аларда пайдалуу да, зыяндуу да, чыныгы да жана калп нерселер да болушу мүмкүн.

  1. 4. Кээде биз ата-бабаларыбыз ишенген нерселерге алардай болуп ишене албай жатканыбызга капа болобуз. Ага капа болбой, аталарыбыз өз ишенимдерине кандай ишенишсе, биз дагы өзүбүз аталарыбыздай бекем ишене турган ишенимди табышыбыз керек. (Мартино).
  2. Чыныгы ишенимди табыш үчүн, алгач өзү ушул убакытка чейин айныксыз ишенип келген ишенимден убактылуу баш тартып, бала чагыңдан бери каныңа сиңип калган нерселерди акыл-эске салып калчап көрүшүң керек.
  3. Шаарга жаңы келип ишке орношкон бир жумушчу иштен кийин кийинип үйүнө кетмей болду.Чыга бериштен ага өтүп бараткан бир адам жолугуп мындай дейт: “Жүрү, мени менен, мен да сен бараткан тарапка барам, чогуу кетелик, мен жолду жакшы билем”. Тигил ага ишенип макул болуп, жолго чыгышты.

Бир саат өттү, эки саат өттү, жумушчу шек ала баштады: “Менин билишимче, биз башка жолго түшүп алдык окшойт”. А тиги аны жооткотту: “Бир коркпо, мен сени эң кыска жол менен алып баратам. Аз калды. Чыда”. Ал ага ишенди да артынан ээрчиди. Жол барган сайын начарлап, араң жылып баратышты. Үйгө деп алган тамагын да жеп бүттү, ал эми жолдун аягы көрүнбөйт. Ал улам арылап жылган сайын туура жолдо баратканына катуураак ишене баштады. Анкени, ал артка кайрылгысы келген жок, бараткан жол баары бир үйүнө жеткизет деген үмүтү аны алдыга үндөп турган. Ошентип олтуруп ал үйүнөн алыс кетип, көпкө чейин оор турмуштун запкысын көрдү.

Өзүнүн жан дүйнөсүнүн үнүн укпай, Кудай жөнүндө, анын мыйзамы жөнүндө башкалардын айткандарына ишенип ээрчигендер дал ушундай абалга туш келишет.

  1. Адамдардын Кудайды тааныбаганы жаман, андан жаманы Кудайдан башка эле нерсени Кудай деп таанып алышканы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ